Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябрындагы № 36
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, КР Президентинин 2022-жылдын 15-авгусундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” №284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюуштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга КР айылдык аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин НУСКАМАСЫНА” ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып Майдан айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагында жергиликтүү Курултай 2022-жылдын 5-ноябрына саат 10:00 гө чакырылсын .
2. Майдан айыл аймагында жергиликтүү Курултайынын делегаттары калктын санына ылайык 100 делегаттан турары белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 20-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн. Айыл аймактар боюнча делегаттардын саны жана жыйындардын графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Майдан айыл аймагында жергиликтүү Курултайды уюуштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 адамдан бекитилсин (№2-3 тиркеме)
5. Токтом Майдан айылдык кеңешинин расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
Төрайым: |
| Р.Конокова |