Загрузка документа…
СЕМЕТЕЙ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Семетей айыл аймагынын айылдык кенешинин 4-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 30-июлу № 44
Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-мартындагы №96 “Кыргыз Республикасынын аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун жана Манас райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 19-мартындагы №98 тескемесин жетекчиликке алып, талкуулап айылдык кеңеш;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-мартындагы №96 “Кыргыз Республикасынын аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун негизинде жобо бекетилсин.
2. Жобонун негизинде иш алып баруу жагы Семетей айыл өкмөтүнүн башчысы К.Р.Рыскуловго милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |
|
| Семетей айылдык кенешинин 30-июль 2024-жылдын №44 токтому менен бекитилген |
Семетей айыл аймагындагы эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобо
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-мартындагы №96 “Кыргыз Республикасынын аймагында эстеликтерди, стелаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулмаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун негизинде жана аларды аймак ичинде орнотуусун жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
1) Көрүүгө жана эркин көрүүгө жабык аймактарда Эстеликтерди долбоорло жана орнотуу;
2) Көрүстөндөгү эстеликтерди даярдоо жана орнотуу;
2. Этеликтерди орнотуу жөнүндө маселелерди кароонун жана чечүүнүн тартиби
4. Эстеликтерди орнотуу жөнүндө демилгечилердин сунуштары тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан каралат, ал жөнүндө жобо жергиликтүү кенештин токтому менен белгиленет.
5. комиссия демилгечилерден келип түшкөн төмөнкүдөй документтерди карайт;
1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин, 50дөн кем эмес демилгечилерден турган жарандардын тобунун өтүнүчү;
2) тарыхый же тарыхый-биографиялык маалымкатты, окуянын аныктыгын же элесин түбөлүккө калтыруучу адамдын синирген эмгегин ырастаган архивдик документтердин көчүрмөлөрүн, мемориалдыктактадагы жазууда камтылган фактыларды, ошондой эле элесин калтыруу түбөлүккө зарылдыгын ырастаган маалыматтарды;
3) объектинин жайгашкан жери жана анын курулушунун өлчөмү жана мүнөзү белгиленген карта-схеманы;
4) элесин түбөлүккө калтыруучу адамдын жашаган мезгилин көрсөтүү менен жарандын администрайиялык-аймактык бирдиктин аймагында жашаган мезгили жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын архивдик маалымкатын;
5) ушул Жобого ылайык бекитилген Эстеликтин алдын ала эскизин жана андагы жазуулар боюнча сунуштарды;
6) имараттын, курулуштун жана ошондой эле көп кабаттуу батирүү үйлөрдүн менчик ээсинин же башка ээсинин, жер участогунун укук ээсинин Эстеликти орнотууга макулдугун жазуу жүзүндө ырастамасын;
7) демилгечилердин ишти каржылоо боюнча жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
6. эгерде Эстелик аймактын түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө жана өнүгүшүнө олутту салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, илим жана маданият ишмерлеринин, баатырдык көрсөткөн адамдардын, чет өлкөлүк жарандардын, маданият жана искусство чыгармаларынын эпикалык, фольклордук, башка баатырларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатын көздөбөсө, аны орнотуу жөнүндө чечим тиешелүү админитрациялык-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуукомиссиясы тарабынан кабыл алынат.
7. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде жергилктүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы Эстеликтерди орнотуу жөнүндө зарыл болгон чечимди кабыл алат.
8. Администрайиялык-аймактык бирдиктин ыйгарым укуктуу комиссиясы тарабынан сунуштарды кароонун жана демилгечиге жүйөлүү жооп берүүнүн жалпы мөөнөтү демилгечинин сунушу келип түшкөн учурдан тартып 30 календардык күндөн ашпоого тийиш.
3. Эстеликтерди жасоо, орнотуу жана аларды темонтаждоо
9. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча орнотулуучу эстеликтерди, стелаларды, облисктерди жана башка мемориалдык курулмаларды кошпогондо, Эстеликтерди жасоо жана орнотуу жеке жактардын ыкиыярдуу кайрымдуулугун массалык чогултуунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
10. Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын оң чечиминин негизинде эстеликтерди орнотуу мамлекеттик органдар жана жергилктүү оз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү мыкты эскиздик долбоорго алдын ала өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат.
Ар бир конкурстун өткөрүүнүн тартиби мамлекеттик орган, тиешелүү администрайиялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилет.
11. Кыргыз Республикасынын маданият жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын көркөм эксперттик кеңеши, шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынанбекитилген мыкты эскиздик долбоорго конкурстун жыйынтыгынын негизинде конкурстун женүүчүсү тарабынан жумушчу долбоор иштелип чыгышы мүмкүн.
12. Долбоорду жана Эстеликтер орнотулуучу ордун макулдашууда төмөнкү талаптар коюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талапарына ылайык келүү;
2) Эстеликти жер участогуна жайгаштырган учурда учурдагы шаар куруу кырдаалын, айланадагы курулуштарды жана шаар куруумүмкүнчүлүктөрүнө жараша жайгаштырууну милдеттүү эсепке алуу;
3) мемориалдык тактанын өлчөмү жайгаштырылуучу маалыматтын көлөмү менен аныкталат жана орнотулуп жаткан имаратка, курулушка, курулмага шайкеш келүүгө, бирок 900*600 мм өлчөмүнөн ашпоого тийиш;
4) мемориалдык такта жерден эки метрден кем эмес бийиктикте, жакшы көрүнгөн жерге орнотулууга тийиш;
5) Эстеликтерди жайгаштырууда мурда орнотулган объектердин болушу эске алынат жана алардын ортосундагы аралык 1000 метрден кем эмес радиуста сакталат.
13. Эстеликтер белгиленген тартипте макулдашылган эскиздик долбоорлор боюнча материалдардан (табигый таш, металл, эритме, тышкы таасирлерге туруштук берген башка материалдардан) жасалат.
14. тарыхый окуянын мааниси, инсандын синирген эмгеги же баатырдын маанилүүлүгү мемориалдык тактада көркөм аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдердеги кыскачы текстте чагылдырылат. Чет тилиндеги жазууну колдонууга жол берилбейт.
15. Мемориалдык такталардын композициясына тексттен тышкары унутулгус окуяларды, декоративдик элементтерди чагылдырган портреттик же стилдештирилген сүрөттөлүштөр киргизилиши мүмкүн.
16. Имаратка, курулушка жана курулмага орнотулган мемориалдык такта анын ажырагыс көркөм- архитектуралык элементи болуп саналат.
Оңдоо иштери аяктагандан кийин имараттардын фасаддары талаптагыдай абалда сакталууга тийиш.
17. Семетей айыл аймагында жайгашкан эстеликтер муниципалдык башкарууга өткөрүп берген учурда муниципалдык кызматтар тарабынан андан ары учурдагы күтүү үчүн курулушу бүткөн Эстеликти тиешелүү кабыл алуу-өткөрү берүү акты менен кабыл алуу жол-жобосу милдеттүү.
Семетей айыл аймагында орнотулган Эстеликтер жергилктүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиктеги башкаруусуна өткөрүлүп берилет, алар эсепке алат, бирдиктүү реестр түзөт, белгиленген эстеликтерди коргоону, күтүүнү жана оңдоону жүзөгө ашырат.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |