Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 578 токтомуна) |
Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) турак жай-курулуш кооперативдеринин жана өз ара жардам көрсөтүү турак жай-топтомо кооперативдеринин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын (мындан ары -кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар) мыйзамдуу иштешин камсыз кылуу жана кооперативдердин мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо максатында укуктарын жана милдеттерин аныктайт.
2. Кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги);
2) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - Ички иштер министрлиги);
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банкы) - кредиттик бирликтердин ишин контролдоо боюнча.
3. Кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын функциялары Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын укуктары жана милдеттери
4. Кооперативдердин ишин контролдоо максатында Юстиция министрлиги:
1) кооперативдерди мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кооперативдер тарабынан сакталышын контролдойт, уюштуруу документтерине, анын ичинде кооперативдин мүчөлөрүнүн чектүү санынын, мүчөлүк китепчелерди берүү тартибинин жана мөөнөттөрүнүн, кооперативдердин мүчөлөрүнүн реестрин жүргүзүүнүн, мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдердин сакталышына талдоо жүргүзөт;
2) отчеттордун (финансылык отчеттуулуктан тышкары) тизмесин, формаларын, мөөнөттөрүн жана берүү тартибин белгилейт;
3) кооперативдердин ишин уставга шайкештигин текшерет;
4) каттоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылган жеке жана юридикалык жактардын документтерин текшерет;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда кооперативдердин жоюу комиссияларынын ишин контролдойт;
6) жалпыга маалымдоо каражаттарында кооперативдер жөнүндө маалыматтарды (кызматтык, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды кошпогондо), анын ичинде аларга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.
5. Ички иштер министрлиги кооперативдер тарабынан финансылык пирамиданын белгилери бар укук бузуулардын алдын алуу жана аны менен байланышкан кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу чөйрөсүндө ыкчам-издөө, контролдоо функцияларын жүзөгө ашырат.
6. Фирмалык аталышта же уставда "финансылык кооператив", "кредиттик бирлик" деген сөздөр колдонулган учурда кооперативдин иши кредиттик бирликтер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салынат.
7. Кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар төмөнкү максаттарда кооперативдерди текшерүүгө укуктуу:
1) кооперативдердин жана алардын аффилирленген жактарынын финансылык абалын аныктоо;
2) кооперативдерди жана алардын аффилирленген жактарын башкаруу түзүмдөрүнүн жана чечимдерди кабыл алуу жол-жоболорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкештигин аныктоо;
3) кооперативдердин мүчөлөрүнүн укуктарынын бузулушун аныктоо жана алдын алуу;
4) кооперативдер тарабынан финансылык кызматтарды көрсөтүү же финансылык инструменттерди чыгаруу боюнча ыйгарым укуктуу эмес ишти аныктоо жана алдын алуу.
8. Кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде контроль жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибинде статистика, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү органдардан кооперативдин иши жөнүндө документтерди жана маалыматтарды алууга;
2) кооперативден кооперативдин ишинин жүзөгө ашырылышы жөнүндө, анын ичинде мындай кооператив тарабынан кооперативдин мүчөлөрүнүн жана башка жактардын алдында өз милдеттенмелеринин аткарылышы жөнүндө отчетту, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзүлгөн аралык жана жылдык бухгалтердик отчетту алууга;
3) кооперативдин башкаруу органдарынан аныкталган тартип бузууларды четтетүүнү талап кылууга;
4) кооператив тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу жарандардын жана юридикалык жактардын даттанууларын өз компетенциясынын чегинде кароого;
5) кооперативдерге бузууларды четтетүү жөнүндө билдирүүлөрдү аткаруу үчүн жөнөтүүгө жана мындай бузууларды четтетүү үчүн мөөнөттөрдү белгилөөгө;
6) кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш-жаза иштерин козгоо жөнүндө маселелерди чечүү үчүн кооперативдерге карата милдеттүү талаптардын бузулушуна байланыштуу материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө.
9. Кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Жободо каралгандан башка учурларда кооперативдердин учурдагы ишине кийлигишүүгө укугу жок.
10. Юстиция министрлигине кайсы бир кооперативдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы жана кооперативдердин иши анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга шайкеш келбегендиги жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылуу келип түшкөн учурда, Юстиция министрлиги бул арызды коюлган маселелерди Кыргыз Республикасынын жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарында каралган мөөнөттө натыйжалуу жана объективдүү кароо үчүн эң ылайыктуу компетенцияга ээ болгон мамлекеттик органга жөнөтө алат.
3-глава. Кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын ишин уюштуруу
11. Кооперативдердин ишин контролдоо "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынан түздөн-түз келип чыккан чөйрөлөр менен гана чектелүүгө тийиш, атап айтканда:
- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоо маселелери;
- Кыргыз Республикасынын аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылуучу финансылык аудиттин маселелери;
- кооперативдин ишинин анын уставдык максаттарына (кооперативдин уюштуруу документтеринде бекитилген максаттар) ылайык келүү маселелери.
12. Кооперативдердин ишин контролдоо төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) документтик текшерүү;
2) жерине баруу менен текшерүү.
13. Документтик текшерүүнүн предмети болуп контролдоонуучу адамдардын документтеринде камтылган, алардын уюштуруучулук-укуктук формасын, укуктарын жана милдеттерин белгилеген отчеттор, маалыматтар, ошондой эле алардын ишин жүзөгө ашырууда колдонулган жана алар ыйгарым укуктуу органдын милдеттүү талаптарын аткарууга байланышкан документтер эсептелет.
Документтик текшерүүнүн жүрүшүндө жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр, документтердин көчүрмөлөрү талап кылынат.
14. Документтик текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
15. Жерине баруу менен текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) жарандардын жана юридикалык жактардын даттануулары, арыздары түшкөндө;
2) зыянды болтурбоо жана четтетүү боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү үчүн мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарга түздөн-түз зыян келтирүү коркунучу жөнүндө маалыматтар түшкөндө.
16. Жерине баруу менен текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, анда аныкталган тартип бузуулар көрсөтүлөт жана аларды жоюу үчүн мөөнөттөр белгиленет.
17. Кыргыз Республикасынын кооперативдер чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуулар табылган учурда, кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жол берилген бузууларды жана бир айдан ашпаган мөөнөттү түзгөн аларды жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтөт.
18. Эгерде ушул Жобонун 17-пунктунда каралган тартипте кабарлоону алган кооператив билдирүүдө көрсөтүлгөн бузууларды четтетпесе, кооперативдердин ишин контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Юстиция министрлигине анын ишин алты айдан ашпаган мөөнөткө токтото туруу жөнүндө чечимди жөнөтөт.
19. Мындай кооперативдин ишин токтото туруу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга болот.
20. Кооперативдин ишин токтото туруу учурда ага чарбалык иш, эмгек келишимдери боюнча эсептешүүлөрдү, анын аракеттеринен улам келтирилген чыгымдардын ордун толтурууну, салыктарды, жыйымдарды жана айыптарды төлөөнү кошпогондо, банктык салымдарды пайдаланууга тыюу салынат.