Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 30-августу ПЖ № 303
2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу
Улуттук нарк - элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү, ал өзгөчө идеялардын жана туруктуу элдик эрежелердин негизинде калыптанат. Алар элдин маданиятынын негизин түзүүчү фактор болуп саналат, анткени эзелки замандан башталып, муундан муунга өтүп келген. Улуттук нарк - ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар-намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу мыйзамы.
Нарк элдин бүткүл өнүгүү тарыхында өзгөрүп, адеп-ахлак менен толукталып жана байытылып, жаңы мазмунга ээ болууда, алардын айрымдары өз актуалдуулугун жоготууда, жашоо-турмуштун мүнөзүн аныктоо менен өзүн-өзү билүү маданиятын калыптандырууда, жашоонун маңызы жана улуттук баалуулуктардын таберик символуна айланып, элдин жок болуп кетүүсүн алдын алууда.
Кыргыздар мамлекеттин өнүгүшүнүн негизи болгон улуттук нарк аркылуу кылымдар бою кошуна элдер менен жанаша жашап, тарыхтын тереңинде жок болуп же башка элдерге сиңип кеткен эмес, атын жоготпой, тарыхта өз изин калтырды.
Кандайдыр бир деңгээлде учур талабына ылайык деген башка маданияттар жана ишенимдер да өз таасирин тийгизбей койгон жок, ошондой болсо да бул процесс убактылуу мүнөзгө ээ жана кыска убакыттын ичинде аягына чыгарын эстен чыгарбоого тийишпиз.
Маданияттардын ассимиляциясы, өзүнчөлүүлүктүн жоголушу тарыхтын белгилүү бир мезгилдеринде улуу империяларды жана кайталангыс маданиятты жараткан улуттук баалуулуктарды жоготууга алып келет.
Өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн биз руханий жактан өнүккөн, билим деңгээли жогору, элибиздин тарыхын мыкты билген, башка элдердин наркын, үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана ишенимдерин сыйлаган, этностор аралык мамилелерди урматтаган, башка тилдерди билген, тышкы жана ички чакырыктарга туруктуу болгон кыргызстандык жаранды тарбиялашыбыз керек.
Түзүлгөн кырдаалды жана коомдун руханий деградация болуусунун көйгөйлөрүн чечүү үчүн түшүндүрүү жана тарбиялоо иштерин системалуу жүргүзүү талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20, 21, 71-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 157 "Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында токтом кылам:
1. 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа (мындан ары - Улуттук программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Улуттук программаны аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 6-сентябрында № 80(3415) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Тиркеме |
2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программа
№ | Милдеттер | Күтүлгөн натыйжалар | Аткаруучулар | Аткаруу мөөнөттөрү | Каржылоо булактары |
1. Улуттук наркты сактоонун жана өнүктүрүүнүн ченемдик укуктук негизин түзүү | |||||
1 | 2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу: | Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты | ММСЖСМ, БИМ, ЮМ | 2022-2023 | Каржылоо талап кылынбайт |
- "Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун кабыл алуу; | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды | БИМ, ММСЖСМ, КМУ, КБА | 2022-2023 | Каржылоо талап кылынбайт | |
- Кыргыз Республикасынын Президентинин "Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик комиссияны түзүү жөнүндө" Жарлыгын даярдоо | Жарлык менен Улуттук программаны ишке ашыруу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү | ЮМ, ФМ, ЭКМ | 2022-2023 | Тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, донорлор | |
2. Улуттук нарк маселелери боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү | |||||
2 | Улуттук нарк маселелери боюнча илимий-изилдөө ишин жүргүзүү: | Илимий-изилдөө иштери жүргүзүлдү | БИМ, ММСЖСМ, УИА, ЖОЖдор | 2022-2027 | Тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, донорлор |
- "нарктуу коомду" куруу боюнча илимий-изилдөө ишин жүргүзүү; | Изилдөөлөр жүргүзүлдү жана сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, ММСЖСМ, МО, ЖӨБО | 2024 | Тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, донорлор | |
- Кыргызстанда жашаган этностордун улуттук наркын чагылдырган методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу жана жайылтуу | Методикалык колдонмолор чыгарылды жана жайылтылды | БИМ, ММСЖСМ, ККА | 2023-2027 | Тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, донорлор | |
3. Нарктуу баалуулуктарды системалаштыруу жана бирдейлештирүү | |||||
3 | Нарктуу баалуулуктарды системалаштыруу жана бирдейлештирүү: | Изилдөөлөр жүргүзүлдү жана маданий-массалык иш-чаралар уюштурулду | ММСЖСМ, БИМ, ККА | 2023-2026 | Тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, донорлор |
- билим берүү мекемелери үчүн моралдык-этикалык жүрүм-турум кодекстерин иштеп чыгуу; | Кодекстер иштелип чыкты жана киргизилди | БИМ, КБА | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин наркын изилдөөнүн бирдиктүү системасын түзүү; | Системалык изилдөөлөр жүргүзүлдү, натыйжалары жарыяланды | БИМ, ММСЖСМ, ККА, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- нарктуу маданият жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана аларды төмөнкү багыттар боюнча системалаштыруу: "Кыргыз этнопедагогикасы", "Кыргыз этнографиясы", "Кыргыз этнопсихологиясы", "Этнолингвистика" "Кыргыз философиясы"; | Изилдөөлөр жүргүзүлдү, натыйжалары жарыяланды | БИМ, ММСЖСМ, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин наркын, үрп-адаттарын жана ырым-жырымдарын бирдейлештирүү жана системалаштыруу; | Кыргыз элинин жана Кыргызстандын башка этносторунун руханий жана маданий баалуулуктары, наркы, үрп-адаттары жана ырым-жырымдары жөнүндө китептер стандартташтырылды жана жарыяланды | БИМ, ММСЖСМ, ККА, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- бирдиктүү Кыргыз генеалогиясын түзүү; | Кыргыздардын бирдиктүү санжыра китеби чыгарылды | УИА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин материалдык маданиятын бирдейлештирүү боюнча иш жүргүзүү | Системалык изилдөөлөр жүргүзүлдү жана натыйжалары жарыяланды | ММСЖСМ, МТТСУК, БИМ, УИА, ККА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
4. Кыргыздардын жана Кыргызстан элдеринин улуттук материалдык маданиятын сактоо жана өнүктүрүү | |||||
4 | Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук материалдык маданиятын сактоо жана өнүктүрүү: | Сунуштамалар иштелип чыкты | ММСЖСМ, БИМ, ККА, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2022-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук ашканасын сактоо жана өнүктүрүү; | Сунуштамалар иштелип чыкты, көргөзмөлөр, конкурстар, илимий-практикалык конференциялар уюштурулду | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ККА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү; | Сунуштамалар иштелип чыкты, көргөзмөлөр, конкурстар, илимий-практикалык конференциялар уюштурулду | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ККА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук музыкалык аспаптарынын салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү; | Сунуштамалар, нускамалар иштелип чыкты, көргөзмөлөр, конкурстар, илимий-практикалык конференциялар уюштурулду | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ККА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук турак жайларынын салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү; | Сунуштамалар, нускамалар иштелип чыкты, көргөзмөлөр, конкурстар, илимий-практикалык конференциялар уюштурулду | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ККА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук оюндарынын салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү; | Жоболор, нускамалар иштелип чыкты, көргөзмөлөр, конкурстар, илимий-практикалык конференциялар уюштурулду | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ККА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин нарктуу билимдерин сактоо жана өнүктүрүү | Сунуштамалар жана жоболор иштелип чыкты | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ККА, ЖОЖдор, Кыргызпатент | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
5. Улуттук нарктын базасында жаңы социалдык статустарды түзүү | |||||
5 | Улуттук нарктын базасында жаңы социалдык статустарды түзүү: | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө улуттук нарктын негизинде жаңы социалдык статустар түзүлдү | МО, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ЖӨБО | 2023 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде |
- "Нарктуу кызматчы", "Нарктуу жетекчи" социалдык статустарын киргизүү; | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчысынын жүрүм-турум кодекси (Этика кодекси) кабыл алынды | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, МО | 2023 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде | |
- "Нарктуу жаран - улуттун жүзү" темасында республикалык иш-чараларды өткөрүү | Тренинг-лекциялар, илимий-практикалык конференциялар, форумдар, симпозиумдар өткөрүлдү | БИМ, МСЖСМ, МО, ЖӨБО, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | жыл сайын | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
6. Үй-бүлөлүк улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү | |||||
6 | Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин үй-бүлөлүк улуттук наркын сактоо жана өнүктүрүү: | Үй-бүлөлүк улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар өткөрүлдү | БИМ, ММСЖСМ, ЖӨБО, Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | 2023 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин үй-бүлөлүк улуттук наркын бекемдөө жана өнүктүрүү; | "Нарктуу үй-бүлө институту" түшүнүгү изилденди жана аны түзүү боюнча иш жүргүзүлдү | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ДИМК, КМДБ (макулдашуулар боюнча), ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркынын негизинде үй-бүлөдө өсүп келе жаткан муун үчүн жүрүм-турум моделин калыптандыруу | Кыргыздардын жана Кыргызстан элдеринин улуттук наркын негизинде үй-бүлөдө өсүп келе жаткан муун үчүн жүрүм-турум модели түзүлдү | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ДИМК, КМДБ (макулдашуулар боюнча), ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
7. Улуттук наркты сактоодо жана өнүктүрүүдө маданияттын ролун күчөтүү | |||||
7 | Улуттук наркты сактоодо жана өнүктүрүүдө маданияттын ролун күчөтүү: | Сунуштамалар иштелип чыкты | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ККА, ЖОЖдор, МО, ЖӨБО | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
- региондордо кыргыздардын жана Кыргызстан элинин нарктуу маданиятына арналган көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди уюштуруу; | Көргөзмөлөр жана жарманкелер уюштурулду | БИМ, МСЖСМ, МО, ЖӨБО | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркын чагылдырган мыкты чыгармаларга конкурс өткөрүү; | Конкурстар өткөрүлдү | БИМ, МСЖСМ, МО, ЖӨБО | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркын чагылдырган чыгармалардын көп томдук жыйнактарын басып чыгаруу; | Жыйнактар басып чыгарылды | БИМ, ММСЖСМ, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркы темасында көркөм көргөзмөлөрүн өткөрүү; | Көргөзмөлөр жана жарманкелер өткөрүлдү | БИМ, МСЖСМ, МО, ЖӨБО, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркын чагылдырган көркөм фильмдерди жана мультфильмдерди, документалдык фильмдерди тартуу, ошондой эле спектаклдерди коюу; | Көркөм фильмдер жана мультфильмдер, документалдык фильмдер тартылды | ММСЖСМ, УТРК, ЭлТР, "Кыргыз-фильм", "Бешинчи канал", "Пирамида" | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- кыргыздардын жана Кыргызстан элинин улуттук наркын эске алуу менен эстетикалык тарбиялоо системасын өркүндөтүү | Сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, МСЖСМ, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
8. Билим берүү чөйрөсүндө улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү | |||||
8 | Билим берүү чөйрөсүндө улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү: | Сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, ММСЖСМ, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
- билим берүү мекемелеринин базалык окуу планына кыргыздардын жана Кыргызстан элинин наркы жана үрп-адаттары боюнча "улут наркы" сабактарын киргизүү; | "Улут наркы" сабагы класстан тышкаркы саат катары өткөрүлүп, методикалык иш-чаралардын системасы иштелип чыкты | БИМ, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде | |
- нарктуу үй-бүлөлүк педагогика жаатында изилдөөлөрдү жүргүзүү; | Изилдөөлөр жүргүзүлдү жана маалыматтар жайылтылды | ММСЖСМ, БИМ, УИА | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- билим берүү мекемелеринин ички жасалгаларында кыргыздын улуттук оюмдарынын элементтерин колдонуу; | Ички жасалгалоодо кыргыздын улуттук оюмдарынын элементтери колдонулууда | ММСЖСМ, МО, ЖӨБО | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин жаңыртуу | билим берүү мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин жаңыртуу киргизилди | БИМ, КБА, МО, ЖӨБО | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде | |
9. Тил саясаты чөйрөсүндө улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү | |||||
9 | Тил саясаты чөйрөсүндө улуттук наркын сактоо жана өнүктүрүү: | Сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, ММСЖСМ, МТТСУК, ККА, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
- эне тилди сактоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдиктерди камсыз кылуу; | Мамлекеттик тилди бекемдөө жана сүйлөө маданиятын өнүктүрүү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү | БИМ, ММСЖСМ, МТТСУК, ККА, УИА, КБА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
- республикалык деңгээлде "Тил жана нарк" иш-чараларын өткөрүү | Бала бакчаларда, мектептерде жана башка билим берүү мекемелеринде түрдүү форматтагы иш-чаралар өткөрүлдү | ММСЖСМ, МТТСУК, УИА, ККА, ЖОЖ, МО, ЖӨБО | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор | |
10. Дин, миграция жана маалымат чөйрөсүндөгү иш-чараларды ишке ашыруу | |||||
10 | Республикалык деңгээлде "Дин жана нарк" иш-чараларын өткөрүү | Ар кандай семинарлар, тренингдер жана симпозиумдар уюштурулду | ММСЖСМ, БИМ, УИА, ДИМК, КМДБ (макулдашуулар боюнча), МО, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
11 | Диний окуу жайларына "Улут наркы" окуу программаларын киргизүү | Окуу программасы киргизилди | ДИМК, БИМ, КМДБ (макулдашуулар боюнча) | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
12 | Эл аралык деңгээлде "Миграция процесстери жана нарк" иш-чараларын өткөрүү | Конференциялар, тегерек столдор, форумдар, фестивалдар өткөрүлдү | ММСЖСМ, БИМ, УИА, МО, ДИМК, КМДБ (макулдашуулар боюнча), ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
13 | Кыргыздардын жана Кыргызстан элинин нарктуу руханий маданиятын жайылтуу боюнча ырааттуу жана ар-тараптуу кампанияны жүргүзүү | ЖМК аркылуу жайылтуу үчүн жаңы телеберүүлөр, рубрикалар жана радиодолбоорлор түзүлдү, кыргыздардын жана Кыргызстан элинин нарктуу руханий маданиятын жайылтуу үчүн тиешелүү топтор уюштурулду | БИМ, МСЖСМ, МО, ЖӨБО, УТРК, ЭлТР | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде, донорлор |
14 | Ааламдашуу жана санариптештирүү процесстерин эске алуу менен чет элдик ЖМКларда ырааттуу жана ар тараптуу маалыматтык кампанияны жүргүзүү | Сунуштамалар иштелип чыкты | БИМ, МСЖСМ, МО, УИА, ЖОЖдор | 2023-2027 | Министрликтердин жана ведомстволордун тиешелүү жылга бюджетинин негизинде |
Кыскартуулардын тизмеси:
Мамкызмат жаа ЖӨБ боюнча агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ККА | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы консультациялык-кеңеш берүүчү орган - Кыргызстан калкы ассамблеясы |
ЖОЖ | - | жогорку окуу жайлар |
ДИМК | - | Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы |
МО | - | мамлекеттик органдар |
КМДБ | - | Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы |
КБА | - | Кыргыз билим берүү академиясы |
Кыргызпатент | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги |
Кыргызфильм | - | "Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы |
ММСЖСМ | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
УИА | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы |
МТТСУК | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия |
УТРК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
"Бешинчи канал" | - | "Бешинчи канал" ЖАК |
ЭлТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы |
"Пирамида" | - | "Медиахолдинг "Пирамида" ЖЧК |