Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-сентябры № 589
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоо тартибин бекитүү жөнүндө
"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө", "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жарнамалоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин алкагында ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |