ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 281 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө» Жарлыгы

Редакция01.10.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2024-жылдын 1-октябры ПЖ № 281

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Качкыналиева Динара Шахтербековна 2024-жылдын 30-сентябрынан тартып биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров