Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 567
Ош шаарынын мэриясынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагына индустриялык-логистикалык соода борборун уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 14-августундагы № 945 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ош шаарынын мэриясынын Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынын аймагындагы № 1535 контурда жайгашкан, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 6,7 га жер участогу индустриялык-логистикалык соода борборун уюштуруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Ош шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу пайдаланууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- аймактын жашоо-тиричилигин камсыздоо системасынын иштешин жана өнүгүшүн жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү жамааттын жана жер пайдалануучулардын/жер участокторунун менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен уюштурууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, аз өнүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык алардын сакталышын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер пайдалануучуларга/жер участогунун менчик ээлерине карата аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |