Загрузка документа…
АМАНБАЕВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 1-сентябры № 2
“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жѳнүндѳ” ПЖ № 54-жарлыгына ылайык иштелип чыккан жобо жѳнүндѳ Кара-Буура районунун Аманбаев айылдык кеңешинин депутаттарынын
8-чакырылышынын кезексиз сессиясы аталган маселени карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аманбаев айыл аймагында үй- бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ иштелип чыккан жобо өзгөртүү толуктоолору менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Аманбаев айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Мураталиева Б.М жүктѳлсүн.
Аманбаев айылдык аймактык кеңешинин төрагасы: |
Нуралиев У.М. |