Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 11-сентябры № 554
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773, 2025-жылдын 31-майы № 302, 2025-жылдын 17-июлундагы № 424, 2026-жылдын 19-январындагы № 14 , 2026-жылдын 27-февралындагы № 140 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 2-тиркемеге ылайык;
3) экономикалык долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө 3-тиркемеге ылайык;
4) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду тандоо критерийлери 4-тиркемеге ылайык;
5) экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлери 5-тиркемеге ылайык;
6) социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду каржылоого келишим 6-тиркемеге ылайык;
7) Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча типтүү методика 7-тиркемеге ылайык.
2. Капиталында 100 пайыз мамлекеттик үлүш бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары аркылуу региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен каржыланган экономикалык долбоорлор коммерциялык банктар менен региондорду өнүктүрүү фонддорунун ортосунда түзүлгөн финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык алар аяктаганга чейин ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. (Кыргыз Республикасынынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
· 12-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
· “белгиленген тартипте региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын башкарат;”.
5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 424 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-январындагы № 14 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 187 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 545 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-январындагы № 20 “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар үч айлык мөөнөттө региондорду өнүктүрүү фонддорунун уставдык документтерин ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык келтирсин.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) белгиленген тартипте “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
12. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме
|
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана
жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн
долбоорлор үчүн каржылоо алууга
өтүнмө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
1. ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ | |||
Айыл аймагынын/шаардын/ мамлекеттик органдын аталышы (мындан ары – өтүнмө ээси), анын ичинде: – ЖӨБдүн аткаруу органынын/мамлекеттик органдын жетекчисинин аты-жөнү; – ЖӨБОнун/мамлекеттик органдын финансы бөлүмүнүн жетекчисинин аты-жөнү; – байланыш маалыматтары (почта дареги, тел., факс, эл. почта) |
| ||
Долбоордун аталышы |
| ||
Проблеманын баяндалышы (чечүүгө долбоор багытталган кырдаалдын жана проблемалардын кыскача жана так баяндалышы) |
| ||
Долбоордун максаты (долбоордун максатынын кыскача баяндалышы, кандай натыйжаларга жетүү керек) |
| ||
Долбоордун милдеттери (долбоордун максатына жетүү үчүн зарыл болгон кадамдардын кыскача баяндалышы) |
| ||
Демилгечи топтун курамы |
| ||
Долбоордун болжолдуу узактыгы, жыл |
| ||
Суралган сумманын өлчөмү, миң сом менен |
| ||
Долбоордун жалпы наркы, миң сом менен |
| ||
анын ичинде: – ЖӨБО акча каражаттары, миң сом жана % менен |
| ||
– жергиликтүү коомчулуктун акча каражаттары, миң сом жана долбоордун наркынан % менен |
| ||
– акы төлөнбөгөн өздүк материалдар менен, миң сом жана долбоордун наркынан % менен |
| ||
– акы төлөнбөгөн өздүк техника, транспорт менен, миң сом жана долбоордун наркынан % менен |
| ||
– салымдардын башка түрлөрү, миң сом жана долбоордун наркынан % менен |
| ||
Долбоордун эсептик наркы, миң сом менен анын ичинде |
| ||
1) курулуш иштери |
| ||
2) материалдар |
| ||
3) жабдуулар |
| ||
4) техниканы жана транспортту ижарага алуу |
| ||
5) консультациялык, эксперттик жана техникалык кызмат көрсөтүүлөр (бардыгы), алардын ичинен: – долбоорду жана дизайнды даярдоо; – курулушту контролдоо; – окутуу |
| ||
6) башка чыгымдар (баяндаңыз) |
| ||
Пайыздык үлүш, анын ичинен акча каражаттары менен (сметанын деталдуу таблицалары акыркы деталдуу бюджет түрүндө тиркелет (2-4-тиркеме) |
| ||
Долбоорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо (коюлган максаттарга, милдеттерге, аткаруу графигине жана бөлүнгөн каражаттарга долбоордун шайкеш келишине ынануу үчүн ага мониторинг кантип жана кандай методдор менен жүргүзүлөрүн баяндаңыз) |
| ||
Өнөктөштөр жана долбоордун алкагында алардын ролу (долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөштөр кимдер экенин көрсөтүңүз. Алар долбоорго кандайча катышат. Кызматташуунун мүнөзүн баяндаңыз жана долбоорду ишке ашыруу боюнча негизги өнөктөштөрдү көрсөтүңүз) |
| ||
Долбоордун күтүлүүчү натыйжалары – эмне курулат, оңдолот же сатып алынат; – долбоорлордон ким жана кайсы коомдоштук топтору пайда алат; – долбоордун иштешинин натыйжасында кырдаал кандай өзгөрөт |
| ||
Бул өтүнмөгө төмөнкү документтерди тиркейм (Фонддун кароосу үчүн берилген документтердин толуктугуна ынаныңыз, болбосо Сиздин кредиттик өтүнмөңүздү кароо процесси документтердин толук пакетин алганга чейин кийинкиге калтырылат, мында социалдык долбоорго өтүнмөдө өзүнчө тиркемелердин болушу милдеттүү эмес): 2-1-тиркеме. Жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча отчет, анын жыйынтыгы боюнча берилген долбоор/долбоорлор артыкчылыктуу деп таанылды. 2-2-тиркеме. Артыкчылыктуу долбоорду бекитүү, жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоонун үлүшүн жана жергиликтүү коомчулуктун каражаттарынын салымын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин сессиясынын чечимдеринин көчүрмөлөрү. 2-3-тиркеме. Техникалык документтер (мисалы, архитектуралык-пландоо тапшырмасы, инженердик-пландоо тапшырмасы, объекттин долбоору ж.б.) 2-3-1-тиркеме. Дефекттик акт. 2-4-тиркеме. Долбоордун деталдуу сметасы жана бюджети. 2-5-тиркеме. Долбоорду ишке ашыруу планы. 2-6-тиркеме. Долбоордун туруктуулугу. 2-7-тиркеме. Биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы. 2-8-тиркеме. Экологиялык анализ боюнча чек-баракча. 2-9-тиркеме. Колдоо каттары, кепилдик каттар, фото документтер (болсо) | |||
Өтүнмөдө жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтар толук жана анык экендигин ырастайм | |||
____________________ (Аты-жөнү, кызматы) | _________________ (колу, мөөрү) | ____________________ (дата) | |
2-3-тиркеме
Техникалык документтер жана уруксат документтери
№ | Иш-чаралар | Талап кылынат же жок | Ким тарабынан аткарылат (уюмдун аталышы) | Жооптуу | Натыйжа |
1 | Объекттин техникалык абалын баалоо |
| Жумушчу комиссия |
| Дефекттик акт |
2 | Объекттин схемасын же планын даярдоо |
| Адис же уюм (фирма) |
| Чиймелер, техникалык паспорт |
3 | Топографиялык иштер |
| Райондук, облустук, шаардык архитектура, лицензиясы бар жеке фирма |
| Топографиялык сүрөткө тартуу |
4 | Лабораториялык жана башка изилдөөлөр |
| Райондук, облустук, шаардык кызматтар |
| Талдоолор |
5 | Архитектуралык-пландоо тапшырмасын (АПТ) тариздөө |
| Райондук, шаардык архитектура |
| АПТ |
б | Жер участогун бөлүп берүү |
| Райондук, шаардык архитектура |
| Бөлүп берүү акты |
7 | Техникалык шарттарды тариздөө(*) |
| Райондук, облустук, шаардык кызматтар |
| Техникалык шарттар |
8 | Корутундуларды тариздөө(*) |
| Райондук, облустук, шаардык кызматтар |
| Корутунду |
9 | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо (ДСД) |
| Райондук, облустук, шаардык архитектура, лицензиясы бар жеке фирма
|
| ДСД |
10 | Иштердин, жабдуулардын жана материалдардын спецификациясын баяндоо |
| Адис же атайын уюм (фирма) |
| Спецификацияны баяндоо |
11 | Иштердин көлөмүн, материалдардын жана жабдуулардын санын эсептөө |
| Адис же атайын уюм (фирма) |
| Иштердин көлөмдөрүнүн, материалдардын, жабдуулардын ведомосту, эсептик бөлүк |
12 | Түшүндүрмө катты даярдоо |
| Адис же атайын уюм (фирма) |
| Түшүндүрмө кат |
13 | ДСД макулдашуу |
| Райондук, шаардык архитектура |
| Макулдашылган ДСД |
14 | Курулуш-монтаждоо иштерин (КМИ) каттоо жана аткарууга уруксат алуу |
| Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти |
| КМИ каттоо жана аткарууга уруксат |
(*) Техникалык долбоордун курамына таблицанын алгачкы 11-пункту кирет (зарыл болгон учурда). Сунушталган иш-чаралардын негизинде төмөнкү таблицаны толтуруңуз. (**) Техникалык шарттар муниципалдык ишкананын спецификасы боюнча таризделет жана “Электр станциялар” ААК, суу каналдары кызматтары (ичүүчү суу түтүгүнө, борбордук канализацияга кошулууда), “Кыргызтелеком” ААК, газ чарбасы уюмдары ж.б. тарабынан берилет. (***) Корутундулар муниципалдык ишкананын спецификасы боюнча долбоордук-сметалык документтерге карата таризделет жана Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин региондук филиалдары жана облустук өкүлчүлүктөрү, санитардык-эпидемиологиялык станция, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча башкармалыктар, өрт жана ветеринардык-санитардык кызматтар тарабынан берилет. (****) Даярдалган документтерди “Техникалык документтер” деп атоо жана ушул өтүнмөгө тиркөө зарыл (мукабасын жасоо, бардык документтерди салуу, мазмунун түзүү максатка ылайыктуу) | |||||
2-3-1-тиркеме
Инфраструктуралык объектти изилдөөнүн дефекттик акт
Айыл _____________________________________ айыл аймагы
Күнү ___________________________________________________
1. Комиссиянын курамы: (Айылдык кеңештин жана айыл өкмөттүн өкүлдөрүнөн; демилгелүү топтун мүчөлөрүнөн; коомчулуктун көз карандысыз өкүлдөрүнөн, көз карандысыз коммерциялык эмес уюмдар; зарылчылыкка жараша чакыртылган техникалык эксперт):
№ | Комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнү | Уюм | Комиссиядагы кызматы |
1 |
|
|
|
2 |
|
|
|
3 |
|
|
|
4 |
|
|
|
5 |
|
|
|
2. Текшерүүнүн максаты: объекттин негизги конструкцияларынын жана элементтеринин техникалык абалын, оңдоо иштеринин көлөмүн, керектүү материалдардын жана жабдуулардын түрлөрүн жана санын комиссияда аныктайт.
1. Текшерүүнүн натыйжалары:
№ | Объекттин негизги элемент-тери | Техникалык абалы | Зарыл болгон оңдоо иштеринин түрлөрү | Иштин көлөмү | Керектүү материалдар | Саны |
1 | Пайдубал |
|
|
|
|
|
2 | Дубалдар |
|
|
|
|
|
3 | Чатыры |
|
|
|
|
|
4 | Тышкы жасалга |
|
|
|
|
|
5 | Ички жасалга |
|
|
|
|
|
6 | Жылытуу системасы |
|
|
|
|
|
7 | Полдор |
|
|
|
|
|
Техникалык абалды баалоо: “жакшы”, “канааттандырарлык”, “канааттандырарлык эмес”, “авариялык абалда”.
Колдору:_________
№ | Комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнү | Уюм | Комиссиядагы кызматы | Колу |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
| 2–4-тиркеме |
Долбоордун деталдуу сметасы жана бюджети
1-таблица. Иштин наркын эсептөө
№ | Долбоордун курамы жана иштин түрлөрү | Өлчөө бирди-ги | Көлөмү же саны | Бирдик-тин баасы | Жалпы наркы (сом) | Каржылоонун/салымдын булактары | Эскертүү | ||
Суралган сумма | АК, АӨ | Коом-чулук | |||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Иштердин 1-блогу боюнча бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Иштердин 2-блогу боюнча бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Иштердин 3-блогу боюнча бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Долбоор боюнча жалпы иштер (1+2+3) |
|
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица. Сатып алынуучу материалдардын жана жабдуулардын наркын эсептөө
№ | Сатып алынуучу материалдар-дын жана жабдуулардын түрлөрү | Өлчөө бирди-ги | Көлөмү же саны | Бирдик-тин баасы | Жалпы наркы (сом) | Каржылоонун/салымдын булактары | Эскертүү | ||
Суралган сумма | АК, АӨ | Коом-чулук | |||||||
1 | Материалдар |
|
|
|
|
|
|
|
|
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Материалдар боюнча бардыгы (1) |
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Жабдуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2.2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жабдуу боюнча бардыгы (2) |
|
|
|
|
|
|
|
|
| Материалдар жана жабдуулар боюнча жалпы (1+2) |
|
|
|
|
|
|
|
|
3-таблица. Техниканы жана автотранспортту ижарага алуунун наркын эсептөө
№ | Ижарага алынуучу техниканын жана автотранспорттун түрлөрү, аткарылуучу иштер | Өлчөө бирди-ги | Көлөмү же саны | Бирдик-тин баасы | Жалпы наркы (сом) | Каржылоонун/салымдын булактары | Эскертүү | ||
Суралган сумма | АК, АӨ | Коом-чулук | |||||||
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4-таблица. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө
№ | Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сыпаттамасы жана чыгымдардын түрлөрү | Убакыт чыгымдары же төлөө шарттары | Күнүмдүк ставка же баа | Жалпы наркы (сом) | Каржылоонун/ салымдын булактары | Эскертүү | ||
Суралган сумма | АК, АӨ | Коом-чулук | ||||||
1 | Долбоордук-сметалык документтерди даярдоо |
|
|
|
|
|
|
|
1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
2 | Айрым маселелер боюнча консультациялар үчүн техникалык эксперттин кызмат көрсөтүүлөрү (эгерде долбоорду муниципалдык долбоордук топ өзү даярдаса) |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Курулушту көзөмөлдөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Эгерде зарыл болсо окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (долбоордо жаңы тааныш эмес жабдуу же технологиялар пайдаланылган учурда) |
|
|
|
|
|
|
|
| Жалпы (1+2+3+4) |
|
|
|
|
|
|
|
| Анын ичинде: (1) долбоорду даярдоо |
|
|
|
|
|
|
|
| (2) курулушту көзөмөлдөө |
|
|
|
|
|
|
|
5-таблица. Жыйынды бюджет жана каржылоо планы
№ | Микродолбоор боюнча чыгымдардын беренелери | Жалпы бюджет | Каржылоонун/салымдын булактары | Каржылоо планы | |||
Суралган сумма | АК, АӨ | Коомчулук | 1-транш | 2-транш | |||
1 | Жумуштардын наркы (1-таблица) |
|
|
|
|
|
|
2 | Материалдардын наркы (2-таблица – 1-бөлүк) |
|
|
|
|
|
|
3 | Жабдуулардын наркы (2-таблица – 2-бөлүк) |
|
|
|
|
|
|
4 | Автотехниканын ижарасынын наркы (3-таблица) |
|
|
|
|
|
|
5 | Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана көзөмөлдүн наркы (4-таблица) |
|
|
|
|
|
|
| Жалпы инвестициялык чыгымдар: |
|
|
|
|
|
|
| анын ичинде коомчулуктардын накталай салымы |
|
|
|
|
|
|
| коомчулуктардын акы төлөнбөгөн эмгек салымы |
|
|
|
|
|
|
| % катышта |
|
|
|
|
|
|
|
| 2-5-тиркеме |
Долбоорду ишке ашыруу планы
1-таблица. Иштерди аткаруунун пландык жана иш жүзүндөгү мөөнөттөрү
№ | Иштин түрлөрү | Мөөнөттөрү | Иштерди аткаруунун пландык жана иш жүзүндөгү мөөнөттөрү | |||||||||||||||
_____________ ай, жума | ___________ ай, жума | _________ ай, жума | __________ ай, жума | |||||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 | |||
1 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Иш жүзүндө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
2 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Иш жүзүндө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
3 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Иш жүзүндө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
4 |
| План |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Иш жүзүндө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
2-таблица. Иш-аракеттердин жалпы планы, ишти аткаруунун ыкмалары жана мөөнөттөрү
№ | Иштин түрлөрү | Ишти аткаруу-нун методдору | Аткаруу мөөнөттөрү | Жооптуу адамдар | Иштин аткарылышын көзөмөлдөө методдору |
1 | Материалдарды жана жабдууларды сатып алуу |
|
|
|
|
1.1 | Тооруктар (сатып алуулар) жөнүндө кулактандыруу |
|
|
|
|
1.2 | Тендердик комиссияны түзүү |
|
|
|
|
1.3 | Тендер өткөрүү |
|
|
|
|
1.4 | Контрактка кол коюу |
|
|
|
|
2 | Курулуш иштери |
|
|
|
|
2.1 |
|
|
|
|
|
3 | Биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баалоо (контролдоо) |
|
|
|
|
3.1 |
|
|
|
|
|
4 | Курулушту көзөмөлдөө |
|
|
|
|
4.1 |
|
|
|
|
|
5 | Объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү |
|
|
|
|
6 | Бүткөн объектти эксплуатациялоо жана күтүү |
|
|
|
|
|
| 2-6-тиркеме |
Долбоордун туруктуулугу
Долбоорду эксплуатациялоо жана мазмуну боюнча пландалган иш-чаралар: | |||||
Долбоор аяктагандан кийинки биринчи жылга инфраструктура объектин эксплуатациялоо жана күтүү боюнча чыгымдар жана аларды жабуу булактары | |||||
№ | Чыгымдардын беренелери | Жалпы наркы | Алардын ичинен: | ||
Акы төлөнүүчү кызматтар | ЖӨБО | Башка булактар | |||
1 | Эксплуатациялоо жана күтүү боюнча персоналдын эмгек акысы |
|
|
|
|
2 | Учурдагы мазмуну (материалдар, запастык бөлүктөр ж.б.) |
|
|
|
|
3 | Чыгымдалуучу материалдар |
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
Долбоордун жетекчиси:
Аты-жөнү___________________________________________________
Колу _____________ Датасы “_____” _______20___ж.
А/Ө башчысы:
Аты-жөнү___________________________________________________
Колу _____________ Датасы “_____” _______20___ж.
|
| 2-7-тиркеме |
Долбоорду ишке ашыруу прогрессине жана натыйжаларына биргелешкен мониторинг жүргүзүү
жана баалоо планы
№ | Долбоорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо | Маалымат булактары | Мониторинг жүргүзүү жана баалоо ыкмалары | Мөөнөттөрү жана жооптуу адамдар | Ырастоочу документтер, мониторинг жана баалоо системасын жүргүзүү үчүн материалдар |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
|
|
2-8-тиркеме
|
Экологиялык талдоо боюнча текшерүү баракчасы
1. Долбоордун аталышы:
____________________________________________________________
1. Долбоордун кыскача баяндамасы (сыпаттама, объекттин аймагы, жайгашкан жери, менчиги)
____________________________________________________________
1. Долбоорду ишке ашыруунун же эксплуатациялоонун жүрүшүндө айлана-чөйрөнүн төмөндө келтирилген параметрлерине таасири барбы
____________________________________________________________
Айлана-чөйрөнүн компоненти | Курулуш фазасы | Эксплуатациялоо фазасы | Жеңилдетүү чаралары |
Жердеги айлана-чөйрө | |||
Кыртыштын эрозиясы |
|
|
|
Кыртыштын органикалык заттарынын бузулушу |
|
|
|
Суунун булганышы |
|
|
|
Жердин деградациясы |
|
|
|
Биологиялык түрдүүлүктүн азайышы |
|
|
|
Үстүңкү же тереңдеги суу жоготуулары |
|
|
|
Табигый чөйрөнүн бузулушу |
|
|
|
Суудагы айлана-чөйрө | |||
Биологиялык түрдүүлүктүн азайышы |
|
|
|
Тунманын топтолушу |
|
|
|
Социалдык-экономикалык чөйрө | |||
Адамдын ден соолугу |
|
|
|
Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы |
|
|
|
Өсүмдүктөрдүн зыянкечтери жана оорулары |
|
|
|
Жаныбарлардын оорулары |
|
|
|
4. Курулуш (К) фазасында, долбоорду эксплуатациялоо (Э) фазасында же эки учурда (КЭ) колдонула турган жогоруда белгиленген айлана-чөйрөнүн компоненттери үчүн жеңилдетүү чараларын сүрөттөңүз.
Айлана-чөйрөнүн компоненти | Фаза (К, Э, КЭ) | Таасирди азайтуу боюнча иш-чаралар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Долбоорду ишке ашыруу үчүн жооптуу:
Колу _____________________________
Күнү _____________________________
ЖӨБОнун техникалык консультанты:
Колу _____________________________
Күнү _____________________________
|
| 3-тиркеме |
Экономикалык долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө
Ишкердик субъектинин аталышы (мындан ары – өтүнмө ээси) |
| ||
Кредиттин максаты кредит эмнеге багытталат |
| ||
Суммасы цифра жана сөз аркылуу сом менен |
| ||
Пайыздык ставка Типтүү жобого ылайык |
| ||
Кредиттин мөөнөтү Типтүү жободо каралган мөөнөттөн ашык эмес |
| ||
Долбоорго өздүк катышуу сом менен катышууда, үлүшүн жана/же жерин, жайын ж.б. көрсөтүү аркылуу |
| ||
Региондогу тармакты, сегментти өнүктүрүү жана жалпысынан жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн долбоордун маанилүүлүгү: сиздин долбооруңуздун тармак, сегмент үчүн жана жалпысынан жергиликтүү экономикалык өнүгүү үчүн ага ылайык позитивдүү натыйжасы жөнүндө болжолдоого боло турган сандык жана сапаттык параметрлерин келтириңиз: – региондун экономикасынын жаңы тармактарын, конкреттүү тармактын ичинде сегменттерди/секторлорду өнүктүрүү; – жаңы жумуш орундарын түзүү; – өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу; – жаңы технологияларды тартуу жана киргизүү; – жергиликтүү коомчулук алган түз пайда; – башкалар |
| ||
Долбоорду ишке ашыруунун учурдагы статусу долбоорду ишке ашыруу кайсы баскычта, долбоордун буга чейин ишке ашырылбагандыгынын себептери |
| ||
Долбоорду ишке ашырууда тең инвесторлордун болушу жана алардын ролу өнөктөштөр жана/же тең инвесторлор бар болсо, алардын маалыматтарын жана алардын долбоорго катышуусун/ролун көрсөтүңүз |
| ||
Бул өтүнмөгө төмөнкүдөй документтерди тиркейм (Фонд тарабынан кароо үчүн берилген документтердин толуктугун текшериңиз, болбосо сиздин кредиттик өтүнмөнү карап чыгуу процесси документтердин толук топтому алынганга чейин кийинкиге калтырылат) өтүнмө ээсинин анкетасы; бизнес-план; кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат; Фонд менен өз ара мамилелерде өтүнмө ээсинен өтүнмө ээсинин өкүлүнө (байланыш адамына) ишеним кат (зарыл болсо); документтердин электрондук версиялары бар USB-флеш-топтоочу | |||
Өтүнмөдө жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалымат толук жана анык экендигин ырастайм | |||
___________________________ (Аты-жөнү, кызмат орду) | ______________ (колу, мөөрү) | _______________ (датасы) | |
3-1-тиркеме
Өтүнмө ээсинин анкетасы
Өтүнмө ээси жөнүндө маалымат | ||
1. Өтүнмө ээсинин толук аталышы (каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык): | ||
2. Каттоо маалыматтары: – юридикалык дареги (каттоо жөнүндө күбөлүккө ылайык): – каттоо органынын аталышы: – каттоо номери: – ОКПО коду*: – идентификациялык салык номери (ИСН): – каттоо датасы: | ||
3. Иштин түрү: | ||
4. Чыгарылуучу товар/көрсөтүлүүчү кызмат: | ||
5. Кызматкерлердин саны: | ||
6. Иш жүзүндөгү дареги (айыл, айыл аймагы/шаар, район, облус): | ||
7. Байланыш маалыматтары (телефон, факс, мобилдик номер, эл.почта): | ||
8. Фонд менен байланышуучу адамдын (өтүнмө ээсинин өкүлү) аты-жөнү жана анын байланыш маалыматтары: | ||
9. Жетекчинин (директордун) аты-жөнү жана анын байланыш маалыматтары: | ||
10. Уюштуруучулардын аты-жөнү/аталышы: __________________________ __________________________ | Капиталга салымдын суммасы (сом жана % менен): ________________________________ ________________________________ Жыйынтыгы: | |
11. Иштин кыскача сыпаттамасы (компанияны түзүү тарыхы, иш мөөнөтү, өз сегментиндеги иш тажрыйбасы, компаниянын негизги активдери (өндүрүш аянттары, жабдуулар, мезгилдүүлүктүн болушу ж.б.): | ||
12. Продукция/кызмат көрсөтүү (продукциянын/кызмат көрсөтүүлөрдүн ассортименти, өндүрүштүк кубаттуулуктар, өндүрүш/кызматтарды көрсөтүү технологиялары) | ||
13. Сатуу рыногу (товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги керектөөчүлөрү, экспорттун үлүшү, атаандаштар, рыноктогу үлүш, мезгилдүүлүк, социалдык жоопкерчиликтин болушу ж.б.) | ||
Өтүнмөдө жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалымат толук жана анык экендигин ырастайм | ||
__________________________ (Аты-жөнү, кызмат орду) | _______________ (колу, мөөрү) | ________________ (датасы) |
|
| 4-тиркеме
|
Социалдык жана инфраструктуралык
долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду тандоо
критерийлери
Долбоордун аталышы: | ||
Мамлекеттик мекеменин/айыл аймагынын/шаардын аталышы: | ||
Район: | ||
Облус: | ||
Критерийдин аталышы | Индикатордун сыпаттамасы | Баалоо баллдары |
1. Облусту/районду/шаарды/ айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы | Программада долбоорду ишке ашыруу каралган эмес | 0 |
Программада долбоорду ишке ашыруу каралган | 20 | |
2. Аймактык деңгээлдеги мааниси (социалдык натыйжа) | Айыл аймагынын деңгээлиндеги мааниси | 5 |
Райондук деңгээлдеги мааниси | 10 | |
Облустук деңгээлдеги мааниси | 15 | |
Республикалык деңгээлдеги мааниси | 20 | |
3. Долбоорду ишке ашыруунун зарылдыгын аныктоого жергиликтүү калктын тартылуусу
| Социалдык мобилизация жүргүзүлгөн эмес | 0 |
Социалдык мобилизация жарандардын айрым топторунун катышуусу менен жүргүзүлгөн | 10 | |
Социалдык мобилизация калкты кеңири камтуу менен жүргүзүлгөн | 20 | |
4. Долбоорду ишке ашыруу үчүн техникалык документтердин болушу | Жок | 0 |
Документтердин толук эмес тизмеги | 10 | |
Техникалык документтердин талаптарга толук шайкештиги | 20 | |
5. Долбоорду республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан, жергиликтүү калктын же бизнестин, эл аралык уюмдардын каражаттарынан жана башка булактардан ырасталган кошо каржылоо | Кошо каржылоонун жоктугу | 0 |
Долбоордун жалпы наркынын 50 %ынан кем эмес өлчөмдө кошо каржылоо | 15 | |
Долбоордун жалпы наркынын 50 %ынан ашык өлчөмдө кошо каржылоо | 20 | |
6. Долбоордун демилгечисинин материалдык активдерди (мисалы, жер участогун, имаратты жана курулманы, жабдууларды ж.б.) берүү жана/же долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүүчү кызматтарды көрсөтүү түрүндө катышуусу | Катышуу жок | 0 |
Катышуу жалпы салымдын 50 %ынан кемин түзөт | 10 | |
Катышуу жалпы салымдын 50 %ынан ашык | 20 | |
7. Долбоорду ишке ашыруу пландалган айыл аймагы же шаар | Республикалык бюджеттен теңдөөчү грант албайт | 0 |
Республикалык бюджеттен теңдөөчү грант алат | 20 | |
8. Долбоорду ишке ашыруу региондогу экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келет | Ооба | 0 |
Жок | 20 | |
Баллдын суммасы: |
|
|
_________________________________________________ (Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү) | _________ (колу) | |
|
| 5-тиркеме
|
Экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлери
Долбоордун аталышы: | ||
Район: | ||
Облус: | ||
Критерийдин аталышы | Индикатордун сыпаттамасы | Баалоо баллы |
1. Облусту/районду/шаарды/ айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы | Программада долбоорду ишке ашыруу каралган эмес | 0 |
Программада долбоорду ишке ашыруу каралган | 20 | |
2. Артыкчылыктуу багыттарга ылайык келүү: – өнөр жай ишинин бардык түрлөрү, анын ичинде жеңил, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы; – энергетика; – туризм; – азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү долбоорлор; – креативдүү экономика чөйрөсүндөгү долбоорлор, анын ичинде маалыматтык технологиялар; – жашыл экономика чөйрөсүндөгү долбоорлор; – билим берүү жана саламаттык сактоо жана социалдык жардам чөйрөлөрүндөгү долбоорлор | Ылайык келбейт | 0 |
Ылайык келет | 20 | |
3. Өтүнмө ээси “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун катышуучусу болуп саналат | Жок | 0 |
Ооба | 20 | |
4. Аймактык деңгээлдеги мааниси
| Айыл аймагынын деңгээлиндеги мааниси | 5 |
Райондук деңгээлдеги мааниси | 10 | |
Облустук деңгээлдеги мааниси | 15 | |
Республикалык деңгээлдеги мааниси | 20 | |
5. Ишкердик субъектинин экономикалык ишинин мезгили | 5 жыл жана андан жогору | 5 |
3 жылдан 5 жылга чейин | 10 | |
1 жылдан 3 жылга чейин | 15 | |
1 жылдан аз, анын ичинде “стартап” долбоору | 20 | |
6. Күтүлгөн жумуш орундарынын саны | 5 жумуш ордуна чейин | 5 |
5тен 10 жумуш ордуна чейин | 10 | |
10 жумуш ордунан ашык | 20 | |
7. Долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү чийки затты пайдалануу (жергиликтүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) | Каралган эмес | 0 |
Каралган | 10 | |
8. Инновациялык технологияларды киргизүү | Инновация-лардын жоктугу | 0 |
Инновация конкреттүү уюмдун ишин жакшыртууга таасирин тийгизет | 5 | |
Инновациялар региондун аймагында бул сектордун өнүгүшүнө таасирин тийгизет
| 10
| |
9. Чет өлкө валютасынын келиши | Долбоор чет өлкө валютасынын келишине мүмкүндүк түзбөйт | 0 |
Долбоор чет өлкө валютасынын келишине мүмкүндүк түзөт | 10 | |
10. Долбоорду ишке ашырууда коомдук инфраструктураны өнүктүрүү | Каралган эмес | 0 |
Каралган | 10 | |
11. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптеринде ишке ашыруу | Колдонулган жок | 0 |
Колдонулат | 10 | |
12. Уюм тиешелүү райондун тургунуна катталган | Жок | 0 |
Ооба | 10 | |
13. Долбоорду ишке ашыруу региондогу экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келет | Ооба | 0 |
Жок | 20 | |
14. Өтүнмө ээсинин 3төн ашпаган жыл мурда алган ишкердик боюнча курстарды аяктагандыгы тууралуу сертификаты (диплому) бар | Жок | 0 |
Бар | 20 | |
Баллдын суммасы: |
| |
_________________________________________ (Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсүнүн аты-жөнү) | _____________ (колу) | |
6-тиркеме
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлорду каржылоого келишим
20___-жылдын “___”_____________
______________ районун/облусун өнүктүрүү фонду, мындан ары “Фонд” деп аталып, ________ атынан жана ___________ айыл аймагынын/шаарынын мамлекеттик мекемеси/жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, мындан ары “Алуучу” деп аталып, бирге “Тараптар” деп аталып, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү:
1-глава. Келишимдин предмети
1.1. Фонд конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Алуучуга акча каражаттарын акысыз негизде берет, ал эми Алуучу ушул Келишимдин шарттарына ылайык ______________ долбоорун ишке ашыруу үчүн аларды максаттуу багыты боюнча пайдаланууга милдеттенет.
1.2. Долбоорду каржылоо ушул Келишимде каралган шарттарда, Келишимге долбоорду ишке ашыруу планына (мындан ары – План) (1-тиркеме), Алуучунун жана Фонддун каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдардын сметасына (мындан ары – Смета) (2-тиркеме) жана долбоорду каржылоо планына (3-тиркеме) ылайык жүзөгө ашырылат.
1.3. 1,2 жана 3-тиркемелер ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, көрсөтүлгөн тиркемелерсиз Келишим жараксыз болуп эсептелет.
1.4. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: 20____-жылдын _____ тартып________ чейин.
2-глава. Гранттын өлчөмү жана төлөө тартиби
2.1. Каржылоонун жалпы суммасы __________ (сумма жазуу менен) сомду түзөт.
2.2. Акча каражаттары Фонд тарабынан бөлүктөр (транштар) менен берилет, мында бардык транштардын суммасы ушул Келишимдин 2.1-пунктуна ылайык каржылоонун жалпы суммасынан ашпоого тийиш.
2.3. Фонд акча каражаттарын Алуучу тарабынан сатып алуу жол-жоболорунун алкагында тандалып алынган жана аны менен жумуштарды/товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү келишимине кол койгон уюмдун-подрядчынын алыш-бериш эсебине жөнөтөт.
2.4. Транштар Алуучунун өтүнмөсүнүн негизинде подрядчыга чегерилет, ал мурунку жумуштардын жана мурунку транштардын аткарылгандыгы тууралуу актты камтыйт.
2.5. Акча каражаттарын которгондугу үчүн банктар алуучу бардык комиссиялык төлөмдөрдү Тараптар өз алдынча жана өз эсебинен, Фонддун банкында – Фонд, Алуучунун банкында – Алуучу төлөйт.
3-глава. Фонддун укуктары жапа милдеттери
3.1. Фонд ушул Келишимде аныкталган шарттарга ылайык мөөнөттөрдө жана көлөмдөрдө каржылоону камсыз кылууга милдеттенет.
Фонд көрсөтүлгөн шарттарды бир тараптуу тартипте өзгөртүүгө укуктуу эмес.
3.2. Фонд Алуучунун долбоорду ишке ашырууга катышуучу үчүнчү жактарды тандоосуна жоопкерчилик тартпайт.
3.3. Долбоордун ишке ашырылышын натыйжалуу контролдоону камсыз кылуу үчүн Фонд Алуучудан долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, акча каражаттарынын сарпталышы жөнүндө отчеттук документтерди, долбоорду ишке ашыруу мезгилинде акча каражаттарын пайдаланууга тийиштүү бухгалтердик отчетту, финансылык документтерди алууга укуктуу.
3.4. Фонд Алуучуга карата долбоорду ишке ашыруунун каалаган баскычында максаттуу каржылоону камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде каралган таасир көрсөтүү чараларын колдонууга укуктуу.
4-глава. Алуучунун укуктары жана милдеттери
4.1. Алуучу алынган жана өздөштүрүлгөн каражаттардын эсебин ушул Келишимдин негизинде жүргүзүүгө милдеттенет.
4.2. Алуучу ушул Келишимде (4-тиркеме) белгиленген мөөнөттөрдө жана форма боюнча акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту Фондго берүүгө милдеттенет.
4.3. Алуучу төмөнкүлөргө милдеттенет:
4.3.1 акча каражаттарын долбоордун сметасына ылайык ушул Келишимде аныкталган максаттарга гана пайдаланууну камсыз кылууга;
4.3.2 Планда белгиленген талаптарга ылайык жана ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө долбоорду толук көлөмдө ишке ашырууну камсыз кылууга;
4.3.3 квартал сайын долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту Фондго берүүгө. Фонддун сын пикирлери, Пландан, Сметадан жана Каржылоо планынан четтөөлөр бар болсо, Алуучу Фонд менен макулдашуу боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү.
4.4. Алуучу долбоорду ишке ашыруунун мүмкүн эместиги же ишке ашырууну улантуунун мүмкүн эместиги жөнүндө Фондго кечиктирбестен маалымдоого тийиш. Мындай учурда Алуучу 3 (үч) банктык күндүн ичинде подрядчынын эсебинен өздөштүрүлбөгөн акча каражаттарын кайтарууну камсыз кылууга тийиш жана 10 (он) жумуш күндүн ичинде Фондго ушул Келишимдин 5-главасына ылайык акча каражаттарын максаттуу пайдалануу тууралуу отчётту бериши керек.
5-глава. Отчеттуулук жана контроль
5.1. Планга, Сметага жана Долбоордо коюлган максаттарга жетүү боюнча каржылоо планына ылайык маалыматты камтыган Фонддун акча каражаттарынын пайдаланылышы жана долбоордун ишке ашырылышы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчет Алуучу тарабынан долбоор аяктагандан кийин 1 айдан кечиктирбестен 2 (эки) нускада Фондго берилет.
5.2. Фонд долбоор жөнүндө фото жана (же) видео отчетторду жана башка маалыматты толук көлөмдө же алардын каалаган бөлүктөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тармагында жарыялоого укуктуу.
5.3. Фонд Алуучудан отчетту алып, аны карап чыгат жана анын толуктугун жана ишенимдүүлүгүн баалайт. Отчетту карап чыгуу процессинде Фонд Алуучудан долбоорду ишке ашыруу жөнүндө толук түшүнүк алуу үчүн бардык документтерди жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү, анын жыйынтыктары жана акча каражаттарын сарптоонун максаттуу мүнөзү жөнүндө маалыматты талап кылууга укуктуу, ал эми Алуучу аны берүүгө тийиш.
5.4. Фонд долбоордун оңдолушун же жеткире иштелип чыгышын жана акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту талап кылууга укуктуу, ал эми Алуучу Фонддун бул талабын Тараптар макулдашкан мөөнөттө аткарышы керек.
5.5. Эгерде акча каражаттарынын ушул Келишимге ылайык максаттуу багытта сарпталгандыгы жөнүндө шек жаралбаса, Фонд отчетту бекитет жана отчеттун бир нускасын Алуучуга кайтарат.
5.6. Алуучунун ушул Келишим боюнча милдеттенмелери Алуучунун отчету Фонд тарабынан бекитилген учурдан тартып аткарылган болуп саналат.
6-глава. Тараптардын жоопкерчилиги
6.1. Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишим боюнча өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
6.2. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үчүнчү жактарды ишке тартуу Алуучуну ушул Келишимдин талаптарын аткаргандыгы үчүн Фонддун алдында жоопкерчиликтен бошотпойт.
6.3. Алуучу тарабынан акча каражаттарын берүүнүн негизги шарттарынын аткарылбагандыгы, ошондой эле алардын максаттуу пайдаланылышы жөнүндө отчеттун, Фонд талап кылган ырастоочу документтердин ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө берилбегендиги же аталган отчётторго анык эмес жана бурмаланган маалыматтардын киргизилиши Алуучунун акча каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыгы катары каралат.
6.4. Аткаруучу акча каражаттарын максаттуу пайдалануу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган учурда Фонд Алуучудан аларды кайтарууну талап кылууга, ошондой эле укук коргоо жана фискалдык органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу.
7-глава. Ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу
жана өзгөртүү
7.1. Ушул Келишим Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет жана Тараптар өздөрүнүн келишимдик милдеттенмелерин толук аткарганга чейин колдонулат.
7.2. Ушул Келишим Тараптардын макулдашуусу боюнча же соттун чечими боюнча (Тараптардын биринин талабы боюнча) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздер боюнча бузулушу мүмкүн.
7.3. Фонд тарабынан социалдык маанилүү долбоор боюнча күтүлүүчү жыйынтыктарды алуунун мүмкүн эместиги, акча каражаттарынын максатсыз пайдаланылышы аныкталганда Фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан бир тараптуу баш тартуудан жана ушул Келишимде каралган башка учурлардан тышкары ушул Келишим боюнча алынган милдеттенмелерди аткаруудан бир тараптуу баш тартууга жол берилбейт.
7.4. Ушул Келишимге кандай гана болбосун өзгөртүүлөр жана толуктоолор, кошумча макулдашуулар, эгерде алар жазуу жүзүндө түзүлгөн жана Тараптардын буга ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кол коюлган шартта жарактуу болуп эсептелет.
8-глава. Талаштарды чечүү
8.1. Ушул Келишим боюнча талаштар пайда болгон учурда Тараптар сүйлөшүү жолу менен аларды чечүү чараларын көрүшөт.
8.2. Талаштарды жана пикир келишпестиктерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда талаш маселе Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каралат.
9-глава. Корутунду жоболор
9.1. Эгерде Тараптар күн мурунтан биле албаган, акылга сыярлык чаралар менен алдын алууга мүмкүн болбогон, өзгөчө мүнөздөгү окуялардын кесепетинен ушул Келишимди түзгөндөн кийин пайда болгон ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында милдеттенмелерди аткарбаса, Тараптар ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин аткаруудан жарым-жартылай же толук бошотулат.
9.2. Бардык кабарлоолор жана билдирүүлөр жазуу жүзүндө жөнөтүлүүгө тийиш. Кабарлоолор жана билдирүүлөр заказдык кат менен же Тараптардын тиешелүү өкүлдөрүнө кол коюу менен өткөрүп берилсе, талаптагыдай аткарылган болуп саналат.
Маалыматтарды жана документтерди оперативдүү түрдө алмашуу үчүн Тараптар документти факс, электрондук почта аркылуу жөнөткөн учурдан тартып 2 (эки) күндөн кечиктирбестен, ушул пунктта белгиленген тартипте документтин түп нускасын милдеттүү түрдө жөнөтүү менен телефонду, факсты, электрондук почтаны колдоно алышат.
9.3. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден түзүлдү.
10-глава. Ушул Келишимге тиркемелер
1-тиркеме. Долбоорду ишке ашыруу планы.
2-тиркеме. Долбоордун сметасы.
3-тиркеме. Долбоорду каржылоо планы.
11-глава. Тараптардын реквизиттери жана колдору
Фонд: |
| Алуучу: |
6-1-тиркеме
Долбоорду ишке ашыруу планы
№ | Иш-чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Ресурстар | Жооптуулар |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 6-2-тиркеме
|
Алуучунун жана Фонддун эсебинен жабылуучу чыгымдардын сметасы
№ | Чыгымдардын аталышы | Чыгашалардын суммасы (сом) | Эскертүү | |
пландалган сумма | сарпталган сумма | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 6-3-тиркеме
|
Долбоорду каржылоо планы
№
| Милдеттин/чаранын аталышы
| Каржылоо булагы
| Каржылоонун көлөмү (мезгил) | |||
1-кв. | 2-кв. | 3-кв. | 4-кв. | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 6-4-тиркеме
|
Акча каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет
Уюмдун аталышы ____________________________________________
Отчет берүү датасы __________________________________________
Отчет берүү мезгили _________________________________________
№ | Келип түшкөн датаны көрсөтүү менен акча каражатынын түшүүсү (план) | Келип түшкөн датаны көрсөтүү менен акча каражатынын түшүүсү (факт) | Пландалган чыгымдар | Иш жүзүндөгү чыгымдар | Кирешелер боюнча четтөө | Чыгымдар боюнча четтөө | Четтөөлөргө түшүндүрмөлөр |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 1-2 | 3-4 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уюмдун жетекчиси: | ___________________________________________ Аты-жөнү, колу |