Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 589 токтомуна) |
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоо тартиби (мындан ары - Тартип) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоону ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - эксперттик уюм) - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жарнамалык материалдарынын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин баалоо үчүн саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган уюм;
2) арыз ээси - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жарнамалык материалдарын баалоого арызды, документтерди жана материалдарды берүүгө ыйгарым укуктуу жеке же юридикалык жак же алардын ишенимдүү адамы;
3) медициналык өкүлдөр - бул дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды медициналык жана фармацевтика кызматкерлерине жана продуктту өндүрүүчү компаниянын пайдасын потенциалдуу көбөйтүүгө жөндөмдүү башка адамдарга презентациялоо жолу менен аларды илгерилетүүчү адистер;
4) илимий-маалыматтык материал - илимий жана аналитикалык маалыматтарды камтыган, илимий макалалар, методикалык көрсөтмөлөр, окуу куралдары түрүндө жайылтылган дары каражаты жана медициналык буюм жөнүндө маалымат же маалыматтардын жыйындысы;
5) кадрлар ирети - видеороликтерди жана жарнамалык баннерлерди түзүүдө көмөкчү каражат катары кызмат кылган сүрөттөрдүн ырааттуулугу;
6) дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жарнамасы (мындан ары - жарнама) - дары каражаттары жөнүндө өзүнчө маалыматтарды же маалыматтардын жыйындысын камтыган, аларды илгерилетүүгө жана сатууга мүмкүндүк берүүчү, белгисиз адамдардын чөйрөсү үчүн багытталган, кандай болбосун каражаттардын жардамы менен кандай болбосун формада жайылтылуучу жана (же) жайгаштырылуучу маалыматтар;
7) жарнамалык аудиоролик - радио, телекөрсөтүү каналдарында жана интернет-ресурстарында жайгаштырылуучу дары каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө жарнамалык мүнөздөгү аудиочыгарма;
8) жарнамалык баннер - интернет-ресурстарда жайгаштырылуучу дары каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө жарнамалык мүнөздөгү бир же бир нече тексттик-графикалык сүрөттөр;
9) жарнамалык видеоролик - телекөрсөтүү каналдарында жана интернет-ресурстарда жайгаштырылуучу дары каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө жарнамалык мүнөздөгү аудиовизуалдык чыгарма;
10) жарнамалык материал - жарнаманын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин баалоодо колдонулуучу документтер жана материалдар;
11) жарнамалык модуль - кагаз жүзүндө (баракча, лифлет жана башка) аткарылуучу жана саламаттык сактоо уюмдарында жайылтылуучу же басылма жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу дары каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө жарнамалык мүнөздөгү тексттик-графикалык билдирүү;
12) жарнаманы жайылтуучу - мүлктү, анын ичинде телерадиоберүүнүн техникалык каражаттарын берүү жана (же) пайдалануу жана башка жол менен жарнамалык маалыматтарды жайылтуучу жана жайгаштыруучу жеке же юридикалык жак.
2-глава. Рынокко чыгаруу
3. Жарнаманы жайылтуу жана жайгаштыруу жалпыга маалымдоо каражаттарында, электрондук маалыматтык ресурстарда жана саламаттык сактоо уюмдарында жүзөгө ашырылат.
4. Жарнамага төмөнкүлөр кирбейт:
1) өнөр жай продукциясына түшүрүлгөн логотип, соодадагы же эл аралык патенттелбеген аталышы (ЭПА) (видео роликтерде, ошондой эле Интернетте көрсөтүлүүчү кагаз жүзүнө түшүрүүдөн тышкары);
2) медицинада колдонуу боюнча нускамалар (мындан ары - кошумча баракча), илимий-маалыматтык материал, медициналык мүнөздөгү методикалык жана окуу материалдары;
3) белгилүү бир дары каражаттарына же медициналык буюмга карата өзгөчө маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон жарнамага тиешеси жок материалдар менен коштолушу мүмкүн болгон корреспонденция;
4) фактыларга негизделген маалыматтар жана маалымдама материалдары, мисалы, таңгактагы өзгөрүүлөргө, дары препараттарын кабыл алууда же медициналык буюмдарды колдонууда жалпы сактыкты сактоо чараларынын бир бөлүгү катары терс реакциялар жөнүндө эскертүүлөргө жана прайс-баракчаларга карата, аларда жарнамалык билдирүүлөр камтылбаган шартта;
5) адамдын ден соолугуна же оорусуна тиешелүү маалымат, дары каражаттарына же медициналык буюмдарга кыйыр түрдө да шилтеме болбогон шартта;
6) дары каражатын өндүрүүчү же сатуучу жеке же юридикалык жак жөнүндө маалымат.
3-глава. Жарнамалык материалдарга талаптар
5. Жарнама төмөнкүдөй болууга тийиш:
- атайын билимсиз же атайын каражаттарды колдонуусуз таанылууга, QR-коддорун кошпогондо, алар кошмо-барактын толук текстин жайгаштыруу мүмкүн болбогон учурда колдонулушу мүмкүн;
- башка дары каражаттары менен салыштырууну болтурбоого;
- керектөөчүлөрдүн ишенимин кыянаттык менен пайдалануу аркылуу аларды адаштырбоого, анын ичинде мүнөздөмөлөрүнө, курамына, керектөөчүлүк касиеттерине, наркына (баасы), колдонуунун болжолдонуучу натыйжаларына, изилдөөлөрдүн жана сыноолордун натыйжаларына карата.
6. Дары каражатынын жана медициналык буюмдун жарнамалык материалдары ишенимдүү, так, анык, мазмундуу, балансталган, заманбап, далилдүү болууга жана кыргыз жана орус тилдеринде берилген жарнамалык текстине тиешелүү иллюстрациялары болууга тийиш.
7. Жарнама төмөнкүдөй материалдарды камтыбоого тийиш:
- медициналык консультациялардын же хирургиялык операциялардын кереги жок деген ойду жараткан;
- дары каражатынын таасири же медициналык буюмдун колдонулушу кепилденген жөнүндө билдирүүлөрдү камтыган;
- дары каражатын же медициналык буюмду уникалдуу, кыйла натыйжалуу, кыйла коопсуз, терс таасирлери жок өзгөчө катары көрсөткөн;
- адамдын ден соолугунун абалы бул каражатты кабыл алуунун же кабыл алуудан баш тартуунун натыйжасында жакшырышы же начарлашы мүмкүн деп болжолдоого мүмкүндүк берген (вакцинацияга тиешеси жок);
- балдар үчүн дары каражаттарын кошпогондо, жарнамада балдар, алардын сүрөттөрү же үнү колдонулган;
- жашы жете электерге түздөн-түз багытталган маалыматтарды камтыган;
- окумуштуулардын, медицина жана фармацевтика кызматкерлеринин, айыгып кеткен пациенттердин же бул категорияларга кирбеген, бирок алардын атактуулугуна байланыштуу дары каражатын же медициналык буюмду колдонууну колдошу мүмкүн болгон адамдардын сунуштарына же образдарына шилтемелер бар;
- дары каражатынын же медициналык буюмдун коопсуздугу же натыйжалуулугу анын табигый келип чыгышы менен шартталган деп болжолдоого мүмкүндүк берген;
- дары каражатынын же медициналык буюмдун курамына, келип чыгышына, жаңылыгына же патенттелишине карата жаңылыштыка алып келген;
- оорунун таржымалын сыпаттоо же кеңири көрсөтүү аркылуу жаңылыштык менен өзүнө өзү диагноз коюуга алып келиши мүмкүн болгон;
- орундуу эмес, коркунуч жараткан же адаштырууга алып келүүчү терминдер, оорудан, жаракаттан же дары каражатынын же медициналык буюмдун адамдын организмине же анын бир бөлүгүнө тийгизген таасиринен улам адамдын организминдеги өзгөрүүлөрдүн живопистик сүрөттөлүшү колдонулган;
- жарнаманы керектөөчүлөрдө жарнамалануучу дары каражатын же медициналык буюмду колдонууну талап кылган тигил же бул абалдын болушу жөнүндө билдирүүлөрдү же болжолдоолорду, же дени сак адамда жарнамалануучу дары каражатын же медициналык буюмду колдонуу зарылдыгы жөнүндө пикирди жараткан билдирүүлөрдү камтыган;
- дары каражатын/медициналык буюмду башка дары каражаттары/медициналык буюмдар менен салыштырган;
- жарнамалануучу дары каражатын же медициналык буюмду колдонгондон кийин айыгуунун конкреттүү учурларына шилтемелерди камтыган;
- жарнамалануучу дары каражатын же медициналык буюмду сатып алуу учурунда, арзандатууларды кошпогондо, материалдык кызыктыруунун кандай болбосун түрлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө көрсөтмөлөрдү камтыган;
- мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын жарнамалык натыйжаны күчөтүү максатында колдонулуучу сунуштарын камтыган.
8. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- тизмеги эксперттик уюм тарабынан бекитилүүчү адистештирилген басылмаларды кошпогондо, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду жарнамалоого, ошондой эле медициналык же фармацевтикалык көргөзмөлөрдү, семинарларды, конференцияларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү жайларында;
- квалификациялуу врач гана дарылоого мүмкүн болгон оор абалдарда колдонулуучу дары каражаттарын же медициналык буюмдарды жарнамалоого;
- Кыргыз Республикасында катталбаган дары каражаттарын же медициналык буюмдарды жарнамалоого;
- врачтын рецепти боюнча сатылуучу дары каражаттарынын үлгүлөрүн жарнамалоо максатында жайылтууга;
- илимий ишти жана санитардык агартууну атайылап жарнамалык максатта пайдаланууга.
9. Жарнама медицина жана фармацевтика кызматкерлери үчүн багытталган жарнама жана калк арасындагы жарнама болуп бөлүнөт.
10. Медицина жана фармацевтика кызматкерлери үчүн багытталган жарнамага талаптар:
медицина жана фармацевтика кызматкерлери үчүн багытталган жарнама адистештирилген басылмаларда, маалымдама-маалымат борборлору аркылуу, конференцияларда, симпозиумдарда, көргөзмөлөрдө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иш-чараларда жол берилет;
медицина жана фармацевтика кызматкерлери үчүн багытталган жарнама эксперттик уюм тарабынан бекитилген кошмо-баракка, ошондой эле илимий маалыматтардын тизмегине толук ылайык келүүгө тийиш.
Эгерде жарнамалык жарыяда дары каражаты жөнүндө толук маалымат жок болсо, маалыматтын булагына шилтемени көрсөтүү зарыл. Жарнама формасына карабастан, дары каражаттарын клиникалык изилдөөлөрдө алынган дары каражаттары жөнүндө фармакологиялык маалыматтарга ылайык келүүгө тийиш.
11. Медициналык журналдардан же башка илимий басылмалардан алынган цитаталар таблицалар жана башка иллюстративдик материалдар сыяктуу эле кайра чыгарылууга жана баштапкы булакка так шилтемелер менен коштолууга тийиш.
12. Саламаттык сактоо уюмдарында жана саламаттык сактоо жаатындагы билим берүү уюмдарында саламаттык сактоо уюмдарынын пландуу кеңешмелерин, илимий-практикалык конференцияларды же адистештирилген семинарларды өткөрүүдөн тышкары, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн же дистрибьюторлордун өкүлдөрү тарабынан дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды илгерилетүүгө тыюу салынат.
13. Калк арасындагы жарнамага талаптар:
калк үчүн жарнама катталган, врачтын рецепти жок сатылуучу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды пайдалануу боюнча рационалдуу чечимдерди кабыл алууда адамдарга маалыматтык жардам көрсөтүүгө тийиш.
Калк үчүн багытталган жарнама жеткиликтүү формада баяндалууга жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) соодадагы аталышын;
2) ЭПА же курамына кирген активдүү компоненттер жөнүндө маалыматты;
3) колдонууга негизги көрсөткүчтөрдү;
4) балдар үчүн колдонулуучу препараттардын курактык чектөөлөрүн;
5) негизги сактык чаралары, каршы көрсөтмөлөрдү;
6) балдардын, кош бойлуу аялдардын колдонуусуна, ошондой эле эмчек эмизүү учурунда колдонууга карата өзгөчө көрсөтмөлөрдү (болсо);
7) колдонуудан мурун кошмо-барак менен таанышуу зарылдыгы жөнүндө так жана түшүнүктүү сунуштаманы, ошондой эле кыйыр реакциялар аныкталган учурда медицина кызматкерине же эксперттик уюмга кайрылууну;
8) Кыргыз Республикасындагы өндүрүүчүнүн жана соода өкүлүнүн аталышын, дарегин;
9) каттоо күбөлүгүнүн номери жана берилген датасын.
Телеканалдар жана интернет-ресурстар үчүн багытталган жарнама ушул пункттун 1, 3-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтарды, радиоканалдар үчүн 1, 3, 5, 7, 9-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыйт.
14. Эгерде кесиптик эмес тил колдонулса, маалымат препараттын биомедициналык касиеттери жөнүндө жактырылган илимий маалыматтарга же башка мыйзамда аныкталган илимий маалыматтарга ылайык келиши керек.
4-глава. Жарнамалык материалдарды берүүнүн тартиби
15. Арыз ээси эксперттик комиссиянын корутундусун берген учурда жарнаманы жайылтуучу жарнаманы жайгаштырат.
16. Жарнаманын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши жөнүндө корутундуну алуу үчүн арыз ээси эксперттик комиссияга төмөнкү документтерди жана материалдарды берет:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз;
2) кыргыз жана орус тилдеринде кагаз жана электрондук түрдө жарнамалык материалды (модуль, илимий макала, видео жарнаманын же баннердин кадрлар ирети, аудио жарнаманын жарнамалык тексти).
Кагаз жүзүндөгү көлөмү боюнча айырмаланган жарнамалык материалдын бирдей тексттери жарнаманын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык келиши жөнүндө мурда эксперттик комиссия тарабынан берилген ошол эле корутунду менен колдонулушу мүмкүн.
Бир жарнамалык материалга бир эле фармакологиялык топтогу бир нече дары каражаттарын гана жайгаштырууга жол берилет.
17. Эксперттик комиссия документтерди кабыл алгандан кийин бир жумуш күндүн ичинде арызды каттайт жана маалыматты маалыматтык системага киргизет.
18. Эксперттик уюм арыз кабыл алынгандан жана катталгандан кийин 30 жумуш күндүн ичинде берилген документтердин жана материалдардын толуктугун текшерет жана жарнамалык материалдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Тартиптин талаптарына шайкеш келишине эксперттик баалоо жүргүзөт.
19. Берилген документтерде жана материалдарда Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык эместиктер аныкталса, жалган маалыматтар табылса, эксперттик комиссия арыз ээсине аныкталган эскертүүлөрдү жана аларды катты алган күндөн тартып 10 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө толугу менен четтетүүнүн зарылдыгын белгилеп кат жөнөтөт.
20. Арыз ээсинин эскертүүлөрдү четтетүү мөөнөтү жарнамалык материалдарды баалоонун жалпы мөөнөтүнө кирбейт.
21. Арыз ээси эксперттик комиссиянын катына жооп бербесе же белгиленген мөөнөттө айтылган эскертүүлөрдү четтетпесе, эксперттик комиссия арыз ээсине жарнамалык материалдарды баалоодон жүйөлүү баш тартуу билдирүүсүн жиберет.
22. Жарнамалык материалдарды баалоонун натыйжасы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген форма боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келишине жарнамалык материалдарды эксперттик баалоо актысы (мындан ары - акт) менен таризделет.
23. Актынын негизинде арыз ээсине ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жарнаманын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келиши жөнүндө корутунду же жазуу түрүндө жүйөлүү баш тартуу берилет.
Жарнамалык материалдарды баалоо аяктагандан кийин эксперттик комиссия арыз ээсине эксперттик баалоо актысынын номери жана датасы көрсөтүлгөн, ыйгарым укуктуу органдын "Макулдашылды" деген штампы менен кыргыз жана орус тилдеринде кагаз түрүндөгү жарнамалык маалыматты (модуль, макала, видео жарнаманын же баннердин кадрлар ирети, аудио жарнаманын жарнама тексти) кайтарып берет.
5-глава. Жарнаманын этикалык критерийлери
24. Жарнамалоодо ушул Тартипте белгиленген этикалык критерийлерди эске алуу талап кылынат.
25. Бул главанын талаптары өндүрүүчүлөргө, дистрибьюторлорго, медицина жана фармацевтика өкүлдөрүнө, медицина жана фармацевтика кызматкерлерине, окуу жайларына, кесиптик ассоциацияларга, керектөөчүлөргө, кесипкөй жана коомдук жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү.
26. Медицина кызматкери эмес адамдарга багытталган врачтын рецепти менен берилүүчү дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоого жол берилбейт.
27. Мурунку пункттун талаптары профилактикалык эмдөө календарына жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөө календарына ылайык жүргүзүлүүчү вакцинациялоо программаларында пайдаланылуучу иммунобиологиялык дары каражаттарын жылдырууга тиешелүү эмес.
28. Дары каражаттарын байге жана сыйлык катары колдонууга жол берилбейт.
29. Фармацевтикалык компаниялар өздөрүнүн өкүлдөрүнө, башка кызматкерлерине жана алар менен иштешкен дистрибьюторлорго алар ушул Тартиптин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жөнүндө маалымдоого милдеттенишет.
30. Жарнама үчүн колдонулган материалдар Кыргыз Республикасында каттоодон өтүүдө бекитилген маалыматтарга негизделүүгө тийиш.
31. Медицина кызматкерлерине берилген медициналык-фармацевтикалык маалымат төмөнкүлөрдү камтыбашы керек:
- жалган же атайылап бурмаланган фактыларды жана/же жаңылыштыкка алып келиши мүмкүн болгон, контексттен тышкаркы маалыматтарды берүүнү;
- дары каражатынын же медициналык буюмдун таасирин жасалма түрдө ашыра чаап көрсөтүүнү;
- дары каражатынын жагымсыз таасири толугу менен жоктугу жөнүндө билдирүүлөрдү камтууну;
- дары каражатынын 100% натыйжалуулугун жана/же коопсуздугун түздөн-түз же кыйыр түрдө жарыялаган билдирүүлөрдү камтууну;
- аны колдонуунун толук негиздемеси жок "коопсуз" деген аныктамаларды камтууну;
- каттоодон өткөндөн кийин 2 жылдан ашык убакыт өткөн дары каражатына же медициналык буюмга карата "жаңы" деген аныктаманы камтууну;
- дары каражаттарынын/медициналык буюмдардын же фармацевтикалык компаниялардын беделине кандайдыр бир зыян келтирүүнү;
- жарнамаланган дары каражатын же медициналык буюмду колдонууда медициналык консультация же хирургиялык операция милдеттүү эмес деген ойду жаратуучу маалыматтарды камтууну.
32. Фармацевтикалык компанияга өзүнүн жарнамалык материалдарда үчүнчү жактардын жарнамалык материалдарын колдонуусуна жол берилбейт.
33. Изилдөөлөргө шилтеме берүүдө изилдөөнүн датасын, булагын жана авторун так көрсөтүү зарыл.
34. Жарнамаланган дары каражатына жана медициналык буюмга карата жаныбарларга изилдөө жүргүзүлгөн учурда, жарнамада бул жөнүндө көрсөтмө камтылууга тийиш.
35. Фармацевтикалык компания эксперттик уюмга берилген жарнамалык материалдардын толуктугу, аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Фармацевтикалык компания жарнама маалыматын контролдоо үчүн жооптуу адамды дайындайт, ал эксперттик уюмдун талабы боюнча жарнаманын үлгүлөрүн жана маалыматтарды берүүгө жооптуу.
36. Медицина өкүлдөрү медициналык билимге ээ болушу керек жана тийиштүү тартипте даярдыктан өтүшү керек.
Алар жарнамалаган дары каражаттары жана медициналык буюмдар жөнүндө так жана толук маалымат берүү үчүн жетиштүү көлөмдөгү илимий маалыматтарга ээ болушу керек.
37. Фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери медицина өкүлдөрүнүн баштапкы жана кийинки даярдыгына, атап айтканда, ушул Тартиптин талаптарын эске алуу менен этикалык жүрүм-турум маселелери боюнча нускамалар менен тааныштырууга жооптуу болуп саналат.
38. Медицина өкүлдөрү медицина жана фармацевтика кызматкерлерине каралып жаткан дары каражаттарынын же медициналык буюмдардын ар бири боюнча толук жана калыс маалымат берүүгө милдеттүү.
39. Фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын аймагында жарнамалоодо өздөрүнүн медицина өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү жана иштери үчүн жоопкерчилик тартышат. Медицина өкүлдөрү медицина жана фармацевтика кызматкерлерине мажбурлоочу таасир тийгизбеши керек.
40. Фармацевтикалык компаниялар күнүмдүк врачтардын конференциялары учурунда, илимий-практикалык конференцияларда же адистештирилген семинарларда илимий-маалыматтык материал, кошмо барак, маалымдама, медициналык адабияттар, илимий журналдар түрүндө толук, объективдүү, так жана тастыкталган маалыматты бере алышат.
41. Жарнамалык этиканы бузууларга төмөнкүлөр кирет:
1) финансылык сый акыларды же материалдык же материалдык эмес мүнөздөгү кандай болбосун башка стимулдарды берүү же сунуштоо (анын ичинде көңүл ачуу, эс алуу, эс алуу жайына баруу, макулдашууларды түзүү, конкурстарды, акцияларды уюштуруу ж.б.);
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган учурларды кошпогондо, дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын үлгүлөрүн берүү;
3) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды такталбаган үлгүдөгү, анын ичинде жарнамалык мүнөздөгү маалыматты камтыган, ошондой эле дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын аталыштары алдын ала басылган рецепттик бланктарга жазып берүүгө макул кылуу;
4) мүлктүк жана мүлктүк эмес сыйлыктар, сатуунун белгилүү бир натыйжаларына жеткендиги үчүн дарыкана уюмдарынын жетекчилерине жана фармацевтика кызматкерлерине белектер берилген программаларды уюштуруу.
42. Дары каражаттарынын акысыз үлгүлөрү дары каражаттарын жазып берүүгө ыйгарым укуктуу адамдарга төмөнкү шарттарды сактоо менен берилиши мүмкүн:
- үлгүлөр алуучунун кол коюлган жана датасы көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү өтүнмөсүнөн кийин гана берилиши керек;
- үлгүлөрдү берген адамдарда контролдоо жана эсепке алуу системасы болушу керек;
- ар бир үлгү рынокко чыгарылган продукт менен бирдей болушу керек жана дары каражатынын жана медициналык буюмдун акысыз үлгүсү катары белгилениши керек, колдонууга жана кайра сатууга тыюу салынат.
43. Катталган дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын гана бекер үлгүлөрү берилиши мүмкүн. Бул талап клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү учурларына тиешелүү эмес.
44. Маркетингден кийинки илимий изилдөөлөр жана байкоолор дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды рынокко чыгаруунун көмүскө формасы катары колдонулбашы керек.
45. Маркетингден кийинки илимий изилдөөлөр жана байкоолордун натыйжалары, эгерде аларга ылайык алынган кеңейтилген көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар эксперттик уюм тарабынан бекитилбесе, калк жана медицина кызматкерлери үчүн жарнамада колдонулушу мүмкүн эмес.
46. Жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн натыйжалары же анализ жана иштеп чыгуу стадиясындагы изилдөөлөрдүн натыйжалары акыркы катары көрсөтүлбөшү керек.
47. Маркетингден кийинки илимий изилдөөлөрдүн жана байкоолордун натыйжаларына тиешелүү маалыматтык материалдарда дары каражатынын соода маркасы же медициналык буюмдун аталышы, ЭПА көрсөтүлүшү керек. Ошол эле ЭПА менен чыгарылган (генерикалык) препараттарга тиешелүү басылмаларда же маалыматтык материалдарда бул натыйжаларга шилтеме берүүдө изилдөөнүн натыйжасы болуп саналган дары каражаттардын соода маркасы көрсөтүлүшү керек.
48. Медицина кызматкерлери фармацевтикалык компанияларга консультант катары төмөнкү кызматтарды көрсөтө алышат жана алар үчүн акы алышат:
- компания тарабынан өндүрүлгөн дары каражаты же медициналык буюм менен байланышкан тематикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- фармацевтикалык компаниялар тарабынан уюштурулган маалыматтык-билим берүү иш-чараларында презентациялар (семинарлар, конференциялар, тегерек столдор ж.б.).
49. Медицина кызматкери консультант катары каралышы мүмкүн, эгерде:
- көрсөтүлө турган консультациялык кызматтар так жазылган, эки тарап кол койгон жазуу жүзүндөгү эмгек келишими бар болсо;
- консультанттар бейтаптарга компания чыгарган дары каражатын же медициналык буюмду дайындоо мүмкүнчүлүгүнүн же макулдугунун негизинде эмес, медицина кызматкерлеринин даярдыгынын деңгээлинин жана компания тарабынан коюлган билим берүү же илимий максатка жетүү жөндөмдүүлүгүнүн негизинде тандалат;
- кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу максатында консультант менен жолугушуунун орду жана жагдайлары саламаттык сактоо уюмдарында, дипломго чейинки жана кийинки медициналык билим берүү уюмдарында консультантты дайындоого ылайык келет.
|
| Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоо тартибине 1-тиркеме |
Арыз
Арыз ээси ___________________________________________________________________
юридикалык дареги ___________________________________________________________
телефону ___________________________________________________________________
арыз ээсинин электрондук дареги _______________________________________________
арыз ээсинин өкүлү ___________________________________________________________
(Аты жөнү, кызмат орду, ишеним кат тиркелет)
Телефону ___________________________________________________________________
факс ________________________________________________________________________
электрондук дареги ____________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары
жана медициналык буюмдар департаментинен жарнамалык материалдарды:
дары каражаты o
медициналык буюм o
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарына шайкеш келишине
баалоону өтүнөбүз.
Соодадагы аталышы ___________________________________________________________
эл аралык патенттелбеген аталышы (бар болсо) ____________________________________
дарынын түрү, дозасы, фасовкалоо ______________________________________________
берүү шарты ____________________________________________, мында көрсөтүлгөн дары
каражаты/медициналык буюм Кыргыз Республикасында катталгандыгын билдиребиз.
____-жылдын "____" ___________ № _______________________________ каттоо күбөлүгү.
Дары каражаты/медициналык буюм Кыргыз Республикасында сапатты баалоодон өткөн.
____-жылдын "____" ___________ № _______________________________ шайкештик
сертификаты уюмдун аталышы ________________________________ тарабынан берилген.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти тарабынан
бекитилген кошмо-барак жана макет, каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү, кыргыз жана орус
тилдеринде 3 нускада кагаз түрүндө (модуль, макала, видеожарнаманын же баннердин
кадрлар ирети, аудиожарнаманын жарнама тексти) жана электрондук сактагычта PDF форматында
кыргыз жана орус тилдериндеги (зарылдыгына жараша астын сызыңыз) жарнама;
телекөрсөтүү каналдарына жана радиого жарнаманы жайгаштырууда кыргыз жана орус
тилдериндеги жарнаманын видео, аудиожазуусу (зарылдыгына жараша астын сызыңыз).
Зарылдыгына жараша, шилтемелерди кагаз түрүндө бериңиз.
|
| Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоо тартибине 2-тиркеме |
|
| Арыз ээсинин аталышы |
|
| Юридикалык дареги |
|
| Байланыш маалыматтары |
Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жарнамалык материалдарынын Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келишине баалоо боюнча КОРУТУНДУ
Көрсөтүлгөн жарнамалык материалдар төмөнкүдөй түрдө _______________________________
________________________________________________________________________________
дары препаратына/медициналык буюмга ______________________________________________,
дарынын түрү ____________________________________________________________________,
дозасы _____________________________________, КК _________________________________.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарына
шайкеш келет/шайкеш келбейт.
Жарнамалык материалды калк арасында/медицина кызматкерлерине жайылтууга мүмкүн.
Эскертүү:
(*) врачка жеке баруу үчүн уруксат катары саналбайт;
(**) жарнамалык материалдар менен экспертизага берилген материалдардын ортосундагы айырмачылыктар үчүн жарнама берүүчүлөр, жарнама чыгаруучулар жана жарнама жайылтуучулар жоопкерчилик тартышат.