Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 523
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорлорун ишке ашыруу жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Чаткал дарыясында "Башкы-Терек", "Коргон-Сай", "Чуңкурчак" жана "Айгыр-Жал" чакан ГЭСтеринин Чаткал каскадын куруу, эксплуатациялоо жана тейлөө жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Арал дарыясында чакан ГЭС куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн пилоттук долбоорлорун ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 9, 12 жана 15-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Долбоордук кум коргон" режиминде "Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Чаткал дарыясында "Башкы-Терек", "Коргон-Сай", "Чуңкурчак" жана "Айгыр-Жал" чакан ГЭСтеринин Чаткал каскадын куруу, эксплуатациялоо жана тейлөө" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жактырылсын.
2. "Долбоордук кум коргон" режиминде "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Арал дарыясында чакан ГЭС куруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жактырылсын.
3. "Грант Холдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коомунун компанияларынын консорциуму Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Чаткал дарыясында "Башкы-Терек", "Коргон-Сай", "Чуңкурчак" жана "Айгыр-Жал" чакан ГЭСтеринин Чаткал каскадын долбоорлоого, курууга, эксплуатациялоого жана тейлөөгө чейин жана "МИНУР" өндүрүш ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коому Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Арал дарыясында чакан ГЭС курууга чейин тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигине археологиялык текшерүү жүргүзсүн жана маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын оң корутундусун алсын.
4. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду менен биргеликте 2024-жылдын 31-октябрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жер участокторун бөлүп берүү, анын ичинде белгиленген тартипте айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн чыгымдарын төлөө жана жоготууларынын ордун толтуруу боюнча чараларды көрсүн жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү документтерди киргизсин.
5. Чолпон-Ата шаарынын мэриясы, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду менен биргеликте 2024-жылдын 31-октябрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жер участокторун бөлүп берүү, анын ичинде белгиленген тартипте айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн чыгымдарын төлөө жана жоготууларынын ордун толтуруу боюнча чараларды көрсүн жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине тиешелүү документтерди киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги улуттук электр тармактарына кошулуу үчүн техникалык шарттарды камсыз кылуу, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекти менен электр энергиясын сатып алуу-сатуу келишимин түзүү, "Грант Холдинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун жана "Жагалмай" жоопкерчилиги чектелген коомунун компанияларынын консорциумунун жана "МИНУР" өндүрүштүк ишканасы" жоопкерчилиги чектелген коомунун энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъектиси тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына дем берүүчү тарифти белгилөө боюнча чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |