КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 12-июлу № 116
2023-жылдын 21-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда ташып киргизүүгө бажы алымдарынын суммаларын которууга тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2023-жылдын 21-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда ташып киргизүүгө бажы алымдарынын суммаларын которууга тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 19-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |