Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 527
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-январындагы № 30 "Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн шарттарын жана эмгек акыны саатына төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 212 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 209 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу тартиби жөнүндө жобо:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Окутуунун топтоо системасы кошумча кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү мекемелеринде ишке ашырылуучу окуу программаларына ылайык адистин окуу программаларын өздөштүрүүсүнүн натыйжаларын суммалоону билдирет жана белгиленген үлгүдөгү документтерди берүү менен ырасталат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-глава менен толукталсын:
"5. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун топтоо системасы
44. Окутуунун топтоо системасынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызматчылардын кесиптик компетенцияларынын шайкештигин калыптандыруу;
2) инсандын өмүр бою үзгүлтүксүз билим алууга болгон муктаждыгын канааттандыруу;
3) кесиптик функцияларды жана кызматтык милдеттерди кыйла сапаттуу аткаруу үчүн өз билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн өз убагында өркүндөтүү үчүн кызматкерлердин мотивациясын жана жеке жоопкерчилигин жогорулатуу;
4) кесиптик өнүгүү жана квалификацияны жогорулатуу, кесиптик иштин жаңы милдеттерин аткарууга даярдоо.
45. Окутуунун топтоо системасы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын кесиптик иш чөйрөсүндөгү билим алуу муктаждыктарына жооп берет.
46. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды топтоо системасы боюнча окутуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө окутууга мүмкүндүк берүүчү билим берүү ишине болгон лицензияга ылайык мамлекеттик билим берүү мекемеси тарабынан жүргүзүлөт.
47. Кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу, кызматчылардын квалификациясын кеңейтүү үчүн зарыл болгон кошумча билимдерди жана көндүмдөрдү алуу, айрым окуу дисциплиналарын үйрөнүү үчүн төмөнкүдөй окутуунун топтоо көлөмү белгиленген:
- биринчи жолу дайындалган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн кызматка дайындалгандан кийинки биринчи жылдын ичинде 36 сааттан кем эмес;
- муниципалдык жана региондук кадрлар резервдеринде турган адамдар үчүн жылына 72 сааттан кем эмес көлөмдө;
- иштеп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн ээлеген кызмат ордуна шайкештигин ырастоо максатында бир жылдын ичинде 36 сааттан 72 саатка чейин.
48. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын арызы боюнча же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын демилгеси боюнча 72 сааттан ашык окууга жол берилет.".
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысын төлөөгө 6155300 (алты миллион бир жүз элүү беш миң үч жүз) сом бөлүп берүүнү карасын;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү эске алсын;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына жыл сайын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө акча каражаттарын карасын:
- 2025-жылы - 79406800 (жетимиш тогуз миллион төрт жүз алты миң сегиз жүз) сом;
- 2026-жылы - 43387300 (кырк үч миллион үч жүз сексен жети миң үч жүз) сом;
- 2027-жылга жана кийинки жылдарга 41554900 (кырк бир миллион беш жүз элүү төрт миң тогуз жүз) сом.
6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы:
1) 2025-жылдан тартып билим берүүчү бакалавр программаларына кабыл алууну токтотуп турсун;
2) 2024-жылга чейин кабыл алынган студенттерге бакалавриатты аяктаганга чейин окуусун улантууну камсыз кылсын;
3) түзүмдү кайра уюштурууну жүргүзсүн;
4) бул токтомдун 5-пунктунда көрсөтүлгөн финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Бюджеттик каржылоодогу мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда окуу сабактарын өткөрүүгө тартылган кызматкерлерге саатына эмгек акы төлөөнүн СТАВКАЛАРЫ
№ | Билим алуучулардын контингенти | Саатына эмгек акы төлөөнүн ставкасы, сом менен | ||
Профессор, илимдин доктору | Доцент, илимдин кандидаты | Окумуштуу даражасы жок адамдар | ||
1 | Жалпы билим берүүчү баштапкы жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында билим алуучулар; билим алуучулардын ушундай эле башка категориялары; жумушчулар; орто кесиптик билимди талап кылган кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер; курстардын угуучулары | 164 | 117 | 83 |
2 | Студенттер | 200 | 164 | 94 |
3 | Аспиранттар, жетектөөчү кызматкерлердин жана адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча окуу жайларынын угуучулары | 247 | 200 | 117 |
4 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар | 350 | 350 | 300 |
5 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик заказдын алкагында окуган мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар | 550 | 550 | 500 |
6 | Кыргыз Республикасынын судьялары жана сот системасынын кызматкерлери | 350 | 350 | 300 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ШТАТЫ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны | |||
2024-жылдын 1-сентябрынан тартып | 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып | 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып | 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып | ||
| 1. Ректорат | ||||
1 | Ректор | 1 | 1 | 1 | 1 |
2 | Окуу иши боюнча проректор | 1 | 1 | 1 | 1 |
3 | Илимий иш жана мамлекеттик тил боюнча проректор | 1 | 1 | 1 | 1 |
4 | Административдик жана чарбалык иш боюнча проректор | 1 | 1 | 1 | 1 |
5 | Юрист | 1 | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 5 | 5 | 5 | 5 |
| 2. Кесиптик билим берүү борбору | ||||
6 | Директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 3. Окуу-методикалык иш жана академиялык программалар бөлүмү | ||||
7 | Башкы адис | 3 | 3 | 3 | 1 |
8 | Жетектөөчү адис | 2 | 2 |
|
|
9 | Адис | 2 | 2 |
|
|
10 | Китепканачы | 1 | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 8 | 6 | 4 | 2 |
| 4. Мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүнү изилдөө бөлүмү | ||||
11 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
12 | Жетектөөчү адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 2 | 2 | 2 | 2 |
| 5. Кадрлар бөлүмү | ||||
13 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
14 | Улук инспектор | 1 | 1 | 1 | 1 |
15 | Инспектор | 1 | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 3 | 3 | 3 | 3 |
| 6. Регламент, протокол жана тышкы байланыштар бөлүмү | ||||
16 | Бөлүм башчы | 1 | 1 | 1 | 1 |
17 | Башкы адис | 2 | 1 | 1 | 1 |
18 | Жетектөөчү адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
19 | Архивариус | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
| Бардыгы: | 4,5 | 3,5 | 3,5 | 3,5 |
| 7. Финансы-экономикалык бөлүм | ||||
20 | Башкы бухгалтер | 1 | 1 | 1 | 1 |
21 | Экономист | 1 | 1 | 1 | 1 |
22 | Бухгалтер | 2 | 2 | 2 | 2 |
23 | Бухгалтер-кассир | 1 |
|
|
|
| Бардыгы: | 5 | 4 | 4 | 4 |
| 8. Маалыматтык технологиялар жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмү | ||||
24 | Бөлүм башчы | 1 | 1 | 1 | 1 |
25 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
26 | Жетектөөчү адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
27 | Кампа башчысы | 0,5 | 0,5 | 0,5 | 0,5 |
| Бардыгы: | 3,5 | 3,5 | 3,5 | 3,5 |
| 9. Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу борбору | ||||
28 | Директор | 1 | 1 | 1 | 1 |
| 10. Уюштуруу, мониторинг жана контролдоо бөлүмү | ||||
29 | Бөлүм башчы | 1 | 1 | 1 | 1 |
30 | Башкы адис | 1 | 1 | 1 | 1 |
31 | Жетектөөчү адис | 2 | 2 | 2 | 2 |
32 | Адис | 2 | 2 | 2 | 2 |
| Бардыгы: | 6 | 6 | 6 | 6 |
| 11. Региондук жогорку окуу жайларда окутуу бөлүмү | ||||
33 | Бөлүм башчы | 1 | 1 | 1 | 1 |
34 | Башкы адис | 6 | 6 | 6 | 6 |
| Бардыгы: | 7 | 7 | 7 | 7 |
| 12. Административдик-чарба бөлүмү | ||||
35 | Бөлүм башчы | 1 | 1 | 1 | 1 |
36 | Инженер | 1 |
|
|
|
37 | Электрик | 1 | 1 | 1 | 1 |
38 | Слесарь-сантехник | 1 | 1 | 1 | 1 |
39 | Короо тазалоочу | 1 | 1 | 1 | 1 |
40 | Комендант | 2 | 2 | 2 | 2 |
41 | Айдоочу | 2 | 1 | 1 | 1 |
42 | Вахтер | 4 | 3 | 3 | 2 |
43 | Тазалоочу | 7 | 6 | 5 | 5 |
44 | Слесарь | 1 | 1 | 1 | 1 |
| Бардыгы: | 21 | 17 | 16 | 15 |
| Жыйынтыгы: | 67 | 59 | 56 | 53 |
".