Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-сентябры № 577
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өнөр жай чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 84 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобонун 6-пунктунда:
- төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-пунктча менен толукталсын:
"23-1) аскердик багыттагы товарлардын максаттуу пайдаланылышын контролдойт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пунктча менен толукталсын:
"24-1) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө аскердик багыттагы продукцияны өндүрүү жана аны сатууну камсыз кылуу бөлүгүндө мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктунда:
- 1-пунктчанын он сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- өнөр жай чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;";
- 2-пунктчанын жыйырма төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктчанын он алтынчы абзацында "жана аскердик" деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99, 100, 120, 125, 302 жана 324-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- 2-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ыйгарым укуктуу орган - экспертиза актысын, товардын келип чыгышы жөнүндө СТ-1 сертификатын жана корутундуну берүү боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу орган.";
- 3-5-пункттарда "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;
- 7-пункттун 2-пунктчасында "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |