Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезектеги XXIX- сессиясынын
2024-жылынын 18-июлунун №36
“Тогуз-Торо районунун аймагында эстеликтерди, стеллаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулумаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери боюнча жобону бекитүү жөнүндө”
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 13-майындагы № 127-б буйругун карап чыгып Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXIХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тогуз-Торо районунун аймагында эстеликтерди, стеллаларды, обелисктерди, мемориалдык такталарды жана башка мемориалдык курулумаларды долбоорлоонун жана орнотуунун эрежелери боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы : |
У. Токтожумаев |