ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-октябрындагы № 599 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 3-октябры № 599

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Ыктыярчылык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жободо:

- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:

"16) ыктыярчылык ишти натыйжалуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү.";

- 10-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- ыктыярчылык иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 08-октябрындагы № 78 (3632) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

А.У. Жапаров