Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык кеңешинин кезексиз 5 сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 6/42
“Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31 -бөлүгүнүн 31.3- беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата “Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө талкуулап, 2024-жылдын 31-июлунда №4 тескеме түзүлгөн комиссиясынын протоколунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. “Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү жарандарга берилсин:
- Корголдоев Т.И.- Күнтуу айылынын тургуну, жеке ишкер;
- Толомушева А.А. – Кичи- Шалта айылынын тургуну, Аксакалдар сотунун мүчөсү;
- Нурмамбетов З.О. – Кызыл-Туу айылынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
- Чыныбаев Р.К.- Кызыл-Туу айылынын тургуну, Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты;
- Бейшеналиева У.Б.- Күнтуу айыл өкмөтүнүн экономист- статист адиси, келишимдин негизинде;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | М.А. Тобоев |