ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 278 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция01.102024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2024-жылдын 1-октябры ПЖ № 278

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун дайындалган судьялары төмөнкү жергиликтүү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 12-сентябрынан тартып жиберилсин:

- Ош облусу:

Кара-Суу райондук соту

Усакпаева Гульзат Каныбековна;

Өзгөн райондук соту

Саадабаева Чынара Муратбековна;

Ош шаардык соту:

Абдырахманов Урматбек Аманович;

Самаков Нурмат Талантбекович;

Шаршеева Алтынай Чубаковна;

- Чүй облусу:

Ысык-Ата райондук соту

Тажибаев Нурбек Рашидович;

Сокулук райондук соту

Кулмурзаев Манасбек Каримович;

Москва райондук соту

Дубанаев Кубатбек Султанмуратович;

- Бишкек шаары

Биринчи май райондук соту

Сайдылдаева Жылдыз Бейшеналиевна.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров