Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 9-марты № 84
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-февралындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн башкаруу системасын өнүктүрүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкаруу схемасы, 3-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык санынын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 12-мартындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп таанууну караштырган Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна эки жумалык мөөнөттө киргизсин;
- "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна эки айлык мөөнөттө киргизсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 10-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 460 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитети жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкаруу
схемасы