Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 37
Кайынды орто мектебинин директору А.Субанбекованын
кайрылуусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндөгү улуттук программаны бекитүү тууралуу Жарлыгынын негизинде, Кайынды орто мектебинин окуучуларынын талантын ойготуп, өнөрлүү окуучуларды шыктандырып, ансамбль түзүп, улуттук баалуулуктарды сактоо максатында, улуттук аспаптарды алып берүү жөнүндөгү мектептин директору А.Субанбекованын кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз элинин наркын, ата-салтын, маданиятын чагылдырган улуттук аспаптарды алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 432 000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу С.Шукуралиевага тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго тапшырылсын.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |