Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2024-жылдын 12-сентябры № 541-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында талаптагыдай контролду жана мамлекеттик контролдоочу органдардын өз ара аракеттенүүсүн орнотуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 55-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- "Кең-Сай - автожол";";
- 2-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабыл алынган чечим жөнүндө өзбек тарапка белгиленген тартипте кабарласын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |