Загрузка документа…
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги № 1 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын VIII сессиясынын
2024-жылдын 19-августу № 22
Күмүштак айыл аймагындагы №958, 960 контурларынан бышкан кирпич завод куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Жеке ишкер Иманбеков Бахтиярдын 2024-жылдын 14-августундагы айыл өкмөт башчы З.Надырбаевге жолдогон №Б-77 кириш сандуу арызын карап чыгып талкуулап, Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттарынын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл аймагындагы №958, 960 контурлардан 10 гектарга чейин жер аянты 5 жылдык мөөнөткө бышкан кирпич завод куруу үчүн Иманбеков Бахтияр Эркебаевичке бөлүнүп берилсин.
2. Аталган гектар жер тилкесине 3 (үч) жылдын ичинде бышкан кирпич завод курулуп ишмердүүлүгүн баштабаса жер тилке кайрадан айыл өкмөтүнүн карамагына өтсүн.
3. Күмүштак айыл аймагынын кызыкчылыгын коргоп, кымбат баада келишим түзүү жагы айыл өкмөт башчысы З.М. Надырбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчы З.Надырбаевге жана айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ч.Шейшенбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |