Загрузка документа…
ЧОЛПОНБАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпонбай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2024-жылдын 16-майы № 8
Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасына акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 07-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомунун негизинде Чолпонбай жана Ак-Чий айылдык кеңештери бириктирилип Чолпонбай айылдык кенеши болгондугуна жана айыл аймактын кеңейтилгендигине байланыштуу, Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасы С.Токоновго бир жылдык транспорт чыгымына пландалбаган кирешеден келип түшкөн акча каражатынан 120 000 (жүз жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүү жөнүндө Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы аталган маселени карап, талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпонбай айылдык кенешинин төрагасы С.Токоновго бир жылдык транспорт чыгымына (майына жана тетиктерине) пландалбаган кирешеден келип түшкөн акча каражатынан 120 000 (жүз жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаты, бюджет комитетинин төрагасы Рамазан уулу Абайга жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Токонов |