Загрузка документа…
| Күнтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 20-августу кезектеги сессиясынын № 6/42 токтомуна тиркеме |
“Күнтуу айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби жөнүндө ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жобосу айыл аймагынын өсүп-өнүгүшүнө көрүнүктүү салым кошкон жарандардын өзгөчө эмгегин баалоо максатында Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамынын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2. “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары-айыл өкмөтү, айылдык кеңеш, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3. “Ардактуу наам” ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү жана айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгып, тиешелүү документтерин топтоп, өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.
1.4. “Ардактуу атуул” наамына талапкерлердин документтери айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат.
1.5. “Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда _____ адамга гана ыйгарылат.
II. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу
үчүн негизги талаптар:
2.1. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон, мамлекеттик, коомдук жана чарбалык иштерде, илим, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана спорт тармактарында өзгөчө синирген эмгеги, эл арасында ынтымактуулукту чындоого активтүү катышкандыгы, мамлекеттик сыйлыктары бар жарандарга;
2.2. Күнтуу айыл аймагынын инфраструктуралык тутумдарында, менчигинин түрүнө карабастан 15 жылдан кем эмес үзүрлүү эмгеги менен айылдын жашоочуларына таанылган жарандарга;
2.3. Күнтуу айыл аймагынын 3 чакырылышынын депутаты болуп шайланган депутаттарына;
2.4. “Ардактуу Атуулу” наамына айыл аймагында жасаган өзгөчө эмгеги үчүн чет өлкөлөрдүн жарандары, айыл аймагында жашабаган Кыргыз Республикасынын атуулдары татыктуу боло алышат.
III. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби:
3.1. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы айылдык жыйындардын, коомдук уюмдардын, ишканалардын, мекеме-уюмдардын жалпы чогулуштарында каралып, комиссияга берилет. Өзгөчө синирген эмгек үчүн Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” деген наамы депутаттардын үчтөн биринин же сунушу менен комиссияда каралат.
3.2. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкер мекеме ишканалар тарабынан сунушталган болсо;
-Эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу, токтому;
- өздүк баракчасы сүрөтү менен;
- паспорттун көчүрмөсү;
-“Ардактуу атуулу” наамы берилүүчү адамдын мамлекеттик жогорку сыйлыктарынын көчүрмөлөрү ( грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б)
3.3. Эгерде “Ардактуу атуулу” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо;
- Талапкер боюнча ошол көчөнүн жашоочулары менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтыгынын протоколу;
- чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
- коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
- өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, паспортунун көчүрмөсү;
- мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б);
3.4. “Ардактуу атуулу” наамы соттуулугу бар жарандарга ыйгарылбайт;
3.5. Жеке жарандардын кайрылуусу каралбайт;
3.6. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы атайын түзүлгөн комиссия тарабынан берилген протоколго ылайык атайын комиссиянын чечиминин негизинде айылдык кеңештин токтому менен ыйгарылат.
3.7. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы салтанаттуу кырдаалда наам ыйгарылган жарандын өзүнө тапшырылат. Наам менен бирге сыйланган адамга Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын күбөлөндүрүүчү күбөлүк, төш белги берилет.
3.8. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир гана жолу ыйгарылат жана кайталап берүү жүргүзүлбөйт.
3.9. Атуулдардын юбилейлерине байланыштуу аларга “Ардактуу атуулу” наамы берилбейт.
IV. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алган
жарандардын укуктары.
4.1. “Ардактуу атуулу” наамынын ээси айыл аймагында төмөндөгүлөргө укуктуу:
-айыл аймагынын тургундарынын жашоо денгээлин жогорулатуу боюнча айылдык кеңешке жана айыл өкмөтүнө сунуш менен кайрылууга:
-айыл аймагындагы ишканалардын, мекеме-уюмдардын жетекчилеринин жана башка кызмат адамдарынын кабыл алуусунда эч тоскоолдуксуз кабыл алынууга жана тиешелүү маселелер боюнча алардан жооп алууга.
4.2. Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына негизсиз көрсөтүүгө жол берген адамдар Кыргыз Республкасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
4.3. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзам актыларын бузган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган жарандардан Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алып салуу боюнча атайын түзүлгөн комиссия айылдык кеңештин сессиясында бекитип берүү боюнча сунуш берет.
4.4.Күнтуу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын күбөлөндүргөн Күбөлүктү мыйзамсыз жасап алуу, сатуу, алмашуу колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартат.
Төрага | М.А. Тобоев |