Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 3-октябры № 599
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) ыктыярчылык ишти натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.";
- 10-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 08-октябрындагы № 78 (3632) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ