Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-сентябры № 578
Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 15-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды белгиленген тартипте көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |