Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 15-августундагы ПЖ № 194 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 15-августу ПЖ № 284
Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 328 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык жарандар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын жарандары коомдун жана мамлекеттин иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өз өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу. Жарандар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча, башка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый салты болуп саналган курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик Курултай - коомдук-өкүлчүлүктүү, кеңешүүчү, байкоочу жыйын, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.
Кыргыз Республикасында улуттар аралык ынтымакты андан ары бекемдөө, жарандык коомду бириктирүү жана социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү максатында, ошондой эле өлкө жаңы глобалдык жана региондук чакырыктардын жана көйгөйлөрдүн босогосунда тургандыгын, аларды чечүү өз өкүлдөрү аркылуу бардык жергиликтүү жамааттардын катышуусун талап кылгандыгын эске алып,
кыргыз мамлекетин жана коомду туруктуу өнүктүрүү, этностор аралык жана диндер аралык ынтымакка жетишүү жана анын өлкөнү башкарууга катышуусу үчүн Кыргызстан элин түзгөн бардык улуттарды жана этносторду бириктирүү максатында жалпы улуттук диалогду камсыз кылуу зарылдыгы бышып жетилгендигин таанып,
ата-бабабыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап,
мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууда жарандык консолидацияны жана кызыкчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн балансын камсыз кылууга арналган, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинде каралган Элдик Курултайды түзүү зарылдыгын эске алып,
Элдик Курултайдын статусун мыйзам менен жөнгө салууга чейин, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 61-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 4, 7, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2022-жылдын 25-ноябрында жума күнү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакырылсын.
2. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин (мындан ары - Уюштуруу комитети) курамы жана Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо ушул Жарлыктын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети:
- административдик-аймактык бирдиктерден (айыл аймактарынан жана шаарлардан), эмгек мигранттарынан, конфессиялык коомчулуктардан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
- Убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди, ошондой эле биринчи Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл чараларды кабыл алсын;”;
(КР Президентинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы ПЖ № 328 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
- Элдик Курултайдын регламентинин долбоорун андан кийин Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизүү менен иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан финансылык жана башка уюштуруу-техникалык маселелерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фондунун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери Уюштуруу комитетине биринчи Элдик Курултайды даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жергиликтүү курултайларда Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
1-тиркеме |
Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Абдразаков Бейшенбек Токтобаевич - "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Абыкеев Чолпонбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жетекчиси;
Борубашов Бекбосун Ишенбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, 2020-жылдагы Конституциялык кеңешменин төрагасы;
Айтиев Замирбек Каримович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин катчысы;
Алымбаев Абдрахман (Байас Турал) - "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Арабаев Чолпонкул Исаевич - "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Дуйшеев Кубанычбек Турдумамбетович - "Элдик курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кошалиев Кадырали Амиракулович - "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Райымкулов Билим Сардалбекович -Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Джунушалиев Айбек Жанышбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Укушов Мурат Каниметович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги;
Кожоев Мирбек Кокулбаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Туманбаев Каныбек Тургунбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу;
Алимбаев Абдикарим Карбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Алымбаев Нурил Джайылбекович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Жамалдинов Зиядин Исламович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Нарбеков Бакытбек Наркулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Эргешов Алтынбек Калдарович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович - Бишкек шаарынын мэри;
Мамбетов Алмаз Ишенбекович - Ош шаарынын мэри.