Загрузка документа…
| “БЕКИТИЛДИ”
Аманбаев айылдык кеңешинин № 2 чечими менен |
Аманбаев айыл аймагында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана
өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
бекитилген типтүү
ЖОБОго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3.Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4.Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби
5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
6.Жергиликтүү комиссия
7.Жобонун талаптарын бузган үчүн жоопкерчилик
I. Жалпы жоболор
1.1 Бул Жобо “ Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыккан, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2 Жобонун максаты Аманбаев айыл аймагынын айылдарында үй-бүлөүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, аларды өткөрүүдө убара керчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого өзүн көрсөтүүгө умтулууга башка алдамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырап корчулукка, элдин салт-саанасын, үрп-адаттын тоготпоого жол бербөө, ата-салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жарымдарын кеңери пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө
киргизүүнүн тартиби
2.1Аманбаев айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобунун тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып, жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат.
2.4 Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй – бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тоюу, тушоо кесүү тоюу, балдарды сүннөткө отургузуу, нике тоюу, куда тосуу, маараке салтанаттары жана ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар Аманбаев айыл аймагынын айылдарында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлсүн.
3.3. Жамааттарда өтүүчү кудайы тамактар, мааракелер, Нооруз майрамдары жалпы тартипте ысырапкерчиликке жол берилбей өткөрүлсүн.
3.4. Үйлөнүү үлпөттөрү, кыз узатуу тойлору, бешик тоюу, тушоо кесүү тоюу, балдарды сүннөткө отургузуу, нике тоюу, куда тосуу, туулгандыгы боюнча даталуу күндөрдү, бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуулары ж.б. той тамашалар ашыкча ысырапкерчиликке жол бербей, белгиленген тартипте өткөрүлсүн.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө мал союуга тыюу салынсын.
4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союну эсепке албаганда айылдарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлсүн.
4.3. Аялдарга таркатуу үчүн жыртыш же жүз аарчуулар жана челпек берүү жагы токтотулсун.
4.4. Майыт чыккан жерге килем күтөрүү, чүпүрөк, токоч жана таттуу каробкаларды алып келүү иштери токтотулсун.
4.5. Майыттын жумалыгы, кыркы, элүү эки күнү, жылдыгы, ашы мал союу менен өткөрүлбөстөн, жакындары менен гана жөнөкөй тартипте өткөрүлсүн.
5. Үй – бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-
жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар
жана кызмат адамдары
Жобого ылайык үй – бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына Президенттин облустагы өкүлү, райондун акими, айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук комиссия жана жергиликтүү комиссия кирет. Баардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунда түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара ( анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
5.3. Комиссиянын функциялары
5.3.1 Комиссиялар төмөндөгүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
5.3.2 Аманбаев айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү Жарлыгы боюнча келип түшкөн арыздарды карайт жана калк араcында түшүндүрүү иштерине көмөктөшөт.
5.3.3 Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жарлыгын аткарбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга сунуштама берет;
5.3.4. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү Жарлыгын аткарбай, каяша айтып, тескери үгүт жүргүзгөн жарандарды Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга чара көрүү боюнча сунуш кылат;
5.5 Комиссиянын ишин камсыз кылуу
5.4.1 Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
5.4.2 Комиссиянын иши анын кеңешмесине бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан учурда ыйгарымдуу деп эсептелет;
5.4.3. Комиссиянын чечими кеңешмеге катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат;
5.4.4 Кара-Буура райондук мекеме-уюмдардан комиссия карап жаткан маселелер боюнча материалдарды жана документтерди суратат;
5.4.5 Өзүнүн жыйналышына мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын, эмгек жамааттарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, каралып жаткан маселеге тиешеси бар өкүлдөрдү чакырта алат.
5.6. Комиссияга жетекчилик кылуу жана ишин уюштуруу
5.5.1 Комиссияга анын төрагасы жетекчилик кылат.
5.5.2 Комиссиянын жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналышты комиссиянын төрагасы алып барат, ал жокто комиссиянын төрагасынын орун басары алып баргангана укуктуу.
5.5.3 Комиссиянын жыйынында протокол жазылат жана кабыл алынган протоколдук чечим комиссиянын төрагасы жана анын катчысынын колу менен бекитилет;
5.5.5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасында үй – бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү Жарлыгы боюнча колдонулган тартиптик чара айыл өкмөтүнүн колу менен күбөлөндүрүлүп, каттоо № коюлуп, буйрук менен бекитилет.
5.5.6 Комиссиянын жыйналышы үчүн материалдарды даярдоо жана кабыл алынган чечимдер боюнча ишти комиссиянын жооптуу катчысы жүзөгө ашырат.
6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
6.1 Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча Жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган тартипте (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.