МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-июлу № 116 «2023-жылдын 21-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда ташып киргизүүгө бажы алымдарынын суммаларын которууга тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция12.07.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2024-жылдын 12-июлу № 116

 

2023-жылдын 21-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда ташып киргизүүгө бажы алымдарынын суммаларын которууга тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө                                                                  

 

1-берене.

2023-жылдын 21-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин ортосунда ташып киргизүүгө бажы алымдарынын суммаларын которууга тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2024-жылдын 19-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган