Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-сентябры № 575
Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартибин бекитүү жөнүндө
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүнүн жана дары каражаттарынын сапатына баалоо жүргүзүүдөн бошотуунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-июлундагы № 312 "Дары каражаттарынын сапатын баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 24-сентябрындагы № 73 (3627) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |