Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-ж.“02” октябрындагы №7-Б буйругуна тиркеме |
Ички аудит боюнча
КОЛДОНМО
1. Ички аудит боюнча бул колдонмо (мындан ары - Колдонмо) ички аудитти жүргүзүүнүн максаттарын жана жол-жоболорун аныктайт, ошондой эле аудиторлор аудитти пландаштыруу жана өткөрүү процессинде толтурууга тийиш болгон концептуалдык жана практикалык материалдарды жана формаларды сунуштайт.
2. Колдонмо “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудиторлору тарабынан колдонуу максатында ички аудит тармагындагы сунуш кылынган методологияны билдирет.
3. Аудит объектилеринин ички аудит кызматтары ушул колдонмонун негизинде тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен методологияны иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.
4. Ички аудит - бул ички контроль системасынын адекваттуулугун жана натыйжалуулугун карап чыгууну, талдоону, мониторингди жана баалоону жүргүзүүчү функция. Ички контроль үчүн жоопкерчилик жетекчиликке жүктөлөт.
5. Ички контроль деп максаттарга жетүүнү, мыйзамдардын сакталышын жана натыйжалуулукка жетишүүнү камсыз кылуу максатында жетекчилик кабыл алган жоопкерчиликтин жана башка контролдук функциялардын бөлүштүрүлүшүн билдирет.
6. Ички аудиттин максаты - ички контроль каражаттарынын ишенимдүүлүгү жана колдонулушу жөнүндө пикирди билдирүү.
7. Ички аудит кызматы ички контроль системасына сереп, талдоо жана баалоо үчүн жетекчилик тарабынан түзүлөт, ошондой эле системанын иштеши жөнүндө отчетторду жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет. Жогоруда айтылгандардын негизинде, ички аудит контролдун иштеши үчүн жооп бербейт жана контролдук катары сыпатталбоого тийиш. Ички аудиттин ролу ички аудиттин субъектинин жетекчилигине ички контроль системасын сактоого жана жакшыртууга жардам берүү болуп саналат.
8. Ички аудит кызматынын иши оперативдүү, финансылык жана башкаруу системаларына серепти, талдоону жана баа берүүнү камтыйт. Ички аудитор жетекчилик кандай чараларды иштеп чыгып, ишке ашырганын карап чыгып, жетекчиликтин максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон контролду эске алышы керек. Ошондой эле, ички аудитордун милдети-бул операциялар ички контроль тутумунун талаптарына жооп бергендигин текшерүү үчүн зарыл болгон жерлерде чарбалык операцияларды текшерүү. Ички аудитор иштелип чыккан ички контроль тутумундагы кемчиликтерди аныктап, кемчиликтердин себептерин талдап, аларды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгышы керек.
9. Ички аудиторлор өз ишинде ички аудиттин кесиптик стандарттарын сактоого тийиш. Стандарттар үч түргө бөлүнөт: сапаттуу мүнөздөмө стандарттары, иш-аракет стандарттары жана этикалык стандарттар
10. Тышкы жана ички аудит айырмалоочу өзгөчөлүктөргө ээ. Аудиттин эки түрү окшош методиканы колдонуп, окшош иш-аракеттерди - баалоо, тестирлөө жана отчеттуулукту жүргүзгөнүнө карабастан, алардын отчеттуулугу жана максаттары ар башка. Керексиз кайталоолорду болтурбоо үчүн тышкы аудитор ички аудитордун ишине таянышы мүмкүн, башкача айтканда, ал алган натыйжаларды өз текшерүүсү үчүн далил алуу үчүн колдонушу мүмкүн. Бул көйгөй жаратпагандыгы, алар отчеттуулук боюнча жоопкерчиликтин ар кандай түрлөрү менен ар кандай функцияларды аткарып жаткандыгын так түшүнгөндүктөн келип чыгат.
11. Колдонмо милдеттүү стандарттарга жана сунушталган методологияларга толук шилтеме болуп саналат. 2 жана 3-главалардагы теориялык материал ички аудит боюнча окуу куралы болуп саналат. Колдонмо аудитордун концепцияга жана практикага толук шилтемеси болуп саналат.
I-БӨЛҮМ. МЫЙЗАМДЫК АЛКАКТАР, СТАНДАРТТАР, АУДИТ ТҮШҮНҮГҮ ЖАНА ТАНДОО
1-глава. Мыйзамдык база жана ички аудиттин стандарттары.
Мыйзам чыгаруу алкагы.
12. Мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудитти түзүү маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
13. Ички аудит мыйзамдары максаттарды, иш чөйрөсүн, милдеттерди аныктайт, ошондой эле ички аудиттин негизги принциптерин жана милдеттерин аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети;
- Мамлекеттик органдардын жана мекемелердин жетекчилери;
- ички аудитке карата өзүнчө милдеттери бар ички аудит чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- Ички аудиторлор - ички аудитти жүзөгө ашыруучу жактар.
Ички аудиттин стандарттары
14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган «Ички аудиттин стандарттары» ички аудиторлорго карата милдеттүү талаптарды белгилейт. Бул стандарттар Эл аралык ички аудиторлор институтунун (мындан ары ЭИАИ) стандарттарына негизделген.
15. Стандарттар төмөнкү милдеттерди деталдаштырат:
- ички аудит чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- ички аудит кызматтарынын жетекчилери (мындан ары - ИАКЖ) - уюмдагы ички аудит кызматынын ички аудит ишин башкаруу үчүн жооптуу кызмат адамдары;
- ички аудиторлор - ички аудитти жүзөгө ашыруучу жактар.
16. Ички аудит ички аудит объектилеринде, мамлекеттик органдарда жана мекемелерде (мындан ары - уюмдар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен түзүлөт.
17. Ички аудит кызматы жөнүндө типтүү жобо жана ички аудит объектисинин ички аудит субъектисинин ыйгарым укуктарынын мазмуну ушул колдонмонун 1.А тиркемесинде келтирилген.
1.А тиркемеси
Ички аудит объектисинин ички аудит
кызматы жөнүндө типтүү жобо
I. Жалпы жоболор
1. Ички аудит кызматы жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ички аудит объектисинин жетекчисинин чечимдерине ылайык иштелип чыккан.
2. Ички аудит кызматы (мындан ары – “ИАК”) ички аудит объектисинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана өзүнүн компетенциясынын чегинде ички аудит боюнча ишти жүзөгө ашырат.
3. ИАК өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, ички аудит объектисинин жетекчисинин чечимдеринин, ошондой эле ушул Жобонун негизинде жана аларды аткаруу үчүн уюштурат.
4. ИАК ички аудиттин объектисинде ички контролдун жана тобокелдиктерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берүү үчүн иштелип чыккан.
5. ИАК ички аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзөт жана ички аудит объектисинин бөлүмдөрүндө башка аудитордук тапшырмаларды аткарат.
6. ИАК ички аудит объектисинин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
7. Өзүнүн ишинде ИАК көз карандысыздык, объективдүүлүк, компетенттүүлүк жана ишке кесиптик мамиле принциптерин, ошондой эле Ички аудиттин эл аралык кесиптик стандарттарына жана Ички аудиторлор институтунун Этика кодексине ылайык келген ички аудиторлордун ишинин стандарттарын жетекчиликке алат.
8. Ички аудит объектисинин жетекчиси ички контролдун комплекстүү жана натыйжалуу системасын түзүү үчүн жооптуу, ички аудит объекттеринде ички контроль системасын түзүүгө болгон минималдуу талаптарды аныктайт, ошондой эле төмөнкүлөргө жетиш үчүн ички контроль системасын системалуу жакшыртууга жана мониторинг жүргүзүүгө жооптуу:
- финансылык жана башкаруу маалыматтарынын аныктыгы жана бүтүндүгү;
- ички аудит объектисинин ишинин натыйжалуулугуна, үнөмдүүлүгүнө жана майнаптуулугуна;
- активдердин сакталышына;
- мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды жана келишимдерди сактоого.
9. ИАК жана анын жетекчиси ички аудит объектисинин жетекчисине гана баш ийет жана отчет берет жана өз ишин пландаштырууда, ички аудитти аткарууда жана ички аудит боюнча отчетторду даярдоодо бул ички аудит объектисинин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнө көз каранды болбоого тийиш.
II. ИАКтын максаттары
10. ИАКтын негизги максаты ал ички аудит жүргүзгөн ички аудит объектинде ички контроль системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүү болуп саналат.
III. ИАКтын функциялары
11. ИАК ички аудит объектисинин ички контроль системасынын майнаптуулугуна баалоо жүргүзөт жана баалоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат. Баалоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- финансылык-чарбалык иштин майнаптуулугу жана натыйжалуулугу
- активдердин сакталышы;
- отчеттордун аныктыгы (тышкы жана ички);
- иштин мыйзамдардын ченемдерине, ички уюштуруу-тескөө документтерине жана стандарттарга шайкеш келиши.
12. ИАК ички аудит объектисинин тобокелдиктерин башкаруу системасынын майнаптуулугуна баалоо жүргүзөт жана баалоонун жыйынтыктары боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгат.
13. ИАК ички аудит объектисинин маалыматтык системаларынын (ИТ-аудиттер) коопсуздугуна жана майнаптуулугуна баалоо жүргүзөт.
14. ИАК жүргүзүлгөн аудиттердин натыйжалары боюнча иш-чаралар планын (түзөтүүчү иш-аракеттер) иштеп чыгууда ички аудит объектисинин менеджментине консультация берет, ошондой эле иш-чаралар пландарынын аткарылышын контролдойт.
15. ИАК ушул Жободо аныкталгандай ИАКтын компетенциясына кирген маселелер боюнча (анын ичинде ички контроль системасын жана тобокелдиктерди башкаруу системасын уюштуруу маселелери боюнча) ички аудит объектисинин менеджментине консультация берет.
16. ИАК ички аудит объектисинин жетекчисинин суроо-талабы боюнча жана Ички аудит боюнча кеңеш менен макулдашып, атайын долбоорлорду ишке ашырат, анын ичинде кыянаттык менен пайдаланууну жана бузууларды иликтөөгө катышат. Мында, мындай учурларды иликтөө үчүн жоопкерчилик ИАКга жүктөлбөшү керек.
17. ИАК башка тапшырмаларды аткарат жана Ички аудит боюнча кеңештин тапшырмасы менен башка долбоорлорго катышат.
18. ИАК ички контроль системасын өркүндөтүүдө мамлекеттик органдын жетекчисине төмөнкү негизги милдеттерди аткаруу аркылуу көмөк көрсөтөт:
- ички аудит объектисинин ички контроль системасына сереп салуу жана баалоо жана ички аудит объектисинин жетекчисине анын ишин жакшыртуу боюнча отчетторду жана сунуштарды берүү;
- тобокелдиктерге жүргүзүлгөн баалоого ылайык иштеп чыгуулар жана өнүктүрүүнүн стратегиялык, узак мөөнөттүү жана жылдык пландарын, ошондой эле ички аудиторлорду кесиптик окутуу пландарын ички аудит объектисинин жетекчисине бекитүү үчүн берүү;
- ар бир жүргүзүлгөн ички аудит боюнча аудитордук отчетторду даярдоо жана аларды ички аудит объектисинин жетекчиси менен макулдашуу;
- ички аудит боюнча отчетту жана ички аудит объектисинин жетекчисине сунуштарды берүү.
19. ИАК ички аудит объектисинин ички контроль системасын түзүүгө консультациялык жардам көрсөтөт жана өз ишинин стратегиялык, узак мөөнөттүү жана жылдык пландарын, анын ичинде ички аудиторлорду кесиптик окутуу пландарын иштеп чыгат.
IV. ИАКтын негизги укуктары жана милдеттери
20. Ички аудит кызматы төмөнкүдөй негизги укуктарга жана милдеттерге ээ:
- ички аудит объектисинин жетекчисинин пикирин эске алуу менен ички аудит жүргүзүүнүн узак мөөнөттүү жана жылдык пландарын иштеп чыгуу;
- ички аудит объектисинин жетекчиси үчүн мониторинг боюнча системалуу отчетторду түзүү;
- ички аудит объектисинин жетекчисине план боюнча аткарылган иштер жөнүндө жыл сайын отчет берип туруу:
- ички контроль системасынын натыйжалуулугун жана анын ички аудит объектисинин максаттарына шайкеш келүүсүн баалоо;
- финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук жана башка маалыматтардын аныктыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо;
- ички аудит объектисинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишинин ченемдик укуктук актыларга, аталган функцияларга жана бул түзүмдүк бөлүмдөрдүн бекитилген иш пландарына шайкеш келишин баалоо;
- ресурстарды пайдалануу боюнча талаптардын натыйжалуулугун жана сакталышын баалоо, ресурстарды пайдаланууну жана жоготуулардан коргоону жетиштүү контролдоо;
- ички аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет берүү;
- ички аудит объектисинин ишин жакшыртуу үчүн зарыл болгон сунуштамаларды киргизүү;
- ички аудит объектисинин ведомстволук уюмдарында ички аудит кызматтарынын ишин координациялоо;
- ведомстволук уюмдарда ички аудит кызматтарына Ички аудиттин стандарттарына жана сунуш кылынган методологияга ылайык консультациялык жана методологиялык жардам көрсөтүү;
- мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырга тиешелүү маалыматты ачыкка чыгарбоо.
21. Ички аудит кызматынын жетекчиси:
- ички аудит кызматынын ишин уюштуруу жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат;
- ички аудиттин бекитилген стандарттарына жана ички аудит боюнча сунуш кылынган методологияга ылайык ички аудиттин жол-жоболорун аныктайт;
- ички аудиттин сапатына мониторинг жүргүзөт;
- ички аудит объектисинин жетекчисине ички аудит кызматынын иши, анын ичинде ички контроль системасын баалоо жөнүндө жылдык отчетту берет;
- жетекчиге ички аудит объектисиндеги мыйзамга каршы ишке байланышкан аныкталган бардык фактылар жөнүндө маалымдайт.
22. ИАКтын ички аудиторунун укуктары жана милдеттери:
- ички аудитти жүргүзүүдө Ички аудиттин стандарттарын жана ички аудиттин сунуш кылынган методологиясын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарын сактоого тийиш;
- ички аудитти жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык керектүү документтерди (анын ичинде электрондук форматта) жана түшүндүрмөлөрдү алуу жана текшерүү;
- ички аудит объектисинин кызматкерлеринен ички аудитке тиешелүү бардык зарыл документтердин көчүрмөлөрүн алуу.
2-глава. Аудиттин негизги түшүнүктөрү
§1. Аудиттин максаты
18. Ички аудит кызматтарынын ишинин негизги максаты - жүргүзүлүп жаткан ички аудиттин алкагында аудиттелген объектини өркүндөтүү боюнча сунуштарды берүү менен, ушул контролдун иштешине көз карандысыз, объективдүү кепилдик бере тургандай кылып, бухгалтердик, финансылык жана операциялык контролдун туруктуулугун жана колдонулушун баалоо.
19.Аудитор кабыл алынган ички аудит стандарттарына ылайык бухгалтердик документтер жана башка жазуулар менен бирге финансылык, башкаруу жана операциялык системалардын ишине көз карандысыз баа бериши керек.
20.Аудиттин максаттарын аныктоо изилденүүчү системанын түрүнө жараша болот. Демек, аудиттин максаттарын төмөнкүлөр боюнча кароо зарыл:
- башкаруунун жалпы системасы;
- иштин натыйжаларына негизделген башкаруу системалары;
- операциялык системалар;
- ички контроль системалары;
- финансылык операциялар;
- менчикти башкаруу.
Жалпы башкаруу системасы.
21. Уюмда “Ак ниет башкарууну” камсыз кылуу боюнча башкаруу системасына (мисалы, жалпы чечимдерди кабыл алуу жана консультация процесстери) кирет:
Аудиттин максаты | Аныктама |
Ачыктык | Бардык кызыктар тараптар чечим кабыл алуу процессине жана уюмдун ишине, жалпысынан анын жетекчилигине жана кызматкерлерине, ошондой эле уюм ишенимдүү, толук жана маанилүү маалыматтарды гана берет деп ишенсе болот. |
Чынчылдык | Мамлекеттик каражаттарды жана ресурстарды башкаруудагы уюмдун иши чечимдерди кабыл алуу процессин жана финансылык маалыматтын сапатын кошо алганда, сатылбастыктын жана чынчылдыктын жогорку стандарттарын жетекчиликке алуу менен чынчыл жана объективдүү жүзөгө ашырылат. |
Жоопкерчилик | Уюм жана анын кызматкерлери мамлекеттик каражаттарды башкаруу боюнча өз чечимдери жана иш-аракеттери жана алар жүзөгө ашырган иштердин бардык башка багыттары үчүн жоопкерчилик тартышат жана отчет беришет, мындан тышкары, уюм сырттан кылдат изилденүүгө тийиш. |
Иштин натыйжаларына негизделген башкаруу системалары.
22. Маанилүү финансылык жана ишмердик маалыматты даярдоону жана иштеп чыгууну башкаруу системаларына (мисалы, бюджеттик система) тиешелүү:
Аудиттин максаты | Аныктама |
Пландоо | Белгиленген тийиштүү максаттуу аткаруу көрсөткүчтөрү уюмдун стратегиялык планына жана колдо болгон ресурстарга ылайык келет. |
Контроль | Уюмдун максаттарына жетүүнү камсыз кылуу үчүн тийиштүү алкактык шарттардын болушу. |
Мониторинг | Иштелип чыккан тийиштүү чаралар стратегиялык милдеттерди аткаруу көрсөткүчтөрүнүн ылайык келүү предметине болгон уюмдун ишине натыйжалуу мониторинг жүргүзүүдө жетекчиликке көмөк көрсөтөт. |
Операциялык системалар.
23. Башкаруунун операциялык системаларына адам ресурстарын башкаруу жана сатып алуу жол-жоболору, ошондой эле жалпысынан нарктык натыйжага сереп салуунун ар кандай түрү кирет:
Аудиттин максаты | Аныктама |
Үнөмдөө | Бардык иш баа менен сапаттын оптималдуу катышын эске алуу менен эң үнөмдүү түрдө жүзөгө ашуусу тийиш. |
Өндүрүмдүүлүк | Финансылык, эмгек жана материалдык ресурстардын минималдуу санын пайдалануудан максималдуу сандык натыйжаларга жетишилгенби. |
Майнаптуулук | Алынган процесстин натыйжалары (натыйжалуулук) уюмдун максаттарына максималдуу жооп берүүсү тийиш (бул натыйжа менен майнаптын катышы). |
Ички контроль системалары - финансылык операциялар жана менчикти башкаруу.
Финансылык операциялардын системалары.
24. Уюмдун ички финансылык контролдоо системасы төмөнкүлөрдү камтыйт:
Аудиттин максаты | Аныктама |
Толуктук | Каралып жаткан мезгилге тиешелүү бардык операциялар катталган жана далилдер менен бекемделген. |
Болуу | Бардык катталган операцияларда окуялар орун алган жана каралып жаткан мезгилге тиешелүү |
Өлчөнүүчүлүк
| Катталган операциялар тийиштүү түрдө бааланган жана эсептелген, же белгиленген эсепке алуу саясатына ылайык алгылыктуу жана ырааттуу негизде өлчөнгөн. |
Мыйзам ченемдүүлүк | Чагылдырылган операциялар колдонуудагы мыйзамдарга жана актылардын башка конкреттүү талаптарына шайкеш келет (мисалы, парламенттик добуш берүүнүн максаттарына карата чыгымдардын негиздүүлүгү). |
Ачып берүү | Катталган операциялар так классификацияланып, чыгымдардын бекитилген беренелерине киргизилген. |
Менчикти башкаруу системалары.
25. Стандарттар аудиторлордон бухгалтердик эсепке жана менчикти башкарууга контролду текшерүүнү талап кылат. Бул максаттар иш кагаздарын жүргүзүү жана системалар менен байланышкан эки категорияны камтыйт.
Эсеп жүргүзүүгө байланыштуу максаттар (мисалы, бухгалтердик эсеп жана башкалар.)
26.Эсепке алуу менен байланышкан максаттар бухгалтердик эсеп тутумунда эсептөө принцибин колдонуу жана коммерциялык, ошондой эле мамлекеттик сектордо баланстык отчетторду даярдоо учурлары үчүн иштелип чыккан. Бирок алар ошондой эле активдерди чагылдырууда, анын ичинде накталай акча каражаттарынын балансын түзүүдө бирдей түрдө колдонулушу мүмкүн.
Менчикти башкарууга байланышкан максаттар.
27. Менчикти башкаруу боюнча так көрсөтмөлөр көрүүгө зарыл болгон чараларды белгилейт. Аудитор бул чаралар жөнүндө түшүнүк алышы керек жана тестирлөө аркылуу бул көрсөтмөлөрдүн аткарылышын тастыктайт.
Аудиттин максаты | Аныктама |
Коопсуздук | - Бардык активдер коопсуз сакталат жана сактоо системасы так жөнгө салынат; - Активдерге жетүүгө жана аларды пайдаланууга уруксаттар берилет; |
Негиздеме | - Катталган активдер мезгил-мезгили менен жана өз алдынча финансылык жана башка маалыматтар менен салыштырылат; - Катталган активдер инвентаризацияланат, мезгил-мезгили менен эсептен чыгаруу зарылчылыгы текшерилет; - Эскилиги жеткен, пайдаланылбаган же жок кылынууга тийиш болгон материалдар финансылык жоболорго ылайык жоюлат. |
§2. Маанилүүлүк жана аудитордук тобокелдик
28.Бухгалтердик эсептин толуктугуна жана тактыгына өзү эле кепилдик бере турган, ошондой эле бухгалтердик эсепти адамдын катасынан же алдамчылыктан жүз пайыз коргоого кепилдик бере турган ички контролдук системасы жок.
29. Финансылык жазуулар абсолюттуу түрдө так болушу керек, бирок алар сейрек. Ошондуктан эгерде альтернативдик контролдоо системасын түзүүгө кеткен чыгымдар өтө жогору болсо, операциялык иште жана иштелип чыккан ички контроль системасында белгилүү бир деңгээлде так эместикке жол берилет. Бул уруксат берилген четтөө “манилүүлүк” деп аталат жана финансылык отчеттуулуктун, ошондой эле тышкы жана ички аудит процессинин өзөгүн түзөт.
30.Маанилүүлүк - бул финансылык нарктын маанилүүлүгүн чагылдырган концепция (финансылык отчеттор үчүн) же натыйжаларга жетишүү же тутумдун эрежелерине ылайык келүү. Ошентип, маанилүүлүк наркы боюнча маанилүүлүк жана маңызы боюнча маанилүүлүк катары аныкталат. Тышкы аудитор үчүн максат финансылык отчет боюнча пикирин билдирүү болуп саналат. Ошондуктан бул жерде маани-маңызы негизги концепция болуп саналат. Ошол эле учурда, ички аудитордун милдеттери кыйла кененирээк жана финансылык жазуулардын тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө гана эмес, ошондой эле операциялык тутумдар чыгарган маалыматтын ылайыктуулугуна, ишенимдүүлүгүнө жана тактыгына да тиешелүү.
31. “Маанилүүлүк” түшүнүгү тышкы аудиттин контекстинде так аныкталган. Бул түшүнүккө ылайык, эгерде маалымат ачылбай калса, бурмаланса, киргизилсе же калтырылса, аудит объектисинин сунушталган финансылык документтеринин жалпы картинасын өзүнүн болжолдонгон колдонуучуларына бурмалап коюшу мүмкүн болсо, маалымат олуттуу деп эсептелет. Бул контекстте, бурмалоо себебине карабастан туура эмес берилген маалыматты билдирет. Аудитор өз ишинде иштөөгө тийиш болгон бул жол берилген четтөө же маанилүүлүк мааниси аудитордун отчеттуулук арналган максаттарды түшүнүүсүнө негизделет.
32. Маанилүүлүк концепциясы башка ролдору, милдеттери жана максаттары бар тышкы аудит кызматтары үчүн маанилүү болгондой, ички аудит кызматтары үчүн анчалык маанилүү эмес, мурдагыдай эле аудиттин тибине карабастан, ал тышкы же ички болобу, аудиттин бирдиктүү концепциясы колдонулушу керек экенин эстен чыгарбоо керек.
33. Тышкы аудит үчүн анча мааниге ээ болбогон көптөгөн маселелер жана операциялар жетекчилик үчүн, демек, ички аудит үчүн да маанилүү. Ошентип, ички аудит финансылык системаларды жана операцияларды карап чыгат, тышкы аудит өз тарабынан анча маанилүү эмес жана негизги эмес деп эсептеген системалардагы кемчиликтерди оңдоо боюнча жетекчиликке сунуштарды берет.
34. Ички аудит “маанилүүлүк” түшүнүгүн эске алышынын себеби, операциялардын белгилүү бир тиби же наркы маанилүү эмес экендиги эмес, ички аудит маселелерди изилдөө үчүн өзүнүн чектелген ресурстарын, ошондой эле сунуштамаларды киргизүүгө чектелген башкаруу ресурстарын бөлүштүрүү объективдүү ыкмасын колдонуу керек. Ошентип, ички аудит кызматынын иши эки негизги принципке негизделиши маанилүү: маанилүүлүк жана аудитордук тобокелдик.
35. Ошондуктан маалыматты ички аудиттин максаттары үчүн “маанилүү” деп эсептөө сунушталат, эгерде:
"Ички контроль жана/же башкаруу тутумун майнапсыз ишке ашыруу же тиешелүү түрдө иштеп чыкпагандык, финансылык жана операциялык тутумдар өз максаттарына жетпей калуу тобокелдигине алып келиши мүмкүн."
36. Иштин тобокелдигинин жол берилгис деңгээлине алып келген себептерди баалоо, демек, маанилүүлүктү баалоо да көбүрөөк даражада аудитордун ой жүгүртүүсүнө жана тажрыйбасына, текшерилүүчү органдын жетекчисинин стандарттарына жана көз караштарына негизделет. 5-глава стратегиялык пландаштыруунун контекстинде тобокелдикти карайт.
37. Ички аудитор ошондой эле маалымат эки жол менен маанилүү боло аларын эстен чыгарбашы керек:
а) наркы боюнча маанилүүлүк - бухгалтердик маалыматтын калтырылышынын же туура эмес чагылдырылышынын чоңдугу, көрсөтүлгөн жагдайлардын негизинде, маалыматка таянган тиешелүү кызматкердин пикири өзгөрүшү же ага маалыматтын калтырылгандыгы же туура эмес чагылдырылышы таасир этиши мүмкүн экендигин көрсөтөт.
б) маңызы боюнча маанилүүлүк - бүтүндөй уюм үчүн же изилдене турган тармак үчүн өтө маанилүү системанын максаттарына жетүү же жетпөө (стратегиялык жана операциялык) сыяктуу финансылык эмес маанилүүлүктү билдирет.
Ошентип, өзүнчө алынган операциялар же бухгалтердик эсеп системалары өзүнүн жогорку финансылык наркына жана мындай системаларды баалоого багытталган ресурстардын деңгээлине байланыштуу уюм үчүн олуттуу деп таанылышы мүмкүн, алардын финансылык наркын чагылдырууга тийиш.
38. Башка системалар наркы боюнча маанилүү эмес же таптакыр наркка ээ эмес болушу мүмкүн, бирок уюмдун операциялык иши үчүн маанилүү. Ошентип, кайсы системалар жана операциялар маанилүү, ал эми кайсынысы маанилүү эмес экенин аныктоо үчүн гана эмес, ошондой эле ресурстарды аларды аткарууда тобокелдиктин жогорку деңгээлиндеги кыйла фундаменталдуу жана маанилүү системаларга багыттоо үчүн ички аудиттин көп иши аларды талдоо жана жакшыртууга багытталышы үчүн кандайдыр бир ыкмага ээ болуу маанилүү.
Аудиттик тобокелдик
39. Эч бир аудитор бардык каталарды, кемчиликтерди жана кандайдыр бир мүнөздөгү кемчиликтерди аныктоодо абсолюттук түрдө ишенимдүү боло албайт. Эсепке алуу, системанын же бүтүндөй чарбалык операциялардын абалы жөнүндө корутунду алынган далилдер боюнча негизделет. Адамдар чыгарган өкүм туура эмес болушу мүмкүн. Аудитордук далилдер сейрек учурда толугу менен четке кагылбайт. Ошентип, ички аудит кызматтарын колдонгон жетекчилик ички аудитордон бардык операциялардын туура бааланганына толук кепилдик күтпөйт. Мында, аудитордук корутунду жүргүзүлгөн аудит камтыган тармактарды баалоонун алгылыктуу тууралыгына жогорку деңгээлдеги кепилдик берет.
40. Түшүнүктөрдү аныктоодо: маанилүүлүк жана аудитордук тобокелдик, маанилүүлүк системадагы кемчиликтин, катанын же бүтүндөй системанын жоготулушунун маанилүүлүгүн (финансылык же башка) билдирет. Мында, аудитордук тобокелдик - бул системага туура эмес баа берилбегендигине, олуттуу ката кетирилгендигине же система тарабынан контролдонуучу операцияларда жоготууларга учурагандыгына ишеним деңгээлин билдирет.
41. Мындай болушу мүмкүн болгон учурлар төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
а) ката же жоготуу бар;
б) ички контроль аларды болтурбай же аныктай албайт;
в) аудитордук жол-жоболор аларды аныктай албайт.
42. Ошентип, олуттуу катаны же жоготууларды өткөрүп жиберүү тобокелдиги (аудиттик тобокелдик) үч компоненттен турушу мүмкүн:
а) ажырагыс тобокелдик - уюмдун ишинин олуттуу бурмалоолорго жана каталарга дуушар болушу;
б) контролдоо каражаттарынын тобокелдиги - ички контроль системасы тарабынан олуттуу бурмалоолордун алдын алуу же өз убагында аныкталбоо жана оңдолбоо тобокелдиги;
в) аныктабоо тобокелдиги - каталар же жоготуулар аудитордук жол-жоболор аркылуу аныкталбай калуу тобокелдиги.
Тобокелдикти аныктоо
Ажырагыс тобокелдик
43. Ажырагыс тобокелдик каралып жаткан маселенин мүнөзүнө жана анын манипуляцияга же катага ийкемдүүлүгүнө жараша болот. Ажырагыс тобокелдикти баалоодо эске алынуучу факторлор төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) каралып жаткан системанын мүнөздөмөлөрү;
б) системадагы ката боюнча маалыматтар;
в) жетекчилик тарабынан манипуляциянын мотиви.
Мисалы, таңгаксыз курулуш материалдары башка колдонулбаган физикалык маркаланган жана камсыздандырылган товарларга салыштырмалуу уурдоого, бузулууга же жоготууга көбүрөөк дуушар болот.
44. Мындан тышкары, кирешелерди же акчалай жөлөк пулдарды комплекстүү талдоодо катаны табуу ыктымалдыгы жөнөкөй анализге караганда көбүрөөк болот. Аудитордун субъекттин каталарга же жоготууларга дуушар болушу жөнүндө корутундусу жагдайларга жана ушуга окшош кырдаалдарда аудитордун мурунку тажрыйбасына жараша болот.
Контроль тобокелдиги
45. Контроль тобокелдиги аудиттелген уюмдун ички контролунун каражаттарынын күчүнө жараша болот. Контроль тобокелдиги каталарды жана жоготууларды алдын алуу же аныктоо үчүн майнаптуу контролдун бар-жогуна түздөн-түз көз каранды болгон конкреттүү операцияларды же операциялардын агымын билдирет.
46. Аудиторлор белгилүү бир практикалык чектөөлөр бар экенин билиши керек, анын чегинде жетекчилик контролду орнотууну жана колдонууну тандайт. Жетекчиликтин кызыкчылыгы операциянын натыйжалуулугуна гана эмес, ошондой эле финансылык эсептердин тактыгына да тиешелүү, ошондуктан ички контролдун жалпы системасы байланышкан чыгымдарды жана пайдаларды эске алуу менен түзүлөт. Мындан тышкары, система канчалык жакшы иштелип чыкпасын, контролдун эффективдүүлүгү объекттин кызматкерлеринин өзүнөн көз каранды. Натыйжада, майнапсыздык, ката кетирүү же атайылап жасалмалоо мүмкүнчүлүгү ар дайым бар. Ошондуктан, ал тургай, салыштырмалуу күчтүү система контроль тобокелдигин азайтат, бирок аны толугу менен жок кыла албайт.
Аныктабоо тобокелдиги
47.Аныктабоо тобокелдиги алынган аудитордук далилдердин мүнөзүнө жана деңгээлине жараша болот, бирок эң негизгиси бул далилдердин канчалык деңгээлде жакшы бааланганы. Аудитор бардык операцияларды сейрек карап чыгат жана тестирлөө ыкмаларын колдонуу аудитор каталарды, кемчиликтерди жана жоготууларды байкабай калуу тобокелдиги бар экенин билдирет. Мындан тышкары, аудитордун далилдерди баалоосу жаңылыш корутундуга алып келиши мүмкүн.
Тобокелдин негизинде аудитти пландаштыруу.
48. Ички аудиттин планы төмөнкүлөрдү эске алышы керек:
а) аудит үчүн финансылык маанилүүлүктүн жалпы деңгээли;
б) уюмдун негизги финансылык, башкаруу жана операциялык системалары;
в) бардык фундаменталдык жана фундаменталдык эмес системаларды мезгил-мезгили менен карап чыгуу үчүн циклдик жана тобокелдикке негизделген планды иштеп чыгуу;
г) системалардын ар кандай типтеринин каталарына ийкемдүүлүк;
д) аудитор жооптуу жетекчи/контролер үчүн алгылыктуу деп эсептеген каталардын жыштыгы;
е) контролдук тобокелдикти баалоодо аудитор ички контроль системасына таяна ала турган деңгээл;
ж) тестирлөөнүн зарыл көлөмү;
з) аудитордук корутунду үчүн негиз болгон операциялардын үлгүсү же башка далилдер түрүндөгү тиешелүү далилдерди чогултуу.
§3. Аудиттин далилдери жана аудиттин тестирлөө ыкмалары
49. Аудитордун колунда болгон далилдер адатта жазуу жүзүндөгү документтерден, окуяларга байкоолордон жана оозеки билдирүүлөрдөн турат. Мындай далилдер бир нече ыкмалар аркылуу алынат: маалымат чогултуу, изилдөө, текшерүү, сурамжылоо, эсептөө, интерпретациялоо, баалоо жана талдоо.
50. Далилдердин негизги булактары болуп, эреже катары, жетекчилик чечим кабыл алган бухгалтердик эсеп жана башка жазуулар саналат. Эгерде аудитор бул документтерге толук ишене албаса, анда ал аудит объектисинен банктык эсептин көчүрмөлөрү түрүндө берүүчүлөр, дебиторлор жана банктар сыяктуу тышкы булактардан көз карандысыз далилдерди ала алат. Аудитордук далилдердин ар бир категориясы далилдердин ар кандай “сапатын” камсыз кылат:
а) аудитор тарабынан түзүлгөн далилдер текшерилүүчү субъект тарабынан берилген далилдерге караганда ишенимдүүрөөк болсо;
б) тышкы булактардан алынган далилдер текшерилүүчү субъект тарабынан берилген далилдерге караганда ишенимдүүрөөк болсо;
в) документалдуу таризделген түрдөгү далилдер оозеки далилдерге караганда ишенимдүү.
51. Аудитор алынган далилдер боюнча шектенүү пайда болгондо дароо кошумча тестти, же ырастоочу тесттерди өткөрүү зарыл. Биринчи учурда, бул жөн гана тандоо өлчөмүн көбөйтүү үчүн жетиштүү болушу мүмкүн, ал эми экинчиден, алынган маалыматты тастыктоо үчүн такыр башка булактардан тастыктаган фактыларды издөө керек болот.
52. Аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө алынган бардык документтик далилдер аудитордук папкаларда сакталууга тийиш. Бул колдонмодо “Аудитордук папкалар жана жумуш документтери” 7-бөлүмдө кененирээк сүрөттөлгөн.
Аудитордук тестирлөө техникасы
53. Аудит программаларын иштеп чыгууда аудиторлор колдоно турган ар кандай жол-жоболор төмөндө келтирилген.
Изилдөө
54. Жазууларды, документтерди же мүлктү талдоо же изилдөө менен, жазууларды жана документтерди изилдөө техникасы алардын маңызына жана булагына жараша ар кандай деңгээлдеги ишенимдүүлүктүн далилдерин берет. Мүлктүк абалын изилдөө аудиторго алардын бар экендиги жөнүндө ишенимдүү далилдерди берет, бирок сөзсүз түрдө алардын таандыктыгы, наркы же баалуулугу жөнүндө эмес.
Байкоо.
55. Аны аткаруу ыкмасын аныктоо максатында, башкалар жасаган операцияны же жол-жобону карап чыгуу. Байкоо жүргүзүү учурунда аткарылган иштин ишенимдүү далилин камсыздайт, бирок башка убакта эмес, мисалы, кызматкерлердин жылдык инвентаризация боюнча пландын бөлүгүн аткаруу катары запастарды инвентаризациялоого байкоо жүргүзүү. Бул мисалда, аудитор кызматкерлер инвентаризациялоо жол-жоболорун аткарып жаткандыгына ишене ала турган бирден-бир жолу, алардын байкоо жүргүзүүнү кантип аткарып жатканына байкоо жүргүзүү.
Суроо-талап.
56. Мекеменин ичинен же тышындагы компетенттүү адамдардан формалдуу/расмий, оозеки/жазуу түрүндө тиешелүү маалыматтарды издөө. Мындай жол менен алынган далилдерге аудитор тиркөөчү далилдердин (алынган маалыматтын) ишенимдүүлүгүнүн деңгээли аудитордун респонденттин компетенттүүлүгү, тажрыйбасы, көз карандысыздыгы жана ак ниеттүүлүгү жөнүндө пикирине көз каранды.
Эсептөө.
57. Бухгалтердик жазуулардын арифметикалык тактыгын текшерүү же көз карандысыз эсептөөлөрдү жүргүзүү.
Аналитикалык сереп салуунун жол-жоболору
58. Бул жол-жоболор маанилүү катыштарды, тенденцияларды жана башка статистикалык маалыматтарды карап чыгууну, адаттан тыш же күтүлбөгөн четтөөлөрдү изилдөөнү камтыйт. Салыштыруулар колдо болгон маалыматтардын маңызына, жеткиликтүүлүгүнө жана маанилүүлүгүнө жараша болот. Адаттан тыш, же күтүлбөгөн четтөөлөр, ошондой эле чындыгында болбогон күтүлгөн четтөөлөр изилдениши керек. Алынган түшүндүрмөлөр анын маселени түшүнүүсүнө жана бул маселе жөнүндө жалпы билимге туура келүүсүн аныктоо үчүн аудитор текшерип, баалашы керек.
59. Бул жол-жоболордун маңызы жана документтерди түзүү ыкмасы ар бир аудиттин шарттарына жараша болот.
Аудитордук далилдин орундуулугу
60. Орундуу аудитордук далил - аудиттин максаттарына түздөн-түз байланыштуу. Бул маселелер мурунку бөлүмдө талкууланган жана төмөнкүдөй талдоого тийиш:
а) Активдерге карата: бар экендигин, толуктугун, менчик укугун же ээлик кылууну, наркын баалоону жана балансты ачууну белгилөө;
б) Финансылык операцияларга карата: операциялардын толуктугун, окуянын болушун, өлчөнүшүн, мыйзам ченемдүүлүгүн жана ачыкка чыгарылышын белгилөө;
в)Башкаруу системалары үчүн: системалардын үнөмдүүлүгүн, өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун белгилөө;
г)Ак ниет башкаруу үчүн: уюмдардын ишинин ачыктыгын, бүтүндүгүн, ошондой эле отчеттуулугун жана жоопкерчилигин белгилөө.
61.Уюмдун менчигине карата активдерди аларга жетүү жана пайдалануу жагынан туура башкаруу гана эмес, ошондой эле активдерди талаптагыдай абалда кармоо үчүн жооптуу кызматкердин жоопкерчилиги да камсыз кылынышы керек.
62.Толуктугун, бар экендигин ж.б. белгилеген же тастыктаган далилдер коюлган максатка ылайык келет, ошону менен иштин маңызына тиешелүү далил катары боло алат. Мисалы, активди физикалык изилдөө аркылуу алынган далилдер ошол активдин бар экендигин тастыктайт; ал эми эсеп-фактураларды текшерүү аркылуу алынган далилдер бизге сумманы, эсептөө методун жана бул актив кайсы баланстык эсепке чегерилгенин тастыктайт.
63.Эгерде аудитор ички контролдун каражаттарынын иштешине же жалпы башкаруу системасына таянса, анда ага операциялык иштин талаптагыдай аткарылышына кепилдик берип, иштей турган контроль каражаттарын белгилөө талап кылынат. Бул үчүн, аудитор контролдун каражаттарын тестирлөө же жалпы башкаруу системасын талдоо аркылуу контролдун каражаттарынын талаптагыдай иштешине байланыштуу далилдерди чогултат. Мындай далилдер бар экендигин же толуктугун ж.б. аныктабайт, бирок аудиторго контролдун алсыздыгынан улам жоготуу тобокелдигин баалоого жардам берет.
Аудитордук далилдин ишенимдүүлүгү
64.Ишенимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн аудитор далилдердин чындыгына ишениши керек. Бул далилдин булагына жана далил алынган жагдайларга жараша болот. Далилдерге карата, адатта, төмөнкүлөр адилеттүү болот:
а)Аудитор тарабынан жеке физикалык текшерүү, байкоо жүргүзүү, кайра эсептөө же процессти кайрадан аткаруу аркылуу алынган далилдер башкалардан алынган далилдерге салыштырмалуу ишенимдүүрөөк;
б)Аудиттелүүчү объектке карабастан алынган далилдер ошол эле уюмдан алынган далилдерге салыштырмалуу кыйла ишенимдүү болуп саналат;
в)Объекттин сырттан берилген документтерин талдоо аркылуу алынган далилдер, адатта, ички документтерден алынган далилдерге салыштырмалуу кыйла ишенимдүү болуп саналат (мисалы, чыгымдарга туура толтурган суроо-талап);
г)Аудиттин объектисине карабастан даярдалган аудит объектисинин ички документтеринен алынган далилдер (мисалы, чыгымдарды жүзөгө ашыруу үчүн берүүчүлөрдөн тиешелүү түрдө таризделген/берилген эсептер) - объекттин ичинде даярдалган жана ошол эле операцияга тиешелүү документтерден алынган далилдерден айырмаланып, кыйла ишенимдүү болуп саналат;
д)Башкаруу же финансылык отчеттордун шайкештиги жана мезгилдер ортосундагы өз ара байланыш аудитордук далилдин булагы болуп саналат. Тактап айтканда, жетекчилик же финансылык отчеттордо ачыкка чыккан өзгөчө учурлар көбүнчө ката жөнүндө далилдин булагы катары колдонулат. Далилдин бул тиби кыйыр катары гана каралышы керек жана башка аудитордук суроо-талаптар менен толукталышы же ырасталышы керек;
е)Аудиттелүүчү объекттин кызматкерлери тарабынан берилген бекитүүлөр бардык мүмкүн болгон булактардын эң аз ишенимдүүлүгү катары каралышы керек. Алар ишенимдүү боло алышат, эгерде:
- ишенимдүү кызматкерден алынса;
- кызматкерден суроого карата объективдүү көз караш менен алынса;
- далил башка кызматкерлер тарабынан ырасталышы мүмкүн;
- далил оозеки эмес, документалдык болуп саналат.
65. Аудитор далилдердин ишенимдүүлүгүн баалоодо өз пикирин колдонуу талап кылынат. Ишенимсиз далилдерди колдонуунун негизги кемчилиги бул аудитордук корутунду, ошого жараша аудитордук отчет туура эмес болуп калат. Ушул себептен, аудитор бул далилдерди кабыл алууда тийиштүү тыкандык менен мамиле кылышы керек.
66. Бул типтеги далилдердин салыштырмалуу ишенимдүүлүгү төмөндө келтирилген.
Аудитордук далил – ишенимдүүлүк
Далилдерди алуу методу | Ишенимдүүлүк |
Изилдөө: - Жазуулар жана документтер - Активдер - Жасалган иш | - Аудитор тарабынан түздөн-түз жана жеке текшерүү ишенимдүү далилдерди камсыз кылат. |
Байкоо жүргүзүү: Жол-жобонун аткарылышынын далили: - Байкоо жүргүзүү менен; - Байкоо жүргүзүүсүз | Аудитор үчүн далилдин маанилүүлүгү: - Байкоо жүргүзүү учурунда гана; - Жол-жобонун иштешин түшүнүүнүн кепили катары. |
Жол-жоболорду түшүнүүнүн далилине суроо-талап: - Жол-жоболорду билүү; - Жол-жоболорду аткаруу | Далилдин маанилүүлүгү төмөнкүлөрдөн көз каранды: - Аудитор булакка ишенеби; - Булак көз карандысызбы; - Булак жол-жоболордун аткарылышынын сыпаттамасын ырастоо менен документалдык далилдерди бере алабы; - Булак процессти жүргүзүү үчүн компетенттүү жана анын маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн жетиштүү тажрыйбалуу болуп саналабы. |
Эсептөө
| Аудитор тарабынан эсептөөлөрдү кайра жүргүзүү туура экендигин ырастаган түздөн-түз жеке далилдерди берет. |
Аналитикалык сереп | Далил аудитор түшүндүрмө жана ырастоо, мисалы, коэффициенттерди, тренддерди, өзгөчө макалаларды алганда маанилүү болуп саналат. |
Аудитордук далилдин жетиштүүлүгү
67. “Далилдин жетиштүүлүгү” термини алынган далилдин бир катар жеке аспекттерине, б.а. конкреттүү белги боюнча изилденген финансылык-чарбалык операциялардын санын билдирет. Мисалы, эсеп-фактураларды кароодо, ал изилденген эсеп-фактуралардын санын же ушул эсеп-фактуралардын бул система тарабынан иштелип чыккан маалыматтарга карата наркынын чоңдугун билдирет. Адатта, тандоонун көлөмү канчалык чоң болсо, аудитор аудитордук корутундунун тууралыгына ошончолук ишениши керек, бирок жогоруда айтылгандай, жетекчилик 100% тактыкты же натыйжалуулукту күтпөйт, анткени реалдуу аудитордук ресурстарды эске алганда, бул акылга сыйбай калмак. Ошентип, ички аудит кызматтарынын аудиторлору кепилдиктин акылга сыярлык даражасын алууга умтулушу жана мүмкүн болушунча статистикалык тандоонун негизинде өз баалоолоруна негизделиши керек.
68. Бул саясат статистикалык теорияга негизделген, аудитор тарабынан корутундунун өзү негизделген маалыматтардын аз гана бөлүгүн текшерүү аркылуу аудитордук корутундунун тууралыгы жөнүндө салмактуу далилдерди алуу мүмкүнчүлүгүн аныктаган принциптерди колдонот.
69. Каралыш керек болгон акыркы бир суроо, аудитордун корутундуларына жана жыйынтыктарына эң көбүрөөк тийиштүү. Тактоо үчүн төмөнкү эки учур каралат:
- Аудитор каталарды таппаганда же алардын аз санын тапканда (төмөнкү пайыз).
- Аудитор каталарды же жоготууларды тапканда (чоң пайыз).
Каталардын төмөнкү пайызы
70. Аудитор каталардын же жоготуулардын төмөн деңгээлин тапканда, тандоого кирген бардык операцияларды тестирлөөдөн өткөрүш керек. Тестирлөө аяктагандан кийин каталардын төмөнкү деңгээли жөнүндө корутундунун тууралыгына кепилдиктин алгылыктуу деңгээли алынат (аудитор тандоо жалпысынан жыйынды боюнча жетиштүү репрезентативдүү экендигин камсыз кылуу үчүн чараларды көргөн шарты менен).
Каталардын жогорку пайызы
71.Аудитор каталардын же жоготуулардын жогорку пайызын тапканда, анда ал бул тандоону тестирлөөнү улантуунун кереги жок. Мындай учурларда, аудиторго каталардын пайызы ушунчалык жогору экендиги жөнүндө тиешелүү тастыктоо ага жетекчиликтин көңүлүн тезинен бурдуруу үчүн гана керек.
72. Андан кийин аудиторго контролдогу кемчиликтердин маңызы жана масштабы жөнүндө жетекчиликке отчет берүү, ошондой эле оңдоолорду киргизүү үчүн жетиштүү далилдер керек.
73. Кошумча, аудитор далилдер уюмдун жоготууларынын себеби кемчилик экендигин ырастайбы же жокпу деген кошумча суроону карап чыгышы керек. Мындай учурларда, аудитор контролдун кемчиликтерине же ката болуп чыккан операциялардын конкреттүү жыйындысына багытталган кошумча тестирлөөнү жүргүзүп, бул ката атайылап жасалгандыгын же шалаакылыктын кесепети экендигин ырасташы керек.
74. Аудитор ошондой эле калыбына келтирүү максатында ар кандай жоготуулардын зыянынын өлчөмүн баалоо үчүн же жетекчилик зыянды калыбына келтирүү саясатын колдоосу үчүн тесттерди өткөрүшү мүмкүн.
§4. Компетенттүүлүк, талаптагыдай пландоо, контроль жана талдоо
75. Туура эмес аудитордук корутунду берүүнүн негизги себептеринин бири билимдин жетишсиздиги болуп саналат. Аудиттин теориясы же аудит объектиси жөнүндө тиешелүү билими жок аудитор ката кетиргенин же зыян болсо, аны келтиргенин байкабашы мүмкүн. Ошентип, аудиторлордун ар бир аудиттелген объекттин көйгөйлөрүн чечүүдө жакшы даярдыктан өтүшү жана компетенттүү болушу маанилүү.
§5. Көз карандысыздык
76. Көз карандысыздык концепциясы аудитордун кесиптик ой-пикирине же объективдүүлүгүнө таасир этиши мүмкүн болгон ар кандай таасирден, кызыкчылыктан же туугандык байланыштардан көз карандысыз болушун талап кылат. Көз карандысыздык - бул чынчылдыкка негизделген ой жүгүртүү.
§6. Жумушка кесипкөй мамиле кылуу
77. Компетенттүү аудитордун ишинде, ишке кесиптик мамиле кылуу, аткарылган милдеттерге ылайык келген көндүмдөрдүн жана билимдердин деңгээлин колдонуу менен чагылдырылат деп күтүлөт.
78. Ошондой эле, аудитор далилдерди баалоодо каталарды кетирбөө үчүн өтө кылдат болушу керек. Аудитор ошондой эле жагдайларга шектүү жаратууну өткөрүп жибербегенине ишениши керек. Мында, аудитор ченемдерди бузуу же башка зыян келтирүү тобокелдигин эстен чыгарбашы керек, башкача айтканда, ал аудитордук далилдерди текшерүүгө кылдаттык менен мамиле кылышы керек.
79. Демек, аудитор кыраакы болуп, ар дайым өзгөчө нерселерге көңүл бурушу керек. Ал шектүү нерсени байкаары менен, ал негиздүү корутундуга келгенге чейин шектенүүсүн ырастоону издеши керек.
§7. Каталарды жана алдамчылыкты аныктоо боюнча аудитордун милдети
80. Каталардын жана алдамчылыктын алдын алуу жана аныктоо милдети аудиттелүүчү уюмдун жетекчилигине жүктөлөт. Алар адекваттуу ички контроль системасын түзүү аркылуу бул милдетти аткарууда белгилүү бир ишенимге ээ боло алышат. Аудитор мекемелер ар дайым алдамчылык жана келтирилген зыян жөнүндө тиешелүү органдарга отчет берип турушуна кепилдик бериши керек.
81. Ички аудитор келечектеги алдамчылыкка алып келиши мүмкүн болгон контролдун кемчиликтери сыяктуу учурлардын потенциалдуу мүмкүнчүлүгүн эске алууга милдеттүү.Ошондуктан, аудиторлор аудитти мындай кемчиликтерди анык ала тургандай пландоо керек.
§8. Автоматташкан маалыматтык системаларды колдонуу контекстинде аудиттик техникалар
82.Автоматташтырылган маалымат системаларын колдонуу аудиторлорго көптөгөн пайдаларды гана эмес, жаңы тобокелдиктерди жана татаалдыктарды да алып келди.
Автоматташтырылган маалымат системаларын колдонуунун натыйжасында келип чыккан артыкчылыктар, алыскы пункттарда аткарылган ишти текшерүү жана контролдоо мүмкүнчүлүгү:
- маалыматтарды бир эле учурда ар кайсы жерден алуу мүмкүнчүлүгү;
- көптөгөн типтүү иштерди жана тапшырмаларды автоматташтыруу мүмкүнчүлүгү (айрыкча эсептөө), мунун натыйжасында талап кылынган кызматкерлердин саны азайып, керектүүрөөк жумуштарга көбүрөөк убакыт жана күч жумшоо мүмкүнчүлүгү пайда болот;
- маалыматтарды иштеп чыгуу жана текшерүү ылдамдыгын жогорулатуу, бул аудитордук тапшырманы аткаруу убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет.
83.Автоматташтырылган маалымат системалары аудитордук тапшырманын бардык этаптарында, аудитордук тапшырманы пландоо этабынан баштап, ишти акыркы карап чыгууга жана тапшырманы аткаруунун жыйынтыктарын билдирүүгө чейин колдонулат. Аудит процессине компьютердик технологиялардын белгилүү өзгөчөлүү, бирок анча байкалбаган таасирине келсек, төмөнкүлөрдү белгилөөгө болот:
- туруктуу файлдарды жана жазууларды сактоо жана ага жетүү тезирээк; алыстан кирүү методу менен дагы жүзөгө ашат. Файлдарды жоготуу тобокелдиги кыйла кыскарган;
- кийинки жылга тесттер үчүн керектүү документтер жана материалдар жөн гана көчүрүлүшү мүмкүн. Жылдан жылга колдонулуп келе жаткан компьютердик программаларды кайра иштеп чыгуунун зарылдыгы жок: колдо болгон программалар жаңы маалыматтар менен иштейт;
- электрондук түрдө конкреттүү сөздөрдү же чоңдуктарды издөө оңой жана тезирээк;
- программалык камсыздоо (ПК) бар, ал жыл бою операцияларга мониторинг жүргүзө алат жана бардык адаттан тыш же күтүлбөгөн учурлар жөнүндө токтоосуз отчет бере алат. Бул орнотулган аудит модулдарынын жардамы менен жүзөгө ашырылат;
- Автоматташтырылган маалымат системалары тандоо процессинин өзүн математика жана статистика мыйзамдарына ылайыктуураак кылуу үчүн тандоону түзүү процессинде колдонулат.
84.Аудитордук тапшырмаларды аткарууда автоматташтырылган маалымат системаларын колдонууга байланышкан маселелерди үчкө бөлүүгө болот: кирүү маалыматтарын, маалыматтарды иштеп чыгууну жана чыгуу маалыматтарын контролдоо каражаттары жана жол-жоболору. Автоматташтырылган маалымат системалары системага бекитилген иш жүзүндөгү маалыматтар гана түшүп жаткандыгына жана система бул маалыматтарды талаптагыдай иштетип жаткандыгына кепилдик бериш үчүн жетиштүү контроль каражаттарына ээ болушу керек.
85. Аудитор жалпысынан (өзүнчө операция эмес) маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча компьютер системасынын ишин тестирлөөдөн өткөрө ала тургандай ар кандай ыкмалар бар. Ички аудитор компьютер системасы системага киргизилген маалыматтарды туура эсептеп жана иштеп жаткандыгына көзү жетиши үчүн тесттерди жүргүзөт.
Буга байланыштуу, ар кандай методдор бар, алардын ичинен компьютерде транзакцияларды иштетүү ыкмасын текшерүүнүн үч негизги методу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- тесттик маалыматтар методу;
- тестирлөөнүн интеграцияланган каражаттарын (ТИК) колдонуу методу;
- параллелдүү процесстерди моделдөө методу.
Тесттик маалыматтар методу
86. Тесттик маалыматтар методу программаларды иштетүүнүн тактыгын жана программаларга киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү текшерүү жана ырастоо үчүн колдонулат.
87. Тесттик маалыматтар - бул аудитор тарабынан даярдалган, анык жана анык эмес маалыматтарды камтыган жана кардардын компьютердик системасына киргизилген маалыматтар
88. Ошондой эле, тесттик маалыматтар реалдуу же жасалма болушу мүмкүн. Чыгуу маалыматтары кандай болушу керектигин аныктоо үчүн кирүү маалыматтары кол менен иштетилет. Аудитор бул маалыматтарды кардардын компьютеринде иштеп чыгууну тестирлөөдөн өткөрөт, бирок өзүнүн жеке контролунун астында. Андан кийин, тактыкты баалоо үчүн, аудитор тесттик маалыматтарды электрондук түрдө иштеп чыгат жана кол менен иштетүүнүн жыйынтыктарын электрондук иштетүүнүн жыйынтыктары менен салыштырат.
89. Бул методду колдонууга байланыштуу аудитордо пайда болушу мүмкүн болгон потенциалдуу көйгөйлөр төмөндө саналып өтөт:
- аудитор тесттик маалыматтар реалдуу системага кирбей турганына ынанышы керек;
- аудитор тесттик маалыматтар тестирлениши керек болгон кырдаалдардын бардык түрлөрүн камтый турганына ынанышы керек;
- аудитор тесттик маалыматтар текшерилген программа чындыгында маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган программа экендигин ырастоого жетишиши керек.
90.Тесттик маалыматтардын жардамы менен колдонулган программаларды гана текшерүүгө болот. Кирүүчү жана чыгуучу маалыматтардын бүтүндүгүн текшерүү жана ырастоо үчүн башка тесттерди жүргүзүү талап кылынат. Ошондой эле, тесттик маалыматтар, негизинен, компьютердик программа иш жүзүндө колдонулганда болушу мүмкүн болгон бардык параметрлерди жана иштөө режимдерин моделдештире албайт. Мындан тышкары, тесттик маалыматтарды атайын программада жана атайын убакытта гана тестирлөөгө болот. Ал эми, тесттик маалыматтарды башка маалыматтардан өзүнчө иштетиш керек болгондуктан, аудитор тестирленген программа маалыматтарды иштеп чыгууда колдонулган программа экендигине толук ишене албайт.
Тестирлөөнүн интеграцияланган каражаттарын (ТИК) колдонуу методу:
91.ТИК методу – тестирлөө реалдуу (масштабда) убакытта маалыматтарды иштеп чыгууну аткарган чоң автоматташтырылган маалыматтык системалардын аудитинде колдонулат.
92. Тестирлөөнүн интеграцияланган каражаттарын колдонуу методу (ТИК методу) да тесттик маалыматтарды пайдаланууга негизделген.
93.ТИК методун колдонууда кызматкерлер, тышкы тараптар сыяктуу иш жүзүндө жок болгон текшерилүүчү бухгалтердик объектилер түзүлөт. Бул учурда, аудитор системанын мастер-файлдарына реалдуу түрдө киргизилген шарттуу текшерүү объекттерин түзөт. Объекттин бул тесттик маалыматтары компьютер системасында өзүнүн реалдуу маалыматтары менен катарлаш иштетилет. Транзакциялар объекттин учурдагы эсебинин негизги картотекасына карата иштелип чыгат, анда реалдуу жана жасалма эсептик жазуулар камтылган.
94. Тесттик маалыматтар методу менен интеграцияланган тестирлөө каражаттарын колдонуунун ортосундагы негизги айырма - ТИК тесттик маалыматтар реалдуу маалыматтар менен бирге иштетилет. Аудитордон башка эч ким билбейт, иштетилип жаткан маалыматтар жалган эсепке алуу документтери боюнча бул жалган жазууларды да камтыйт. Бул учурда, аудитор тестирлөөчү программалар компаниянын реалдуу маалыматтарын иштеп чыккан реалдуу программалар экендигине ишениши мүмкүн.
95. Бул тестирлөө жол-жобосун кылдат пландоо ТИК жол жобосунан алынган маалыматтар реалдуу маалыматтар менен аралашып кетпеши жана реалдуу маалыматтарды бурмалабашы үчүн зарыл. ТИК тестирлөөнү колдонуунун кыйынчылыгы, жасалма транзакциялар системанын нормалдуу чыгуучу маалыматтарынан четтетилиши керек дегенди билдирет. Бул кол менен же тиркемени тиешелүү түрдө долбоорлоо жана модификациялоо аркылуу жасалышы мүмкүн. Эки учурда тең, жасалма транзакциялар реалдуу маалыматтардан бөлүп көрсөтүү үчүн атайын коддордун жардамы менен идентификацияланышы керек.
96. Эгерде пландоо кылдаттык менен жүргүзүлсө, ТИК методун колдонууга кеткен сарптоолор минималдуу болот, анткени бул учурда атайын маалыматтарды иштеп чыгуу талап кылынбайт жана компьютердин кадимки ишинде үзгүлтүк болбойт. Сарптоолор ТИК каражаттарын алгачкы иштеп чыгуу - тиркеменин өзүн иштеп чыгуу жана анын кийинки модификациясы үчүн зарыл. Бирок баштапкы чыгымдарды ишке ашыргандан кийин, кийинки учурдагы чыгымдар аз болот.
Параллель процесстерди моделдөө методу:
97. Параллель процесстерди моделдөө методу - бул аудитордун жалган маалыматтарын эмес, аудиттин объектисинин реалдуу маалыматтарын колдонгон аудитордук текшерүүнүн методу, бирок алар тесттик (контролдук) же аудитордук программанын жардамы менен иштелип чыгат.
98.Параллель процессти моделдөөдө алынган жыйынтыктар жана маалыматтарды реалдуу иштеп чыгуунун жыйынтыктары бири-бирине салыштырылат. Параллель процесстерди моделдөө методу кымбат жана убакытты талап кылган жол-жобо болуп саналат. Параллель процесстерди моделдөө тесттик программалардын жардамы менен жүргүзүлгөндүктөн, аны маалыматтарды реалдуу иштеп чыгуу үчүн колдонулбаган компьютерде аткарууга болот. Ошого карабастан, аудитор параллелдүү процесстерди моделдөөдө маалыматтар менен салыштырылып, анын натыйжаларын алуу үчүн аудит объектиси тарабынан колдонулган система аудит объектиси тарабынан өз ишинде дайыма колдонулуп турган система экендигине ынанышы керек.
Компьютерлерди колдонуу менен аудиттин методдору (АКМ)
99. Аудиттин компьютерлештирилген методдору (АКМ) – бул системаларга же операцияларга негизделген жана маалыматтарды автоматтык түрдө алуу жана талдоо үчүн арналган программалык камсыздоо. АКМ аудитти жүргүзүүнүн бардык этаптарында – аудитордук тапшырмаларды пландаштыруудан баштап тапшырманын жыйынтыгы боюнча отчетторду берүүгө чейин колдонулат.
100. АКМнын төмөнкү төрт тиби эң көп кездешет.
1) Универсалдуу аудитордук программалык камсыздоо. Бул программалар автоматтык функцияларды аткарат жана контроль каражаттарын жана эсептер сальдосун да тестирлөөгө пайдалуу. Алар аткарган жол-жоболор төмөнкүлөрдү камтыйт:
- компьютерлерде сакталган маалыматтарга жетүү;
тестирлөөгө тийиш болгон маалыматтардын конкреттүү элементтерин аныктоо (б.а. белгилүү бир критерийлерге ылайык келген маалымат элементтери);
- маалымат элементтерин кайталап эсептөө жана кайра саноо;
- маалымат талааларынан үлгүлөрдү түзүү;
- маалыматтардын бар экендигин жана карама-каршылыгын ырастоо.
2) Кызматтык программалар. Бул программалар, мисалы, маалыматтарды сорттоо жана бириктирүү, ошондой эле электрондук таблицаларды колдоо (Excel ж.б.) жана жумуш документтерин автоматтык түрдө иштетүү сыяктуу күнүмдүк функцияларды аткарат:
- электрондук таблицалар аудитордун арсеналындагы эң пайдалуу куралдардын бири деп эсептелет.жумуш документтерин автоматтык түрдө иштеп чыгуу - бул аудиторлорго аудитти натыйжалуу жана уюшкандыкта жүргүзүүгө жардам берүүчү программалардын пакети.
3) Маалыматтарды көзөмөлдөө жана чагылдыруу (картографиялоо) үчүн колдонмо программалык камсыздоо. Бул программалар маалыматтарды киргизүүдөн баштап, системадан маалыматтарды чыгарууга чейин система аркылуу маалыматтын өтүүсүн контролдоо үчүн арналган.
4) Эксперттик системанын программалык камсыздоосу. Бул программалар эксперттик билимге жана логикага негизделген, ошондой эле аудиторлорго чечим кабыл алуу жана тобокелдиктерди баалоо процесстеринде жардам берет.
АКМ программалары төмөнкү функцияларды аткарат:
- пайда болуу мөөнөтү боюнча маалыматтарды бөлүштүрүү – (мисалы, дебиторлордун эсептери сыяктуу);
- кайталанган маалыматты идентификациялоо;
- башка программаларга маалыматтарды экспорттоо;
- үчүнчү жактын талдоосуна арналган маалыматтарды алуу;
- маалыматтагы ажырымдарды аныктоо (мисалы, документтеги түшүп калган числолор);
- эки башка файлдан же программадан маалыматты бириктирүү жана кошуу;
- тандоолордо тестирлөө үчүн маалымат элементтерин тандап алуу;
- ар кандай маалымат талаалары боюнча маалыматты сорттоо;
- айрым маалымат элементтеринин маанилерине жараша кичине топтор боюнча чоңдуктарды стратификациялоо;
- маалыматтарды суммалоо;
- жыйынды маанилерди алуу максатында маалымат талааларын суммалоо (жана башка математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү).
101. Автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен аудиттин башка методдору да бар:
1) орнотулган аудитордук жол-жоболор;
- Аудитордук маалыматтарды чогултуунун орнотулган каражаты орнотулган аудитордук чакан программанын түрлөрүнүн бири болуп саналат. Ал кадимки программанын кодуна макро команда түрүндө орнотулган атайын программаланган модулдарды колдонот. Орнотулган чакан программа кадимки өндүрүш максаттары үчүн иштетүү процессинде маалыматтарды тандайт жана жазат, андан кийин аудитор бул маалыматтарды талдап, баалайт.
- Транзакциялар чектөөлөр жана алгылыктуулугу боюнча аудитор тарабынан белгиленген параметрлерге ылайык орнотулган аудитордук чакан программада тандалып алынат. Бул параметрлерди бузган транзакциялар файлга өзгөчө учур катары жазылат. Альтернатива катары транзакциялар кокустук схема боюнча тандалышы мүмкүн. Эгерде транзакциялар кокустук схема боюнча тандалса, анда аудит жүргүзүү үчүн транзакциянын статистикалык тандоосун түзүү максаты болот.
- Аудитор тарабынан белгиленген параметрлерди бузган транзакцияларды тандоо үчүн колдонулган ыкма аудитордук сереп салуу файлын контролдоо системасы деп аталат. Кокустук схема боюнча транзакцияларды тандоо үчүн колдонулган ыкма аудитордук тандоонун текшерүү файлы деп аталат.
- Негизги жумуш программасын иштеп чыгуу менен бир эле учурда орнотулган аудитордук чакан программаларды иштеп чыгуу, жумуш программасына кошууга караганда жеңил жана оңой.
- Орнотулган аудитордук жол-жоболор туруктуу мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Компьютердик программага орнотулгандыктан, алар аудитор берген критерийлерге туура келген ар бир операцияны көзөмөлдөп турушат.
2) жазууларды сактоо жана тез көчүрмө;
- Программада маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча көптөгөн ар кандай кадамдар туташтырылышы мүмкүн, ошондуктан бир транзакция боюнча аудитордук из бир нече файлдарда болушу мүмкүн. Жазууларды сактоо программаны атайын транзакцияларды аныктоо (тегирование) үчүн өзгөртүүнү жана аларды иштеп чыгуунун бардык кадамдарын кошумча жазуулар катары сактоону билдирет, бул ошол транзакциялар үчүн бир файлдан аудитордук изди калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Мындай транзакциялар кокустук схема боюнча тандалышы мүмкүн же тесттерди редакциялоо үчүн өзгөчө учурлар катары тандалышы мүмкүн.
- Тез көчүрмө техникасы колдонулганда, транзакция аны иштеп чыгуу процессинде “сүрөткө тартылат”. Тез көчүрмө кодун киргизүүдө тандалган эс тутум системасынын мазмунун басып чыгаруу үчүн башкаруу программасынын коду тиркемеге киргизилет. Тез көчүрмө программаны оңдоо методу катары колдонулат. Аудит куралы катары, тез көчүрмө кодун алдын-ала белгиленген чектен ашкан транзакциялар үчүн гана пайдаланууга болот.
- Эсептик жазууну кеңейтүү жана тез көчүрмө методдору абдан окшош. Айырмасы, тез көчүрмө методунда басылып чыккан аудитордук из түзүлөт, ал эми эсептик жазууну кеңейтүү методунда тез көчүрмө маалыматтарын кагаз бетине басып чыгарбастан эсептик жазууну кеңейтүү файлына киргизилет.
3) маалыматтарды картографиялоо (чагылдыруу);
- Эс тутумдагы маалыматтарды чагылдыруу (картографиялоо) программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү (көзөмөлдөө) үчүн атайын программалык тиркемени колдонууну билдирет. Бул программа башкаруу программасы тарабынан программанын ар бир оператору/командасы канча жолу аткарылганын эсептейт. Бул методика алгач программаны долбоорлоо жана тестирлөө үчүн колдонулган, бирок азыр аудиторлор аны программанын операторлору/командалары аткарылып жаткандыгын аныктоо үчүн колдоно башташты. Картографиялоо (эс тутум) программа кадимкидей иштеп жатканда жана блоктолбогондо, иш жүзүндө аткарылган программанын баштапкы тил тизмесинде пайда болгон программалык тиркеме операторлорду/командаларды башкарабы же жокпу аныктоого жардам берет. Ал ошондой эле бузулган программанын коддорун жайгаштырышы жана алдамчылык менен колдонулуп жаткан коддорду белгилеши мүмкүн.
- Маалыматтарды чагылдыруу (картографиялоо) тесттик маалыматтарды иштеп чыккан программа менен колдонулушу мүмкүн. Картографиялык программаны чыгаруучу жабдуу программада колдонулбаган код бар же жок экенин көрсөтө алат. Колдонулбаган бардык коддорду программада калтыруу керектигин же жок кылуу керектигин чечүү үчүн алар изилденип, колдонулбаган коддордун максаты бааланат.
4) маалыматтарды аныктоо (тегирование) жана көзөмөлдөө;
- Маалыматтарды аныктоо (тегирование) жана көзөмөлдөө жол-жобосун колдонууда, атайын транзакциялар компьютердик системага киргизилип жатканда (тегдер менен коштолот) алгач идентификацияланып, андан кийин алардын система аркылуу өтүшү системадан чыкканга чейин көзөмөлдөнөт. Бул аудиторго атайын транзакциялар үчүн каралган бардык жол-жоболордун аларга карата колдонулганына ынанууга мүмкүндүк берет.
- Маалыматтарды көзөмөлдөө программа аткарган бардык командалар боюнча деталдуу аудит изин берет. Жалгыз из миңдеген чыгуу (чыгаруу) жазууларды жасашы мүмкүн, андыктан аудитор мүмкүн болушунча мындан ары көзөмөлдөө үчүн тегдер менен коштолгон транзакциялардын санын чектөө үчүн чараларды көрүшү керек. Маалыматтарды көзөмөлдөө, ошондой эле тиркемедеги ички контролдун каражаттары реалдуу да жана тесттик дагы маалыматтарды ар дайым иштеп чыгууда аткарылып жаткандыгын ырастоо үчүн колдонулушу мүмкүн. Из ошондой эле программанын аткарылбаган код топторун табышы мүмкүн.
5) контролдонуучу маалыматтарды кайра иштеп чыгуу;
- Аудитор кардардан аудиттин кардары өз ишинде колдонгон маалыматтарды иштеп чыгуу программасынын текшерилген көчүрмөсүн алат, андан кийин бул программаны текшерилген программа аркылуу маалыматты жана транзакцияларды кайра иштеп чыгуу үчүн колдонот. Бул тесттин жыйынтыктары кардардын эсепте чагылдырылган маалыматтарды иштеп чыгуусунун иш жүзүндөгү жыйынтыктары менен салыштырылат.
Электрондук таблицаларды колдонуу
102. Электрондук таблицаларды эки категорияга бөлүүгө болот: (математикалык) моделдөө үчүн электрондук таблицалар жана операциялык системалар үчүн электрондук таблицалар. Моделдөө үчүн колдонууда мисалы, биригүү же кошулууну моделдөөдө (баалоодо) электрондук таблицалар ар кандай сандагы “а эгерде” деген сыяктуу сценарийлерди болжолдоо үчүн комплекстүү калькулятор катары иштей алат. Операциялык системаларда колдонулган электрондук таблицалар эки функцияны аткара алат – транзакциялык (оперативдүү) маалыматтарды камтыйт жана иштеп чыгат. Операциялык системаларда электрондук таблицалардын типтүү колдонулушуна товардык запастардын тизмеси, негизги каражаттар, кардарлар жөнүндө купуя маалыматтар ж.б. сыяктуу тармактык тизмелерди жүргүзүү жана үзгүлтүксүз тейлөө кирет.
103. Мекемелер жана уюмдар тарабынан, атап айтканда алардын ишинде электрондук таблицаларды кеңири колдонууга байланыштуу ички аудиторлор электрондук таблицаларды түзүү жана аларды жумуш абалында кармоо жагынан квалификациялуу эксперттер болууга, ошондой эле алсыз жерлер кайда болушу мүмкүн экендигин билүүгө тийиш. Мындан тышкары, аудиторлор маалыматтардын колдонулушуна жана тактыгына өзгөчө көңүл бурушу керек, тактап айтканда, убакыттын өтүшү менен маалыматтар бурмаланып, натыйжада бир катар каталар кетиши мүмкүн.
104. Электрондук таблицаларды дээрлик универсалдуу колдонуу зыяндуу кесепеттерге алып келет: электрондук таблицаларды колдонуу тобокелдиктери электрондук таблицалардын өздөрү сыяктуу эле кеңири таралган болуп саналат. Ички аудиторлор электрондук таблицаларды колдонуу менен байланышкан тобокелдиктердин ар кандай түрү катары кыраакы байкоо жүргүзүүчү болушу керек.
105. Электрондук таблицаларды колдонуу менен байланышкан беш негизги тобокелдиктер бар:
1) 1-тобокелдик: Квалификациясыз колдонуучулар;
- Электрондук таблицалар кеңири колдонулган курал болгону менен, уюмдагы ар бир кызматкер аларды колдонуу боюнча тийиштүү билимге же квалификацияга ээ эмес. Натыйжада, уюм үчүн маанилүү маалымат жетишсиз же туура эмес иштелип чыккан электрондук таблицаларда иштелип чыгышы мүмкүн; жана тийиштүү контроль болбосо, бул көйгөйлөр убакыттын өтүшү менен топтоло бериши мүмкүн. Демек, ички аудиторлор электрондук таблицаларды колдонууга алар текшерген уюмдардын кызматкерлеринен кем эмес, ал тургай кыйла даяр болушу керек. Мисалы, аудиторлор ар кандай таблицалардагы каталарды таанып, ошондой эле туура эмес формулалары бар таблицаларды аныктай алышы керек.
- Мындан тышкары, таблицалык эсептөө программалары дайыма жаңыланып жана өркүндөтүлүп тургандыктан, ички аудиторлор электрондук таблицаларды өркүндөтүү боюнча акыркы жаңылыктар жаатында окутуудан үзгүлтүксүз өтүп турушу керек. Ички аудиторлорго электрондук таблицаларды өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларынан кабардар болууга жардам бере турган көптөгөн, оңой жеткиликтүү окуу куралдар бар. Электрондук таблицаларын колдонуу боюнча акысыз окутуу интернет-курстарынан тышкары, Электрондук таблицалардын иштешин текшерүү үчүн бир катар башка компьютердик программалар бар, алар аудиторлор үчүн максаттуу болушу мүмкүн.
2) 2-тобокелдик: Электрондук таблицаларды даярдоонун так принциптеринин жоктугу;
- Эгерде электрондук таблицаларды даярдоого карата принциптер жана методикалык көрсөтмөлөр жетишсиз, толук эмес же түшүнүүгө кыйын болсо, анда бул учурда ички контроль боюнча отчеттордогу каталар кадимки көрүнүш болуп калуу тобокелдиги жогору. Мындан тышкары, таблицалык эсептөө программалары дайыма жаңыланып тургандыктан, абдан жакшы жазылган принциптер жана саясаттар эскирип калышы мүмкүн. Ошондуктан стилдик форматтоо, маалыматтык толуктоо жана электрондук таблицаларды даярдоо үчүн жоопкерчилик уюмдун принциптери жана жол-жоболору түрүндө документтештирилип, таблицалык эсептөө программаларынын жаңы версиясы чыккан же алынган сайын кайра каралып турушу керек.
3) 3-тобокелдик: Маалыматтарды киргизүү жана кайра колдонуу;
а) Эски таблицаларды кайра колдонуунун натыйжасында жана маалыматты кесүү жана коюу, майда толуктоолорду киргизүү жана таблицаларды кайра форматтоо боюнча көптөгөн маалыматтар бузулуп, ошону менен электрондук таблицалардын бүтүндүгү бузулушу мүмкүн.
б) Кайталап пайдалануу тобокелдигин азайтуу үчүн ички аудиторлор төмөндө келтирилген иш-аракеттерди аткарууга тийиш:
- кирүү маалыматтарын эсептөөлөр үчүн колдонулган электрондук таблицадан бөлөк сактоо;
- маалыматтардын, сандардын же акча чоңдуктарынын мамыларын кошкон формулалардагы каталарды болтурбоо үчүн контролдук сумманын жардамы менен текшерүүнү (б.а., маалыматтарды берүүнүн тууралыгын текшерүү үчүн белгилүү бир алгоритм боюнча эсептелген маани же сан) колдонуу;
- формуланы колдонуунун натыйжалары туура экендигин текшерүү үчүн кокустук маалыматтар же пакеттин контролдук суммасы сыяктуу өзүн-өзү текшерүүчү программалык каражаттарды колдонуу;
- электрондук таблицага каталардын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк бербеген автоматтык каражатты колдонуу;
- сыр сөз менен коргоону колдонуп, электрондук таблицанын шаблондору автоматтык түрдө өзгөрбөгөнүн текшерүү жана ырастоо.
4) 4-тобокелдик: Электрондук таблицалардагы каталар;
- Азыркы учурда заманбап электрондук таблицаларда олуттуу каталар бар. Кээ бир каталар жакшылап иштеп чыкпагандыктын натыйжасы болсо да, дайыма алдамчылык кылуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн электрондук таблицалардагы каталар атайылап киргизилген учурлар дагы эле бар.
- Ички аудиторлор атайылап анык эмес электрондук таблицалардын болушунун ар кандай мүмкүнчүлүгүнө карата кыраакы болууга тийиш. Электрондук таблицалар ичинен (документтин өзүндө), ошондой эле сырттан (аларды сактоого тиешелүү) корголгон мүмкүндүк алуу менен иштелип чыгышы мүмкүн. Мисалы, электрондук таблицадагы блоктолгон ячейкалар формулаларды жасалмадан коргой алат. Электрондук таблицаларга “физикалык” мүмкүнчүлүк кызматтык зарылчылык принцибине негизделген уруксаты бар персонал үчүн гана чектелиши мүмкүн. Ошондой эле, электрондук таблицаларды серверде чектелген мүмкүнчүлүк менен сактоо маалыматты санкцияланбаган мүмкүнчүлүк менен коргой алат.
5) 5-тобокелдик: Маалыматтарды жоготуу;
- Тиешелүү түрдө эмес же толук аткарылбаган маалыматтын резервдик көчүрмөсү, алар биротоло жоголуп кетиши мүмкүн болушуна алып келет. Бардык файлдардын резервдик көчүрмөсү жоголуп кетпеши же бурмаланып кетпеши үчүн туруктуу негизде жана бир нече жолу жасалышы керек. Таблицалык эсептөө программасына орнотулган автосактоо функциясы ката кетсе же система бузулуп калса, кокустан маалымат жоголуп кетпешин алдын алуунун ишенимдүү каражаты болуп саналат. Мындан тышкары, компания документтерди коргоону күчөтүү үчүн кошумча протоколдорду жүргүзө алат (жана фирманын ичиндеги маалымат системасынан тышкары резервдик же маалыматтарды калыбына келтирүүчү жабдыктарга ээ).
3-бөлүм. Ак ниет башкаруу жана ички контроль
106. Ички контроль системасын туура баалоо максатында, аудитор, адатта, ар бир кырдаалда болгон ички контролдун типтерин жана каражаттарын так көрсөтө алышы керек. Бул үчүн аудиторлор ак ниет башкаруунун жана ички контролдун жалпы принциптерин билүүгө тийиш. Тактап айтканда, алар учурдагы контролду жана алардын максаттарын түшүнүшү керек - процесстерди окуялар белгилүү бир жол менен болушу же бул контролдун каражаттарынын жоктугу, ошондой эле контролдун жалпы чөйрөсүнүн маанилүүлүгү үчүн уюштуруу. Маанилүү учур, жетекчилик тиешелүү иштелип чыккан контролдун каражаттарынан турган адекваттуу системаларды ишке киргизүү үчүн жооптуу экенин түшүнүү. Акырында, аудиторлор “Аудитти пландоо жана жүргүзүү” 10-главасынын кеңири сыпатталган системалардын аудитине ушул главанын концепциясын түшүнүп, колдоно алышы маанилүү.
§1. Аныктама
Контроль чөйрөсү
107. Мамлекеттик сектордогу жалпы контроль чөйрөсү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- башкаруунун жалпы системасы;
- иштин натыйжасына негизделген башкаруу системасы;
- ички контроль системалары;
- финансылык-чарбалык операцияларды контролдоо.
Жогоруда айтылгандар иерархиялык тартипте чагылдырылышы мүмкүн: “жогорку деңгээлдеги” контроль каражаттары (уюмдун жогорку жетекчилиги тарабынан бир нече жылда бир жолу белгиленет) жана андан ары ар бир министрликтин, ведомствонун же агенттиктин операциялык персоналы тарабынан күн сайын аткарылуучу төмөнкү деңгээлдеги контроль каражаттары.
Башкаруу
108. “Башкаруу - бул уюмду башкарууга жана контролдоого жардам берген каражат”.
Ак ниет башкаруунун фундаменталдык принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Ачыктык - бардык кызыкдар тараптар чечимдерди кабыл алуу процесси жана уюмдун жалпы иши, анын жетекчилиги жана кызматкерлери, ошондой эле уюм ишенимдүү, толук жана маанилүү маалыматтарды гана бере тургандыгы менен тааныша алышат;
- Чынчылдык - уюмдун ишинде чынчылдык жана объективдүүлүк, ошондой эле мамлекеттик фонддорду жана ресурстарды башкаруу системасында, уюмдун ичинде чечимдерди кабыл алуу процессинде, ошондой эле финансылык маалыматтардын сапатында акыл-эстүүлүктүн жана сатылбагандыктын жогорку стандарттарынын болушу болууга тийиш;
- Отчёттуулук жана жоопкерчилик – уюм жана анын кызматкерлери мамлекеттик каражаттарды башкарууга, ошондой эле иштин натыйжаларынын бардык аспектилерине тийиштүү кабыл алынган чечимдер жана иш-аракеттер үчүн жоопкерчилик тартышат. Мындан тышкары, уюмдун иши тиешелүү тышкы текшерүүдөн өтөт.
109. Бул принциптер мамлекеттик секторго тиешелүү уюмдарды башкаруунун төрт өлчөмүндө чагылдырылган.
3.1-таблица
Мамлекеттик сектордо башкаруунун төрт өлчөмү
Жүрүм-турум стандарттары: - Лидерлик; - Жүрүм-турум кодекси: - Ак ниеттүүлүк; - Объективдүүлүк жана ачыктык; - Өз ара мамилелер. Уюштуруу түзүмдөрү жана процесстери: - Мамлекеттик финансы жана иш үчүн отчеттуулук жана жоопкерчилик; - Кызыкдар тараптарды маалымдоо; - Ролдору жана милдеттери: - Бийлик менен ыйгарым укуктун балансы; - Жооптуу жетекчи; - Министрлердин, жооптуу жетекчинин жана башка жогорку жетекчиликтин ортосундагы мамиле; - Эмгек акы саясаты. Контроль: - Бухгалтердик контроль; - Бюджеттөө жана финансылык менеджмент; - Персоналды окутуу; - Ички аудит; - Тобокелди башкаруу; - Коррупцияга каршы иш-аракеттер. Тышкы отчет: - Жылдык отчет; - Эсепке алуунун тиешелүү стандарттарын колдонуу; - Иштин натыйжаларын өлчөө; - Эсептөө палатасы. |
Системалар
110. Уюмдун жетекчиси ага коюлган милдеттерге жетишүү үчүн уюмдун натыйжалуу иштөө шарттарын камсыз кылышы керек. Бул максатта, көптөгөн уюмдар системаны иштеп чыгышат. Системалар бухгалтердик эсепке тийиштүү чарбалык операциялар жана окуялар чагылдырылып, документтештирилген жол-жоболор жана иш-аракеттерди билдирет. Системалар ошондой эле уюмдун ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет:
- Ак ниет башкаруу системалары ачык-айкындуулукка, чынчылдыкка, отчеттуулукка жана жоопкерчиликке негизделген уюмдун ишинин багытын жана андагы контролду кепилдөө үчүн коюлган;
- Менеджмент системалары үнөмдүү, натыйжалуу жана өндүрүмдүү операцияларды аткарууну жана кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган;
- Эсепке алуу жана финансы системалары операцияларды документтештирүү жана финансылык маалыматтарды берүү менен алектенет.
Ички контроль каражаттары
111. Жетекчилик бар болгон системалар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканын, тиешелүүлүгүнө жараша, каталарды алдын алуу жана ачуу максатында иштөө процессинде контроль болуп жатканына ынанышы керек. Контроль каражаты каралып жаткан процесстин алкагында натыйжалуу же натыйжалуу эместигине жараша аныкталышы мүмкүн. Процесске көмөк кылган, демек, натыйжага салым кошкон же документ жүгүртүүнү колдоо үчүн зарыл болгон иш-аракет контроль каражаты катары каралбайт. Көбүнчө контроль каражаттары өзүнчө болот, анткени система аларсыз иштей алат, бирок алар системага орнотулгандыктан, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, көп учурда аларды аныктоо кыйын болот.
112. Түшүндүрмө катары жол-жоболорду эки типке бөлүүгө болот:
а) Процесстин жол-жоболору – система аркылуу операцияларды жана башка маалыматтарды иштеп чыгууга багытталган жана;
б) Камсыз кылууга багытталган контролдун жол-жоболору:
- процесстин жол-жоболорун иреттүү жана натыйжалуу аткаруу;
- жоболордун жана колдонмолордун талаптарын сактоо;
- уюмдун активдерин сактоо жана;
- жазуулардын толуктугун жана тактыгын сактоо.
113. Контроль каражаттары процесстин жол-жоболорына кошумча болуп саналат. Мында, контроль каражаттарынын жоктугу система тарабынан чыгарылган так эмес маалыматтардын пайда болушуна сөзсүз түрдө алып келбеши керек. Бирок контроль каражаттары жок болгондо система катаны байкабай, жалган маалымат берүү мүмкүнчүлүгү жогору.
114. Ички контролду төмөнкүдөй аныктоо ички аудит кызматтары үчүн түзүүгө болот:
Ички контроль системасы контроль каражаттарынын жалпы системасы болуп төмөнкүлөр саналат: ырааттуу жана майнаптуу тартипте өз ишин аткаруу максатында, операциялык майнаптуулукту жогорулатуу, анын автивдерин сактоо жана документ жүгүртүүнүн максималдуу толуктугун жана тактыгын камсыз кылуу үчүн уюмдун жетекчилиги тарабынан белгиленген бухгалтердик, финансылык, административдик, контроль жана башкаруу.
115. Жогоруда аталган аныктамадан келип чыккан ички контролдун төмөнкүдөй негизги өзгөчөлүктөрүн белгилей кетүү зарыл:
- Келишимдик милдеттенмелер күчүнө киргенге чейин ар бир этапта тийиштүү санкция жол-жоболорунун болушу зарыл;
- Коштомо документтерди түзүү же сактоо менен толук ырасталган бардык операциялардын туура таризделиши зарыл;
- Уюмдун мүлкүнүн талаптагыдай сакталышын камсыз кылуу үчүн так белгиленген жол-жоболор болушу керек;
- Уюмдун саясатын жана жол-жоболорун сакталып жана натыйжалуу жүзөгө ашыш үчүн көзөмөл жана башкаруу контролдун тиешелүү каражаттарын колдонуу зарыл.
§2. Контроль үчүн жоопкерчилик
116. Жетекчилик ресурстарды оптималдуу пайдаланууда белгиленген максаттарга жетүү үчүн уюмда тиешелүү адекваттуу жана натыйжалуу контролду түзүү жана сактоо үчүн жооптуу. Ички аудиттин ролу ички контролдун түзүмүн жана иштешин баалоо жана аларды жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү аркылуу жетекчиге жардам берүү болуп саналат, бирок бул жетекчини өз милдеттерин аткаруудан бошотпойт. Контроль системасынын бир бөлүгү ички аудит кызматынын болушу болуп саналат.
Ички аудиттин милдеттери
117. “Ички аудит” функциясы катышкан жерде, анын милдети жалпысынан төмөнкүлөр жөнүндө отчетко сереп салуу, баалоо жана даярдоо болуп саналат:
- ички контролдун ишенимдүүлүгү, адекваттуулугу жана колдонулушу;
- уюштуруучулук контроль максаттарга жетүүнү камсыз кылган даражалар, өндүрүштүк натыйжалуулукка көмөк көрсөтөт жана уюмдун кызыкчылыктарын жана менчигин коргойт;
- бул уюмдун саясатына, пландарына жана жол-жоболоруна шайкеш келүү даражалары;
- уюм тарабынан колдонулган финансылык жана башка башкаруу маалыматтарынын аныктыгы жана ишенимдүүлүгү.
118. “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган Ички аудит кызматынын конкреттүү милдеттери ушул колдонмонун “Ички аудиттин мыйзамдык алкактары жана стандарттары” деген 1-главасында баяндалган.
119. Белгилей кетчү нерсе, жетекчилик уюмдун муктаждыктарына ылайык келген ички контроль системасын канчалык деңгээлде колдонууну чечет. Контроль каражаттарын тандоодо, эгерде контролго көңүл бурулбай калса, операциялык контролду жана олуттуу жоготуулардын келип чыгуу тобокелдиктерин колдоого чыгымдардын суммасын салыштыруу зарыл. Ошондой эле, чакан уюмдарда жетекчи күнүмдүк иштерге жеке өзү тартылышы мүмкүн жана процессти өзү көзөмөлдөй алат, бул документтердин тууралыгын камсыз кылат жана ири уюмдарга мүнөздүү болгон катуу контроль системасын түзбөстөн тийиштүү жетекчиликти жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.
§3. Ички контроль каражаттарынын түрлөрү
Уюштуруучулук контроль каражаты
120. Ар бир уюмда кызматтык милдеттердин сыпаттамасын жана бөлүштүрүлүшүн камтыган жана уюмдун ишинин бардык аспектилери, анын ичинде контроль каражаттары үчүн отчеттуулуктун тартибин аныктаган регламент иштелип чыгышы керек. Укуктарды жана жоопкерчиликти өткөрүп берүү так аныкталууга тийиш.
121. Уюмдун түзүмү ички контролдун жетиштүү деңгээлин камсыз кылуу үчүн төмөнкү принциптер сакталышы керек:
- квалификациялуу персоналды ишке кабыл алуу жана окутуу;
- бухгалтердик эсеп жана материалдык жоопкерчилик сыяктуу функционалдык милдеттерди адекваттуу бөлүштүрүү;
- эсеп жүргүзүүнүн алкагында милдеттерди бөлүштүрүү;
- бардык кызматкерлер үчүн функционалдык милдеттер тийиштүү түрдө аныкталган.
Системалардын шайкештигин контролдоо каражаты
122. Контроль каражаты жаңы системаларды ишке киргизүүгө же бар болгондорду модификациялоону билдирет. Бул контроль каражатынын максаттары модификациялардын расмий бекитилишин камсыз кылуу; өткөөл мезгилди бир системадан экинчи системага өткөрүү боюнча тиешелүү пландарды киргизүү; талап кылынган натыйжаны жаңы же модификацияланган система менен иштеп чыгууну камсыз кылуу болуп саналат. Аудитор системаларга ар кандай ири оңдоолорду же жаңылоолорду жүзөгө ашырууга көңүл буруп, андан кийин аудитти жаңы системаны жана ага байланыштуу регламенттерди иштеп чыгууга тартуу деңгээли жөнүндө чечим кабыл алышы керек.
Функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү
123. Контролдун негизги каражаттарынын бири милдеттерди же кызматтык функцияларды бөлүштүрүү болуп саналат, эгерде аларды бөлбөсө, анда ал бир гана кызматкер тарабынан аткарылат жана ал ошондо бүт операцияны толугу менен тариздеп, жүзөгө ашырат. Функционалдык милдеттерди бөлүштүрүү атайылап бурмалоо же ката кетирүү тобокелдигин азайтат жана контролдун деңгээлин жогорулатат. Бөлүнө турган функциялар санкциялоо, аткаруу, сактоо, каттоо функцияларын, ошондой эле автоматташтырылган эсепке алуу системасы болгон учурда, системаны иштеп чыгуу жана күнүмдүк операцияларды жүргүзүү функцияларын камтыйт.
Контролдун физикалык каражаты
124. Контроль каражаты активдерди сактоого көбүрөөк таасир этет жана активдерге ыйгарым укуктуу персоналдын гана кирүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан жол-жоболордун жана коргоо чараларынын комплексин камтыйт. Бул контроль каражаты баалуу, кыймылдуу, алмаштырылуучу же керектүү активдер болгон учурларда эң маанилүү.
125. Жетекчилик уюмдун активдеринин сакталышы үчүн жооп берет. Бул категориядагы контроль каражаты окуялардын келип чыгышынын максаттарына жана алардын физикалык болушуна жетишүү үчүн аудитор үчүн маанилүү. Активдерге жетүүнү чектөө бул категориядагы контролдун эскертүү чарасы болуп саналат. Мисалы, кулпуланган дүкөндөр же сейфтерде накталай акча жана баалуу кагаздар сыяктуу оңой конвертирленүүчү буюмдар.
126. Мезгилдүү инвентаризацияны жүргүзүү уюмдун ишиндеги каталарды жана кемчиликтерди аныктоого багытталган. Бул контроль каражатынын колдонулушу коргоо жана каттоо функцияларынын бөлүнүшүнө жараша болот.
“Санкциялоо жана уруксат берүү” контроль каражаты
127. Бардык операциялар тиешелүү жооптуу адамдын санкциялоосун же уруксат берүүсүн талап кылышы керек. Санкциялоо чектери так белгилениши керек. Бул контроль каражаты өзүнө жалпы же атайын санкциялоону камтыйт.
Жалпы санкциялоо
128. Гранттар же дотация схемалары сыяктуу чыгымдардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн расмий санкциялоо талап кылынышы мүмкүн же жетекчилик белгилүү бир нарктагы капиталдык активдерди сатып алууга расмий уруксат бериши мүмкүн. Бул жалпы мүнөздөгү санкциялоо жана ал бүтүндөй контроль чөйрөсүнө таасир этиши мүмкүн.
Атайын санкциялоо (же уруксат берүү)
129. Жетекчилердин функционалдык милдеттери аткарылган чыгымдар жана операциялар үчүн отчеттуулуктун жана жоопкерчиликтин зарылдыгын камтыйт. Мындай учурларда чыгымдар келип чыгышы мүмкүн эмес жана иш-аракеттер жетекчинин санкциясыз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Айрым учурларда наркы жогору болгон операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин деңгээлинде же өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өзүнүн деңгээлинде талап кылынышы мүмкүн.
Контроль каражаты – “күбөлөндүрүү”
130. Документтердин ар кандай кийинки иш-аракеттер жасалганга чейин карап чыккан жана текшерген жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлүшү, адатта, айрым операцияларга карата колдонулат. Буга мисал катары төлөмдү жүргүзүүдөн мурун эсеп-фактураларды алуу жана текшерүү болот. Төлөмдү жүзөгө ашырууга уруксат эсеп-фактурада жооптуу жетекчинин колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бул жалпы кабыл алынган методика, бардык текшерүү жол-жоболор бухгалтердик китепке киргизилгенге чейин жүргүзүлгөндүгүнө кепилдик берет.
Контролдун арифметикалык жана эсепке алуу каражаты
131. Бул эсепке алуу жана жүзөгө ашырылууга тийиш болгон бардык операциялардын санкциялангандыгын, алардын бардыгы киргизилгендигин, туура катталгандыгын жана жүргүзүлгөндүгүн эсепке алуу функциясынын алкагындагы контроль каражаты. Бул контроль каражаты жазууларды арифметикалык текшерүүнү, жыйынтык маанилерин, салыштырууну, контролдук эсептерди текшерүү жана сыноо балансын текшерүүнү, ошондой эле документтерди чогултууну жана иштетүүнү камтыйт.
132. Жүзөгө ашырылып жаткан операциялардын аякташына жана тууралыгына түздөн-түз тиешеси бар төрт контроль каражатынын техникасы бар. Мүнөзү боюнча алар алдын алуучу же буга чейин кетирилген каталарды жана кемчиликтерди аныктоочу болушу мүмкүн жана көпчүлүк системалар ушул эки типтин комбинациясын камтыйт. Контроль каражатынын төрт техникасы төмөндө келтирилген:
- Ырааттуулукту текшерүү: Документтерди алдын ала номерлөө документтерди иштеп чыгуу учурунда алардын үстүнөн контролду белгилейт; толтурулган документтерди номерлөөнүн ырааттуулугун кийинки текшерүү жүргүзүлүп жаткан текшерүү участокторунда эсептик жазуулардын толуктугун камсыз кылат.
- Салыштыруу: Каталарды жана кемчиликтерди аныктоо үчүн документтердин бир пакетин же бухгалтердик жазууларды башкалар менен салыштыруу. Мисалы, эсеп-фактураларды буйрутма берилген жана иш жүзүндө алынган товарлар боюнча жазуулар менен салыштыруу бул эсеп-фактуралардагы каталарды табышы мүмкүн: товарлар алынып, бирок буйрутма берилбегенде же товарлар буйрутма берилип, бирок алынбай калганда. Ошондой эле, бул, мисалы, иш жүзүндөгү жыйынтыгы жана болжолдонгон түшүүлөр жана чыгымдар боюнча бардык маанилерди салыштырууну камтыйт.
- Жыйынтыктарды текшерүү: Документтердин жана жазуулардын комплектинин баштапкы жыйынтыктоочу маалыматтарын текшерүү процессинин натыйжасында алынган жыйынтык маалыматтар менен салыштырууну камсыз кылуу. Чынында, жыйынтыктоочу маанини жыйынтыкты алуу процесстин өзүнө катышпаган адам текшериши керек. Контроль даражасы жалпы маалыматтар кантип алынганына жараша болот.
- Кайра текшерүү: Контроль төмөнкүчө жүргүзүлөт: операция алгач бир кызматкер тарабынан аткарылып, андан кийин дагы бир жолу өз натыйжасын баштапкы менен салыштырган башка бирөө өз алдынча аткарганда. Бул техника көбүнчө эсептөөлөрдү текшерүүдө колдонулат. Иш жүзүндө, жетекчилик жыйынтыктарды тандалма негизде кайра текшергенди аудитор көп кездештирет, бул алардын көзөмөлдөөчү функцияларынын бир бөлүгү болуп саналат.
Персоналды контролдоо каражаты
133.Кызматкерлердин функционалдык милдеттери алардын потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө шайкеш келишине кепилдик берген жол-жоболор болушу керек. Ар кандай системанын туура иштеши сөзсүз түрдө анда иштеген кызматкерлердин компетенттүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна көз каранды. Ар кандай контроль системасын иштеп чыгууда кесипкөйлүк, персоналды тандоо жана окутуу методу, ошондой эле тартылган кызматкерлердин жеке этикалык мүнөздөмөлөрү сыяктуу маанилүү критерийлер эске алынат.
“Көзөмөл” контроль каражаты
134. Ар бир ички контролдун системасы күнүмдүк операцияларды көзөмөлдөөнү жана андан кийин аларды жооптуу кызмат адамдары тарабынан каттоону камтышы керек. Көзөмөлдүн майнаптуу системасы финансылык отчеттуулукту текшерүү, бюджеттин четтөөлөрүн талдоо ж.б. жолу менен жана ички контролдун майнаптуулугуна мониторинг жүргүзүү жолу менен уюмдун ишин контролдоого жетекчиликти тартуунун натыйжасында келип чыгат.
“Жетекчилик” контроль каражаты
135.Бул контроль каражаты системанын күнүмдүк эски операцияларынан тышкары жетекчилер тарабынан жүзөгө ашырылат. Ал жетекчилик тарабынан жүзөгө ашкан өндүрүш процессинин комплекстүү контролун, башкаруу эсебинин тууралыгын текшерүүнү жана аны бюджеттер менен салыштырууну, ички аудиттин функциясын жана башка атайын текшерүү жол-жоболорун камтыйт.
§4. Ички контролдун максаттары
136. Ички контроль каражаттарынын максатын же функциясын үч негизги категорияга бөлсө болот:
1)Контролдун багытоочу каражаты: Бул контроль каражаты отчеттуулук жана башкаруу процесстерине контролду орнотуу үчүн иштелип чыккан. Мындай контроль каражаты жалпысынан документалдык көрүнүшкө ээ (мисалы: саясат жана жол-жоболор боюнча колдонмо, жүргүзүлүп жаткан операциялардын стандарттары, кызматтык милдеттердин толугу менен сыпатталышы жана бланктарды стандарттуу жөнөкөй жана түшүнүктүү формаларын колдонуу) же атайын жол-жоболорду, кызматтык милдеттердин толугу менен сыпатталышын жана бланктардын стандарттуу жөнөкөй жана түшүнүктүү формаларын колдонууну туура көрөт;
2) Алдын алуучу контроль каражатынын үч негизги түрү бар:
- Уюштуруучу контроль, мисалы, милдеттерди бөлүштүрүү, эки тараптан контроль жана активдерди физикалык контролдоо;
- Бухгалтердик жазууларды жана активдерди эсепке алууну жүргүзүү;
- Документтерди контролдоо, мисалы, контролдук суммалардын жардамы менен алдын-ала номерлөө, топтоо жана текшерүү.
3) Контролдун аныктоочу каражаты: Эгерде алар орун алган болсо, отчеттордо каталарды жана ченемдерди бузууларды аныктоо үчүн иштелип чыккан контроль каражатынын түрү. Эрежедегидей эле, мындай контроль каражаты аудитор үчүн өтө маанилүү, анткени контроль тийиштүү түрдө жүзөгө ашырылган деп документалдык жактан тастыктоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мисалы, контролдун багытоочу каражаттарын жүргүзүү аныкталган бузуулар жөнүндө отчет даярдоону талап кылат.
§5. Контроль чөйрөсү
137. “Контроль чөйрөсү” терминин “уюмда контролду жүзөгө ашыруу үчүн тандалган жол-жоболордун жана методдордун тандоосуна жана натыйжалуулугуна маанилүү таасир этүүчү факторлор” деп түшүнсө болот. Аудитор канааттандырарлык жана жагымсыз чөйрөнү айырмалай билиши керек.
138. Контроль чөйрөсү эки элементти камтыйт: “контролду түшүнүү” жана “контролдун жалпы механизмдери”. Контролду түшүнүү сезилбегендигине карабастан, уюм контролдун ички жол-жоболоруна берген маани катары сыпаттоого болот. Бул көбүнчө сезилбейт, бирок жетекчиликтин катуу контролго болгон мамилеси контролдон качууга аракет кылбоо үчүн курал катары кызмат кылышы керек.
139. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн уюм иштерди натыйжалуу, минималдуу чыгымдар менен башкарууга, салык төлөөчүлөрдүн же башка кызыкдар тараптардын атынан көрсөтүлгөн кызматтардын баасы менен сапатынын ортосундагы эң жакшы катышты сактоого умтулат. Эгерде жетекчилик контролдун тийиштүү түшүнүүсүн өнүктүрүүгө көмөктөшсө, экономикалык жактан натыйжалуу ички контроль системасы терс кысымдарды жеңүүгө жана башкарууга баш ийбөөгө же качууга жол бербөөгө жардам бериши керек.
140.Жетекчиликтин контролду натыйжалуу жүзөгө ашырууга канчалык деңгээлде умтулгандыгынын өлчөнө турган көрсөткүчтөрүнүн бири ички жана көз карандысыз аудиторлордон, ошондой эле башка булактардан ички контроль системасында олуттуу кемчиликтер бар же айрым кызматкерлер контролдон качышат деген пикирлерди алууга жетекчиликтин реакциясы болуп саналат. Түзөтүү чараларын көрүү боюнча жетекчиликтин өз убагында көрсөтмөлөрү жетекчиликтин берилгендигин тастыктайт жана ошону менен уюмдагы контролдун түшүнүктүүлүгүн жогорулатат. Эгерде укук бузган адам жасаган иши үчүн жаза алса, бул тартипти бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
141.Контролду түшүнүүгө каалаган таасирин көрсөтүү үчүн, системаны иштөөгө түрткөн контролдун жалпы механизмдери болушу керек.
142.Контролдун жалпы механизмдери бухгалтердик эсептин колдонулушунун бардык формаларына тиешелүү эмес болгон баарына тийиштүү жана жеке контролдун айрым чөйрөлөрүнүн натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон тартипти камсыз кылат. Төмөнкүлөр кирет:
- Уюштуруу түзүмү;
- Саясат жана жол-жобо жөнүндө түзүү, өзгөртүү жана маалымдоо саясаты жана жол-жоболору;
- Бюджеттик контроль жана финансылык отчеттор;
- МТ/МСга жалпы контроль;
- Персоналдын чынчылдыгы жана кесипкөйлүгү;
- Жүрүм-турум ченемдери.
143. Тийиштүү контроль чөйрөсүнүн болушу кандайдыр бир контроль системасынын майнаптуу иштешине кепилдик бербейт. Бирок анын жоктугу жалпысынан түрдө эсепке алуу системалары тарабынан берилүүчү маалыматтардын ишенимдүүлүк деңгээлин төмөндөтөт.
§6. Ички контроль каражаттарынын натыйжалуулугун чектөө
144. Ички контроль каражаттары жеке мүнөздү албай деле жүрө алгандыгын эстен чыгарбоо керек. Контроль каражаттарын түзгөн көбүнчө операциялар жана текшерүүлөр адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат. Адам факторуна тиешелүү каталар эң көп кездешет: баалоодо же чечмелөөдө каталар болот, түшүнбөстүктөр пайда болот, жоопкерчиликсиздик, чарчоо, көңүл бурбоо учурлары болот. Ушул факторлордун бардыгы контролду натыйжалуу жүргүзүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Контроль жана так жол-жоболор болгон учурда да, эгерде алар иш жүзүндө жүзөгө ашырылбаса, б.а. эгерде алар тийиштүү түрдө (регламентке ылайык) колдонулбаса, анда контроль каражатын колдонгон адам жана бүтүндөй системадагы контроль ийгиликсиз болуп калышы толук мүмкүн.
145. Канааттандырарлык эмес контроль каражаттарына жетекчилик дагы өз таасирин тийгизиши мүмкүн. Милдеттерди бөлүштүрүүгө көз каранды болгон ички контроль каражаттары жашыруун макулдашуу аркылуу этибарга алынбайт. Жетекчи белгиленген контроль каражаттарын жокко чыгаруу укугун өзүнө калтыра алат. Финансылык-чарбалык операцияларды жүргүзүүгө санкцияланган адам өз кезегинде бул ыйгарым укуктарды кыянаттык менен пайдаланышы мүмкүн. Жетекчилик контролду туура жүргүзүү үчүн тиешелүү компетенция же билимге ээ болбогон адамдарды жалдай алат. Ошондуктан бир дагы, керек болсо эң мыкты ойлонуп табылган дагы контроль системасы процессти башкаруунун 100% майнаптуулугуна, ошондой эле жазуулардын толуктугуна жана тактыгына кепилдик бере албасын унутпоо керек.
§7. Аудитордун ички контролду колдонушу
146. Системаны изилдеп үйрөнүү менен бирге, аудитор жетекчиликти системанын таасирдүүлүгүнө ынандырууга, жана ошондой эле аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга байланыштуу корутундуга келүүгө умтулат. Өз милдеттерин аткарууда аудиторлор төмөнкүдөй мамилелерди карманууга тийиш:
- Уюмдун алкагындагы ар бир системаны аныктайт;
- Ар бир системанын жалпы максатын аныктайт;
- Жалпы маселелерди туура чечүүгө жетишүү үчүн ар бир система үчүн контролдун зарыл болгон максаттарын аныктайт;
- Контролдун туруктуу максаттарына жетишүү үчүн ар бир системадагы ички контролдун негизги каражаттарын аныктайт;
- Контролдун белгиленген каражатына баа берет, системанын чабал жерлерин аныктайт жана жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча ага зарыл болгон сунуштамаларды иштеп чыгат;
- Контролдун каралган системасынын тийиштүү түрдө иштеп жатышына жана уюмдун максаттарына жетишүү үчүн кызмат кыларына ынанат;
- Системанын иштешин өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрү, алардын күчтүү жана начар жактары, бир кыйла жоготуулар, катачылыктар же белгиленген стандарттардан четтеп кетүүлөрдүн болушу мүмкүн экендиги жөнүндө билдирет.
147. Мындан тышкары, эгерде аудитор система ишенимдүү жана жоготуулардын тобокелдиги өтө аз деп эсептесе, кемчиликтерге аудитордук тестирлөө жүргүзүштүн кажети жок. Эгерде аудитордун пикири боюнча система тобокелдиктерди четтетүү үчүн контролдун жетиштүү деңгээлин камсыз кыла албаса, практика жүзүндө системанын тийиштүү деңгээлде иштебей жаткандыгына жетекчиликти ынандыруу үчүн системанын мааниси боюнча тестирлөө жүргүзүшү керек.
4-глава. Тандоо жана тестирлөө
148. Аудитти өткөрүүнүн жүрүшүндө операциялардын көптүгү туура чечим чыгаруу үчүн аларды толук камтууну талап кылат. Бирок ресурстардын жана убакыттын чектелгенине байланыштуу аудитор тандоо ыкмасын пайдалануу менен операциялардын белгиленген санына тестирлөөнү жүргүзүшү керек жана муну менен жалпы текшерилип жаткан система жөнүндө пикирди камсыз кылып, жыйынтыктарга жана аудитордук далилдерге ишенимдин деңгээлин жогорулатат.
Демек тандоо - бул операциялардын белгиленген санына карата жайылтылуучу, жана жалпы текшерилүүчү жыйынды жөнүндө пикирди камсыз кылуучу аудитордук жол-жобо.
149. Контролдун каражаттарын текшерүү боюнча тесттерди иштеп чыгууда процесстин жол-жоболорун эмес, түздөн-түз контролдун жол-жоболорун тестирлөөнү камсыз кылуу маанилүү (“Аудиттин системасын пландоо жана өткөрүү” 10-главасынын А тиркемесин караңыз). Мындан тышкары, контролдун каражаттары (ошондой эле ал түзүлгөн түрдө) - тиешелүү максаттарга жетүү үчүн эң жакшы ыкма экенин эске алуу керек (туруктуулук, толуктук ж.б.), андай болбогон күндө аны тестирлөөнүн кажети жок. Эгер биздин корутундуга ылайык контроль системасы начар болсо, анда контролдун бул каражатын тестирлөөнүн анчалык деле мааниси болбойт. Кемчиликтерди аныктоого тестирлөө өткөрүлүшү мүмкүн (б.а. начар контроль каражаттарына түздөн-түз багытталган тестирлөө), бирок ал дагы контролдогу кемчиликтерди таба албай калышы мүмкүн. Бирок мындай системанын кемчиликтерин табуунун зарыл ишенимин камсыз кылуу үчүн текшерүүнүн масштабы кыйла кеңири камтууну талап кылат.
150. Ички контролго кандайдыр бир деңгээлдеги ишенимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн жана мааниси боюнча кандай тесттерди өткөрүүнү аныктоонун кыйла оор жана көптөгөн ыкмалары бар. Ички аудитор финансылык отчеттор тууралуу пикирди айтпайт, анын максаты ички контроль системасынын адекваттуулугун аныктоо жана аны кантип жакшыртуунун жолдоруна көңүл буруу.
151. Аудитор, бардык корутундулардын жыйындысына ынанышы керек, өзгөчө кемчиликтердин санынын планында; аларды наркынын категориялары боюнча бөлүштүрүү керек, өзгөчө кыянаттык фактылары боюнча атайын териштирүү өткөрүү учурларында. Эгерде көптөгөн сандагы каталар табылган учур болсо, жана ошондой эле кыянаттык фактылары боюнча атайын териштирүү өткөрүлүп жаткан мезгилде же жетекчилик биз тапкан контролдун кемчиликтерин моюнга алгысы келбеген учурларда аларды наркынын категориялары боюнча бөлүштүрүү керек болот. Ички аудиттин иши каталардын операциясындагы наркын баалоого эмес, пайыздык катнаштагы алардын санына басым жасоого багытталат.
Тестирлөө
152. Бардык учурда аткарылып жаткан аудит боюнча иш жалпы тестирлөө жолу менен эмес, тандоону колдонуу жолу аркылуу аткарылган болсо, анда жыйынтыктардын чечмеленишин кароо керек. Салыштырмалуу чоң эмес тандоолор боюнча тесттин жыйынтыктары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
- Бардык система боюнча же операциялардын тобу жөнүндө жетекчиликке бериле турган корутундунун негизи катары;
- Бухгалтердик эсеп, финансы жана операциялык системалардын жалпы натыйжалуулугу жөнүндө ички аудитордун корутундусу үчүн негиз катары;
- Жетекчилик тарабынан кийинки алдын алуу чараларды көрүү же териштирүү үчүн.
153. Демек, тандоону колдонуунун негизинде жасалган корутундулар менен сунуштар бардык жыйындынын мүнөздөмөсүн чагылдырышы керек экендиги өзгөчө маанилүү болуп эсептелинет. Иш жүзүндө колдонулган тандоону аныктоонун ыкмалары, тандоону тестирлөөнүн негизинде жасалган аудитордун корутундусундагы бардык жыйындынын жалпы мүнөздөмөсүн чагылдырарына 95% ишенимди камсыз кылышы керек.
154. Тандоону кароонун жыйынтыгын чечмелөөнүн ыкмасы негизинен, төмөнкүдөй эки фактордон көз каранды:
- Колдонулган аудитордук тестирлөөнүн тибинен;
- Тандоонун тибинен жана иргеп алуу ыкмасынан.
Аудитордук тесттин типтери. Өтмө/ырастоочу тест
155. Биринчи жана эң жеңил тест ыкмасы - бул өтмө тест. Өтмө тест каталарды табуу, бул аудитордун системанын теориялык иште, жана ошондой эле практика жүзүндө кантип иштешин тиешелүү түрдө түшүнгөн эместигин белгилейт. Адатта бул нерсе контроль системасынын чындыгында иштелип чыккан же документталдык түрдө таризделгениндей иштебей жаткандыгын билдирет. Мындай учурда, аудитор системанын операциялык ишмердигинин ишин жана документтерин жакшы түшүнүү үчүн алынган маалыматтарды кайра карашы керек.
156. Өтмө тестти жүргүзүүдө каталарды табуу, бул пландаштырылган контроль каражаты же бул конкреттүү операция үчүн жасалган процесс көп учурда аткарылбай калган дегенди түшүндүрөт. Аудитор муну ката деп белгилеши керек жана бул маселени келерки тандоого кошушу керек. Ошону менен бирге, ал системанын туура иштешин ырастоо үчүн башка аталыштагы иштерге да кошумча өтмө тестти жүргүзүшү керек.
Контроль каражаттарынын тесттери/контролдун кеңейтилген тесттери
157. Контроль каражаттарынын тесттери ички контроль системасынын натыйжалуу иштеп жатышына иш жүзүндө баа берүү үчүн иштелип чыгарылган. Булар уюмдун ресурстарынын жок болуп кетүү мүмкүнчүлүгү сыяктуу маанилүү тобокелдиктерди кыскартуудагы контроль каражатынын натыйжалуулугун камсыз кылышат. Контроль профилактикалык чара болуп эсептелинет. Контроль каражаттарынын жоктугу же тийиштүү эмес деңгээлде иштеши кемчиликтердин бар экендигин айгинелебейт; бирок бул кандайдыр бир катанын табылбай жана оңдолбой калышы мүмкүн экендигин айгинелейт. Бул катачылыктардын пайда болуу тобокелчилигин көбөйтөт, ошондой эле уюмду алдамчылыкка жана коррупцияга көбүрөөк алсыз кылат. Ички аудит операцияларды мүмкүн болушунча текшерүүгө эмес, контроль каражаттарына көңүл бурат, анткени контроль зыяндын алдын алуу чарасы болуп саналат, ал эми операцияларды сыноо техникасы келтирилген зыянды иш жүзүндө болгондон кийин аныктайт.
158. Ошентип, контроль тесттеринин натыйжаларын баалоодо, кемчиликтердин болушу мүмкүн болуучу тобокелдиктин өсүшүнө алып келерин, ошондой эле контроль тесттери адатта зыяндын бар экендигин аныктай албастыгын баса белгилей кетүү керек. Контроль начар болгон учурда, аудитор, адатта, начар контролдун натыйжасында уюм тарткан жоготуулардын көлөмүн далилдей ала турган мааниси боюнча тесттер менен контролду тестирлөөнү толуктайт.
159. Контроль каражаттарынын кеңейтилген тесттери колдонулганда, аларды баштапкы чакан топто колдонууга мүмкүн болсо да, контроль каражаттарынын тесттери сыяктуу эле каралууга тийиш.
Мааниси боюнча тест/кемчиликтердин бар экендигине тест
160. Өзүнчө алынган операциялардын артыкчылыктары боюнча тесттер операциялардын белгилүү бир тобунун туура иштешин ырастай алат. Алар текшерүүдөн өткөн жана шайкеш келген операцияларды жана ошондой эле шайкеш келген, бирок текшерилбеген операцияларды айырмалай алышпаса да, контролдун иш жүзүндө канааттандырарлык иштеп жатканын аныктоонун кыйыр жолу катары колдонулушу мүмкүн. Бирок каталарды аныктоо контроль системасынын майнаптуу иштебегендигин далилдейт. Ошентип мааниси боюнча тест системасынын ойдогудай иштебей жатканын ырасташы мүмкүн, бирок контроль системасынын майнаптуу иштеп жаткандыгын олуттуу ырастай албайт.
161. Демек мааниси боюнча тесттердин корутундулары ички контроль системасынын иштешине абсолюттук кепилдик бербей тургандыгы жөнүндө түшүндүрмөлөрдү камтууга тийиш. Бирок контроль каражаттарын тестирлөөдөн айырмаланып, мындай тестирлөө текшерилүүчү тандоодогу алынган каталардын деңгээлине негизделген бүтүндөй келтирилген зыяндын болжолдуу өлчөмүн бере алат.
162. Кемчиликтерди табуу боюнча тестирлөө колдонулганда, алар мааниси боюнча тесттер сыяктуу эле колдонулушу керек, бирок ошол кемчиликтерди көрсөткөн баштапкы тандоонун конкреттүү чакан тобуна, мисалы, конкреттүү бир адам тарабынан иштелип чыккан бардык төлөмдөргө карата колдонулушу керек.
Тандоо өлчөмү боюнча колдонмо
163.Төмөндө беш ар кандай аудитордук тесттерге тиешелүү аудитордук тандоону аныктоонун сунушталган жол-жоболору келтирилген.
A – Өтмө /ырастоочу тесттер
164.Аудиторлор системалык аудиттин ыкмасын колдонууда системанын татаалдыгына жараша 1-3 аталыштар боюнча өтмө тест жүргүзүүдөн башташы керек.
165. Өтмө тест - бул системалардын аудитинин бир бөлүгү катары кабыл алынган процесс. Системага мүнөздүү операциялар бүткүл система аркылуу байкалат жана өтмө тесттин максаты аудиторго бул процесстердин иш жүзүндө кандайча жүргүзүлүп жаткандыгын түшүнүүгө жардам берүү. Өтмө тесттердин максаты - аудитордун системанын иштешин түшүнгөндүгүнүн тууралыгын, ал чогулткан маалыматтардын чындыгын тастыктоо.
B - контроль каражаттарынын тесттери
166. Контроль каражаттарын тестирлөө үчүн тандоонун өлчөмүн аныктоо боюнча сунуштамалар контролдун тобокелдигин алдын ала баалоо стадиясында системанын классификациясынан көз каранды болот. Эгерде контроль каражаты алсыз деп бааланса, анда кемчиликтерди табууга тесттер жүргүзүлүшү керек. Главанын аягындагы таблицаны караңыз.
167. Эгерде тестирлөө ай сайын жүргүзүлүүчү контролдорго тиешелүү болсо, мисалы, банктык көчүрмөлөрдү салыштыруу, аудиторлор эки айлык ырастоолорду карап чыгып, процесстин финансылык жылдын калган он айында болгонун ырасташы керек. Тестирлөө жума сайын жүргүзүлүүчү контролго тиешелүү болгондо, мисалы, жума ичиндеги жазууларды текшерүү, аудиторлор беш жумалык далилдерди карап чыгып, процесстин финансылык жылдын калган 47 жумасында жүргүзүлгөндүгүн ырасташы керек.
С - Контроль каражаттарынын кеңейтилген тесттери
168. Эгер контроль каражаттарынын алгачкы тандоосу каталардын анча жогорку эмес деңгээлин көрсөтсө (1 же 2 ката), анда аудитор каталардын мындай деңгээлинен бардык натыйжалардын чагылдырылышынан күмөн санашы мүмкүн же туура эмес тандоону жүргүзүүнүн натыйжасы болушу мүмкүн. Аудитордун анык корутундусун жазуу үчүн аудиторго кошумча дадилдерди табуу максатында контроль каражаттарынын тестин кеңейтүү сунушталат. Бул кеңейтүүнүн масштабы аудитордун кесипкөйлүк баа берүүсүнөн көз каранды болот, бирок алар алгачкы тандоонун өлчөмүнөн чоң болбошу керек. Кошумча тестирлөөнү жүргүзүү учурунда олуттуу каталар аныкталган болсо аудитор тестирлөөнү токтотушу жана системалар майнаптуу иштебей жаткандыгы тууралуу аудитордук корутунду жазышы мүмкүн.
D – мааниси боюнча тесттер
169. Мааниси боюнча тесттер адатта ички аудит тарабынан колдонулбашы керек. Бирок контроль жок болгон жерде же ал жогорку деңгээлдеги тобокелдиктин зонасы болуп эсептелсе, контролдун каражаттарына жүргүзүлгөн тестирлөө аркылуу толук ишенимдүүлүктү алууга мүмкүн эмес. Мындай учурларда аудиторго тандоонун зарыл өлчөмдөрү менен мезгилин камтуу тууралуу ойлонууга туура келет.
Е – Кемчиликтердин бар экендигине тест
170. Контролдун тесттери же мааниси боюнча жүргүзүлгөн тесттердин натыйжасы операциялардын аныкталган тибинде же тобунда кемчиликтердин жогорку деңгээлин берген болсо, аудитор дал ушул жалпылыктын пайдалануу менен кемчиликтердин бар экендигине тестирлөөнү өткөрүшү керек. Тесттер аныкталган каталардын тибине жараша концентрацияланышы керек жана тандоодо жетишерлик санда төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Отчет даярдоо:
- Контроль каражаттарынын өзүнүн башкаруу функцияларын аткара албагандыгы тууралуу;
- Көрсөтүлгөн нускамаларды сактай албагандыгы тууралуу.
- Аудиторго төмөнкүлөргө жардам берүү:
- каталардын жогорку деңгээлинин себептерин изилдөөгө;
- ченемдердин бузулушун табуу үчүн иликтөө жүргүзүүгө;
- аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштамаларды берүүгө.
171. Мындай тесттердин максаты болуп системанын белгилүү болгон кемчиликтерине же каталардын блжолдонуучу жогорку деңгээли менен жыйындыларга көңүл топтоо.
172. Контроль каражаттары (текшерүү) ишке киргизилген эмес:
- Контролдун (текшерүүнүн) конкреттүү түрүнө жооп бере турган адамды аныктоо;
- Статистикалык корутундуну чыгаруу үчүн атайлап эмес тандоо методу менен 80 операцияны изилдеңиз (эгер жыйындысы жогору болсо, ал эми жыйындысы төмөн болсо, анда санды азайтыңыз);
- Же болбосо тобокелдик зонасында тургандыгы жөнүндө белгилүү болгон операцияларды тандаңыз (ар жеринен тандоо методикасына ылайык) жана аларды кылдаттык менен изилдеңиз.
173. Конкреттүү берүүчүгө таандык операциялар:
- Берүүчүнү аныктаңыз;
- Статистикалык корутунду чыгаруу үчүн атайылап эмес тандоо методу менен 100 операцияны изилдеңиз жана натыйжаларына баа бериңиз;
- Же болбосо тобокелдик зонасында тургандыгы жөнүндө белгилүү болгон операцияларды тандаңыз жана аларды кылдаттык менен изилдеңиз.
174. Контроль каражаттары үчүн тандоону аныктоодо кароого зарыл болгон айрым негизги факторлор.
175.Репрезентативдүүлүк - жалпысынан биз конкреттүү көрсөткүчтөрдүн предметине тестирлөө жүргүзүү үчүн тандоону аныктайбыз, алар бардык жыйындыда боло алышат (статистикалык ыкманы пайдалануу менен). Биз алган тандоо биз тестирлөөнү каалаган жыйындыны түзүүчү бардык операциялар үчүн көрсөткүчтүү болуп саналаарын билгибиз келет, мисалы, жыл ичинде төлөнгөн бардык эсеп-фактуралар.
176. Кокустук – колдонулуп жаткан тандоо кандайдыр бир операциялардын аныкталган түрүнө ооп кетпешине, ошондой эле колдонулуп жаткан тандоо көрүнүктүү эмес болуп калбашына умтулушубуз керек. Жардам бере ала турган бир катар техникалар бар. Бирок аудитор кандай гана техниканы тандап албасын, ал жеткиликтүү гана маалыматтардын алкагында иштей алат, ошондуктан маанилүү маалыматтар жок болгон жерде, аудитордун иштөө масштабы (өзгөчө анын тестирлөөгө болгон мүмкүнчүлүктөрү) жана ушундан улам, аудит жаатында пикирди билдирүүгө мүмкүнчүлүгү чектелиши мүмкүн.
177. Жогоруда аталган эки параметр статистикалык тандоонун үлгүлөрү болуп саналат. Бирок альтернативдүү ыкма бар - бул кесипкөйлүк ой жүгүртүүнүн негизинде тандоо. Бул ыкма төмөнкүлөр үчүн пайдалуу болушу мүмкүн:
- Эгер аудитор контролдун кемчиликтерди көрсөткүсү жана мүмкүн болгон бардык учурларга көңүл топтогусу келсе, же башкача айтканда ал жыйынтыктын кокусунан болушун каалабайт;
- Эгер статистикалык тандоо өтө көп убакытты же чыгымдарды талап кылса.
Тандоонун практикалык аспекттери
178. Чындыгында бардык өлчөмдөгү операциялардын жыйынды статистикалык тандоосу олутту масштабдагы, жыйындынын (эгер статистикалык тандоонун минималдуу өлчөмү 30ду түзсө дагы) 100 бирдиктен кем эмес тандоолорун талап кылат. Демек ички аудитор кесипкөйлүк ой жүгүртүүгө негизделген тандоолорду пайдаланышы толук мүмкүн.
Тандоодо объективдүү эместикти азайтуу
179. Тандоодо объективдүү эместиктин деңгээлин азайтуу үчүн аудитор бул ыкмада төмөнкү принциптерди колдонушу керек:
- бардык текшерилүүчү мезгилден тандоону жасоо керек - бардык операцияларды бир мезгилден гана тандап алуунун кажети жок.
- ар бир өзүнчө операция кокустан тандалып алынат:
- процесстер кандай уюштурулгандыгына жараша бир катар ыкмалар бар. Мисалы, ар бир 25инчи операцияны тандаса болот, бирок жөн гана № 25тен баштабастан, кандайдыр бир кокустуктан тандап алынган сандан баштоо керек (мисалы, сомдук банкноттун номеринин биринчи эки санынан алынган);
- эгер документтер бир нече сейфтерде болсо, тандоо алардын баарын камтып тургандыгын тактоо керек.
Тандоонун көлөмү.
180. Тандоонун кайсы көлөмү туура болоорун аныктоо оңой эмес. Статистикалык тандоо аныктыктын деңгээлине карата чечимди, ошондой эле жыйындынын көлөмүнүн реалдуу экендигин баалоону талап кылат. Практикалык максатта көлөмү 100 операциядан (бирдиктен) ашык болгон тандоо, убакыт менен алган көз карашта өтө коромжулуу болушу мүмкүн; 30 операциядан (бирдиктен) кем болгон тандоо көрүнүктүү болуп саналбайт. Ошентип практикалык эрежеде, эгер операциялардын жыйындысы 500дөн ашуу операцияды (бирдикти) түзсө, тандоонун көлөмдөрү 30дан 50 операция (бирдикке) чейин болушу керек. Эгер жыйынды 500дөн кем жана 50дөн ашык болсо, анда тандоо 30дан 10го чейин болушу керек. 50дөн кем болгон операциялардын жыйындысы үчүн тандоо 10% же 25%дан ашык эмести камтышы керек. Ошентип 24 жыйындысы максималдуу өлчөмү 6 операция (шарттуу бирдиги) болгон тандоого ээ болушу мүмкүн, эгер 10 минималдуу сан болуп жана 25%дан ашпаса.
Тесттин тиби | Тандоонун өлчөмү | Эскертүү |
Өтмө тест | 1-3 | Күтүлгөн каталар жок |
Контроль каражаттарынын тести: - Күчтүү катары бааланды - Алсыз катары бааланды |
30 50 | Операциялардын саны көп болгондо чоң көлөмдөгү тандоо керек болушу мүмкүн
|
Контроль каражаттарынын кеңейтилген тести | <30 | Алгачкы тандоога караганда аз |
Мааниси боюнча тест | 50+ | Аудитордун пикири кырдаалга жараша зарыл болот |
II БӨЛҮМ. ПЛАНДОО ЖАНА БАШКАРУУ
5-глава. Аудитке муктаждыкты баалоо жана стратегиялык пландоо
181. Ички аудит кызматынын жетекчисинин негизги милдети - ал жоопкерчилик тарта турган объекттердин аудитине муктаждыкты баалоо. Стандарттар ички аудит кызматынын жетекчисинен тобокелдик концепциясына негизделген жана бир нече жылды камтыган пландарды даярдашын талап кылат.
182. Ички аудит кызматы ички аудит жүргүзүүчү уюм же уюмдарды кароодо ички аудит кызматынын жетекчиси карашы туура болгон негизги маселелер төмөнкүлөр:
- Уюмдун максаты жана милдети кандай?
- Кандай ресурстар алынган жана сарпталган - ресурстар сарпталган чыгымдардын экономикалык классификациясы?
- Кандай финансылык жана операциялык системалар бар?
- Уюм кандай уюштурулган, жетекчиликтин түзүмүнүн жана аймактык жайгашуусунун алкагында анын түзүмү кандай?
- Кайсы ички документтер жана отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө регламенттер түзүмдүн максаттарына жетүүнү камсыздайт?
- Уюмдун ишин кайсы мыйзамдар жана башка ченемдик-укуктук актылар жөнгө салат?
183. Жогоруда айтылгандарды талдаганда 1-главада түшүндүрүлгөн концепциялар аудитор үчүн ар бир уюмдун башкаруучулук жана финансылык системаларын кароодон эмнени күтөрүнө айрыкча пайдалуу.
184. Бул суроого жооп берүү үчүн тийиштүү маалыматтарды топтоп, аларды түзүмдөштүрүп, жазуу жана баа берүү зарыл.
Аудитти пландоону жана мониторинг процесстерин баалоо
Негизги пункттарга сереп
Ички аудит кызматынын жетекчисинин жоопкерчилиги
185. Ички аудит кызматынын жетекчиси уюмдун ички аудитке болгон жалпы муктаждыгынын канааттандырылышын камсыздоо үчүн жооптуу. Аудитке муктаждыкты аныктоого байланышкан тапшырмаларды ички аудиттин кызматкерлери аткарса болот, бирок багыт берүү жана корутундуларды түзүүгө болгон жалпы жоопкерчилик ички аудит кызматынын жетекчисинде болот.
Ички аудит кызматынын жетекчисинин милдеттери: 1. Ички аудит кызматынын жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү бардык уюмдарды жана системаларды аныктоо. 2. Жоопкерчилик чектерин жетекчилик менен макулдашуу. 3. Тобокелдик чөйрөлөрүнө байланыштуу жетекчиликтин пикирин билүү. 4. Тобокелдик концепциясына ылайык аудитке тийиштүү болгон бардык жааттарды баалоо жана категорияларга бөлүү. 5. Аудитке тийиштүү болгон ар бир жаатта аудит жүргүзүү үчүн талап кылынган персоналга муктаждыктарды баалоо. 6. 5 жылга аудит мезгилдүүлүгүн жана түрлөрүн аныктоо. 7. Жетекчилик менен талкуулоо жана макулдашуу үчүн бар болгон ресурстарды эске албастан, аудитке муктаждыктарды чечмелөөнү даярдоо. 8. Бар болгон ресурстар менен макулдашылган тобокелдикти баалоонун негизинде 5 жылдык мезгилди камтыган стратегиялык планды даярдоо. |
5.1-таблица
Ички аудитти камтуу деңгээлин белгилөө
Аудитти камтуу деңгээлин белгилөө? Ички аудит жөнүндө сөз болгондо, биз жетекчиликке керек болгон кепилдик деңгээли жөнүндө сөз кылабыз. Бул жетиштүү теориялык концепция. Практикалык шарттарда, бул аудиттин канчалык тез-тез (жылына бир жолу, бир жылда, үч жылда бир жолу, ал тургай жылына бир жолудан ашык) жүргүзүлүшү керектиги жөнүндө жетекчиликтин чечимин билдирет. Бул чечим каталардын пайда болуу ыктымалдуулук жана уюм үчүн бул каталарды табуунун маанилүүлүк даражасын баалоодон көз каранды. Катуу контроль системасы бар системада (алдын ала сүйлөшүлгөн баада алынган кызмат көрсөтүүлөр үчүн бекитилген бюджеттин алкагында мыйзамдуу болуп саналган төлөмдөр сыяктуу өзгөчө функцияларды аткарган контролдун бир катар процесстерин жана формаларын билдирген жалпы термин) аудитти жүргүзүүнүн жыштыгы контролдун аярлуу формасы бар системага караганда төмөн. Операциялардын наркы (чыгымдар же кирешелер) да шайкеш келиши керек. Жетекчилик адатта, чыгымдардын деңгээли жогору болгон облустарда көбүрөөк кызыкдар. Ошентип аудиттин жыштыгы контролдун формасынын катаалдык даражасы жана текшерилүүчү жааттын “наркы” менен аныкталат. Негизинен мындай баалоо төмөндө баяндалган “тобокелдиктерди индекстөө” концепциясынын негизинде жүргүзүлөт. |
Аудитке муктаждыкты баалоо
186. Аудитке муктаждыкты баалоо (АМБ) үчүн ар жылкы отчет үчүн жүргүзүү керек болгон ички жумуштардын көлөмүн аныктоочу маалыматтарды даярдоо зарыл. Аудитке муктаждык иш жүзүндө болгон убакыт жана ресурстар сыяктуу чектөөчү факторлор эсепке алынбастан аныкталууга тийиш. Баалоо, уюм өзүнүн стратегиялык максаттарына жетүүдө кабылган бардык аудитордук тобокелдиктер боюнча жүргүзүлөт. Аудитке муктаждыктын негизинде жетекчи чыгымдарга алып келиши мүмкүн болгон потенциалдуу тобокелдиктердин деңгээлинин аныктоого тийиш. АМБ аудиттин камтышына же ресурстарына карата жасаш керек болгон кандайдыр бир чечимдин таасирин баалоого жардам берет.
187. Муктаждыктарды баалоо процесси төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Системанын алкагындагы иштин бардык чөйрөлөрүн жана анын компонентин аныктоо. Ички аудит кызматынын жетекчиси бар болгон бардык системаларды, эгер алар аудитордук пландын алкагында кароого сунушталбаган учурда да деталдаштырып бериши керек, ошентип жетекчиде көбүрөөк маалымат болуп, анын негизинде ал муктаждыкты баалоону кандай жүргүзүү керектиги жөнүндө айрым жыйынтыктарды чыгара алат.
2) Аудитордук максаттардагы системаларды топтоштуруу ыкмасын аныктоо.
3) Жогорку жетекчиликтин иштин аныкталган чөйрөлөрүнө жана жогорку тобокелдик жааты катары каралган аныкталган факторлорго тийиштүү пикирин алуу.
4) Иштин ар бир чөйрөсүндөгү начар жактарды талдоо.
5) Бардык системалардын аудитин аягына чыгаруу мөөнөтүн, аудиттин мезгилдүүлүгүн эске алуу менен аныктоо.
6) Белгиленген муктаждыктарга жетүү үчүн зарыл болгон ресурстардын сметасын түзүү.
188. Ички аудит кызматынын иш-аракет жаатына мамлекеттик эмес секторго тиешелүү товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, мисалы, кеңсе товарларын жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр кирбейт. Бирок бул министрликтен/бюджеттик уюмдан толук же жарым-жартылай каржыланган жана мамлекеттик секторго тиешелүү мекемелерге таасирин тийгизиши мүмкүн. Ички аудит камтыган жаатка тиешелүү мындай чечимдер жогорку жетекчилик тарабынан так аныктоону жана чечимин талап кылат. Мындан тышкары, жетекчилик министрликке караштуу мындай тышкы уюмдарга ички аудиторлор ички аудит жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ экендиги жөнүндө макулдук же көрсөтмө бериши керек, анын ичинде документтерге жетүү жана зарыл маалыматтарды берүү боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлердин кызматташуусу кирет. Ички аудит кызматынын жетекчиси жогорку жетекчиликтин макулдугу менен өзүнүн бөлүмүнүн иш көлөмүн аныктоого жана өзүнүн министрлигинин ведомстволук уюмдарында ички аудит кызматынын ишин жүргүзүү боюнча тиешелүү ыйгарым укуктарды аныктоого милдеттүү.
§1. Системанын жана системалык компоненттердин алкагындагы иштин бардык чөйрөлөрүн аныктоо
Системаларды аныктоо
189. Муктаждыктарды баалоону иштеп чыгууда жана стратегиялык пландоодо биринчи этап уюмдун ичинде иштеп жаткан бардык системаларды аныктоо жана классификациялоо болуп саналат. Жалпысынан системалар башкаруучулук жана финансылык болуп эки категорияга бөлүнөт. Толук тизме жана сунушталган классификация 5А тиркемесинде берилген.
Аудитке муктаждыкты баалоону түзүүдөгү зарыл маалымат
190. Бул маселеге зарыл болгон ыкма жалпысынан түзүмдүк бөлүмдөрдүн - министрликтердин, так түзүмгө ээ болгон аймактык бөлүмдөрдүн жана ага жооптуу жетекчинин ортосундагы маалыматтарды салыштыруудан турат. Бирок учурдагы финансылык системаны пайдалануу аркылуу тематикалык пландоо ыкмасын колдонуу мүмкүн. Бул ыкманы бекитүүдө отчеттор түзүлө турган жетекчини так билүү маанилүү. Мисалы, эмгек акыны эсептөөлөрдү жана жумушчулардын санын текшерүүдө бул отчетту алуучу эмгек акыны эсептөөчү кызматкерлердин иши үчүн жооптуу түздөн-түз жетекчилик, ошондой эле эмгек акыны эсептөө системасы үчүн жооптуу жетекчи болушу мүмкүн.
191. Мындан тышкары, министрликтин түзүмү (уюштуруу диаграммасы) жана аймактык жайгашкан жери боюнча маалыматтарды чогултуу зарыл. Маалымат министрликтин финансылык ишинин жалпы көрүнүшүн түзүүгө жардам болгудай, уюштуруучулук же тематикалык компоненттерге бөлүштүрүлүп чогултулууга тийиш, мисалы - төлөм ведомосту, кредитордук карызды тындыруу ж.б.у.с., мында, финансылык иш аудиттин бир жааты катары гана каралбастан андан кененирээк изилдениши ыктымал. Аудиттин жааты деген түшүнүк бул иштин чөйрөсүн системаларга бөлүү болуп эсептелинет, алар тиби, уюштуруучулугу же чыгымдык же эсептик эсептерге байланышканы боюнча айрмаланышат.
192. Алынган маалыматты Ехсеl форматындагы же Word документиндеги жыйынды таблицага киргизип (мисалдар менен ушул главанын А жана Б тиркемелеринен таанышса болот), кийин кез-кези менен жаңылап туруу максатка ылайыктуу.
1. Учурдагы чыгымдар:
- уюмдун бөлүмдөрү боюнча талдоо;
- экономикалык классификациянын алкагындагы талдоо.
2. Учурдагы кирешелер:
- уюмдун бөлүмдөрү боюнча талдоо;
- экономикалык классификациянын алкагындагы талдоо.
3. Негизги каражаттар:
- уюмдун бөлүмдөрү боюнча талдоо;
- экономикалык классификациянын алкагындагы талдоо.
4. Жүгүртүү каражаттары жана материалдык-өндүрүштүк запастар:
- уюмдун бөлүмдөрү боюнча талдоо;
- экономикалык классификациянын алкагындагы талдоо.
5. Уюштуруу түзүмү, анын ичинде штаттык ырааттама жана кызматкерлердин саны уюмдун бөлүмдөрү боюнча талданууга тийиш.
193. Ошондой эле пландарды, программанын максаттарын, тийиштүү жоболорду жана ар кайсы административдик бөлүмдөрү кандай максаттарга жетише тургандыгын чагылдыруучу же буйрук кылуучу башка документтерди салыштыруу зарыл. Бул документтер АМБга тийиштүү негизги маселелерди аныктоо үчүн кылдат изилденүүгө тийиш. Айрыкча алар бөлүмдүн алкагында текшерүү зарыл болгон иштин чөйрөсүн аныктоодо пайдалуу болушу мүмкүн, ошондой эле тематикалык аудиттин максаттарын аныктоо боюнча материалды беришет. Мисалы, эгер маселени ишке ашыруу үчүн тийиштүү маалыматтарды чогултуу зарыл болсо, анда аудитор бул маалымат боюнча аудитордук талдоо жүргүзүү үчүн темаларды ачуу үчүн системага байкоо жүргүзүүсү зарыл.
§2. Аудитордук максаттарда системаларды топтоштуруунун ыкмаларын аныктоо
194. Ички аудит кызматынын жетекчиси (же аудитор) кирешелер каяка түшүп жатканы жана чыгымдардын кандай келип чыгышы, экономикалык классификациянын максаты (программасы) жана түрү жөнүндө толук түшүнүк алат. Милдеттерди аткаруунун максаттары так аныкталууга тийиш. Аудитор аудит жүргүзүүнүн чектерин, камтуу жаатын аныкташы керек, ал аны баяндай алуусу тийиш. Негизги басымды административдик ишке эмес, финансылык ишке жасоо зарыл. Аудиттин жааттары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- уюштуруу - аткарылчу функциялардын өзгөчөлүгүнө жараша ишмердиги негизинен чыгымдардын ар кыл түрлөрүнө тартылган бөлүм;
- тематикалык, бүткүл уюм боюнча, мисалы, эмгек акыларды жана маяналарды болжолдуу текшерүү, бирок уюштуруу ишинин алкактарын камтыйт;
- тематикалык, бирок бир уюмдун алкагында чектелген.
Аудиттин жааттары
195. Иштин каралчу чөйрөсү чындыгында аудит жүргүзүү үчүн чөйрө болуп саналаарын аныктоочу негизги белгилер - бул иштин ушул чөйрөсү чын эле контролго алынуучу, мыйзамдарды/жоболорду аткарууга жана административдик көзөмөлгө алууга тийиш болгон системаны түзөөрүн аныктоо, ал үчүн иштин жыйынтыгын жакшырта алуучу же контролдун талаптарына шайкеш келтирүүчү бир жетекчи талап кылынышы ыктымал.
196.Текшерилчү жаатты кантип топтоштуруу жөнүндө чечим, камтуунун жааты жана бул чөйрөгө тиешелүү кирешелер менен чыгымдардын деңгээлинин көрсөткүчтөрү боюнча кыскача маалыматта түзүлүшү тийиш. Бул маалыматты дагы Ехсеl форматындагы же Word документиндеги жыйынды таблицага киргизсе болот (мисалдар менен ушул главанын А жана Б тиркемелеринен таанышса болот).
197. Финансылык операцияларга негизделген аудит чөйрөлөрүнүн типтүү классификациясынын мисалы (уюштуруу же административдик бөлүнүштөргө/бөлүмдөргө салыштырмалуу):
- штаттык ыраттама - кызмат орундарды, функционалдык милдеттерди, квалификацияны, ишке жалдоону, эмгек акыны, маянага атайын үстөк акыларды бекитүү;
- тендердик жол-жобону пайдалануу менен бекитилген берүүчүгө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү заказ кылуу жолу менен товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө заказ кылуу жана төлөө, төлөөдө зарыл болсо товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, санын, сапатын жана баасын бекитүү;
- социалдык жөлөк пулга чегерүүлөр;
- Өкмөттүк башка органдарга чегерүүлөр;
- капиталдык салымдын долбоорлоруна тендер;
- кирешелерди чогултуу;
- инвентаризациялык текшерүүлөр.
198. Башка чөйрөлөр төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
- туруктуу негизде жаңыланып жана текшерилип туруучу бухгалтердик маалыматтардын тактыгын жана толуктугун көздөгөн бюджет жана финансылык башкаруу боюнча маалымат; отчеттордо камтылган финансылык маалыматтардын сапаты;
- капиталдык салымдар боюнча контракттардын аткарылышына контроль;
- мүлктү башкаруу;
- иштин жыйынтыктарына негизделген система;
- автоматташтыруу - маалыматтарды иштетүүнү жана андан ары өнүктүрүү менен системанын иштешин кошо камтыйт.
§3. Жогорку жетекчиликтин иштин аныкталган тийиштүү чөйрөлөрүнө же жогорку тобокелдердин болушу мүмкүн деген айрым факторлорго карата пикирин сурамжылоо
199.Аудиттерди жүргүзүү үчүн керектүү ресурстардын жетишсиздигине байланыштуу практакалык жактан алып караганда аудит жүргүзүүдө ар бир жаатты жыл сайын толук камтуу сунуш кылынбайт. Мындан тышкары, тобокелдиктерди, контролдун катуулугун жана анча көп эмес акчалай суммаларды эске алганда да, жыл сайын ар бир система боюнча аудит жүргүзүүнүн зарылдыгы жок. Ошондуктан, ички аудит кызматынын жетекчисине жогорку жактагы жетекчилик тобокелдик чөйрөсү дегенди билдирет дегенге тиешелүү тобокелдиктин көрүнүштөрүн түзүү зарыл. Бул процессти ички аудит кызматынын жетекчисинин жогорку жактагы жетекчиликтен тобокелдиктерди классификациялоонун 5 баллдык классификациялоо системасынын негизинде сурамжылоосунун натыйжасында жүзөгө ашырса болот, мында, “1” - анча жогору эмес деңгээлдеги тобокелдиги бар же жок жаат, ал эми “5” - тобокелдиктин деңгээли жогору деген жаат. (Тобокелдик - бул салыштырмалуу түшүнүк, ошондуктан баарын тең жогорку деңгээлдеги тобокелдик катары баалоо сунушталбайт). Мындай маалымат тобокелдиктин шкаласын түзүүгө жардамдашат, ал жөнүндө төмөндө айтылат.
§4. Иштин ар бир жаатынын алсыз жактарын баалоо
200. Жетекчилик тапшырманы аткаруу үчүн финансылык жана ошондой эле ишти аткаруу боюнча пландарды түзүп, ал пландардын аткарылышы үчүн жооптуу кызматкерлерди аныктайт. Ал пландар аткарылбай калуу мүмкүндүгүн/тобокелин болтурбаш үчүн жетекчилик контролдун системасы сыяктуу белгилүү болгон бир катар контроль каражаттарын киргизет. Мамлекеттик сектордо контроль системасынын негизги мүнөздөмөлөрү төмөнкүлөр болуп саналат:
- тобокелдикти аныктоо (эгер пландаган натыйжаларга жетишилбесе);
- болжолдонгон тобокелдикти болтурбоо үчүн ички контроль системасын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- ички контроль системалары табылган тобокелдикти жана камтылбаган же жакшы каралбаган тобокелдикти табышы үчүн, бар болгон системалар менен жол-жоболор аркылуу ички аудит жүргүзүүнүн жол-жоболорун түзүү.
201. Тобокелдик түшүнүгү төмөнкү элементтерди камтыйт:
- финансылык зыян келтирүүнү же адамдык жана техникалык ресурстарды, анын ичинде тышкы жардамды кошкондо, кыянаттык менен пайдалануу;
- бюджетти же башка чечимдерди белгиленген саясатка ылайык тийиштүү жана натыйжалуу түрдө аткарбоо;
- алдамчылык жана каталар;
- бухгалтердик эсепти канааттандырарлык эмес жүргүзүү;
- финансыларды жана ресурстарды башкаруу боюнча маалыматтарды өз убагында жана туура берип турууга жөндөмсүздүк.
202. Аудитордук пландоо максатында тобокелдиктин концепциясын ички аудит кызматынын аудиттин бардык жааттары боюнча иш жүргүзүүсүнүн мезгилдүүлүгүн аныктоонун методу катары пайдалануу зарыл. Тобокелдиктин системасы үч деңгээлди камтыйт: жогорку, орто жана төмөн. Эки ыкма менен тигил же бул тобокелдикти кайсы шкалага таандык экенин аныктоого болот:
- ой жүгүртүү - буга чейин болгон тажрыйбанын жана аудитордук курам жана жогорку жетекчилик менен талкуулоонун натыйжасында түзүлөт;
- тобокелди эсептөө - системанын ар түрдүү аспекттерине ар түрдүү шкалаларды киргизүү жолу менен, алардын салыштырмалуу маанилүүлүгүн чагылдыруу жолу менен түзүлөт. Бул процесс салыштырмалуу жөнөкөй же салыштырмалуу татаал/комплекстүү болушу мүмкүн.
5.2-таблица
Тобокелдик индекстеринин негизги элементтери
Тобокелдик индекстеринин негизги элементтери Тобокелдиктин жалпы баллы “1ден” ашпашы керек, ошондой эле окуянын ыктымалдыгы “1ден” (100%) ашпашы мүмкүн. Жөнөкөй сөз менен айтканда, жоготуу тобокелдиги, алсак 5000 сом, 100% (же 1) ашык болушу мүмкүн эмес болгону үчүн болот. Тобокелдик индексинин кадимки факторлору төмөнкүлөр болуп саналат: - көлөмү (чыгымдардын же кирешелердин көлөмү); - контроль факторлору (ар бир тобокелдик үчүн жеке индексти аныктоо). Ар бир фактордун салыштырмалуу маанилүүлүгү жөнүндө көз карашты чагылдыруу үчүн кошумча факторлорду кошууга болот жана факторлорду таразалоого болот. Ошентип, мүмкүн болушунча максималдуу “5” баллы жана тобокелдиктин максималдуу мааниси “5” формуласы эсептелет: [факторлордун саны (көлөмү)] X [контроль факторлору] = балл аудитордук тобокелдик [2А + 3В] X [2А + В + 5С] = аудитордук тобокелдик баллы Бул ыкма факторлордун максималдуу маанилерин кошууда кыйла комплекстүү эсептөөнү талап кылат. Бирок жыйынтыктоочу баллдын жыйынтыгы “1”ден ашпоого тийиш. |
203. Аудитордук иштин бардык чөйрөлөрүнүн өз ара байланыштарынын негизинде салыштырмалуу жөнөкөйлөштүрүлгөн ыкма сунушталган.
Жогорку | - бул система өтө эле адекваттуу эмес, наркы жогору, тактыгын такай текшерип турууну талап кылат, кемчиликтерди/каталарды аныктоодо пайда болуучу кыйынчылыктардын жогорку деңгээли бар. |
Орто | - система/жаат адекваттуу катары бааланса болот, мында, шайкеш эместиктин көрүнөө учурлары байкалган эмес. Чыгымдардын деңгээли анча эмес. |
Төмөн | - ишенимдүү деп мүнөздөлгөн система. Чыгымдардын деңгээли төмөн. Кемчиликтерди/каталарды аныктоодо болуучу кыйынчылыктардын деңгээли аз. |
§5. Бүткүл системага аудит жүргүзүүнүн мезгилдерин жана мындай аудиттин мезгилдүүлүгүн аныктоо
204. Ресурстардын керектүү көлөмү жок болгондуктан жыл сайын аудиттин ар бир жаатына аудит жүргүзүү мүмкүн болбогондуктан (иштин айрым чөйрөлөрүнүн жылдык аудити жетекчилик күткөн ишеним деңгээли менен болгон катышынан улам акталбайт) аудитор толук аудитти жүргүзүүнүн убакыт циклин аныкташы керек. Адатта, бул мезгил 3 жылдан 5 жылга чейин созулат.
205. Стратегиялык план 3 жылдык мезгилди камтууга тийиш. Ушунун негизинде жана мурунку бөлүктөгү тобокелдик факторлорун эске алуу менен аудит жүргүзүүнүн төмөнкүдөй жыштыгы/мезгилдүүлүгү сунушталат:
5.3-таблица
Аудиттерди жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү
Тобокелдик фактору | Мезгилдүүлүк |
Жогорку | Жыл сайын – толук камтуу (5 жылда 2 жолу) же жарым-жартылай камтуу (5 жылда 3 жолу) бир цикл мезгилде: толук, жарым-жартылай, толук, жарым-жартылай, жарым-жартылай ж.б. |
Орто | 3 жылда бир жыл – 3 жылда 2 жылды толук камтуу – жарым-жартылай камтуу |
Төмөнкү | 3 жылдык циклде бир жолу – толук камтуу |
206. Аудит жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн аныктоо үчүн жүргүзүлүүчү аудиттин тибин аныктоо зарыл. Пландоо максатында аудиттин үч тиби пайдаланылат: финансылык аудит, операциялык жана башкаруучулук аудит.
5.4-таблица
Аудиттин типтери
жана алар боюнча тыянактар
Финансылык аудит | А1 | Иштин толук камтылуусу - системаны жана анын бардык компоненттерин баалоону камтыйт. Баалоого жараша, мүмкүн тесттерди мааниси боюнча кошуу менен тиешелүү тесттер жүргүзүлүшү керек. Мындай аудиттер ошондой эле операциялардын негиздүүлүгүнө карата олуттуулукту чагылдырган финансылык эмес мүнөздөгү маалыматтарды камтыйт, мисалы, кабыл алынган жана акы алган кызматкер анда бул кызмат ордуна зарыл квалификациянын бар экендигин тастыктоого тийиш. Максаты: жетекчиликтин тапшырмаларын (өзүнчө же жалпы) аткаруу үчүн ички контролдун адекваттуу каражаттары бар же жок экендигин баалоо, эгер бар болсо, анда эмнеге ылайык экенин баалоо. Аудитордук корутунду: канааттандырарлык / кээ бир кемчиликтер же шайкеш келбестиктер/ олуттуу кемчиликтер же шайкеш келбестиктер |
А2 | Чектелген камтуу - өткөн жылдарда (3 жылдан ашык эмес) аудит жүргүзүлгөн жана ошол эле учурда канааттандырарлык баа алган системанын аудитин билдирет. Системада жана анын контроль каражаттарында эч кандай өзгөрүүлөр болбогондугу тастыкталган учурда, чектелген камтуу менен аудит жүргүзүүдө тандоо аркылуу тандалып алынган операцияларга тестирлөө жүргүзүү зарыл болот. Максаты: система белгиленген контролго ылайык иштеп жатканын баалоо. Аудитордук корутунду: канааттандырарлык / кээ бир кемчиликтер же шайкеш келбестиктер/олуттуу кемчиликтер же шайкеш келбестиктер. | |
Операциялык жана башкаруучулук аудит | А3 | Аудиттин бул түрлөрү финансылык операциялык циклдин бөлүгү болуп саналбаган системаларды (төлөм ведомосту, кредиторлор жана дебиторлор, ТМЗ, жалдоо боюнча кызматкерлер менен иштөө) камтыйт, буга карабастан алар бул системаларды товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда, кызматкерлерди жалдоодо ж.б. колдонушат. Алар кызматтарды көрсөтүүчү операциялык чөйрөгө же программаларга кирет. Талдоодо бул жааттын үнөмдүүлүгүн, майнаптуулугун жана өндүрүмдүүлүгүн баалоого болот. Максаты: жетекчилик койгон айрым максаттарга жетүү үчүн ички контроль каражаттары (операциялык, экономикалык, натыйжалуу) бар экендигин баалоо, эгерде алар бар болсо, анда аткарылат. Аудитордук корутунду: канааттандырарлык /кээ бир кемчиликтер же шайкеш келбөөчүлүк/олуттуу кемчиликтер же шайкеш келбөөчүлүк. |
207. Финансылык аудиттин кадимки цикли жогоруда 5.3-таблицада көрсөтүлгөндөй тобокелдик факторлору менен аныкталат.
§6. Аудиттин керектөөлөрүнө шайкеш келген зарыл ресурстарды баалоо
208. Бул милдет эки бөлүктөн турат: айрым бир аудитти жүргүзүү үчүн керектүү ресурстарды баалоо; жыл ичинде бир циклдин курамында жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтык суммаларын суммалоо, анда жогоруда айтылгандай, жыл ичиндеги аудиттерди жүргүзүүчү күндөрдү бирдей тең бөлүштүрүү үчүн мезгилдүүлүктүн графиги бекитилет.
- Ар бир өзүнчө жүргүзүлүүчү аудит үчүн керектүү ресурстарга баа берүү конкреттүү аудитти жүргүзүү үчүн кызматкерлердин квалификациясына коюлган талаптарга жараша болот. (Жаңы ыкманы пайдаланууда бул милдет көйгөйлүү болуп көрүнүшү мүмкүн, мындай учурда кыйла жөнөкөй практикалык ыкма аудитке киргизилген этаптарды кылдат карап чыгуу жана убакыттын мөөнөттөрүн аныктоо болуп саналат). Жарым-жартылай аудитти жүргүзүүдө толук аудиттердин 75%ин аткарууга жол берилет.
- Жыл ичинде графикке ылайык белгиленген бир циклдин ичинде жүргүзүлгөн аудиттер боюнча жыйынтыктарды эсепке алууну 5D тиркемесинде мисалда көрсөтүлгөндөй жыйынды таблицаны даярдоо жолу менен жүргүзүү ыңгайлуу болот. Салыштырмалуу бирдей бөлүштүрүүгө кайтадан түзөтүүлөрдү жүргүзүү процесси менен жетишилет.
209. Иш жүзүндө болгон ресурстарды эсепке албастан, электрондук жыйынды талбица түрүндө түзүлгөн аудитке муктаждыкты баалоо (АМБ) төмөнкүдөй жыйынтыктоочу түшүндүрүүлөр менен коштолууга тийиш:
- АМБга ылайык 5 жылдык пландын ар бир жылында каралган кызматкерлердин жалпы саны менен квалификациясы;
- негизделген түрдө берилген тобокелдиктер жана камтуу деңгээли жөнүндө негизги божомолдор, мисалы, өткөн жыл үчүн чыгымдардын пайызы же текшерилген бөлүмдөрдүн пайызы. Ошондой эле анда финансылык аудиттин жыйынтыктарын жана 5 жылдык мезгилге ар бир аудитти жүргүзүүгө бөлүнгөн убакыттын пайызын (күндөрдү да көрсөтүү керек) белгилөө менен сыпаттама түзүүгө болот;
- АМБга керектүү ресурстар менен колдонуудагы жана бекитилген (бардык кызмат орундарды кошкондо) штаттык ыраттамага ылайык иш жүзүндө бар болгон ресурстардын ортосундагы, квалификациясы жана 5 жылдык мезгилге жылдар боюнча күндөргө бөлүү менен көрсөтүлгөн айырма. (Иш жүзүндө бар болгон аудиттик күндөрдү иштеп жаткан кадрдык курамдын базасында баалоо маселеси төмөндө каралат).
- кабыл алынган планга ылайык толук көлөмдөгү ресурстардын жетишсиздиги айрым пландык аудиттер жүргүзүлбөйт дегенди билдирет (ички аудит кызматынын жетекчисинин кийинкиге калтыруу же такыр эле жасабоо жөнүндө чечиминин негизинде);
- ички аудит кызматынын кызматкерлеринин керектүү билимдерин өнүктүрүү үчүн кереги тийиши мүмкүн болгон окутуу боюнча бардык керектүү талаптар.
210. Ушул документке ылайык министр/объекттин жетекчиси ички аудит кызматынын жетекчиси менен макулдашуусу зарыл, бул керектүү жана бар болгон ресурстарды шайкеш келтирүү үчүн жасалышы керек. Мүмкүн болуучу чаралар:
- ресурстарды көбөйтүү;
- жогорку квалификациялуу кызматкерлердин санын көбөйтүү жана квалификациясы төмөн кызматкерлердин санын кыскартуу максатында аудиторлордун курамын деңгээлге жараша өзгөртүү, эгерде тийиштүү жана иш жүзүндө болгон кадрдык түзүмдүн ортосунда шайкеш келүүгө жетишилбесе (бул ыкма узак мөөнөттүү чечимди талап кылат);
- аудиттин айрым бир түрүн жүргүзүүгө, мисалы иштин натыжасына аудит эмес, финансылык аудитке басым жасоо;
- бул жаатта контролдун каражаттарын жакшыртуу үчүн айрым административдик чараларды көрүү жөнүндө чечим кабыл алуу. Мисалы, эгер айрым жаатта көйгөйлөр аныкталса, анда жетекчиликке кемчиликтерди жоюунун планын түзүүнү сунуш кылуу зарыл.
- тобокелдикти кабыл алып жана чектелген аудит жүргүзүүгө же аудитти жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечүү.
211. Пландоонун негизги фактору тобокелдик экендигин эске албаганда, чечим кабыл алуунун белгиленген эрежелери жок. Талкуулоолордун жыйынтыгы боюнча (пикирлердеги пикир келишпестиктерди жоюу жана план түзүү үчүн мүмкүн болгон чечүү жолдорун табуу үчүн кайрадан болушу мүмкүн) стратегиялык планды даярдоо зарылдыгы келип чыгат.
Стратегиялык планды даярдоо.
212. Үч жылдык стратегиялык план талкуулардын жыйынтыгынан туруп, реалдуу жана ишке ашкыдай болууга тийиш. Пландын форматы 5F жана 5G тиркемелерде көрсөтүлгөн. План төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- Кадрларды күндөр, квалификация, аудиттин тиби боюнча, ошондой эле кызматкерлердин иштин түрү, мисалы окутуу, административдик маселелер ж.б. боюнча иштөө мөөнөттөрүн аныктоо менен комплектөөнүн планы;
- Административдик бөлүмдөрдүн типтери боюнча аудиттердин күндөр боюнча графиги.
Жетиштүү ресурстага ылайык кадрларды комплектөөнүн планы.
213. Колдо бар ресурстардын планы ар бир кызматкер үчүн арналган убакытты аныктоо жолу менен төмөнкүдөй моделге ылайык (негизгиси квалификациясы боюнча) түзүлөт. Планды иштеп чыгуу жылдагы күндөрдү дем алыштардан жана майрамдардан башкаларын эсептөөгө негизделген. Мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасында 10 расмий майрам бар ((52 х 5) -10) = 250.
5А тиркемеси
Финансылык жана башкаруучулук системалар
Башкаруучулук системалар | Финансылык системалар |
Операциялык башкаруу | Контролдун борбордоштурулган формасы
|
- жалпы контроль; - операциялык саясат; - операциялык механизмдер; - шайкештикке контроль; | - төлөмдүк документтерди текшерүү; - финансылык документтерди текшерүү; - банктык эсептерди текшерүү |
Капиталды башкаруу жана контроль | Борбордоштурулган иштеп чыгуу |
- стратегиялык пландоо; - долбоордун ишине баа берүү - капиталдык сарптоолорду жана программаларды каржылоо - капиталдык салымдарга контроль - тендерлерди өткөрүү жана контракттарды түзүү - контракттардын шарттарынын сакталышын контролдоо | - төлөмдүк ведомость - төлөмдүк документтер - дебитордук карыз - негизги касса жана акча которуулар
|
Финансылык менеджмент | Ведомстволук |
- бюджетти даярдоо - бюджетти контролдоо - капиталдык салымдарды башкаруу - милдеттенмелерди башкаруу жана акча каражаттарынын кыймылын болжолдоо - зайымдар - камсыздандыруу - чегерүү саясаты | - эмгек акы - маяна - сатып алуулар жана берүүлөр - чыгымдар - материалдык-техникалык запастар(*) - транспорт жана жабдуулар(*) - накта акчаны инкассациялоо жана акча которуулар - гранттар |
Ресурстарды башкаруу |
|
- жер жана менчик - компьютердик тейлөө - кадрдык курам - штаттык персоналды талдоо жана контроль |
|
(*) NВ Активдерди, материалдык запастарды, транспортту жана негизги капиталды башкаруу маселелери ведомстволук аудитке киргизилиши мүмкүн.
5В тиркемеси
Аудит жааттарын уюштуруу жана классификациялоо жөнүндө маалымат
Министрлик |
| Департамент |
| Жайгашкан орду | |||||||||||
Ролун кыскача сыпаттоо |
|
|
|
| |||||||||||
Иш жүзүндө талдоо | Ведомстводо аудит жүргүзүүнүн ыкмаларына карата пикирлер | ||||||||||||||
Финансылык талдоо | 000 сом | Башка негизги каражаттар | 000 сом | Аудиттелүүчү жаат | Каттоо номери | Эскертүү | Артыкчылык (В,С,Н) | ||||||||
Киреше (классификация боюнча) |
| Имарат |
|
|
|
|
| ||||||||
|
| Техникалык жабдуу /механизмдер |
|
|
|
|
| ||||||||
|
| Транспорт |
|
|
|
|
| ||||||||
|
| Материалдык запастар |
|
|
|
|
| ||||||||
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
| ||||||||
Иш жүзүндөгү талдоо | Департаментте аудит жүргүзүүнүн ыкмаларына карата пикирлер | ||||||||||||||
Учурдагы чыгымдар (классификация боюнча) |
| Кызматкерлердин саны (ранг,чыгымдар) | Номер | 000 сом | Аудиттелүүчү жаат | Эскертүү |
| Артыкчылык (В,С,Н) | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
Капиталдык чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
5С тиркемеси
Аудит жааттарын талдоо, аудиттин типтери, тобокелдиктер,
аудит жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү жана персоналдын салымы
Министрлик | Департамент |
| Жайгашкан орду | |||||
Аудиттелүүчү жаат | Шилтеме | Аудиттин тиби | Тобокелдик категориясы | Аудитти жүргүзүүнүн жыштыгы: жылына бир жолу, жылына эки жолу, 3 жылда бир | Кызматкерлердин рангга ылайык иши | |||
|
|
|
|
| АУКЖ | жетекчи | Аудитор | Күндөрдүн жалпы саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5D тиркемеси
Аудитке зарылдыкты баалоо – 20хx – 20уy жж.
Министрлик |
|
|
|
|
|
|
|
|
Аудиттер | Аудиттелүүчү жаат (камтуу жааты) | Аудиттин тиби | Тобокелдик категориясы | Аудитти жүргүзүүнүн жыштыгы: жылына бир жолу, жылына 2 жолу, 3 жылда бир | Адистердин аудитке салымы | |||
бөлүм/жайгашкан орду |
| Рангына жараша адистердин салымы | ||||||
А1, А2, А3 | В/С/Н | ИАКЖ | Жетектөөчү адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аудиттердин бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Атайын иликтөө |
|
|
|
|
|
|
|
|
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
Түз сарпталган убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчилик жана башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | |||||||||
Адистердин аудитке салымы | Адистердин аудитке салымы | Адистердин аудитке салымы | |||||||||
ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5Е тиркемеси
Аудитке зарылдыкты баалоо - 20хx – 20уy жж.
Министрлик |
|
|
|
|
|
|
Аудиттер | Аудиттелүүчү жаат (камтуу жааты) | Пландалган аудиттин саны | 1-жыл | |||
Аудиттин тиби |
| Рангына жараша адистердин салымы | ||||
ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | |||
А1, А2, А3 |
|
|
|
|
|
|
Аудиттин тибине ылайык | Көлөмүнө ылайык аудиттин ар бир тибин жөнгө салуу | Аудиттердин санын көрсөтүү |
|
|
|
|
| Эмгек акы, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, сатып алууларга ж.б. төлөө |
|
|
|
|
|
Аудиттер, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
Атайын иликтөө |
|
|
|
|
|
|
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
Түз сарпталган убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
Жетекчилик жана башкаруу |
|
|
|
|
|
|
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
| 2 жыл |
| 3 жыл | ||||||||||
| Адистердин аудитке салымы |
| Адистердин аудитке салымы | ||||||||||
| ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн |
| ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | ||||
Пландалган аудиттин саны |
|
|
|
| Пландалган аудиттин саны |
|
|
|
| ||||
Аудиттин санын көрсөтүү |
|
|
|
| Аудиттин санын көрсөтүү |
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
5.5-таблица
Кенже аудиторлор үчүн убактылуу график
Убакыт категориясы | Иш | Саны |
Түз сарпталган убакыт | Аудиттер Атайын иликтөө/ белгиленген ченемдерди бузуу Консультация жана маалымат берүү Бардыгы | 179 15
10 204 |
Кыйыр убакыт | Башкаруу жана администрациялоо Аудит жаатында персоналдын квалификациясын жогорулатуу Эмгек өргүүсү жана акы төлөнбөгөн өргүү Эмгекке жарамсыздык баракчасы (практикалык тажрыйбага негизделген алгылыктуу деңгээл) Бардыгы | 6 10
20
10
46 |
| Жыйынтыгы | 250 |
214. Бул график квалификацияга жараша штаттык түзүм боюнча ар түрдүү функцияналдык милдеттерди чагылдыруу үчүн оңдоолорду киргизүүнү талап кылат. Канчалык кызматкердин квалификациясы жогору болсо, убакытын башкаруучулук жана административдик маселелерге көбүрөөк жумшайт (стратегиялык жылдык план боюнча отчетторду жана мониторинг боюнча отчетторду даярдоо).
5.6-таблица
Убакыт классификациясы боюнча түшүнүктөрдү аныктоо
Түшүнүктөр | Аныктама |
Аудиттер | Айрым аудиттер боюнча отчетторду пландоого, аткарууга, контролду жүзөгө ашырууга, талкуулоого жана даярдоого убакытты сарптоо. |
Атайын иликтөө/ченемден четтөө | Жыл ичинде пайда болгон болжолдуу махинацияларды же башка финансылык мыйзам бузууларды (пландалбаган аудит) изилдөөгө убакытты сарптоо. Бул иликтөөлөргө кеткен убакыт бюджети ар дайым ички аудит кызматынын жетекчиси менен макулдашылууга тийиш. |
Консультация жана маалымат берүү | Түздөн-түз жетекчиликтен жана ички аудит кызматынын жетекчилигинен келип түшкөн суроо-талаптарга жооп катары консультацияларды жана маалыматтарды берүү, анын ичинде жумушчу жыйындарга катышуу, маселелерди чечүү. |
Башкаруу жана администрациялоо | Стратегиялык деңгээлде аудитордук ишти пландоого жана мониторинг жүргүзүүгө убакытты сарптоо (бул жеке аудит эмес, тескерисинче, аудитке кеткен түз убакыттын бюджетинен кыскартылышы керек болгон убакыт). Төмөнкүлөр кирет: - АМБ - Стратегиялык план; - Жылдык план; - Кварталдык жана жылдык мониторинг боюнча отчеттор; - Бөлүмдөрдүн жолугушуулары. |
Аудит жаатында персоналдын квалификациясын жогорулатуу | Ички аудит кызматынын кызматкерлеринин окуу курстарына, квалификацияны жогорулатуу боюнча сабактарга катышуусуна, материалды окууга/үйрөнүүгө, жумуш ордунда окутууга убакыттын сарпталышы (окууга бөлүнгөн убакыт аудиторлорду аудиттерге катыштырбастан алдын ала аныкталууга тийиш). |
Эмгек өргүүсү жана акы төлөнбөгөн өргүү | Жыл ичиндеги өргүү, ошондой эле атайын өргүү (мисалы, сөөк коюуга катышуу үчүн). |
Эмгекке жарамсыздык баракчасы (практикалык тажрыйбага негизделген алгылыктуу деңгээл) | Оорудан же дарыгердин кабыл алуусунан же ооруканага жаткырылгандан улам жумушта (толук же жарым-жартылай) жок болуу. |
Административдик бөлүмдөрдө жүргүзүлчү аудиттердин типтери боюнча графиги, күндөр боюнча.
215. Стратегиялык планды түзүүнүн акыркы стадиясы аудиттердин графигин даярдоодон турат, ал төмөнкүлөрдү чагылдырат:
- тиби жана аталышы боюнча аудит;
- 3 жылдык планга ылайык ар жыл боюнча бөлүштүрүү (айрымдары жыл сайын же циклде бир жолудан ашык жүргүзүлүшү мүмкүн);
- башка түз убактылуу сарптоолор (атайын текшерүүлөр, консультация жана маалымат берүү);
- категориялар боюнча кыйыр убакыт: башкаруу жана администрациялоо, окутуу, өргүүлөр жана эмгекке жарамсыздык баракчалары.
216. Жыйынды талдоону даярдоо 5F тиркемесинде берилген.
217. Стратегиялык план ошондой эле ички аудит кызматынын ишиндеги окутуу жана техникалык базаны өнүктүрүү сыяктуу маселелерди камтыган башка максаттарды да чагылдырууга тийиш (мисалы, иштин убакытын, көрсөткүчтөрүнүн натыйжаларын эсепке алуу боюнча программалык камсыздоону киргизүү).
5F тиркемеси
Жылдык план 20хх – Стратегиялык план
Министрлик |
|
|
|
|
|
|
|
|
Аудиттер | Аудиттелүүчү жаат (камтуу жааты) | Аудиттин тиби | Тобокелдик категориясы | Аудитти жүргүзүүнүн жыштыгы: жылына бир жолу, жылына 2 жолу, 3 жылда бир | Адистердин аудитке кошкон салымы | |||
Бөлүм/жайгашкан орду |
| Рангына жараша адистердин салымы | ||||||
А1, А2, А3 | В/С/Н | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | |||
Бул 5D таблицасы мурдагыдай эле ресурстар менен толук камсыз кылынбаган жана текшерүүлөрдү жокко чыгарат |
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аудиттер, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Атайын иликтөөлөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
Түз сарпталган убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчилик жана башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
1 жыл | 2 жыл | 3 жыл | ||||||||||
Адистердин аудитке салымы | Адистердин аудитке салымы | Адистердин аудитке салымы | ||||||||||
ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
5G тиркемеси
Стратегиялык пландын резюмеси – 20хх – 20хх
(АКБдан ресурсу жок аудиттерди алып салуу)
Баалоо резюмеси
Министрлик |
|
|
|
|
|
|
Аудиттер | Аудиттелүүчү жаат (камтуу жааты) | Пландалган аудиттин саны | 1 жыл | |||
Аудиттин тиби |
| Рангына жараша адистердин салымы | ||||
ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | |||
А1, А2, А3 |
|
|
|
|
|
|
Аудиттин тибине ылайык | Аудиттин ар бир түрүн анын көлөмүнө жараша жөнгө салуу | Аудиттердин санын көрсөтүү |
|
|
|
|
| Эмгек акы, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, сатып алууларга ж.б. төлөө |
|
|
|
|
|
Аудиттердин бардыгы |
|
|
|
|
|
|
Атайын иликтөө |
|
|
|
|
|
|
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
Түз сарпталган убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
Жетекчилик жана башкаруу |
|
|
|
|
|
|
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
| 2 жыл |
| 3 жыл | ||||||||||
| Адистердин аудитке салымы |
| Адистердин аудитке салымы | ||||||||||
| ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн |
| ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Жыйынтыгы, күн | ||||
Пландалган аудиттин саны |
|
|
|
| Пландалган аудиттин саны |
|
|
|
| ||||
Аудиттердин санын көрсөтүү |
|
|
|
| Аудиттердин санын көрсөтүү |
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
5.7 таблицасы
Стратегиялык пландын мазмуну
Стратегиялык пландын мазмуну: - Тобокелдиктерди жабуу боюнча стратегиялык саясат - чечим кабыл алуу жана артыкчылыктарды аныктоо боюнча колдономо; - Камтуу жааты - планга киргизилген уюмдун бөлүмдөрүнүн түзүмүн аныктоо; - Ички аудит үчүн стратегиялык өнүктүрүүнүн милдеттери - тренингдерди өткөрүү боюнча пландар жана административдик пландар; - Стратегиялык планды чагылдырган график: - Түз жана кыйыр убакыт сарптоо категориялары боюнча кыскача корутунду; - Аудиттердин деталдуу графиги |
6-глава. Жылдык пландоо
218. Жылдык план (операциялык план) бир жылга түзүлүүгө (31-декабрда аяктайт) жана стратегиялык пландын жана ички аудит кызматынын жетекчисинин ар жылдык тобокелдикти баалоосунун негизинде иштелип чыгууга тийиш. Анда жыл ичинде жүргүзүлүүгө тийиш болгон аудиттер: аудиттин тибин, ар бир өзүнчө аудит камтый турган жааттарды көрсөтүү чагылдырылат. Ошондой эле ар бир аудитти жүргүзүү үчүн адистердин курамы жана аудитти баштоого пландаштырылган квартал да киргизилет.
219. Пландын долбоору ушул жылдын 30-ноябрына карата ички аудиттин иши үчүн жооптуу министрликтин жогору турган жетекчиси тарабынан бекитилиши үчүн ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан түзүлүшү керек. Ар кандай кийинки толуктоолор аудит объектисинин жетекчиси тарабынан бекитилүүгө тийиш.
220. Жылдык пландын мазмуну стратегиялык пландан алынат. Мындан тышкары, конкреттүү аудит боюнча квартал боюнча бөлүштүрүлгөн жумуштан жана кызматкерлердин жүктөмүнөн тышкары, бир аз кошумча жумуш талап кылынат. Өткөн жылы башталган аудиттерди аяктоо үчүн зарыл болгон күндөрдүн санын аныктоо, ошондой эле “Башталган аудиттер - аяктоо убактысы” өзүнчө бөлүмүн киргизүү маселеси актуалдуу болуп саналат.
Жыйынды талдоо
Убакыт категориясы | Аудит, бардыгы
| Күндөр, бардыгы | 1-квартал | 2-квартал | 3-квартал | 4-квартал | ||||
Түз сарпталган убакыт |
|
| Аудит | Күндөр | Аудит | Күндөр | Аудит | Күндөр | Аудит | Күндөр |
Аудиттер | А1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
А2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
А3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Атайын иликтөө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Консультация жана маалымат берүү
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Түз сарпталган убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчилик жана башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башталган жана жыл ичиндеги аяктабаган аудиттерге талдоо
221. Планда аудитти баштоо керек болгон квартал, ошондой эле аны жүргүзүү үчүн талап кылынган убакыт көрсөтүлсө да, жылдын аягында аудиттин учурдагы мезгилинде башталган жана аяктабаган бир нече сан болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу, аудиттердин болжолдуу санын жана аларды аяктоо үчүн зарыл болгон күндөрдү баалоо планга киргизилиши керек. Муну менен бирге өткөн мезгилдерде башталып же кийинкиге жылдырылган аудиттерге жол бербөө керек, анткени күндөрдүн жана аудиттердин саны жыл сайын бирдей болот. Кабыл алынган ыкманы түшүндүрүү, ошондой эле кварталдык жана жылдык мониторинг жүргүзүүдө башталган жана аяктабай калган (жылдырылган) иштин жалпы аткарууга тийгизген таасирин эске алуу зарыл.
Убакыт категориясы | Аудит, бардыгы | Күндөр, бардыгы | 1-квартал | 2-квартал | 3-квартал | 4-квартал | |||||
Түз сарпталган убакыт |
|
| Аудит | Күндөр | Аудит | Күндөр | Аудит | Күндөр | Аудит | Күндөр | |
Аудиттер | А1 мурунку мезгилден бери |
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Жылына |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
А2 мурунку мезгилден бери |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
Жылына |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
А3 мурунку мезгилден бери |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
Жылына |
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
Толук график
222. Жылдык аудиттин маалыматтары пландарда (графиктерде) белгиленет, анда катышкан кызматкерлерди жана алар пландалган кварталды көрсөтүү менен конкреттүү аудиттер боюнча маалыматтар камтылышы керек. Толук графиктин форматы 6А тиркемесинин Ехсеl форматындагы таблицада берилген.
223. Резюменин форматы 6В тиркемесинин Ехсеl форматтагы таблицасында берилген.
Аудиттердин графиги жана убакытты мезгилдер боюнча бөлүштүрүү
224. Албетте бир квартал ичинде бардык аудиттерди баштап жана аягына чыгаруу мүмкүн эмес, анткени кээ бир аудиттер кварталдын аягында же жылдын аягына чейин уланат. Бирок иштин жүрүшүн контролдоо жана баалоо максатында, аудиттин башталышын аныктоочу пландын болушу зарыл. Учурдагы аудиттердин саны (анын ичинде баштала элек, бирок ошол мезгилге пландалган) жана аларды аткаруу күндөрү квартал боюнча жана жылдык отчеттордо талдоону жана комментарийлерди берүүнү талап кылат. Алар ошондой эле кийинки жылдын планын жана аудитордук графигин түзүүдө эске алынышы керек. Мониторинг процесси “Кварталдык жана жылдык мониторинг” 8-главасында баяндалган.
225. Ошондой эле жыл ичинде убакыттын бирдей эмес бөлүштүрүлүшү ыктымалдыгы да бар. Мисалы, 4-кварталда АМБны, стратегиялык жана жылдык пландарды даярдоого байланыштуу пландоого жана башкарууга убакыт көбүрөөк каралышы мүмкүн. Бул маселени чечүү ички аудит кызматынын жетекчисинин компетенциясына кирет.
Кызматкерлердин иш убактысынын жекече графиги
226. Ар бир кызматкердин өзүнүн убактысын 5-главада келтирилген нускамаларга ылайык пайдалануу боюнча жеке графиги болууга тийиш.
227. Кызматкерлерге убакытты кантип пайдалануу керектиги жана мониторинг процессинин бир бөлүгү катары колдонулган убакытты кантип жеке эсепке алуу керектиги жөнүндө нускама берилиши керек (8-главаны караңыз).
Убакыт графиктерине комментарийлер
228. Жылдык пландын долбоору жогоруда айтылган толук графиктерге кошумча төмөнкүлөрдү да камтууга тийиш:
- жыл сайын камтылуучу системаларды баалоого байланыштуу аудит стратегиясынын сыпаттамасы (эгерде бар болсо), ошондой эле мезгилдүү аудиттерге мамиле;
- жыл ичинде жүргүзүлүп жаткан аудиттин маселелери боюнча консультацияны камтыган (5-главаны караңыз) аудиттерди жүргүзүүгө суроо-талаптын жол-жоболорунун сыпаттамасы, мисалы, башка пландалган аудиттин курамындагы же кандайдыр бир себептерден улам камтылбаган өзүнчө аудит;
- квалификацияны жогорулатууга убакыт канчалык натыйжалуу жана кантип пайдаланылары жөнүндө маалымат;
- кызматкерлердин ар бир категориясынын убактысын бөлүштүрүү боюнча түшүндүрмө;
- Ресурстардын жетишсиздигинен (мисалы, штаттык ыраттама менен бекитилген кызматкерлердин зарыл санынын жоктугу) аудиттин кандайдыр бир формасын өткөрүүгө мүмкүн эместиги, ошондой эле ишке ашырылбай турган аудитордук текшерүүлөрдү тандоо боюнча чечимдер кандай кабыл алынгандыгы жөнүндө маалыматтар.
229. Комментарийлердин максаты ички аудит объектисиндеги жооптуу адамга планды талаптарга шайкеш келишин баалоого жардам берүү. График план түзүлгөн себептердин жетиштүү түшүндүрмөсүн бербейт.
6А тиркемеси
Жылдык план 20zz – Кварталдык талдоо
Министрлик |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Аудиттер | Аудиттелүүчү жаат (камтуу жааты) | Аудиттин тиби | Тобокелдик категориясы | Аудитти жүргүзүүнүн жыштыгы: жылына бир жолу, жылына 2 жолу, 3 жылда бир | Артыкчылык | Кварталдар 1, 2, 3, 4 | 1 жыл | ||||||||
Рангына жараша адистердин салымы | |||||||||||||||
Бөлүм/жайгашкан орду |
| ||||||||||||||
ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күндөр жыйынтыгы | ||||||||||||
А1, А2, А3
| В/С/Н | ||||||||||||||
Аудиттер, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Атайын иликтөө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Түз сарпталган убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Жетекчилик жана башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Кыйыр убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
| |||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
1-квартал | 2-квартал | 3-квартал | 4-квартал | ||||||||||||
Адистердин аудитке кошкон салымы | Адистердин аудитке кошкон салымы | Адистердин аудитке кошкон салымы | Адистердин аудитке кошкон салымы | ||||||||||||
ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күндөр, жыйынтыгы | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күндөр, жый. | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күндөр, жый. | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күндөр, жый. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6В тиркемеси
Жылдык пландын резюмеси 20zz – Квартал сайын талдоо
Министрлик |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Аудиттер | Аудиттелүүчү жаат (камтуу жааты) | Аудиттин тиби | Тобокелдик категориясы | Аудитти жүргүзүүнүн жыштыгы: жылына бир жолу, жылына 2 жолу, 3 жылда бир | Артыкчылык | Кварталдар 1, 2, 3, 4 | 1-жыл | ||||
| |||||||||||
Бөлүм/жайгашкан орду |
| А1, А2, А3 | В/С/Н |
|
|
| Рангына жараша адистердин салымы | ||||
|
| ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күндөр, жыйынтыгы | ||||||
Аудиттер, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Атайын иликтөө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Түз сарпталган убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Жетекчилик жана башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Кыйыр убакыт, бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
1-квартал | 2-квартал | 3-квартал | 4-квартал | ||||||||||||
Адистердин аудитке кошкон салымы | Адистердин аудитке кошкон салымы | Адистердин аудитке кошкон салымы | Адистердин аудитке кошкон салымы | ||||||||||||
ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күн. Жый. | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күн. Жый. | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күн. Жый. | ИАКЖ | Жет. адис | Аудитор | Күн. Жый. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Планды бекитүү
230. Ички аудит объектисинде ички аудиттин иштешине жооптуу адам планды расмий түрдө бекитиши керек. Бул бекитүү пландалып жаткан жылдын 1-январына чейин алынууга тийиш.
7-глава. Аудитордук Жумушчу документтер жана папкалар
Аудитордук Жумушчу документтердин максаты
231. Аудитордук документтердин негизги максаты төмөнкүлөрдү камсыздоо болуп саналат:
- аудит процессинде алынган далилдерди документтештирүү;
- аудитордук топтон алынган маалыматтарын жана жыйынтыктарын документтештирүү;
- аудитордук топтордун пайдаланышы үчүн жетиштүү маалыматтык база.
232. Аудитор аудитордук Жумушчу документтерди даярдоого жана жүргүзүүгө тийиш, алардын формасы менен мазмуну ушул колдонмого жана ички жоболорго же нускамаларга ылайык иштелип чыгууга тийиш. Жумушчу документтердеги маалыматтар - аудитордун тыянактарын жана аудитордук топ жасаган жумуштун көлөмүн далилдеш үчүн алынган далилдер. Жумушчу документтер аудит процессинин төмөнкүдөй аспекттери боюнча маалыматтарды камтууга тийиш:
- пландоо боюнча кабыл алынган жол-жоболор;
- бухгалтердик эсептин жана башкаруунун системаларын түшүнүү жана бул системалардагы ички контролду баалоо;
- аудит жүргүзүү боюнча иш жүзүндө аткарылган жол-жоболорду жазуу, бардык аныкталган олуттуу маселелерди жана жасалган тыянакттарды кыскача баяндоо;
- жетекчилердин текшерүү жол-жоболорун аткаргандыгы жөнүндө жазуу;
- аудиттелчү уюмдун жетекчилиги үчүн иштелип чыккан негизги сунуштамалардын кыскача баяндамасы;
- аудитордук корутундунун көчүрмөсү; жана
- кийинки иш-аракеттердин планы.
Эгер жумушчу документтердеги конкреттүү маалыматтар менен ырасталбаган болсо бир дагы ырастоо аудит боюнча түзүлгөн отчетко киргизилбөөгө тийиш.
Аудитордук папкалардын түзүмү
233. Аудитор папкага киргизилчү маалыматтарды ар түрдүү типтер боюнча бөлүштүрөт, мисалы, дайыма актуалдуу, башкача айтканда, жылдан жылга пайдаланылып туруучу маалымат жана учурдагы аудитке байланышкан маалымат. Аларды тиешелүүлүгүнө жараша туруктуу жана жумушчу папкалар деп аташат.
Туруктуу аудитордук папка
234. Туруктуу аудитордук папка мурдагы мезгилдердеги зарыл шайкеш келген маалыматты камтыйт, анда аудиттелчү объект жөнүндө маалыматтар жана бул уюмду кийинки аудиттөөдө керектелүүчү узак мүнөздөгү башка маселелер камтылат. Ошентип бул папка уюмдун иш чөйрөсү, анын ишмердиги, жалпы башкаруу системасы, ички контроль жана бухгалтердик эсеп системалары, жетекчилик жана уюштуруу түзүмдөрү, эрежелери жана жол-жоболору ж.у.с. бардык маалыматтарды камтууга тийиш. Бул документтер жана жазуулар логикалык тартипте сакталууга тийиш (папкада бөлүмдөрдү түзүү сунушталат), ал эми аларды жаңылоо зарылдыгына жараша ар бир аудитте жасалууга тийиш.
235. Туруктуу аудитордук папканын ар бир бөлүмүн мезгил-мезгили менен сереп салып туруу зарыл жана эгер аудит процессинде кошумча же өзгөртүлгөн маалымат алынса, анда эски маалымат алмаштырылууга тийиш. Эскирген маалымат туруктуу папканын атайын бөлүмүндө 2-3 жыл бою сакталат жана андан кийин ички аудит кызматынын жетекчисинин макулдугу менен жок кылынат.
236. Туруктуу папка негизинен төмөнкүлөрдү камтыйт:
- муктаждыкты баалоо жөнүндө маалымат: уюмдун, уюштуруу түзүмүнүн сыпаттамасы, жетекчиликтин тизмеси кызмат орундарды тизмелөө менен, алардын кызматтык милдеттенмелеринин кыскача сыпатталышы жана кол тамгаларынын үлгүлөрү;
- системалар боюнча жазуулар, ички контроль системасы боюнча суроолор, процесстердин ырааттуулугунун схемалары (эгер болсо), шайкештикке тесттердин деталдары (эгер жүргүзүлсө) жана контролду баалоонун жыйынтыктары (мисалы, ички контролдогу кемчиликтер же бузулуулар);
- башкаруучулук жана финансылык саясат жөнүндө маалымат;
- министрликтер тараптан көрсөтмөлөр, ички эрежелердин жана жол-жоболордун жазуулары, маанилүү башкаруучулук отчеттор ж.б.у.с.;
- маанилүү контракттардын жана макулдашуулардын көчүрмөлөрү.
Туруктуу аудитордук папкалардын мазмуну
Бөлүм | Мазмуну |
А | Уюмдун түрү |
А1 | Уюмдун көз карашы/Миссия |
А2 | Стратегиялык пландар |
А3 | Программалар |
А4 | Уюштуруучулук диаграмма/түзүм |
А5 | Жогорку жетекчиликтеги кызмат адамдарынын тизмеси |
В | Ички саясат боюнча документтер |
В1 | Финансылык жоболор |
В2 | Жол-жоболук жазуулар жана башка нускамалар |
В3 | Жылдык бюджеттер жана бир нече жылга бюджеттер |
В4 | Эсеп саясаты |
В5 | Тийиштүү мыйзамдар жана жоболор |
С | АКБ жана стратегиялык план |
С1 | Бюджеттерди талдоо - форма АА (номерлештирүү алдында) |
С2 | Аудиттелчү жаат - АВ формасы |
С3 | АКБ |
С4 | Стратегиялык план |
С5 | Ресурстарды пландоо |
D | Жарыяланган отчеттор |
D1 | Финансылык отчет |
D2 | Жылдык бюджет |
D3 | Иштин натыйжалары жөнүндө отчеттор |
D4 | Жарыяланган башка тийиштүү маалыматтар |
Жумушчу аудитордук папка
237. Жумушчу аудитордук папкада аудит убагында алынган же иштелип чыккан бардык документтер жана маалыматтар сакталууга тийиш. Жумушчу аудитордук папкадагы бардык документтер логикалык иретте, өзүнчө бөлүмдөрдө жана типтүү номерленишине жараша сакталууга тийиш.
238. Аудит аяктаганда жумушчу аудитордук папкада программа толук аяктап жана кол коюлганы, бардык жумушчу документтерди жооптуу аудиторлор текшергени жана процессте келип чыккан бардык маселелер чечилгени жөнүндө маалымат болууга тийиш.
Жумушчу папканын мазмуну
Бөлүм | Мазмуну | Жазуулар |
А бөлүмү | Аудитордук корутунду А 1 - аудитордук корутунду А 2 - кат алышуу; аудитордук корутундунун акыркы жоромолу бекитилген жолугушуулардын жана бардык аткарылган жол-жоболордун жазуулары |
|
В бөлүмү
| Аудитордук корутундунун долбоору В1 - отчеттун пункттары - баалоо жана контролдун максаттары боюнча тесттерди кыскача баяндоо В 2 - отчеттордун долбоорлору В3 - отчеттордун долбоорлоруна түздөн-түз комментарий берген корреспонденция | Толтурулган В формасы |
С бөлүмү
| Рецензиялар жана аудитордук корутундуну бекитүү менен форма С1 - ички аудит кызматынын жетекчисинин корутундусу С2 - жооптуу ички аудитордун сереп салуусу | Толтурулган С3 жана С4 формалары |
D бөлүмү | Башка кат алышуулар |
|
Е бөлүмү
| Пландоо жана баалоо системасы боюнча жазуулар (анын ичинде өтмө/ырастоочу тесттер) Е1 - аудиттин кыскача сыпатталышы (пландоо) Е2 - система боюнча жазуулар Е3 - өтмө тестирлөө |
|
F бөлүмү
| Системаны баалоо жана тестирлөөнү пландоо F1 - контролдун максаттарына жана сунушталган тесттерге шайкеш келишин баалоонун кыскача баяндамасы F2 - контролдун тесттерин пландоо F3 - кемчиликтерди аныктоого тесттерди пландоо | Толтурулган F 1-3 формасы |
G бөлүмү
| Макулдашылган сунуштар боюнча көз салуу/мониторинг G1- иш-аракеттердин аткарылышына сереп салуу (аудиттин жыйынтыгы боюнча) G2 - иш-аракеттердин аткарылышына сереп салууга байланышкан иш жана кат алышуулар G3 - пландаштырылган аудит боюнча иш-аракеттердин жазуулары | Толтурулган G3 формасы |
Н бөлүмү
| Мааниси боюнча деталдуу тесттер же шайкештик тесттери Н1 - өткөрүлгөн тесттер боюнча жалпы тыянактар Н2 - контролду баалоо тесттерин өткөрүү боюнча тыянактар Н3 - мааниси боюнча тесттерди өткөрүү боюнча тыянактар жана кемчиликтердин болушу | Толтурулган Н 1-3 суммасы |
239. Жумушчу папкада адатта төмөнкүлөр болот:
Пландоо бөлүмүндө:
- аудитти пландоо боюнча программа жана аудитти пландоо боюнча контролдук тизмектер.
Отчеттуулук бөлүмүндө:
- жогорку жетекчиликтин өкүлдөрү менен жолугушууларда алынган жазуулар жана протоколдор;
- аудит боюнча отчеттун долбоору жана аудиттелчү уюмдун жетекчилери менен маектер боюнча жазуулар;
- кат алышуу;
- аудитордук корутундунун көчүрмөсү; жана
- иш боюнча маселелер жана кийинки аудитке жылдырылган маселелер.
Контроль боюнча бөлүмдө:
- жүргүзүлгөн аудит боюнча отчеттор;
- ар бир маселе кантип чечилгенин көрсөтүүчү аудиттин суроолорунун тизмеси;
- жооптуу аудиторлордун документтерди кароосу боюнча жазуулар;
- аудитти аткаруу боюнча контролдук тизмелер;
Жумушчу аудитордук документтер бөлүмүндө:
- Ар бир өзүнчө финансылык, операциялык системалар жана бухгалтердик эсеп системасы боюнча аудитордук иш.
Аудитордун жумушчу документтерин даярдоонун принциптери
240. Аудитордун жумушчу документтери төмөнкүдөй болууга тийиш:
- деталдарды жана көйгөйлөрдү өткөрүп жибербеш үчүн иш процессинде даярдалууга;
- тапшырманын максатына ылайык келүүгө;
- толук, так, түшүнүктүү, түшүнүүгө жеңил, даана жана таза болууга.
241. Жумушчу документтердин толуктугун жана жетиштүүлүгүн текшерүү үчүн аудиттин объектисине мурда байланышы болбогон тажрыйбалуу аудитор кандай жумуштар аткарылганын жана жайынтыктар кандайча жасалганын ал документтердин негизинде аныктай аларын байкап көрүүгө болот. Бул аудиторлор алдамчылык фактыларын текшеришкен учурда кошумча мааниге ээ болот.
242. Кереги жок жана ашыкча деталдаштырылган жумушчу документтерди топтой берүүдөн качуу керек. Аудиттин аяктоочу баскычында жооптуу аудитор кайсы бир жумушчу документтерди чыгарып салуу керекпи деген маселени аныктоого, ал эми жетекчилик андай ишти бекитүүгө тийиш.
Даярдоо техникасы
243. Аудитордук жумушчу документтер бирдей стандарттык форматта түзүлүүгө тийиш. Аудитордук жумушчу документтерди даярдоодо төмөнкүдөй методдорду колдонуу зарыл:
а) Аудитордун ар бир жумушчу документинде аталышы болуп, анда төмөнкүлөр жазылууга тийиш:
- аудиттин объектисинин аталышы;
- жумушчу документтин аталышы жана максаттары; жана
- текшерилчү мезгил.
б) Ар бир аудитордук документке тийиштүү аудитор колун коюушу жана датасы коюлушу керек;
в) Ар бир жумушчу документте аталышы (нумерациясы) же каттоо номери жазылууга тийиш;
г) Ар бир жумушчу документте текшерүүчү аудитордун инициалдары жана аудиттин датасы жазылууга тийиш;
д) Бардык жерде стандарттуу аудитордук белгилерди пайдалануу зарыл. Кошумча аудитордук белгилер зарыл болсо алардын түшүндүрмөлөрү берилиши керек. Сунушталган стандарттуу аудитордук белгилер тиркелет;
е) Бардык маалымат булактары так белгиленүүгө тийиш.
244. Айрым аудитордук жумушчу документтер өзүнчө маанилүү болсо да, алар талданууга, өз ара байланыштуу болууга жана аудиттин талдоосун жеңилдетүү, чечим кабыл алуу жана аудит боюнча отчеттуулук, ошондой эле кийин пайдалануу үчүн кыскача берилүүгө тийиш. Жумушчу документтер боюнча корутундуда аудиттин максаттары, аткарылган иш, алынган натыйжалар, корутундулар жана аудит боюнча тапшырманын ар бир бөлүмүнө карата сунуштамалар баяндалууга тийиш. Бул документте өзүнчө жумушчу документтерге карата кайчылаш шилтемелер болушу керек.
Жумушчу документтерди номерлөө (аталышын жазуу үчүн)
245. Ар бир аудит боюнча бардык жумушчу документтерди номерлеп жана алар аудиттин убагында иш жүзүндө пайдаланылгандан башка учурларда жумушчу документтер үчүн папкаларда сактоо зарыл. Ар бир жааттагы биринчи жумушчу документ жогорку оң жагынан номерлениши керек. Бул процессти “Н” бөлүмүндөгү номерлөө системасынын мисалында карайлы (бөлүмдүн аталышы маанилүү эмес). Аудитордук корутундулар Н1 деп; алынган маалыматтардын кыскача формасы Н2 деп, ж.у.с. номерленүүгө тийиш. Н1 жалпы жыйынтыктарын түздөн-түз камтыган жумушчу документтер номерге жантык сызык кошуу менен номерленүүгө тийиш, мисалы, Н1/1, Н1/2, Н1/3 ж.у.с.
Жумушчу документтерде кайчылаш шилтемелерди пайдалануу
246. Аудит жүргүзүүдө иштелип чыккан бардык жумушчу документтерде кайчылаш шилтемелерди пайдалануу керек, анткени бул аткарылган ишти документтештирүү үчүн зарыл жана ал ишти текшерүүгө орчундуу жардам берет. Аудитордун жумушчу документине киргизилген бардык финансылык маалыматтардын кайчылаш шилтемелерин ошол эле маалымат көрсөтүлгөн башка жумушчу документтерге карата болушунча пайдалануу зарыл.
247. Жумушчу документтердеги айрым сандык маалыматтар башка жумушчу документте сандык маалыматтардын толук талдоосу менен ырасталганда кайчылаш шилтемелер менен эң көп жайылган учур пайда болот. Мисалы, эгер Н3/1 таблица жылына 5000000 сом суммада жалпы сатып алууларды көрсөтсө, анда Н3/1/7 жумушчу документ сатып алуулардын текшерилчү мезгил ичиндеги айлар боюнча бөлүштурүлгөн тизмесин көрсөтүп, 5000000 сом сумманы түзөт. Н3/1 кайчылаш шилтеме Н3/1/7де 5000000 сом көрсөткүчтөн оң же сол жагында кызыл түс менен жасалууга тийиш. Н3/1де ушундай эле көрсөткүч ылдый жагында, Н3/1/7 карата кайчылаш шилтеме менен белгилениши абзел.
Жумушчу документтердин коопсуздугу жана сакталышы
248. Жумушчу документтер аудит Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттердин стандарттарына ылайык жүргүзүлгөнүнө далил болушат; жана алар жоголуудан, жок кылынуудан жана уруксатсыз алуудан корголууга тийиш. Аудит процессинде иште пайдаланылбаган документтер салынган жумушчу папкалар аларды аудиттелчү уюмдун кызматкерлери көрбөгүдөй жерде сакталууга тийиш. Аудиттелчү уюмдун кызматкерлеринде аудитордун кабинетинин ачкычы болбоого тийиш. Өзүнчө кабинет жок болсо, столдо бир да жумушчу документ калбашына көз салуу зарыл.
Сунушталган стандарттык аудиттик белгилер
№ | Белгилер
| Маанилер |
1. |
| Акчалардын түшүшүн, эсептерди, банктык ордерлерди, төлөм жана башка ошол сыяктуу документтерди текшерүү |
2. | Р | Кассалык китепте, төлөм ведомостунда ж.б. ар бир жазууну көмөкчү документтердин жана тийиштүү тизмелердин жардамы менен текшерүү |
3. | Х | Кассалык китептен кирешелердин жана чыгымдардын айлык жыйынтыкталышын текшерүү |
4. |
|
Кассалык китепте, ошондой эле бухгалтердик китептерде, отчеттордо жана тизмелерде эсептөөлөрдү жана кайчылаш эсептөөлөрдү (жыйынтыктарды) текшерүү. |
5. |
| Контр-проводкаларды текшерүү. |
6. | В | Кассалык китепте, эсептерде жана банктык көчүрмөлөрдө болуучу мезгилдерге которулган сальдону жана калдыктарды текшерүү. |
7. |
| Кассадагы калдыкты банктык көчүрмөлөрдө жана салыштырууларда көрсөтүлгөн калдыктар боюнча текшерүү. |
8. |
| Эсептөөлөр.
|
9. | С | Банктык калдыктарды ырастоо. |
10. | С | Ырастоого суроо-талаптарга алынган жооп. |
11. | С | Физикалык инспекциялоо |
12. | Т | Менчикке укукту же менчикке укук жөнүндө күбөлүктү ырастоочу каралган документтер. |
Жазуулар
1. Жогоруда айрыкча көп керектелчү стандарттык аудитордук белгилер келтирилди. Эгер кандайдыр бир башка аудитордук белгилер зарыл болсо, анда алардын маанилерине түшүндүрмөнү тийиштүү жумушчу документтерге тиркөө керек.
2. Тийиштүү аудитордук белги тийиштүү цифранын астына коюла турган №3төн (вертикалдуу эсептөөдө) башка бардык аудитордук белгилер тийиштүү цифралардын каршысына (б.а. сол жагына) жана бул цифралардын оң жагына (кайчылаш эсептөөлөрдө) коюлууга тийиш.
3. Кызматкерлер аткарган жумушту текшерүүчү жооптуу аудиторлор мындай текшерүүнү кол коюп жана датаны көрсөтүп, ошондой эле иш текшерилгендиги жөнүндө жазуу менен документтештирүүгө тийиш.
8-глава. Кварталдык жана жылдык мониторинг
249. Жылдык план ички аудит кызматынын кызматкерлери пайдалана турган убакытты, ошондой эле жүзөгө аша турган аудиттердин түрлөрүн камтыйт. Пландаштырууда убакыт тике убакытка: аудит жүргүзүүгө күндөр, атайын иликтөөлөргө, консультация жана маалымат берүүгө; жана кыйыр убакытка: башкарууга жана администрациялоого, окутууга ж.б. бөлүнөт. Пландын аткарылышын жана план аткарылбай калышы ыктымал болгон мезгилде зарыл иш-аракеттер жөнүндө чечимдерди кабыл алууну камсыз кылыш үчүн планды ишке ашыруу процессине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү зарыл.
250. Мониторинг эки формага ээ:
- айрым аудиттерди жүргүзүү учурунда же жүргүзүп бүткөндөн кийин иш жүзүндө жумшалган убакытка планга салыштырмалуу талдоо жүргүзүү;
- 6-глава - Жылдык пландаштырууда көрсөтүлгөндөй квартал алкагында иштин процессин план менен салыштыруу үчүн бардык планды кварталдар боюнча талдоо.
251. Мониторингдин жүргүзүлүшүн камсыздоо үчүн бардык аудитордук персонал иш убактыларын кандай сарпталганын көрсөтүү менен иш убактысын эсепке алуу табелин толтурушу зарыл. Мисалдары 8А тиркемесинде келтирилген иш убакыттын табелдерин ички аудит кызматынын бардык кызматкерлери ар жума сайын толтуруп, анын жыйынтыктары Ехсеl форматындагы электрондук таблицаларга жума сайын же ай сайын киргизилүүгө тийиш.
252. Ички аудиторлор иш убакыттын табелин толтуруп алыш үчүн иш-аракеттерди өзүнүн жумушчу күндөлүктөрүндө күнүнө бир жолудан кем эмес өлчөө бирдиги боюнча документтештирүүгө тийиш (көп тапшырмаларды аткаруучу ички аудиторлор бир күндүн ичинде ар кандай багыттагы иштерди аткарышы мүмкүн), ал төмөнкүлөрдү чагылдырат:
- аудиттин шилтемесинин аталышы же номери жана жума ичинде сарпталган убакыты;
- атайын иликтөөлөр боюнча аудиторлор жүргүзүлгөн атайын иликтөөнүн расмий аталышын документтештире алат;
- сунуштамалар боюнча алар кимге кандай сунуштама берилгенин жана анын темасын чагылдырыла алышат;
- окуу боюнча окуу өткөрүүнү чагылдыруу зарыл.
Жеке аудиттерге байланыштуу убакыттын контролу
253. Жеке аудиттер убакыттын бюджеттин сактоо менен жүргүзүлүшүн камсыз кылыш үчүн ар бир аудит бекитилүүгө тийиш, мында, аудитордук топтун жетекчисинин милдеттеринин бири персонал убакытты планга ылайык пайдаланышына байкоо жүргүзүү болуп эсептелинет. Эгер иш жүзүндө сарпталган убакыт пландагыдан ашык болсо, аудиттин башка бөлүктөрүнөн убакытты үнөмдөөнүн мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында аудитордук топтун жетекчисине аудитти камтыган жаатты кайра карап чыгуу зарыл болушу мүмкүн. Планга салыштырмалуу убакыт бюджетинен ашып кетүүнүн ар кандай себептери бар, же убакыт бюджетинен ашып кеткен аудиторго иштин темпи боюнча консультация же кайталоонун алдын алуу үчүн кошумча окутуу керек болот. Аудиттин бөлөк бөлүгүнөн убакытты үнөмдөөгө мүмкүн болбогондуктан, башка ишке мөөнөттөрдү кыскартууга туура келет (башка аудитордук текшерүү же окутуу же атайын териштирүү үчүн бөлүнгөн убакыт). Жыл ичинде болгон күндөрдүн жалпы санын көбөйтүү мүмкүн болбогондуктан, пландын ар кандай ашыкчасы убакыттын башка категориясындагы убакытты кыскартууну же аудитти талап кылат.
Атайын иликтөөлөр
254. Атайын иликтөө зарыл болгондо ички аудит кызматынын жетекчисинин макулдугун алуу керек жана ал иликтөөнү идентификациялоо үчүн расмий аталыш же шилтеменин номери ыйгарылууга тийиш. Убакыттын бюджети аудитордук топтун жетекчисин кошо алганда кызматкерлердин саны эске алынып, белгилениши, жумшалган убакытты контролдоо үчүн жеке убакыттын бюджеттерине бөлүштүрүлүүгө тийиш. Мындай атайын иликтөөлөрдүн иш аракеттери көйгөйдүн масштабына салыштырмалуу көбүрөөк ресурстарды талап кылышы мүмкүн, анын ичинде пландаштырылган ишке да зыян келтириши да мүмкүн. Баштапкы бюджетти аныктоо аркылуу, сарпталган убакыт мурдагыдай эле байкоо астында болушу мүмкүн жана чечимдер маселе кандай изилденип жатканы жөнүндө чыгарылса болот. Мисалы, укук бузуу айкын болгон шартта сот жана тергөө органдарына көйгөйдү чечүү үчүн кайрылуу же маселени башкаруу процесстери аркылуу чечүү үчүн, ошондой эле ички аудит бөлүмү отчет берген министрликтин/ведомствонун жетекчисине консультация алуу үчүн кайрылуу аркылуу.
Кварталдык мониторинг
255. Кварталдык мониторинг кварталдын аягына тура келген мезгилде, макулдашылган графикке ылайык жүргүзүлүүгө тийиш. Эгер бул квартал жуманын иш күндөрүнүн биринде аяктаса, убакыттын табелдери жуманын ортосуна карата толтурулушу керек дегенди билдирет.
256. Жеке аудиттерге жана башка иш-чараларга кеткен убакытты эсепке алуу үчүн колдонулган кыскача таблицадан алынган маалымат талданууга тийиш, ошондой эле чейрек ичинде иштин иш жүзүндө аткарылышын планга салыштырган отчет даярдалышы керек. Жыйынды электрондук таблицанын мисалы 8D тиркемсинде берилген.
257. Отчет түзүү үчүн отчет жүргүзүүнүн башталгыч чекити катары планда каралган кызматкерлердин саны менен иш жүзүндө бар кызматкерлердин санын салыштыруу болуп эсептелет, бул отчеттук мезгилдин ичинде бош орундар пайда болушу мүмкүндүгү менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Кызматкерлердин, жалпы пландык жана иш жүзүндө ишке
катышуусун талдоо
План | Факт | Четтөө |
Кызмат орундары боюнча кызматкерлер (бар болгон персонал) |
|
|
Сарпталган күндөр |
|
|
258. Экинчи талдоо, жыйынтыктардын деңгээлинде, план боюнча иш жүзүндө аткарылган иштин категориялары боюнча салыштыруу жолу менен төмөндөгүдөй ишке ашырылат.
Аткарылган иштин жыйынды талдоосу
Убакыттын категориясы | План | Факт | Четтөө | ||||
Тике убакыт | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | |
Аудиттер | А1 |
|
|
|
|
|
|
А2 |
|
|
|
|
|
| |
А3 |
|
|
|
|
|
| |
Бардыгы |
|
|
|
|
|
| |
Атайын иликтөөлөр |
|
|
|
|
|
| |
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
| |
Бардык тике убакыт |
|
|
|
|
|
| |
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
| |
Башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
| |
Окутуу |
|
|
|
|
|
| |
Өргүү |
|
|
|
|
|
| |
Эмгекке жарамсыздык баракчасы |
|
|
|
|
|
| |
Бардык кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
| |
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
| |
259. Андан аркы аудиттерди талдоо жана атайын иликтөөлөр квартал ичинде бүтүрүлгөн аудиттердин санын, ошондой эле, кийинки кварталга өтүүчү процесстеги аудиттердин санын көрсөтүүгө тийиш. Ушундай эле маалымат атайын иликтөөлөр үчүн да талап кылынат.
Аяктаган жана кварталдын аягында аяктоо процессинде турган аудиттерге жана атайын иликтөөлөргө талдоо
Убакыттын категориясы
| Аяктады | Процессте | Бардыгы | Пландалып, баштала элек аудиттер | ||||
Тике убакыт | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | |
Аудиттер | А1 |
|
|
|
|
|
|
|
А2 |
|
|
|
|
|
|
| |
А3 |
|
|
|
|
|
|
| |
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
| |
Атайын иликтөөлөр |
|
|
|
|
|
|
| |
260. Пландан четтеп кетүүлөрдү, ашыкча чыгымдарды, ошондой эле атайын иликтөөлөрдүн санын жана типтерин түшүндүрүү зарыл. Текст фактыларга жараша болот, бирок комментарийлердин негизги максаты пландын аткарылышына таасир этүүчү бардык нерселерге көңүлдү бурууда болот. Эгер, мисалы, кызматкер узак убакыт сыркоолоп оорууса, анда бул аудиттерди жүргүзүүгө кеткен убакытка көрүнөө таасир этмек жана ошол эле учурда сыркоолоп ооруп калууга каралган убакыттын категориясын көбөйтмөк.
261. Бардык аудиттерди кварталдын ичинде баштоого жана бүтүрүүгө болбогондуктан, кийинкиге жылдырылган же өткөн мезгилге кирген аудиттер, б.а. мурунку өткөн мезгилде бүтпөй калган жана ошондой эле отчеттук кварталдын ичинде аягына чыкпай калган аудиттер пайда болот.
Ага төмөнкүдөй талдоо берилүүгө тийиш:
Аудиттерге талдоо
Категория | Талдоо | Ушул мезгилге чейин план боюнча бардыгы | Кийинкиге жылдырылган | Башталбаганы | Процессте | Долбоор чыгарылды | Аяктаган |
А1 | Кийинкиге жылдырылган |
|
|
|
|
|
|
| Пландалган |
|
|
|
|
|
|
| Пландалган эмес |
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
А2 | Кийинкиге жылдырылган |
|
|
|
|
|
|
| Пландалган |
|
|
|
|
|
|
| Пландалган эмес |
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
| Кийинкиге жылдырылган |
|
|
|
|
|
|
А3 | Пландалган |
|
|
|
|
|
|
| Пландалган эмес |
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
| Кийинкиге жылдырылган |
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
262. Кварталга пландандаштырылган аудиттердин санын же али баштала элек (2-кварталга же андан аркыга) мезгилдин өсүү жыйынтыгын аныктоо зарыл. Мындай себептен тийиштүү түшүндүрмөлөрдүн берилиши жана жыл ичинде аларды жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге алып келүүчү аракеттер көрүлүшү мүмкүн.
263. Пландалган/аткарылган аудиттерди салыштыруу пайдалуу, мында аудиттерге сарпталган күндөрдү пландаштырылган күндөргө карата проценттик катышта салыштыруу жана иш жүзүндөгү отчетторду планга проценттик катышта салыштыруу керек.
Салым/натыйжа - салыштырма таблица
Пландын % аткарылды | Күндөр % | Отчеттор % |
А1 |
|
|
А2 |
|
|
А3 |
|
|
2-кварталдагы мониторинг жана андан ары көрсөткүчтөрдүн өсүүчү жыйынтыгын көрсөтөт.
264. Экинчи жана андан кийинки кварталдарда квартал ичинде аткарылган иштерди эле эмес, өсүүчү жыйынтык менен камтылган натыйжаларды да көрсөтүү зарыл. Түшүндүрмө отчеттук кварталга тиешелүү болушу зарыл, ошондой болсо да иштин өсүүчү жыйынтык натыйжаларына да кайрылуу туура, мисалы, бул кварталдагы иштин аткарылышы мурдагы кварталдагы иштин аткарылышынын көрсөткүчтөрүн оңдоого жардам берсе.
265. Андан аркы талдоо аудитордук текшерүүлөрдү аяктоодо аткарылган иштерге тиешелүү зарыл.
Жумуш убактысын эсепке алуу табелдеринин маалымат базасы.
266. Жумуш убактысынын айлык табелдери мониторинг жүргүзүү боюнча кварталдык отчетторду даярдоого пайдаланылышы үчүн Ехсеl форматында маалыматтарды киргизүү үчүн толугураак таблица түзүш керек. Ар бир аудиттин жана иштин ар бир багыты боюнча убакыттын бюджети боюнча маалыматтар пландоонун ар жылдык электрондук талбицасынан алынса болот (“Жылдык пландоо” 6-главасын караңыз), бул ошондой эле конкреттүү аудитордун катышуусу жөнүндө жалпыланган маалыматтардын алынышын да камсыздашы мүмкүн. Бир аудитор иш убактысынын табелдерин жүргүзүү үчүн жооптуу болуп, ошондой эле ай ичинде ар бир кызматкерге катталган убакыттын жыйынтык саны жыйынтыгында ошол айдагы күндөрдүн жалпы санын түзүшүн камсыз кылуу үчүн дайындалууга тийиш.
267. Маалыматтар базасын өзгөчөлүгү төмөнкүлөрдү камтый алышында турат:
- ар бир аудитти жүргүзүү үчүн пландалган убакыт, ошондой эле атайын иликтөөлөргө пландаштырылган убакыт (бөлүштүрүлбөгөн бюджеттен кийин кыскартуу менен);
- аудитордун иш жүзүндө ар бир аудитти жана атайын иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн короткон убактысы;
- ар бир квартал ичинде сарпталган жалпы убакыт, ар бир аудитор боюнча жыйынтыктоочу убакыт, ошондой эле ар бир аудит жана убакыт категориясы.
- ар бир квартал боюнча пландаштырылгандан убакыттан иш жүзүндөгү четтөө жана өсүүчү жыйынтыгы менен.
Жылдык отчет.
268. Ички аудит кызматынын жылдык отчетунда жылдын акыркы кварталында аткарылган иштерди, анын ичинде жыл ичиндеги өсүүчү жыйынтыктын көрсөткүчтөрү менен планга салыштырып көрсөтүү зарыл,
269. Кошумча иретинде, ички аудит кызматынын жетекчиси министрликтин ички аудиттин функциясы үчүн жооп бере турган жетекчисине жыйынтыктоочу отчетту, жыл ичинде аныкталган көйгөйлөрдү, атап айтканда контроль системаларындагы окшош кемчиликтерди же жетекчиликтин деңгээлиндеги иш-аракеттерди башкаруунун жакшыртуу үчүн шайкеш келбестиктерди белгилөө менен даярдап берүүгө тийиш.
270. Жылдык жыйынтыктоочу отчеттун түзүмү төмөнкүдөй маселелерди камтышы керек:
- Ички аудиттин жоопкерчилигин жана камтыган жаатын, ар бир системага жыл сайын аудит жүргүзүүгө мүмкүн болбогондуктун натыйжасында келип чыккан чектөөлөрдү;
- Аудиторлордун акылга сыярлык, бирок абсолюттук эмес ырастоолорун, бир жылдын ичинде аудит жүргүзүлгөн жерлерде, бир жылдан ашык мезгилге ал ырастоолор таркатылбашы мүмкүн;
- Аудиттин камтыган жааттын резюмесин, атап айтканда, эгерде жылдык негизги системаларды камтуу бар болсо;
- Камтуу жаатын жалпы чыгымдардан, же жыл ичинде аудиттин объекти болуп саналган министрликтин кирешелеринен пайыз менен белгилөө;
- Кайталанчу жана/же кеңири таралган, аудиттердин жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөрдү талкуулоо, ошондой эле министрликтин/ведомствонун деңгээлиндеги тийиштүү сунуштамалар (мисалы, кызматкерлерди андан аркы кесиптик багыттоо, окутуу), ошондой эле башка министрликтер (мисалы, Финансы министрлиги системаларды же нускамаларды өзгөртүү боюнча) чара көрүшү талап кылынган маселелер;
- Жөнөкөй жеке учурларга караганда көбүрөөк колдонулуучу, контролдоо же сунуштама боюнча жалпы сунуш-пикирлер бар же жок экенине карабастан бүткүл министрлик/ведомство боюнча кеңири колдонулуучу атайын иликтөөлөрдүн натыйжасында чыгуучу маселелер;
- Ички аудиттин ресурстарынын деңгээлинин адекваттулугу боюнча жыл ичинде жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктарын эске алуу менен министрликтин керектөөлөрүнө ылайыктуулугуна комментарийлер;
- Окутуу жаатындагы жетишкендиктер.
8А тиркемеси
Жумуш убактысын эсепке алуунун табели
Аудитордун аты |
|
|
|
|
|
| ||
Ай |
|
|
|
|
|
| ||
Убакыттын категориясы | 1-жума | 2-жума | 3-жума | 4-жума | 5-жума | Бардыгы | ||
Тике убакыт |
|
|
|
|
|
| ||
Аудиттер |
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
Атайын иликтөөлөр |
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
Бардык тике убакыт |
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
| ||
Башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
| ||
Окутуу |
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
| |
Өргүү |
|
|
|
|
|
| ||
Бардык кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
| ||
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
| ||
8В тиркемеси
Мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл аналитикалык таблицалар
1-таблица
Кадрдык катышууну жана пландалган жыйынтыктоочу
жана иш жүзүндөгү салымды талдоо
План | Факт | Четтөө |
Кызматкерлер кызмат орундары боюнча (болгон персонал) |
|
|
Чыгымдалган убакыт |
|
|
2-таблица
Иштин аткарылышына жыйынтыктоочу талдоо
Убакыттын категориясы | Аяктады | Процессте | Бардыгы | ||||
Тике убакыт | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | |
Аудиттер | А1 |
|
|
|
|
|
|
А2 |
|
|
|
|
|
| |
А3 |
|
|
|
|
|
| |
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
Атайын иликтөөлөр |
|
|
|
|
|
|
|
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
|
Бардык тике убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
Башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
|
|
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
|
Эмгекке жарамсыздык барагы |
|
|
|
|
|
|
|
Бардык кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
3-таблица
Кварталдын аягына карата бүткөрүлгөн жана процесстеги
аудиттерди жана атайын иликтөөлөрдү талдоо
Убакыттын категориясы | Аяктады | Процессте | Бардыгы | Пландалып, бирок баштала элек аудиттер | ||||
Тике убакыт | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | |
Аудиттер | А1 |
|
|
|
|
|
|
|
А2 |
|
|
|
|
|
|
| |
А3 |
|
|
|
|
|
|
| |
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
Атайын иликтөөлөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
4-таблица
Аудиттерге талдоо жүргүзүү
Категория | Талдоо | Учурдагы убакытка пландалган бардыгы | Кийинкиге жылдырылды | Башталган жок | Процессте | Долбоор чыгарылды | Аяктаган |
А1 | Кийинкиге жылдырылган |
|
|
|
|
|
|
| План |
|
|
|
|
|
|
| Пландан тышары |
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
А2 | Кийинкиге жылдырылган |
|
|
|
|
|
|
| План |
|
|
|
|
|
|
| Пландан тышары |
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
А3 | Кийинкиге жылдырылган |
|
|
|
|
|
|
| План |
|
|
|
|
|
|
| Пландан тышары |
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
5-таблица
План/Факт - салыштырма таблица
Планга жетүү % | Күндөр % | Отчеттор % |
А1 |
|
|
А2 |
|
|
А3 |
|
|
8С тиркемеси
Квартал ичинде иштин аткарылышын,
ошондой эле өсүүчү жыйынтык менен көрсөтүүчү
убакытты талдоо
| Ушул квартал | Өсүүчү жыйынтык менен (Квартал 2/3/4) | |||||||||||
Убакыттын категориясы | План | Факт | Четтөө | План | Факт | Четтөө | |||||||
Тике убакыт | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | Аудиттердин саны | Күндөр | |
Аудиттер | А1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
А2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
А3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Атайын иликтөөлөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардык тике убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өргүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эмгекке жарам сыздык барактары |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардык кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
8D тиркемеси
Убакыт боюнча аудиттерге катышууну кеңири талдоонун мисалы
Министрлик | План | Факт | Четтөө | |||||||
Аудиттер | 1-квартал | 1-квартал | 1-квартал | |||||||
Аталышы | Аудиттин тиби | Категориялар боюнча персоналдын салымы | Категориялар боюнча персоналдын салымы | Категориялар боюнча персоналдын салымы | ||||||
А1, А2, А3 | ИАЖ | Аудиторлор | Бардыгы күндөр | ИАЖ | Аудиторлор | Бардыгы күндөр | ИАЖ | Аудиторлор | Бардыгы күндөр | |
Бардыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Атайын иликтөөлөр |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Консультация жана маалымат берүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардык тике убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 1-квартал | 1-квартал | Аудиттер |
|
|
|
|
|
|
Кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкаруу жана администрациялоо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Окутуу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өргүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бардык кыйыр убакыт |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жыйынтыгы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
III БӨЛҮМ
АУДИТОРДУК ТАПШЫРМА ЖАНА ОТЧЕТТУУЛУК
9-бөлүм. Аудитордук тапшырманын планы
Аудитордук тапшырманын планы
271.Пландалган же пландалбаган ар кандай аудиттин башталгыч чекити аудитке тиешелүү системаны, аткаруу зарыл болгон иштин максатын мындай иштин камтуу чөйрөсүн (тереңдигин), мында колдонулуучу методдорду, ошондой эле убактылуу графикти жана зарыл кадрдык ресурстарды так аныктоодо:
- Система - жылдык пландаштыруу процессинде аныкталган, аудит тарабынан текшерилген жаат;
- Аудиттин жалпы максаты - бул контролдун өзгөчө максаттары, ага система туура келиши керек (2-бөлүм системаларды классификациялоонун бардык негизги типтери үчүн аудиттин стандарттуу максаттарын белгилейт);
- Камтуу жааты - системалардын чегин аныктоо, ошондой эле контролдун максатына жетүү үчүн аткаруу зарыл болгон иштин деңгээли;
- Метод – пайдаланууга мүмкүн болгон аудитордук ыкмалар.
272. Ушул өбөлгөлөрдүн жыйындысы аудитордук тапшырманын планынын негизин түзөт, ал жогоруда аталган пункттардын ар бири боюнча сыпаттоо берет, аларга ылайык ар бир өзүнчө аудиттин өзгөчөлүгүнө колдонулат жана пландаштыруунун максаты үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
273. Аудитордук тапшырманын планын даярдоо үчүн даярдоо иштеринин белгилүү көлөмү зарыл. Ал төмөнкүлөргө жараша өзгөрөт:
- Алдын ала иштер жүргүзүлбөгөн жана маалымат аз болгон учурда бул аудит А1 түрү (толук же чектелген камтуу) же А2 түрү болуп эсептелерине;
- Аудиттин так аныкталган максаттары менен аудиттин ушул жааты стандарттуу болуп эсептелерине;
- Система жөнүндө көп нерселер белгилүү экенине.
274. Зарыл болгон убакыттын, ошондой эле ар кандай даярдоо иштеринин көлөмү биринчи жолу жүргүзүлүп жаткан татаал аудитке жалпы убакыттын 20%га чейинкисин түзүүгө тийиш. Кыскача сыпаттоо даярдоо үчүн керек болгон адам-күнүнүн саны ички аудит кызматынын жетекчилери менен макулдашылышы керек.
275. Системанын татаалдыгы же болбосо өзгөчө табият система аныкталганга жана сыпатталганга чейин контролдун толук максаттарын иштеп чыгууну татаалдатышы мүмкүн. Мындай жагдайда аудитордук иштин багытын аныктоого жардам берүүчү кыскача сыпаттоону даярдоонун ордуна, 2-главадан стандарттуу айрым жалпы максаттар пайдаланылууга тийиш. Мисалы, "Башкаруучулук аракеттерди жүргүзүү үчүн адекваттуу жана өз учурдун талабына ылайык отчетторду камсыздоо" башкаруучулук маалыматтык системанын аудиттинин жалпы максатынын бири болушу мүмкүн. Кыйла кеч кийинки баскычындагы контролдун толук максаты иштелип чыгышы мүмкүн, ал ушул контекстте "адекваттуу" жана "өз учурунда" дегендер эмнени түшүндүрөрүн аныктоого көмөк берет. Бул башкаруучулук отчеттор:
- Бардык олуттуу операцияларды контролдойт >Ех, 000;
- Эсептен чыгаруулардын негизинде пландан четтөөлөрдү бөлүп көрсөтөт;
- Алуучу тарабынан контролдонуучу бардык чыгымдарды камтыйт;
- Кырдаалды контролдоо үчүн натыйжалуу иш-аракетти камсыздоо үчүн мезгилди аяктоодо жетишээрлик тез даярдалгандыгын билдириши мүмкүн.
276. Пландын форматы стандарттуу форма болуп саналат жана көбүнчө башталгыч параграфтагы аныктамаларга туура келет. Е1 формасында аудиттин планы үчүн стандарттуу форма аныкталат, бирок ал кыйла татаал же анча татаал эмес стандарттуу аудитке туура келиши үчүн өзгөртүлүшү мүмкүн. Бирок Е1 формасынын негизги түзүмүнө ылайык болуу зарыл.
Аудиттердин планын бекитүү.
277. Пландар аудитор тарабынан даярдалышы керек, ал иштин аткарылышы үчүн жооптуу болуп эсептелет жана зарыл учурда ага аудитордук топтун жетекчиси же адис кеңеш берет. Андан кийин алар ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Тактап айтканда, аудит жүргүзүү үчүн жалпы бөлүштүрүлгөн убакыт жылдык планга ылайык каралган убакыттын ашып кеткен учурда бекитүү керек болушу мүмкүн.
Аудиттин жумушчу программасы.
278. Кыскача сыпаттоо аудиттин ишиндеги программанын зарыл экендигин алмаштыра албайт, анткени анда методдор жөнүндө кыскача сыпаттоо бөлүгү кыйла толук берилген жана төмөнкүлөрдү камтыган:
- Системага баа берүү үчүн жана өтмө тест жүргүзүүгө этаптарды, маселелерди, маектерди кеңири сыпаттоону;
- Шайкештикке кеңири тесттерди (ошондой эле мааниси боюнча тесттер).
279. Белгилүү аудиттерди жүргүзүүдө, атап айтканда А1 жана А2 түрүндө туруктуу өткөрүлүүчү аудиттер үчүн аудиттин стандарттуу жумуш программасы боюнча иштердин рационалдуу зарылдыгы пайда болушу мүмкүн. Анын үстүнө А2 түрүндөгү көптөгөн аудиттер үчүн өзүнчө иштелип чыгарылуучу программа зарыл.
280. Программа пландын түзүмүнө жараша түзүлүүгө тийиш, башкача айтканда ал аудиттин камтуу жааттарына жана максаттарына так ылайык келиши керек. Кайсы болбосун конкреттүү программанын мазмунун алдын ала аныктоо мүмкүн эмес болгондугуна карабастан, бардык учурларда иштин планы төмөнкүдөй болушу керек:
- Текшерүүчү аудитор тарабынан өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болгон учурда аны кайра карап жана макулдашуу үчүн жазуу жүзүндө баяндалышы керек;
- Ишти аткаруу үчүн зарыл болгон адам-күнүнүн санын аныкташы;
- Жыйынтыгы боюнча жумушчу аудитордук документтер түзүлүшү керек, мүмкүн болгон учурда аудитордук отчетту түзүүгө пайдалануу үчүн.
281. Мындай программалардын артыкчылыгы аткаруу башталганга чейин эле эмнени жасоо пландалып жатканын, ошондой эле ал коюлган максаттарга кандайча туура келерин жана аудитордук корутундуда кандайча пайдаланылышы мүмкүн экендигин ойлонуу үчүн жооптуу аудиторду мажбур кылгандыгында турат. Аудитор ыкманы так элестеткен учурларды кошпогондо, ал:
- Контролдун максатына карата түшүндүрөт/бекитет/жокко чыгарат;
- Жетекчиликтин отчетуна кирет (жыйынды отчетко, же болбосо толуктоолорго);
- Анда кереги жок иш жасалып калышы коркунучу пайда болот. Ишти документтештирүү ыкмасы дагы маанилүү болуп эсептелет: бул 7-главада - Жумушчу аудитордук документтер жана папкаларда каралган.
Негизги милдеттердин жыйындысы:
Жооптуу аудитор - ушул главага ылайык иштин пландарын жана программаларын даярдайт; убакыт графигине ылайык ишти аткарат; аудиттин максаттарына жана каралган материалдарга ылайык аудиттин ар бир баскычын кылдат пландаштырат, ал аудитордук жыйынтыктоочу отчетту даярдоодо колдонууда эсепке алынат.
Ички аудит кызматынын жетекчиси (ИАКЖ) - бардык аудиттер боюнча аудиттердин кыскача сыпатталышын даярдоону камсыз кылат (ички аудит кызматынын жетекчиси белгилеген убакытка жараша кызматкерлердин ар кандай эң аз болгон салымынын предметине карата), ал аудитке тиешелүү системаны жана аларга жетүүнүн максаттарын так аныктайт; болгон адам- күнүнүн жалпы санына ылайык маселелер боюнча убакытты бөлүштүрүү графигин макулдашат; убакытты бөлүштүрүү графигинде убакытты көбөйтүү боюнча өтүнүүлөрдү карайт.
9А тиркемеси
Толтуруу боюнча нускамалар менен версиялар
Аудитти пландоо | Даярдаган | Форма: Е1 | ||
| Текшерген |
| ||
Жалпы маалымат | ||||
Кардар | Аудит жүргүзүлүүчү уюмдун/бөлүмдүн аталышы | Аудит даталары: | Аудитке тийиштүү финансылык мезгил/жыл | |
Система | Системаны анын аталышына шилтеме берүү аркылуу сыпаттоо | Жоопту аудитор | АТЫ-ЖӨНҮ | |
Аудит жүргүзүүлүчү байланыш маалыматы | Жооптуу кызматкердин байланыш маалыматтары | Аудиторлор | АТЫ-ЖӨНҮ | |
АТЫ-ЖӨНҮ | ||||
АТЫ-ЖӨНҮ | ||||
Конкреттүү маалымат | |
Аудиттин негизги максаты: | Системанын максаттарына тиешелүү кыскача сүйлөм. Ал, адатта, (финансы системасы үчүн) тактыгын, толуктугун, ишенимдүүлүгүн, өз убагында аткарууга шилтемени камтыйт. Көбүнчө "ынануу үчүн...» формада. |
Аудиттин масштабы жана иштин көлөмү | 1. Башка системалар менен байланышты жана системанын чектерин көрсөтүңүз. 2. Текшериле турган отчеттук мезгилди (мезгилдерди) көрсөтүңүз. 3. Операциялардын финансылык көлөмүн көрсөтүңүз. |
Системалардын тибине туура келүүчү жалпы аталыштарына ылайык топтолгон аудиттин өзүнчө максаттары: | Финансы системасы үчүн жалпы аталышы 1. толуктугу -өзүнчө максат; - 2-өзүнчө максат; 3.өлчөө жана тактык; 4. ачуу; 5. коопсуздук; 6. жарактуулугу жана системалуулугу (үзгүлтүксүздүк); 7. колдонуу (эскертүү: операциялык системалар, өндүрүмдүүлүк, майнаптуулук жана үнөмдөө үчүн). |
Аудитти пландоо | Даярдаган | Форма: Е1 | |||||||||||||||||||
| Текшерген |
| |||||||||||||||||||
Тапшырманын деталдары | |||||||||||||||||||||
Жылдык пландын бир бөлүгү Болбосо, себебин түшүндүргүлө | Ооба/Жок
Керексизи сызылат Кыскача түшүндүрмө бергиле | ||||||||||||||||||||
График жана мөөнөттөр | Төмөнкү категорияларга ылайык тапшырмалардын башталышынын жана аякташынын даталарын көрсөткүлө
| ||||||||||||||||||||
Жумуш сааттарын бөлүштүрүү (аудиттин күндөрү/сааттары) |
Ар биринин салымын саат/күн менен көрсөткүлө | ||||||||||||||||||||
Мыйзам алкактары | Аудит жаатына түздөн-түз тиешелүү болгон негизги ченемдик актыларга (мыйзамдар, жарлыктар, жоболор ж.б.) кыскача шилтемелерди кошкула. Бул кыскача маалыматты Е1.1 формасынан (документтердин контролдук тизмеси) алуу керек. Максаты контроль боюнча талаптарды белгилөөдө мыйзам алкактарынын адекваттулугун аныктоо болуп саналат. Тескемелер көбүнчө уюмдарга финансылык контролду ишке ашыруу боюнча талаптарды камтыйт, мисалы: жогору жактан көзөмөлдөө жана салыштыруу. | ||||||||||||||||||||
Жооптуу аудитордун башка аудиторлорго сунуштамалары | Кийинки текшерүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн аудиттин көңүл бурууну талап кылган конкреттүү тармактарына, кандайдыр бир конкреттүү тобокелдиктерге же жумуштун аткарылышына байланыштуу кандайдыр бир атайын көрсөтмөлөргө, мисалы, каталар жөнүндө кабарлоого көңүл бурат. | ||||||||||||||||||||
| Аудиттин программасы (ошондой эле Колдонмонун 10-главасына кайрылгыла) |
| Пландоо |
1. | Аудит жүргүзүлө турган системага байланыштуу маалыматтарды чогултуп, системанын кандай иштээрин жана уюмдун максаттарына жана аудиттин милдеттерине канчалык ылайыктуу экендигин так түшүнүп алгыла. Бул процесстин бир бөлүгү катары, иш-аракеттердин көлөмүн жана наркын жана ал жүргүзүлүп жаткан жерди билип алгыла. Е1.1 документтердин/билимдердин контролдук тизмегин толтургула жана ушул документтин Е бөлүмүнө көмөкчү документтерди тиркеп койгула. Е1.1ге ар бир документ үчүн кайчылаш шилтемелерди жасагыла. Ар бир документти текшергиле жана коюлуучу контролдук талаптарды аныктагыла; өзүнчө жумушчу документте аларды жыйынтыктагыла. Бул документтерди колдонуунун максаты процессти жана контролдук талаптарды, алар башында кандайча баяндалгандыгын түшүнүүнү аныктоо болуп саналат. Бул маалымат Е2 формасын түзүүдө колдонулат, анткени ал системанын кандай иштеши керектигин аныктоого жардам берет жана сурамжыланган кызматкерлер берген маалыматка карата көз карандысыз маалыматты берет. |
2. | Мурунку ички же тышкы аудиттин отчетторунда жасалган ар кандай сунуштамалар боюнча кийинки иш-аракеттер. Ушул документтин G1 бөлүмүнө жазуу киргизгиле (көз салгыла). Мурунку аудиттин убактысынан тартып системаны өзгөртүү же контроль жүргүзүү боюнча сунуштамалар ишке ашкандыгын аныктагыла. Туруктуу же мурунку Жумушчу аудитордук документтен аудит боюнча колдонуудагы документгерди жаңылоодо көңүл бургула жана кайталоого жол бербегиле. |
3. | Колдонуудагы системаны аныктагыла жана ушул системадагы контроль каражаттарын документтештиргиле. Система процесстерден жана кадамдардан турат, алар системанын башталышынан анын аякталышына чейинки операцияга көз салат (башка операциялар менен жыйындысын кошкондо). Бул система деталдуу жана эмне болушу керектигин толук баяндайт. Буга 1-кадамда алынган документтерди текшерүү (Е1.1) документтерин текшерүү, ал Е2деги кайчылаш шилтемеге ылайык келиши керек), ошондой эле жооптуу кызматкерлерди сурамжылоо аркылуу жетишилет. Сурамжылоолордун бардык протоколдору Е бөлүмүндө сакталууга жана документтештирилүүгө тийиш. Маалымат булагын аныктоого мүмкүн болушу үчүн көмөкчү документке (мыйзам же жолугушуулар жөнүндө жазуулар) Е2де контролдук функциялар боюнча процесске жана жазууларга пландоонун ушул кадамы жана кайчылаш шилтемелер үчүн Е2 формасын пайдалангыла. Өзгөчө түрдө системанын ар бир кадамын /ишин/ процессин карагыла жана өзүнчө жазуу жүргүзгүлө. Ишти жана процесстерди хронологиялык тартипте белгилегиле. Максат системанын тиешелүү түрдө иш жүзүндө иштешин аныктоо болуп эсептелет. Балким, бул процесстин аяктоочу/аяктоочу бөлүгү болгондуктан, күн сайын жүргүзүлбөгөн башкаруу отчетторун же баяндаманы карап чыгууну талап кылат. Ар бир кадам/иш/ процесс үчүн конкреттүү деталдарды жазгыла: - иштин мүнөзү (жасалып жаткан иштердин кыскача баяндамасы); - ким жооптуу болуп эсептелет; - бул иш-аракет кайда жүргүзүлөт; - кандай жазуулар/далилдер ушул иш-аракет менен байланышкан. (Эмне, Ким, Кайда, Качан, Кантип) Процесс менен салыштырылуучу ушул системаны жазуу учурунда белгиленген контроль каражаттарын бөлүп көрсөткүлө. Кызматкерлерге күтүлгөн контроль каражаттары көрсөтүлбөй калган жерлерди айтып бергиле (контролдун күтүлүп жаткандай максатына жетүүгө тийиш болгон же мыйзам тарабынан талап кылынган контроль каражаттары). Ар кандай чакан системаларды аныктоодо жана баяндоодо этият болгула. Мисалы, кассалык жана банктык системаларда түшүүлөр жана төлөмдөр үчүн чакан системалар өз-өзүнчө каралат, мында ал банктык жол-жоболор жана акча каражаттарын башкаруу сыяктуу эле алгылыктуу болот. Эгерде бул система мурунку аудит учурунда аныкталган жана сүрөттөлгөн болсо, анда бул деталдаштыруу системанын жазууларын жаңыртуу үчүн негиз болуп бере алат. Бирок, системалардагы өзгөрүүлөр жана штаттагы/персоналдагы өзгөрүүлөр аудиторлор тарабынан эске алынгандыгын текшерүү үчүн ангемелешүү талап кылынат. Система документтештирилгенден кийин, аны жооптуу кызматкерлер менен макулдашкыла жана ушул макулдашууну жазып койгула. |
4. | Үч аталыш үчүн системадагы бардык контроль каражаттарына өтмө тестирлөө жасагыла жана Е3 формасын пайдалануу менен документтерди даярдагыла. Системанын башталгыч этабынан баштагыла жана операция аяктаганга чейин системадагы болгон үч аталыштын ар бири аркылуу өткүлө. Системанын ар бир баскычында ар бир аталыш үчүн система боюнча жазууларда жазылган иш-аракеттер орун алганын же албаганын көрсөткүлө. Кандайдыр бир көйгөйлөр болгон учурда белгилүү процесске көз салып тургудай болуш үчүн тиешелүү шилтемелерди кошкула (ишеним кат/формалардын номерлери ж.б.). Тестирлөөнүн мүмкүн эместиги система күткөндөй иштебей жаткандыгын көрсөтөт. Мындай болгон учурда ушул четтөөнүн мүнөзүн жазгыла. Жарактуу системаны көрсөтүү үчүн системанын жазууларына өзгөртүүлөрдү киргизүү керекпи же карама-каршылык контролдун жоктугунун натыйжасы экенин аныктагыла. |
5. | Контролду баалоо - иштелип чыккан контроль каражаттарынын бекемдиги Р1 формасында Е1 формасынан контролдук максаттардын ар бирин жазыңыз. Системанын контролдоо максаттарына жетүү үчүн күтүлгөн контроль каражатын аныктагыла. Бул тиешелүү мыйзамдарды (Е1.1 формасы) жана аудитордун тажрыйбасын карап чыгууда пландоо баскычында алынган маалыматты колдонуу менен жасалышы мүмкүн. Күтүлүп жаткан контролдун айрым мисалдары Ички аудит боюнча колдонмодо камтылган, бирок күтүлгөн контроль ар бир конкреттүү системага жараша болот. Муну жооптуу аудитор жасашы керек. Максаты - системалардагы мыйзам тарабынан иштелип чыккан/талап кылынган контроль каражаттарын баалоо үчүн колдонула турган стандартты иштеп чыгуу. Бир же андан көп контролдун болушу менен контролдун максатына жетүүгө болот. Бул этапта тестирлөө жүргүзүлбөйт. Системаны сыпаттоо учурунда аныкталган контроль каражаттарын Е2 формасында, эң ылайыктуу контролдун максатынын каршысына жазгыла. Контроль каражаттары бир нече контролдоо максаттарына тиешелүү болушу мүмкүн. Бир нече максатты көздөшү мүмкүн болгон контроль каражаттарынан этият болгула. Аныкталган контроль каражаттарын күтүлгөн контроль каражаттары менен Р1 формасында салыштыруу жолу менен ар бир контроль каражатына баа бергиле. Аныкталган контроль каражаты күтүлгөн контроль каражатынын максаты кандай болсо, ошол эле максатка жетиши мүмкүн; акыркы текшерүү контролдун максатына жеткендигине же жетпегендигине текшерүү болуп эсептелет. Аныкталган контроль каражаттары күтүлгөн текшерүү каражаттарына карата адекваттуу эмес деп бааланган жерде, зарыл болсо, өзүнчө документке кошумча комментарийлер менен ушул баалоону негиздөө үчүн так түшүндүрмө бергиле. Ар кандай компенсациялоочу контроль каражаттарынын бар экендигин жана таасирин эске алгыла, ал контролдун максатына карата кепилдиктерди берүү үчүн текшерилиши мүмкүн. Компенсациялоочу контроль каражаты болуп контроль каражаттарынын кемчиликтерин компенсациялоочу башка контроль каражаты эсептелет; иш жүзүндө эки контроль. |
| Тест/практикалык тапшырма |
6. | Күтүлгөн контроль каражаттары жана аныкталган контроль каражаттары дал келген жерде же/жана аныкталган контроль каражаттары контролдун максатына жеткен жерде бул контроль каражаттарына тестирлөө жүргүзгүлө. Зарыл болгон контроль тестинин масштабын аныктоо үчүн контроль тесттерин пландоо боюнча F2формасын колдонгула жана Н2 формасын жана тестирлөө боюнча жазууларды жүргүзүү үчүн коштоочу жумушчу документтерди колдонуу менен тесттерди документтештиргиле. Контролдун максатына жетүүгө көмөк берген гана контроль каражаттарына тестирлөө жүргүзгүлө (F1ге ылайык). Контроль тестин жүргүзүү менен бирге аныкталган контроль каражаттарынын мааниси боюнча тест жүргүзүү тууралуу ойлонгула (8-кадам/баскыч). Мисалы салыштыруу контролу жазуу аркылуу жүргүзүлгөн жерлерде салыштыруу жүргүзүү жолу менен мааниси боюнча тест жүргүзүүгө болот. Тест учурунда ар кандай контроль каражаттарын аткарууга жөндөмсүздүктү аныктагыла жана көрсөткүлө, жана ушул аткарылбай калуунун таасирин карап чыккыла. Кемчиликтерди оңдоо үчүн мүмкүн болгон аракеттер жөнүндө ойлонгула. Кемчиликтердин бар экендигине тесттерди пландоо үчүн F3тү жана кемчиликтердин бар экендигине тесттердин натыйжаларын жазуу үчүн Н3тү колдонгула. |
7. | F1де баалоо аныкталган контроль каражаттары контролдун максаттары үчүн жетишсиз болгон жерлерде кемчиликтердин бар экендигине тесттерди пландоо үчүн F3тү жана кемчиликтердин бар экендигине тесттердин натыйжаларын жазуу үчүн Н3тү колдонгула. (Кемчиликтердин бар экендигине тесттер контролдун кемчиликтеринин/иштебегендигинин натыйжасындагы таасирлерди өлчөө үчүн пайдаланылуучу багытталган мааниси боюнча тесттер болуп эсептелет.) |
8. | Мааниси боюнча тест алгылыктуу деп эсептелген жерлерде, мисалы контроль каражаттары көрсөтүлгөн, бирок контроль каражаттары кыйла натыйжалуу экендигине кепилдикти камсыздоо үчүн андан ары тестирлөө зарыл болгон жерде F3 жана Н3 формаларын колдонгула. Муну контроль каражаттары менен бир учурда тестирлөөгө болот. |
9. | Тесттердин маалыматтарын Н2 жана НЗ формаларынан Н1 формасына өткөргүлө. |
10. | Маалыматтар В1 формасына туруктуу негизде өткөрүлөрүнө ынангыдай болгула. |
11. | Жооптуу кызматкер менен контроль каражаттарынын кандайдыр бир каталарын/кемчиликтерин салыштыргыла; алдамчылык фактыларынын болушу мүмкүндүгүн карагыла. Бул сыяктуу каталар жөнүндө ички аудит кызматынын жооптуу кызматкерлерине билдирүү зарыл. |
12. | Сапатты текшерүү жана кепилдик берүү жол-жоболорун аткаргыла |
13. | Отчетту түзө баштагыла |
Жооптуу аудитор тарабынан аудиттин планын жыйынтыктоочу жактыруу | |
| Датасы жана колу |
Аудиттин программасы жактырылды | Бул аудит үчүн жооптуу аудитор аудит башталганга чейин өзүнүн колун жана датаны коет |
Аудиттин планы текшерүүнүн стратегиясы катары жактырылды | Бул аудит үчүн жооптуу аудитор аудит башталганга чейин өзүнүн колун жана датасын коет |
Аудит үчүн системалар жактырылды Системалар боюнча жазуулар? | Аудит үчүн системалар жактырылды Системалар боюнча жазуулар? |
Кийинки аудит учурунда тестирлөөгө тийиш болгон системалар | ||
Шилтеме | Маселе/тема | Аракеттер |
| Кийинки аудит учурунда текшерилиши керек болгон жааттарды белгилегиле. Мисалы, учурдагы аудиттин жүрүшүндө талаптагыдай текшерилбей калган маселелер же кененирээк текшерүүгө негиз боло турган маселелер болушу мүмкүн. |
|
Датасы жана жооптуу аудитордун колу: | ||
Аудиттин статистикасы | ||
Шилтеме | Пландалган | Иш жүзүндө |
Жалпысынан сарпталган сааттар | саат | саат |
Четтөөлөрдүн себептери |
|
|
Аудит башталды: Аудит аяктады: Аудиттин жыйынтыктарын жетекчилик менен алгачкы талкуулоо Жетекчилик үчүн отчеттун долбоору: Жыйынтыктоочу аудитордук отчет | Датасы | Датасы |
10-глава. Системалардын аудитин пландоо жана жүргүзүү (СА)
282. Бул ички аудит боюнча колдонмонун негизги концепциясы ички контроль системасын изилдөө болуп эсептелет, ал аудит объекттеринин ишинин натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган. Аудит жүргүзүүдө негизги ыкма изилденүүчү контроль системаларын аныктоо болуп саналат, ал системалардын аудити (СА) болуп саналат.
283. Системалардын аудитинин негизги аспекттери:
- Финансылык, операциялык системаларды жана бухгалтердик эсептин системаларын аныктоо;
- Системанын максаттарын аныктоо;
- Контролдун күтүлгөн максаттарын аныктоо;
- Контролдун максаттарына жетүү үчүн алардын адекваттулугун белгилөө максатында контролду аныктоо жана баалоо;
- Контроль аткарылып жатканына ишенүү үчүн адекваттуу катары аныкталган контроль каражаттарын тестирлөө;
- Жетекчиликке контроль системаларын жакшыртуу боюнча сунуштамалар.
284. Бул глава Аудиттин негизги түшүнүктөрү” деген 2-главанын жана “Ак ниет башкаруу жана ички контроль” деген 3-главанын материалдарына негизделген. Бул главанын А бөлүгүндө концептуалдык материал каралат, ал эми Б бөлүгүндө аудитордун системалардын аудитиндеги практикалык кадамдарынын сүрөттөлүшү берилет. Мындан тышкары, аудит объектисинин кызмат адамдары үчүн да, ошондой эле аудитор үчүн да пайдалуу боло турган натыйжаларды баалоо боюнча аудитордун туруктуу иштеши үчүн негиз катары аудит процессинин түзүмү келтирилген.
285. Аудит процессинин түзүмү аудиторго системалардын аудит процессин түшүнүүгө жардам берүү үчүн айрым этаптар боюнча талданат. Бул ошондой эле ички аудиттин жетекчисине насаатчылыкка жана жетекчиликке муктаж болушу мүмкүн болгон жаш аудиторлор катышкан аудиттин бардык этаптарында багыт алууну жеңилдетүү үчүн жасалат. Ички аудит кызматынын өнүгүшүнө жараша ички аудит кызматынын жетекчисинин алардын ишине түздөн-түз катышуусу кыскартылышы мүмкүн.
А бөлүмү - системаларга жана контролго тиешелүү айрым түшүнүктөр
Системаны аныктоо
286. Аудит системаларын пландоонун биринчи этабында уюм тарабынан колдонулган бардык системалардын аныктамасы жана классификациясы берилет. Пландоо процесси аудитордук тапшырманы даярдоо сыяктуу системаны аныктоосу керек. Мындай деталдуу пландоо аудитордук тапшырманын бир бөлүгү болуп саналат.
Аудиттин жалпы максаттары
287. Аудит жүргүзүүдө системалардын аудитинин максаттарын аныктоо изилденип жаткан системалардын түрүнө жараша болот. Аудиттин теориялык максаттарынын тизмеги “Аудиттин негизги түшүнүктөрү” деген 2-главада берилген. Аудиттин ар кандай максаттары системалардын ар кайсы деңгээлдери/типтери боюнча берилген. Мунун баарын төмөнкүдөй деңгээлдерге жана типтерге бөлүүгө болот:
Системанын деңгээли /тиби | Аудиттин максаты |
Башкаруунун жалпы системалары
| Ачыктык Чынчылдык Жоопкерчилик жана отчеттуулук |
Иштин натыйжасына негизделген башкаруу системалары
| Пландоо Контроль Мониторинг |
Операциялык системалар
| Үнөмдөө Өндүрүмдүүлүк Майнаптуулук |
Финансылык операцияларды аткаруу үчүн системалар | Толуктук Окуянын болушу Өлчөнүүчүлүк Мыйзам ченемдүүлүк Ачуу |
Менчикти эсепке алуу системалары
| Толуктук Бар болуу Наркын аныктоо Ээлик кылуу укугу Ачуу |
Менчикти башкаруу системалары
| Коопсуздук Негиздеме |
Системалардын аудитине карата жалпы мамиле.
288. Системалардын аудити бухгалтердик, финансылык жана операциялык контроль каражаттарын баалоо жана колдонуу үчүн контроль каражаттарына өзгөчө көңүл бурат, алардын максаты:
- системаларды иштеп чыгууда белгиленген контролдоо жол-жоболорунун адекваттуулугун ырастоо;
- кызматкерлер контроль жүргүзүү үчүн түзүлгөн жол-жоболорду аткарып жаткандыгын ырастоо же контролду аткаруу жол-жоболору ошол жол-жоболорго карата туура жол менен жүргүзүлгөнүн ырастоо.
289. Эки учурда тең системалар аткарган процесстер, ошондой эле контроль каражаттары иштеген аудиттелген аймактарда иштеген кызматкерлердин документтештирилген иш-аракеттери аудиттен өткөрүлөт.
Системалардын аудитин жүргүзүүдө жумушчу жалпылоолор:
1) Министрликтер жана ведомстволор:
- жетекчилик тарабынан кабыл алынган саясаттар иштеген уюмда белгиленген иштелип чыккан контролдоо жол-жоболоруна ээ;
- өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда контролдоо жол-жоболорун жана саясатын билиши керек болгон бардык кызматкерлерге кеңири көрсөтмө беришкен;
- кызматкерлерди аткаруунун жол-жоболорунун жана методдорунун зарылдыгын түшүнүүгө, саясатты сактоого окутушкан;
- ишти аткаруунун критерийлерин же ар биринин ишин баалоого мүмкүн болгон кандайдыр бир көрсөткүчтөрдү аныкташкан;
- бардык жол-жоболордун жана келишимдердин сакталгандыгын ырастоо үчүн текшерүү жана контроль системаларын иштеп чыгышкан.
2) Кызматкерлер:
- өздөрү аткарууга тийиш болгон процесстер жана контролдоо жол-жоболору менен толук таанышып, аларды аткарууга алышкан;
- процесстерди жана саясатты жетекчиликтин көрсөтмөлөрүнө ылайык аткарышкан.
290. Ички аудит кызматтарынын иши кызматкерлердин контролдоо жол-жоболоруна жана мыйзамдардын сакталышына, жоболорго жана башка көрсөтмөлөргө карата аткарылууга тийиш болгон ишти талаптагыдай аткаргандыгын ырастоого багытталган.
291. Кызматкерлер өз иштерин талаптагыдай деңгээлде аткарбаган учурда, аудиторлор ал жөнүндө жогорку жетекчиликке өздөрүнүн аудитордук отчетторунда билдирүүгө милдеттүү. Демек, ички аудит кызматынын жооптуу жетекчиси :
- аудит боюнча жол-жоболор иштин талаптагыдай эмес аткарылышынын бардык учурларын бөлүп көрсөтөөрүнө;
- алынган маалыматтарды жана сунуштамаларды жалпылоо туура эмес аткарылган жол-жоболорду көрсөтөөрүнө жана ал жол-жоболорду туура эмес аткарган кызматкерлерди аныктаарына ынанууга тийиш.
Көңүлдү контролго топтоо
292. Ички аудиттин контролго көңүл бөлүүсү аудитор адекваттуу болуп саналган иштөө эрежелерин жана жол-жоболорун иштеп чыгуу жолу менен контролду белгилөө үчүн кызмат адамдарына таянууну пландап жатканын билдирет. Аудиторлор өз пикирин билдирүүдө реалдуулукту жетекчиликке алып, адекваттуу контроль системасынын чыгымдарын жана пайдаларын көңүлгө алууга тийиш.
293. Көңүлдү процесстерге эмес, контролго топтоо абдан маанилүү. 10А тиркемесинде контролдун жана процесстердин мисалы берилет жана алардын ортосундагы айырмаларга салыштыруу жүргүзүлөт.
Контролдун максаты
294. Системанын аудитинин жалпы максатын аныктагандан кийин, аудитор жетишүү үчүн керек болгон контролдун өзгөчө (өзүнчө) максаттары жөнүндө чечим кабыл алат. Эгерде контролдун максатына жетүү ишке ашса, анда аудиттин максаты да ишке ашат. Контролдун максаты - бул уюмдун жетекчилиги тарабынан ички контроль системасын ишке ашыруу же иштеп чыгуунун жана анын алдында коюлган милдеттерге жетүүнүн адекваттулугун баалоо.
295. Мисал үчүн төмөндө накталай каражаттарды чогултуу системасы көрсөтүлгөн.
Накталай каражаттарды чогултуу системасы | |
Акчалай киреше чогултулган, адекваттуу катталган жана банкка салынган. | |
Аудиттин конкреттүү максаты | Контролдун максаты |
ТОЛУКТУК - Каралып жаткан мезгилге тиешелүү бардык операциялар, активдер жана милдеттенмелер катталган. | Почта аркылуу жана ар бир кассада алынган киреше тиешелүү түрдө катталган. Накталай каражаттарды чогултуу коопсуз жана натыйжалуу жүргүзүлөт. |
ӨЛЧӨӨ/БААЛОО – Катталган операциялар, активдер жана милдеттенмелер туура жана кылдат бааланган же өлчөнгөн. | Киреше адекваттуу эсептелген жана банкка салынган. |
МААЛЫМАТТЫ АЧУУ – Катталган операциялар, активдер жана милдеттенмелер туура классификацияланган жана уюмдун финансылык отчетунда чагылдырылган. | Алынган кирешелер эсептерде туура жана кылдат чагылдырылган. |
296. Аудитор аудиттин жүрүшүндө: жетекчилик контролдун максатына жетүүгө өбөлгө түзүүчү контроль системаларын иштеп чыккандыгын жана киргизгендигин аныктайт (Бул главада мындан ары түшүндүрүлгөндөй). Аудитордун ролу - персонал тарабынан ушул контроль каражаттарын жетекчилик пландагандай аткарылгандыгын тестирлөө. Аудитор белгиленген контроль каражаттары иштеп жатканын жөн гана карап койбойт, ага колдонуудагы контроль каражаттары аркылуу жетекчилик тарабынан коюлган максаттарга жетүү үчүн ушул контроль каражаттарынын жарактуулугуна жана адекваттуулугуна баа берүү маанилүүрөөк.
Б бөлүмү - системалардын аудитиндеги кадамдар
Форма | Фаза | Процесс | Комментарийлер |
Е1 Е1.1
G1 | 1 | Пландоо жана даярдык - Аудит жүргүзүүгө тиешелүү участоктун максатын аныктаңыз - Аудиттин жалпы максаты - Контролдун өзгөчө максаттары - Аудитордун мурунку ишин карап чыккыла | - Баштапкы маалыматтарды изилдөө - Уюштуруу чаралары жана графиги - Түздөн-түз жетекчилик менен баштапкы маектешүү - Контролдун максаты белгиленген - Аудиттин планы даярдалган |
E2
E3 | 2 | Контроль системасын аныктагыла жана документ түрүндө сыпаттагыла Системалардын сыпатталышын текшерүү | - Маектешүүлөр/документтердин үлгүлөрү - Өтмө тестирлөө (1-3-процесстер)
|
F1 F2/3 | 3 | Баалоо 1. Ички контролдун белгиленген каражаттарын контролдун максаттарына салыштыруу менен 2. Кемчиликтердин жааттарын 3. Тестирлөө 4. Тесттердин түзүмү | - Олуттуу катанын/жоготуунун потенциалдуу булактарын жана аларды аныктаган/алдын алган контроль каражаттарын аныктоо - Шайкештик жана мааниси боюнча тесттер - Кемчиликтердин бар экендигине тесттер |
Н 2/3 | 4 | Тестирлөө - Контроль каражаттарын тестирлөөдөн өткөргүлө - Мааниси боюнча тест жүргүзгүлө (эгер пландалса) - Кандайдыр-бир шайкеш эместиктердин натыйжаларын жана андан ары тестирлөө зарылдыгын карагыла
| Бардык маселелерди документ түрүндө так тариздегиле
Ар кандай мүчүлүштүктөрдүн жана каталардын кесепеттерин эске алгыла |
В1/Н1 | 4 | - Натыйжаларды баалагыла - Пикир ойлонуштургула - Сунуштамаларды иштеп чыккыла - Жакшыртылган контроль каражаттарынын наркын карап чыккыла | - Контроль системасынын адекваттуулугу боюнча пикириңерди иштеп чыккыла - Тобокелдиктерге салыштыруу менен жакшыртылган контроль системасынын чыгымдары жана пайдалары |
| 5 | Жетекчиликке отчет - Киришүү - Максат жана камтуу жааты - Корутундулар жана сунуштамалар - Толук тыянактар - Жакшыртуу боюнча убакытты көрсөтүү менен жана ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдарды көрсөтүү менен иш-аракеттер планы | - Иш аяктагандан кийин жеринде негизги маселелер боюнча формалдуу эмес талкуу жүргүзгүлө - Долбоор даярдагыла - Аяктагандан кийинки жолугушуу - Макулдашылган иш-аракеттер планы менен жыйынтыктоочу аудитордук корутунду |
| 6 | Байкоо жүргүзүү | - Кайра визит жасоону пландагыла, же зарыл болсо прогресс жөнүндө отчет сурагыла |
Ички аудит процесстеринин ырааттуулугу төмөндө көрсөтүлгөндөй, ар кандай стандарттык формаларга ылайык колдонулат.
Аудит жүргүзүүдөгү кадамдарга сереп
1-фаза - Пландоо - F1, ЕЗ, Е1.1 формалары. | 1-кадам - Аудиттин камтуу жаатын ырастоо. 2-кадам - Аудит объектиси менен таанышуу. 3-кадам - Мурунку аудитке сереп. 4-кадам - Алдын ала пландоо. 5-кадам - Жооптуу кызматкер менен жолугушуу. 6-кадам - Аудит планын даярдоо. |
2-фаза - Аныктоо жана документ түрүндө тариздөө - Е2, Е3 формалары | 7-кадам - процесс жана контролдоо жол-жоболорун аныктоо менен системаны аныктагыла жана документ түрүндө тариздегиле. |
3-фаза - Баа берүү - F1 формасы
| 8-кадам - Контроль каражаттарын контролдун максаттары менен салыштыргыла жана алардын иштешинин ишенимдүүлүгүн баалагыла. |
4-фаза - Тестирлөө - F2, F3, H1, Н2, Н3 формалары
| 9-кадам - Шайкештикке тестти пландагыла жана жүргүзгүлө. 10-кадам - Тесттердин натыйжаларын баалагыла жана эгер зарыл болсо кемчиликтерди аныктоо үчүн жол-жоболорду иштеп чыккыла. 11-кадам - Кемчиликтер бар экендигине тесттердин натыйжаларын баалагыла. |
5-фаза - Отчет жана аяктоо - В1 формасы
| 12-кадам - Алынган маалыматтарды талкуулоо үчүн аудитордук корутундунун долбоорунда жыйынтыктагыла. 13-кадам - Алынган маалыматтарды/сунуштамаларды жооптуу кызматкер менен талкуулагыла. Ишке ашыруу үчүн аракеттерди жана убакыттын масштабдарын макулдашкыла. 14-кадам - Аудитордук папканы текшерүү жана баалоо. |
6-фаза – Байкоо. | 15-кадам – Байкоо. |
297. Ар бир кадам боюнча колдонмо төмөндө берилген. Жумушчу жазуулар тийиштүү түрдө жазылганына ынануу зарыл.
Стандарттык формалардын талаптарынын маңызы, максаты жана талдоо
Форма | Мазмуну | Максаты | Жайгашкан орду | Зарыл талдоо | Шилтеме | |
Системаны ырастоочу жана документтештирген аудитти пландоо | ||||||
Е1
| Аудиттин жалпы максаты жана көлөмү, контролдун максаты, убактылуу алкактар жана бюджет, жөнгө салуучу база | Пландоо максатында аудиттин негизги алкактык шарттарын белгилөө
| Аудит объектине барбастан
| 1. Финансылык иштин масштабы 2. Башкаруу жана отчеттуулук түзүмү 3. Жетекчилик тарабынан белгиленген жөнгө салуучу база (Мыйзамдар, токтомдор, жетекчилик) 4. Мурдагы аудитордук иштин натыйжалары (эгер жеткиликтүү болсо) 5. Системанын максатын даана түшүнүүгө негизделген контролдун конкреттүү максаттары 6. Бюджет жана кызматкерлердин убактылуу иш графиги | Е1.1
Е1.1
Е1.1
Е3
Е1.1
Жылдык план
| |
Е1.1 | Документтер менен ырасталган жана талдоо менен коштолуучу негизги маалыматтын деталдары. Документтер чогултулган жана андан кийин каралган, эскертүүлөр ушул аудитке тиешелүү системанын, контролдун, процесстин уюштуруучулук негизги учурлары боюнча түзүлөт.
Негизги учурлар боюнча жыйынтыктар форманын аягында борбордук жана жергиликтүү башкаруунун колдонуудагы жөнгө салуучу базасынын адекваттуулугу жөнүндө тыянактарды бериши керек. | Аудит үчүн негизги маалыматтар чогултулуучу түзүмдүк диаграмманы берүү. Белгиленген колдонуудагы жөнгө салуучу базанын адекваттуулугу жөнүндө тыянак чыгаруу. | Аудит объектине барбастан
| 1. Кирешелерди жана чыгымдарды талдоо 2. Уюштуруу түзүмү 3. Жөнгө салуучу базаны, системанын максаттарын түшүнүү үчүн документтерди, күтүлүп жаткан процесстерди (бухгалтердик эсеп; колдонула турган формаларды; даярдалууга тийиш болгон отчетторду) жана иштөөгө тийиш болгон контроль каражаттарын талдоо. 4. Ар кандай жергиликтүү нускамаларды аудит үчүн керектүү негизги учурлар менен салыштырып талдоо. 5. Бул ишти жөнгө салуучу базанын негизинде контролдоонун айрым максаттарын аныктоо. 6. Бул ишти жөнгө салуучу базаны талдоонун негизинде күтүлгөн контроль каражаттарын аныктоо. 7. Жетекчилик тарабынан белгиленген жөнгө салуучу базанын адекваттуулугун баалоо. | Баштапкы документтерди документтештирүү Е1.1/2/3/4/5 ж.у.с. (зарылдыгына жараша) | |
G1 | Мурунку аудиттердин сунуштамаларынын деталдары | Мурунку аудиттердин сунуштамалары жана маселелери эске алынганына ынануу. | Аудит объектине барбастан
| Негизги сунуштамалар Тынчсыздануу жараткан кетирилген кемчиликтер жана каталар. | Е1 | |
Системаны ырастоо жана документтештирүү | ||||||
Е2 | Жүргүзүлгөн операцияын башынан аягына чейин системадагы кадамдардын конкреттүү сүрөттөлүшү. Процесс жана контролдоо жол-жоболорун айырмалоочу кадамдар. Е1.1ден күтүлгөн контроль каражаттары жана алар боюнча жүргүзүлгөн талдоо боюнча эскертүүлөр, алар жергиликтүү жетекчилик тарабынан колдонулбайт.
| Контролдун максаттарын жетекчиликтин айтымы боюнча иштеп жаткан системанын иш жүзүндөгү маалыматтары менен салыштыруу үчүн негиз түзүү.
| Аудит объекти | Е1.1 формасындагы маалыматка жана Е1.1.1/2/3 ж.б. жумушчу документтердеги ырастоочу документтерге негизделип жана жергиликтүү персоналды сурамжылоодон кийин ал системанын ишинин ар кандай кадамдары жөнүндө пикир түзүү. 2. Контролду жол-жоболор процессинен айырмалоо. 3. Жергиликтүү жетекчилик тарабынан колдонуудагы системага киргизилбеген, жөнгө салуучу базадан алынган ар кандай күтүлгөн контроль каражатын аныктоо (Е1.1 формасындагы документтер) | E1.1 формасы жана ага байланыштуу башка документтер. E2.1/2/3/ж.б., жетекчилик менен талкуулоонун жазууларын камтыган жумушчу документтер | |
Е3 | Өтмө тестирлөө жүргүзүлүүчү үч операциянын деталдары
| Е2 формасында сыпатталгандай, системанын туура түшүнүлүшүн ырастоо | Аудит объекти | 1. Е2де сыпатталгандай2-3 операция кадам-кадам болуп жүрүп жаткандыгын текшерүү | Е2 | |
Система контролдун максаттарынын талаптарына ылайык кандай иштелип чыкканын баалоо | ||||||
F1 | Пландоо баскычында аткарылган иштер боюнча колдонуудагы контроль каражаттарынын адекваттуулугун баалоо боюнча жергиликтүү жетекчилик менен талкуулоодон кийин белгиленген контроль каражаттарын текшерүүчү контролдун максаттарына негизделген талдоо, жергиликтүү жетекчилик менен талкуулоодон кийин аныкталган иш жүзүндөгү контроль каражаттары | Жергиликтүү жетекчилик тарабынан ишке киргизилген же иштелип чыккан контроль системасы тиешелүү түрдө иштелип чыккандыгын жана анын алдына коюлган контролдоо максаттарын аткаргандыгын баалоо (эгерде контроль ылайыктуу түрдө ишке ашырылса, анда анын натыйжалуулугу кийинчерээк текшерилет). Кийинки контроль же кемчиликтердин бар экендигине тесттердин чечимдеринин негиздемесин түзүү.
| Аудит объекти | 1. 1. Е1 документинде көрсөтүлгөндөй, пландоо стадиясынан айрым контролдук максаттарды камтуу. 2. Е1.1 формасында пландоо баскычынан тартып жана башка маалыматтарды колдонуу менен, күтүлгөн контроль каражаттарын аныктоо, жана айрым контролдоо максаттарына жетүү үчүн болушу керек болгон ошол контроль каражаттары. 3. Е2 формасынан аныкталган контроль каражаттарын контролдун тиешелүү максаттары менен байланыштыргыла (контролдун максаттары дайыма эле колдонуудагы контроль каражаттарына дал келиши жана окшош болушу шарт эмес). 4. Аныкталган контроль каражаттарынын контролдун максаттарына ылайыктуулугуна баа берүү (эгерде аныкталган контроль каражаттары күтүлгөндөй эле болсо, анда алар контролдун максаттарына шайкеш келет). 5. Талдоонун жыйынтыктары тууралуу жазуу жүргүзгүлө, ошондой эле тыянактарыңарды карап көргүлө | Е2 жана ырастоочу жумушчу документтер
B1 –өтмө натыйжалар | |
Талдоонун жыйынтыктарына негизденүү менен контроль системаларына жана кемчиликтерге тесттерди түзүү | ||||||
F2 | Адекваттуу деп баа берилген контроль каражаттарына тесттерди пландоо. | Контроль тесттерин деталдуу пландоо. | Аудит объектине барбастан же баруу менен | 1. Тестирлөөгө катышуучу операциялардын жыйындысы 2. Тестирлөө жүргүзүлө турган белгилер 3. Тандоонун өлчөмү 4. Тестирлөөгө тийиш болгон документтер 5. Тандоону аныктоо методу | F1 жана Н2 | |
F3 | F1 формаларынын натыйжалары боюнча же F2 формасынан канааттандыраарлык эмес натыйжалар боюнча кемчиликтердин бар экендигине жана мааниси боюнча тесттер (контролду тестирлөө) | Контроль каражаты адекваттуу деп бааланган контроль тесттеринин же кемчиликтердин бар экендигине тесттердин натыйжаларын тастыктоо үчүн жүргүзүлүшү керек болгон кошумча тесттерди аныктоо | Аудит объектине барбастан же баруу менен | 1. Тестирлөөгө катышуучу операциялардын жыйындысы 2. Тестирлөө жүргүзүлө турган белгилер 3. Тандоонун өлчөмү 4. Текшерүү зарыл болгон документтер 5. Тандоону аныктоо методу
| F1 жана Н3 | |
Н2 | Контроль тесттеринин натыйжаларын каттоо
| Контролдук баалоо тесттеринин упайларын жазгыла жана табылган каталарды жана алардын себептерин көрсөткүлө. Кемчиликтердин бар экендигине тесттерди андан ары жүргүзүү керекпи же жокпу, чечкиле | Аудит объекти | 1.Тестирленген контроль каражаты 2.Натыйжалар - табылган бардык каталардын деталдары (эгер бар болсо) 3.Колдонулулган контроль каражаттары боюнча тыянактар - канааттандырарлыкже жок.
| Н1, колдоо үчүн - жумушчу документтер деталдары менен
| |
Н3 | Мааниси боюнча же кемчиликтердин бар экендигине жүргүзүлгөн тесттердин натыйжалары жөнүндө жазуу | Мааниси боюнча же кемчиликтердин бар экендигине тесттердин натыйжаларын табылган бардык каталарды жана алардын себептерин көрсөтүү менен жазуу | Аудит объекти | 1. Тестирленген контроль каражаты 2. Натыйжалар - табылган бардык каталардын деталдары (эгер бар болсо) 3. Каталар боюнча жана мүмкүн болгон олуттуу көйгөйлөр боюнча тыянактар (мүмкүн болгон алдамчылык/уурдоо) | Н1, колдоо үчүн - жумушчу документтер деталдары менен
| |
Н1 | Контроль тесттеринин жана кемчиликтердин бар экенидигине тесттердин натыйжалары боюнча жыйынтык чыгаруу | Мааниси боюнча, кемчиликтер бар экенидигине жана контролду баалоо боюнча жүргүзүлгөн тесттердин жыйынтыгын чыгаруу |
| 1. Кемчиликтердин бар экендигине жана контролдун максаттарына шайкештигине контролду баалоо боюнча жүргүзүлгөн тесттер (контроль каражаты аныкталбаган жерде) 2. Натыйжалар - өзгөчө каталардын деталдары (эгер бар болсо) 3. Контроль каражаттарын же олуттуу каталарды аткарууга жөндөмсүздүгү боюнча өзүнчө каталар боюнча тыянактар 4. Контроль каражатынын аткарылбагандыгынын себептерин же кандайдыр бир кемчиликтин каталарынын себептерин карап көрүү | Н2, Н3 | |
Отчеттулук | ||||||
В1 | Контролдун максатына ылайык даярдалган аудитордук корутундунун жыйынтык маалыматы
| Аудитордук корутундунун жөнгө салуучу базасын камсыздоо
| Аудит объектине барбастан | 1. Аныкталган контроль каражатынын мазмуну контролдун максатына ылайык келишине жыйынтыктоочу баалоо 2. Жүргүзүлгөн контроль тесттеринин натыйжалары боюнча жыйынтыктар 3. Кемчиликтердин бар экендигине же мааниси боюнча жүргүзүлгөн тесттердин жыйынтыгы. 4. Контроль каражаттарын иштеп чыгуудагы көйгөйлөрдү (кемчиликтерди) чечүүгө жана аны киргизүүгө (мааниси) арналган сунуштамалар | F1, Н1 ошондой эле Н2ге жана Н3кө шилтеме жасалат
| |
1-Фаза - Пландоо - Е1 формасын толтуруу
1-кадам. Аудит камтыган жаатты тастыктоо
298. Максаттар.
Аудитор төмөнкүлөргө карата жүргүзүлө турган аудиттин масштабын так билээрине ынануу зарыл:
- аудиттин түрү - бул финансы системасынын толук же жарым жартылай аудити же операциялык же башкаруучу аудит экенине;
- аудит таасир эте турган объекттердин системалары, иш-аракеттери же функциялары;
- Жумуш үчүн бөлүнгөн убакыт.
299. Жол-жоболор:
Аудиттин түрү - Ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан өткөрүлгөн аудит жүргүзүүнүн алдындагы кыскача талкуулоонун жүрүшүндө аныкталат.
Аудиттин камтуусу - бул жылдык планда көрсөтүлгөн масштабдын сыпаттамасынан белгилүү болот. Аудит боюнча стандарттуу программаны колдонууда аудиттин камтуусу анын мазмунунан белгилүү болот.
300. Убакытты бөлүштүрүү - аудиттин жылдык планында камтылган.
301. Иштин натыйжасы жана талдоо.
Аудиторлор аудиттин камтуусун түшүнүү үчүн жооптуу. Күмөн санаган учурда аудитор Ички аудит кызматынын жетекчисине кайрыла алат, ал аудитор аудит камтыган жаатты түшүнүшү үчүн алгылыктуу чараларды көрүүгө тийиш.
2-кадам. Аудит объектиси менен таанышуу - Е1.1 формасы
302. Максаты.
Аудит жүргүзүлө турган министрликтин, системанын же объекттин контролду жүргүзүү шарттарын жана чөйрөсүн түшүнүү. Өзгөчө контролдоо жол-жоболору жана эрежелери кандайча бекитилгендигин түшүнүү өзгөчө маанилүү. Кызмат адамдарынын мамилеси да контролдоо жол-жобосунун натыйжалуулугуна карата аудитордун пикирине таасир тийгизет, бул өз кезегинде иштелип чыгуучу тесттерге жана жүргүзүлгөн тестирлөөнүн зарыл болгон баскычына карата аудитордун пикирин аныктайт.
303. Жол-жоболор.
- Аудитор туруктуу папканы жана финансылык маалыматты же статистиканы карап чыгышы керек. Кирешелерди жана/же чыгымдарды баалоону, жүргүзүлгөн операциялардын санына, сезондук өзгөрүүлөргө, башкарылуучу мүлктүн баасын жана санын камтыган маселелерге өзгөчө көңүл бурулат.
- Отчеттуулуктун жана жоопкерчиликтин өз ара мамилелерин аныктоо үчүн штаттык расписаниени жана уюштуруу түзүмүн изилдөө маанилүү. Уюштуруучулук түзүм жүзөгө ашырыла турган иш үчүн кызматкердин жоопкерчилигинин баскычын аныктайт. Отчеттуулуктун жана жоопкерчиликтин өз ара мамилелеринин маселесин ачуу маанилүү, анткени алар аудитти жүргүзүү процессине таасир этиши мүмкүн.
Аудитор иштөө эрежелерин жана саясатын сүрөттөгөн ар тараптуу ички документтерди алышы керек.. Тактап айтканда, аудитордо төмөнкүлөрдүн учурдагы версиясы болушу керек:
- жол-жоболор жана бухгалтердик эсеп боюнча колдонмо;
- системаларды сыпаттаган ички көрсөтмөлөр же тескемелер;
- жумушчу методдордун бекитилген программалары;
- тарифтик торчолор;
- эсепке алуу жана операциялык саясат боюнча документтер.
Бул баскычта аудитор эгерде зарыл болсо, туруктуу папканы жаңыртышы керек.
- Бул документтер каралып чыгышы керек, документтер менен тастыкталган процесстин жана зарыл болгон контролдун деталдары система боюнча жазууларды жүргүзүүдө белгилениши керек.
- Бул баскычта аудитор жөнгө салуучу базанын контролдун максаттарына адекваттуулугун баадоого жөндөмдүү болушу керек. Е1.1-формасы жөнгө салуучу базаны баалоонун баштапкы баскычын камтыйт.
304. Иштин натыйжасы жана талдоо.
Аудиторлор аудит жүргүзүлө турган объекттин ишин жана максаттарын түшүнүү үчүн жооптуу. Ички аудит кызматынын жетекчиси аудиттин милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн аудитордо аудит жүргүзүлүүчү объект жөнүндө жетиштүү түшүнүк болушу үчүн чараларды көрүшү керек.
3-кадам. Мурдагы аудит боюнча документтерге сереп - G1-формасы
305. Максаты.
Мурдагы аудитордун аткарган иштерин, анын ичинде аудит ыкмасын, системаларды баалоону жана мурдагы аудитке таасир эткен маанилүү маселелерди түшүнүү. Ошондой эле, байкоо жүргүзүү үчүн мурунку аудиттин бардык маселелерин жазып алгыла.
306. Жол-жоболор.
Аудитор аудитордук папкаларды, анын ичинде системалар боюнча папканы, ошондой эле жумушчу папканын тиешелүү бөлүктөрүн, анын ичинде мониторинг/байкоо жүргүзүү боюнча отчетторду жана кат алышуу папкаларын карап чыгууга тийиш. Учурдагы аудиттин масштабына киргизүү үчүн маселелер аудит жүргүзүү үчүн аудитордун жумушчу документтеринде так жазылышы керек.
307. Ишти аткаруу жана талдоо.
Аудитор аудитке таасирин тийгизе турган бардык маселелер аудитордун учурдагы жумушчу документтеринде чогултулгандыгына ынангыдай болушу керек. Тажрыйбасы чектелүү аудиторлор үчүн жооптуу аудитор жазылган маселелерди изилдеп чыгышы керек жана тизме толук экендигине ынанышы керек.
4-кадам. Алдын ала пландоо
308. Максаты.
- Аудитти жүргүзүүгө колдонула турган ыкманы, аудитти жүргүзүүгө бөлүнгөн убактын чектерин пландоо жана аудитти жүргүзүүгө катыша турган кызматкерлерди аныктоо.
- Тийиштүү кызматкерлердин жана документтердин болушун камсыз кылуу үчүн аудит жүргүзүлө турган объекттин жетекчиси менен жолугушуунун датасын жана убактысын алдын ала сүйлөшүп алуу керек.
309. Жол-жоболор.
Ички аудит кызматынын жетекчиси аудит жөнүндө жана аудит жүргүзүүгө катыша турган адистер тууралуу чечимди жылдын башында кабыл алат. Ички аудит кызматынын жетекчиси аудитти жүргүзүүнү дайындоо үчүн жооп берет.
Бул баскычта аудиторлор аудитти натыйжалуу өткөрүү үчүн зарыл болгон маалыматты, мисалы аудиттин негизги маселелерин жана программаларын чогултушу керек. Колдо болгон документтерди карап чыгып, аудитти жүргүзүү ыкмасы боюнча макулдашуу керек, б.а. ал толук же чектелген аудит болобу, же финансылык же операциялык аудит болобу, ошондой эле тестирлөөнү жүргүзүүгө кандай ыкма колдонулат: контроль тестиби же тастыктоочу тестирлөөбү.
310. Ишти аткаруу жана талдоо.
Аудиторлор жогоруда баяндалган аудитти жүргүзүү ыкмасын жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн талап кылынган документтерди түшүнгөндүгүнө ишениши керек. Ички аудит кызматынын жетекчиси аудиттин өзү башталганга чейин аудит ыкмасы баарына түшүнүктүү болушун камсыз кылууга тийиш.
5-кадам. Жооптуу кызматкер менен жолугушуу
311. Максаты.
Жооптуу кызматкер менен жолугушуу жана төмөнкүлөрдү талкуулоо керек:
- Аудиттин максаттары;
- Иштин масштабын, анын ичинде документтерди жана аудит процессине тартылышы мүмкүн болгон кызматкерлерди;
- Финансылык-административдик иштин жүргүзүлүшүн текшерүүнү, башкарууга жооптуу кызматкердин мамилесин;
- Мурдагы аудиттен же аудитордук изилдөөлөрдөн көңүл бурууну талап кылышы мүмкүн болгон пункттарды.
Бул жолугушуу аудит жүргүзүлүүчү объекттин кызматкерлери менен конструктивдүү өз ара мамилелерди түзүү үчүн пайдаланылышы керек.
312. Жол-жоболор.
Аудиторлор кызматкерлерди алар үчүн ыңгайлуу убакытта сурамжылоону уюштурушу керек. Алар жогоруда баяндалган пункттарга ылайык аудитке даярданышы керек. Кызматкерлерди сурамжылоо боюнча бардык жазуулар документ түрүндө атайын жумушчу документтерде таризделүүгө тийиш.
313. Иштин аткарылышы жана талдоо.
Тажрыйбалуу аудиторлор бул процессти өзү каалагандай аткарышат. Аудиторлордун жардамчыларын жооптуу аудитор контролдойт.
6-кадам. Аудиттин планын даярдоо.
Бул баскычта кыскача сыпаттоо (Е1формасы) планы аякташы керек. 9-главада бул процесс кененирээк каралган.
2-фаза – Аныктоо жана документ түрүндө тариздөө - E2, E3 формалары
7-кадам. Системаны аныктоо жана документ түрүндө сыпаттоо - Е2 формасы
314. Максаты.
Аудиторго системаларда иштеп жаткан контроль каражаттарын аныктоого жардам берген системалар жөнүндө жетиштүү маалыматты алуу. Эгерде системада контролдун кандайдыр-бир каражаты жок экендиги айкын болсо, бул система жөнүндө деталдуу кененирээк маалымат даярдоо керек.
315. Жол-жоболор.
Е1.1 формасынан алынган маалыматка таянуу менен жана аудит объектисинин жетекчилиги менен талкуулоодон кийин аудитор Е2 формасын колдонуу менен деталдуу документтерди даярдоого же жаңыртууга тийиш, ал кадамдык процесстерди аныктайт жана “эмне”, “кантип”, “качан” жана “кайда” деген суроолорго жооп берет. Аудитор процесстин жол-жоболорунда тастыкталган контролду издеши керек.
Системаларды система боюнча жазууларда маанилүү учурларды бөлүп көрсөтүү техникасын же диаграммаларды пайдалануу менен документ түрүндө тариздөөгө болот. Системанын сыпатталышы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- колдонуудагы негизги жол-жоболор;
- контролдун негизги жол-жоболору;
- аудиттин ыкмасына таасирин тийгизе турган контролдон табылган ар кандай олуттуу кемчиликтер;
- Е1.1 формасынан жөнгө салуучу базаны кылдаттык менен изилдеп чыккандан кийин аныкталган контролдордун же процесстердин кайсынысы болбосун жоктугу.
Е2 формасында ар бир система боюнча жазуулар аяктаган соң аудитор бухгалтердик эсеп системасы жана ички контроль системасы документтерде туура чагылдырылгандыгын тастыктоо үчүн башынан аягына чейин жок дегенде бир операцияга (балким 3 операцияга чейин) кылдаттык менен көз салышы керек. Таянууга мүмкүн болуучу контроль каражаттары документтерде чагылдырылгандай иштеп жаткандыгын өтмө тестирлөө тастыкташы керек. Бирок, тестирлөө ички контролдун бардык каражаттарынын натыйжалуу иштеп жаткандыгына толук кепилдик бербейт. Өтмө тестирлөө боюнча кенен маалымат Е3 формасына киргизилүүгө тийиш.
Эгерде мурдагы аудит жүргүзүлгөн учурунда жасалган системалар боюнча жазуулар толук жана жетиштүү болсо, анда мындай учурда өтмө тестирлөө гана жүргүзүлүшү керек. Ал эми кандайдыр бир өзгөрүүлөр, эгерде табылса, ошол системадагы жазууларга байланыштуу документтерде чагылдырылышы керек.
316. Иштин аткарылышы жана талдоо
Бул жерде контроль каражаттарынын иштешин баалоо жана контроль тесттерин түзүү үчүн контроль системасын жана каражаттарын түшүнүүгө көбүрөөк көңүл бурулушу керек. Аудиторлор тобунун жетекчиси колдо болгон бардык документтер аудиторго аудитти талаптагыдай жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты камтыгандыгын тастыкташы керек.
3-фаза - баа берүү - F1 формасы
8-кадам. Контроль каражаттарын аныктоо жана алдын ала баалоону аткаруу - F1формасы.
317. Максаты
Тестирлөөнүн натыйжалуу стратегиясын пландоо үчүн контроль каражаттарын, системадагы кемчиликтерди жана андан келип чыгуучу тобокелдиктерди аныктоо.
318. Жол-жоболор
Аудитор тандалган тест менен контролдуу баалоо үчүн документтерди жана F1 формасын даярдашы керек. Бул баскычта талап кылынган жол-жоболор төмөнкүдөй болушу керек:
- Е1 формасынан контролдун жалпы максаттарын жазуу;
- Е1 формасынан алынган аудиттин максаттарын (б.а. толуктугу, өлчөнө тургандыгы, ачып көрсөтүүсү) жазуу;
- Е1 формасынан алынуучу аудиттин максаттарын жазуу үчүн зарыл болгон контролдун максаттарын жазуу;
- Пландоо баскычынан алынган (Е1.1 формасы жөнгө салуучу база боюнча деталдар менен маалыматты берет) же контроль каражаттары боюнча аудитордун тажрыйбасына негизделген күтүлгөн контроль каражаттарынын жазуусу, алар контролдун максаттарына жетүүсүнө мүмкүндүк берет;
- Контролдун ар бир өзүнчө максатына тиешелүү иш жүзүндөгү контроль каражаттарын Е2 формасынан аныктоо жана жазуу;
- Системадагы контроль каражаттарын контролдун максаттарына салыштыруу жолу менен (же аларды күтүлгөн контроль каражаттарына салыштыруу жолу менен максаттарга жетишүүгө көмөктөшө турган жөнгө салуучу базада талаптар бар болгон учурда) аларды баалоо.
319. Алдын ала баалоо
Бул жол-жоболор аудиторго системадагы кемчиликтерди жана мындан келип чыккан төмөнкүдөй тобокелдиктерди ачууга тийиш:
- контролдун айрым максаттарына ылайык келген контроль каражаттарынын жоктугу;
- контроль каражаттары контролдун максаттарынын талаптарына жарым-жартылай гана ылайык келери (мунун себеби жөнгө салуучу базанын өзүндөгү кемчиликтер болушу мүмкүн).
Ар кандай кемчилик – бул биринчи кезекте, системада контроль каражаттарын орнотууга жөндөмсүздүктүн мисалы жана муну менен системанын схемасындагы ажырагыс кемчилик болуп саналат. Контроль каражаттарынын схемасында ар кандай олуттуу кемчиликтер болгон учурда аудитор мааниси боюнча тестирлөөнү жүргүзүүнү чечиши мүмкүн.
Системанын чектери жана контролдун аспекттери боюнча нускамалар
Контроль каражаттарынын адекваттуу экенин же жоктугун түшүнүү үчүн аудитор колдонулуучу контроль каражаттарынын тизмегинен бир да контроль каражаты калып калбагандыгына ынанууга тийиш. Контролдун айрым каражаттары текшерилүүчү жааттардын чегинен тышкары да болушу мүмкүн, мисалы, аудит борбордук аппаратта жүргүзүлөт, ал эми каралып жаткан отчеттор жеринде даярдалат.
Аудитор системаларга чектерди туура колдонушу өтө маанилүү. Мисалы, чыгымдардын аудити төлөмдөргө жана банкка тиешелүү процесстерди гана камтышы мүмкүн эмес. Мында: заказ ким тарабынан демилгеленген; милдеттенмелерди жабуу үчүн бюджеттин беренесин; бекитилген берүүчүнүн гана кызмат көрсөтүүлөрү пайдаланылганын; заказдын аны ким бергендигине карабастан тийиштүү кызматкерлерге жеткирилгендигин же жоктугун; эсеп-фактура текшерилгендигин жана бекитилгендигин; төлөм тапшырмасынын текшерилгендигин жана бекитилгендигин; төлөмдөрдү эсепке алуу; чыгымдар боюнча отчетторду даярдоону карап чыгуу зарыл.
Жогоруда саналып өткөн бардык себептер боюнча, ишке тартылган процесстерди карап чыкпастан, банктык операцияларга же кассага басым жасалган аудиттер операцияларга контролдук кылуунун бардык каражаттарын толук түшүнүүнү калыптандырууну татаалдантат же ага таптакыр мүмкүнчүлүк бербейт. Заказды демилгелөө учурунда, ошондой эле көрсөтүлгөн кызматтарга жүргүзүлгөн төлөмдөрдү эсепке алуу учурунда контроль каражаттары системанын маанилүү звеносу болуп саналат жана системанын чектеринин алкагында болууга тийиш.
4-Фаза - Тестирлөө - F2, F3, Н1, Н2, Н3 формалары
9-кадам - Пландоо жана контроль тесттерин өткөрүү.
Тестирлөөнүн максаттарын аныктагандан кийин тандоонун ыкмасы жана тандоонун көлөмү боюнча чечим кабыл алынууга тийиш. Тандоо боюнча колдонмо 4-главада сунуш кылынган.
Контроль каражаттарын тестирлөө - F2 формасы
320. Максаттары
Контроль каражаттарынын иштешине акылга сыярлык деңгээлде ишенимди алуу үчүн контроль каражаттарына талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон тесттерди иштеп чыгуу.
321. Жол-жоболор
Аудитор 10.Б тиркемесинде сыпатталгандай, “Контроль каражаттарынын тесттерин пландоо” формасын толтурушу зарыл. Бул баскычта төмөнкүдөй жол-жоболор талап кылынат:
- Жетишүү зарыл болгон контролдун максатын белгилөө, мисалы, "Туруктуулук";
- Көздөгөн максатка жетүү үчүн арналган жана тестирленүүгө тийиш болгон системадагы контроль каражаттарын белгилөө;
- Тестирленүүгө тийиш болгон операциялардын, иш-аракеттердин жыйындысын же башка жазууларды көрсөтүү;
- Тандоонун өлчөмүн жана тандоо учурундагы тандоо методун аныктоо;
- Контроль каражаттары иштөөгө тийиш болгондой иштеп жатканын ырастоочу тесттерди иштеп чыгуу.
Контроль каражаттарын ар кандай түрлөр боюнча бөлүштүрүү жана талдоо
Бул талдоо контроль каражаттары төмөнкүдөй ар кандай түрлөр боюнча талдоодон өтсө, тесттерди иштеп чыгуу учурунда аудиторго жардам берет:
- алардын аткарылышына документалдык ырастоолор жок болгон контроль каражаттары - мисалы, милдеттерди бөлүштүрүү;
- активдердин физикалык сакталышы - мисалы, сейф;
- аткарылган бухгалтердик жол-жоболор менен толук ырасталган контроль каражаттары - мисалы, контролдук бухгалтердик эсептерди салыштыруу;
- банктык салыштырууну даярдоо;
- инвентаризациялоо жана калдыктарды баалоо;
- колтамга менен ырасталган контроль каражаттары;
- кол коюу же кандайдыр-бир башка операцияны аткаруу, мисалы, төлөм тапшырмасына белги коюу;
- заказды бекитүү;
- транспорттук коштомо кагаздарды жана эсеп-фактураларды салыштыруу жана аларды бириктирип бекитүү;
- эсеп-фактураларга суммаларды текшерүү жүргүзүлгөндүгү жөнүндө белги коюу;
- компьютердик программанын жардамы менен жүргүзүлгөн контроль каражаттары, мисалы, эмгек акыны жана кармап калууларды эсептөө;
- текшерүү программасын иштеп чыгуу кылдат контролдонгон ишенимдүүлүгүнө ишенүүгө боло турган параметрлерди текшерүү, мисалы, компьютер коддорду ыйгаруу же белгиленген лимиттен ашкан суммалар менен операцияларды жүргүзүү учурунда каталарды табууга жана көрсөтүүгө программаланган ж.б.;
- көзөмөл түрүндөгү контроль каражаттары, мында алар чындыгында эле жүзөгө ашырылгандыгы анык, мисалы, бардык иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча так нускамаларды даярдоо. Мындай контроль каражатынын таасирдүүлүгү, аны башка тесттирлөөлөрдүн натыйжаларына байланыштыруу менен гана тестирлениши мүмкүн;
- шайкеш келбегендик жөнүндөгү отчеттордун натыйжалары боюнча иш-аракеттердин аткарылышына байкоо жүргүзүү, башкача айтканда, жетекчилик алып жаткан шайкеш келбегендик жөнүндө отчеттор боюнча жетекчилик чындыгында эле кандайдыр-бир чараларды көрө тургандыгынын ырастоолорун текшерүү.
322. Тестирлөөнү жазуу
Тестирленген документтер жана аткарылган тесттер боюнча жазууларды жүргүзүүнүн маанилүүлүгү мурдараак баяндалган. Бул иш аудитордук далилдерди алуу боюнча сунуш кылынган стандарттарга шайкеш келүүгө жетишүү үчүн аткарылат. Тесттер стандарттык формаларды пайдалануу менен документтештирилүүгө тийиш, аларда максаттар, ыкмалар, натыйжалар жана корутундулар жалпыланат. Натыйжалар Н2 формасында чагылдырылат.
323. Ишти аткаруу жана талдоо
Аудиторлор контроль каражаттарын тестирлөөнү жүргүзүү боюнча форманы жана тестирлөө планын даярдап, аны ушул форманы текшерүүгө тийиш болгон жооптуу аудитор менен макулдашышы керек жана ал тестирлөөнү жүргүзүү үчүн бардык зарыл нерселерди камтый тургандыгына ынанууга тийиш. Андан соң аудитор шайкештикке тестирлөөнү жүргүзүүгө жана талдоо үчүн тестирлөө боюнча толтурулган формаларды берүүгө тийиш.
Аудитордук процесстин басымы контроль болуп саналат. Эгерде контроль каражаттары келтирилсе, анда шайкештикке тесттер иштелип чыгууга тийиш. Жооптуу аудитор бардык кызматкерлер процессти жана контролду айырмалай ала тургандыгына ынанууга тийиш. Контроль каражаттары ушул колдонмонун 2- жана 3-главаларында кененирээк баяндалат.
10-кадам - Тесттердин натыйжаларына баа берүү, эгерде зарыл болсо, кемчиликтердин бар экендигине тесттерди иштеп чыгуу
324. Максаттары
Аныкталган контроль каражаттары пландалгандай иштеп жатканын баалоо, эгерде андай эмес болгон болсо, кемчиликтерди кызматкер өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы же каталар операциялык агымдарда болуп өткөнү тууралуу далилдерди алуу үчүн тесттерди иштеп чыгуу.
325. Жол-жоболор
Контроль тесттери.
Аудитор контролдоо жол-жобосунун тиешелүү түрдө аткарылгандыгынын далилдерин алуу үчүн контроль каражаттарынын тестин жүргүзүү үчүн тандалган операцияларды текшерет. Аудитор пайдалануунун далилдерин албаса же контролдоо жол-жобосунун аткарылышын документ менен күбөлөндүрө албаса, бул учурда ката деп эсептелет. Аудитор бардык каталарды “Контроль каражаттарынын тести - Тестирлөөнүн натыйжаларын жалпылоо үчүн форма” деген Н2 формасына жазууга тийиш.
Андан кийин аудитор бул каталарды талдап, бул каталардын контроль каражаттарынын натыйжалуулугуна мүмкүн болгон таасирин карап чыгууга тийиш. Натыйжалар “Контроль каражаттарынын кемчиликтердин бар экендигине жана мааниси боюнча тесттери боюнча натыйжаларынын жыйынтык формасы” деген Н1 формасында жазылууга жана жалпыланууга тийиш.
Каталардын түшүндүрмөлөрүн карап чыгуу.
Аудиторго ката жөнүндө негиздүү түшүндүрмө берилген учурларда жана айрым контроль каражаттарынын адекваттуулугуна узак мөөнөттүү таасири жок болсо, анда аудитор катаны жана тиешелүү түрдө контроль каражатынын өзүн кабыл ала алат. Каталардын түшүндүрмөлөрүнүн кадимки мисалдары:
- бухгалтердик эсептерди салыштыруу жүргүзүүнү кечиктирүү- эгерде кечиктирүү бул мезгилде жооптуу кызматкердин жоктугунан же ооруп калышынан улам болуп жатса, бирок, эреже катары, салыштыруу өз учурунда жүргүзүлсө, анда мындай катаны кабыл алууга болот;
- операциядагы арифметикалык ката - эгерде бул ката арифметикалык контролду аткарган кызматкер жок учурда кетирилген болсо, бул аудитордун корутундусунан алып салынышы мүмкүн жана бул мезгилди андан ары тестирлөөнү чектеши мүмкүн;
- суммалары туура эмес жазылган эсеп-фактуралар - эгерде бул ката тарифтик торчо өзгөргөндөн кийин дароо жасалып, бирок көп өтпөй байкалып, оңдолсо, анда аудитор кийинки мезгилди тестирлөө менен чектелиши керек.
Мисалдардан көрүнүп тургандай, катага алып келген себептерди талдоо жана түшүнүү аудитор үчүн өтө маанилүү, анткени бул кийинки жол-жоболорго олуттуу таасирин тийгизет.
Контроль каражаттарынын тестин жүргүзүүнүн кадимки натыйжалары:
- аудитор каталарды тапкан жок - аудитор контроль каражаты туура иштеп жатат деген корутунду чыгарат;
- аудитор бир ката табат - аудитор контроль каражаттарынын тестин кеңейтүүнү же кемчиликтердин бар экендигине тестирлөө жүргүзүүнү чечет;
- аудитор эки же андан ашык ката табат, аларга негиздүү түшүндүрмөлөрдү ала албайт - мындай учурда аудитор кемчиликтердин бар экендигин тестирлөө үчүн жол-жобону иштеп чыга алат, ал каталар бар жерлерге көңүл бурат.
- тобокелдикке дуушар болгон операциянын түрү;
- мекеменин ичинде жана тышында тобокелдикти алып жүргөн операциянын айрым булактары;
- бир операцияда башка операцияларга караганда тобокелдик деңгээли кыйла чоң болгон мекеменин чегиндеги кээ бир учурлар.
326. Ишти аткаруу жана талдоо
Жооптуу аудитор тесттерди жүргүзүү боюнча жазууларды жана каталардын себептерин карап чыгып, жетекчиликтин берген түшүндүрмөлөрүнүн негизинде, каталарды кабыл алуу боюнча аудитор жасаган ар кандай чечимдердин тууралыгын ырастоого тийиш. Контроль каражаттары жүзөгө ашырылбаган жана аудитор бул сейрек учурлар болушу мүмкүн экенине ынана албаган жерлерде, ал кемчиликтердин бар экендигине тесттер толук ылайыктуу болушу мүмкүн деп чече алат. Аудитор “Контроль системасындагы кемчиликтердин бар экендигине жана мааниси боюнча тесттерди пландоо” деген F3 формасын толтурууга тийиш, анда тестирленүүгө тийиш болгон операциялардын түрү чагылдырылат.
Жооптуу аудитор каталардын бардык мүмкүн болуучу түрлөрүнүн аудитор тарабынан түзүлгөн тизмесин ырастоого жана анын пикири боюнча кетирилиши мүмкүн деп эсептеген ар кандай башка каталарды кошууга жана андан соң кемчиликтердин бар экендигине тестирлөөсү боюнча планды бекитүүгө тийиш.
11-кадам – Кемчиликтердин бар экендигине жана мааниси боюнча тестирлөөнүн натыйжаларын баалоо.
327. Максаттары
Контролдун жол-жоболорунун иш-аракети жана каталардын деңгээли боюнча аудиторго жеткиликтүү далилдерди карап чыгуу жана андан кийинки иш-аракеттер жөнүндө чечим кабыл алуу.
328. Жол-жоболор
Бул баскычта аудитор:
- кызматкерлер жетекчилик тарабынан белгиленгендей аларды аткарбаган себептерден улам контроль каражаттарынын ишке ашырылбашы;
- операциялардын агымында же анын айрым участкаларында кыйла жогорку деңгээлдеги каталар бар экендиги жөнүндө так маалыматтарга ээ болууга тийиш.
Эгерде чындыгында эле ушундай кырдаалдар бар болсо, анда бул этапта төмөнкүдөй эки негизги мүмкүнчүлүк бар:
- тергөө ишин пландоо, анткени ката атайылап жасалган иш-аракеттерден келип чыгышы мүмкүн;
- каталарды жоюу үчүн алынган маалыматтар боюнча жетекчиликке отчет берүү.
Мындай учурларда, балким, тестирлөөнү жүргүзүү талап кылынат, ал жоготуулардын көлөмүн аныктайт, бул жетекчиликке ушундай жоготуулардын ордун толтуруунун ылайыктуу жолдорун сунуш кылуу үчүн зарыл болот.
329. Ишти аткаруу жана талдоо
Аудитор жогоруда баяндалган бардык жол-жоболорду аткарат. Баалоо аудитте өтө маанилүү кадам болуп саналат жана жооптуу аудитор мындай баалоонун толук талдоосун жасайт.
5-Фаза - Отчеттуулук жана аяктоо
12-кадам - Талкуулоо үчүн аудитордук корутундунун долбоорундагы маалыматтарды жалпылоо - В1 формасы.
330. Максаты
Бардык алынган маалыматтарды карап чыгуу, корутундуларды чыгаруу жана аларды аудитордук корутундуда төмөнкүдөй форматта сунуш кылуу:
- практикалык иш-аракеттер боюнча сунуштамаларды даярдоо;
- аудит объектисинин жетекчиси менен талкуулоо үчүн алдын ала отчетту даярдоо;
- Ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан талдоо жүргүзүү.
331. Жол-жоболор
Аудитор жумушчу документтерди текшерип, аларды В1 формасында жалпылоосу керек, анда бардык аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылат. Натыйжаларды жалпылоо процессинде ортодогу кадам катарында Н1 формасын толтуруу буга жардам бере алат. Булардын бардыгы жооптуу аудитор менен талкууланышы керек жана корутундулар менен сунуштамалар боюнча бардык чечимдер отчетто камтылууга тийиш. Андан кийин аудитор аудитордук отчет үчүн негизги корутундуларды жана сунуштамаларды даярдоого тийиш.
Аудитти аяктоо боюнча негизги маанилүү жол-жоболор:
- жумушчу документтерди текшерүү жана жетекчилик менен талкуулоо үчүн корутундуларды даярдоо;
- жооптуу аудитор тарабынан бардык жумушчу документтердин жана тыянактардын сапатын контролдоону текшерүү.
13-кадам - Алынган маалыматтарды/сунуштамаларды жооптуу жетекчи менен талкуулоо. Ишке киргизүүнүн иш-аракеттерин жана убактылуу графигин макулдашуу.
332. Максаты
Жооптуу кызмат адамдарына кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү аракеттерди көрүү үчүн алынган маалыматтар жана корутундулар жөнүндө билдирүү.
333. Жол-жоболор
Алынган маалыматтардын резюмесин даярдагандан кийин аудитор зарыл болсо талкуулоо үчүн корутунду даярдоого тийиш. Ар бир пункт ирети боюнча талкууланууга тийиш. Аудитор алынган фактылардын негизинде өзүнүн пикирин так билдирүүгө жана зарыл болгон учурларда өз пикирин колдоо үчүн бул фактыларды жооптуу жетекчиге сунуш кылууга тийиш.
Ар бир пунктту талкуулоо төмөнкүдөй тартипте өтөт:
- аудитор аудиттин учурунда алынган маалыматтарды баяндайт жана кызмат адамы аларды кабыл алат;
- аудитор натыйжаларды баяндайт жана кызмат адамы бул натыйжаларды түшүнүшү жана аларды кабыл алышы үчүн аларга түшүндүрмө берет;
- аудитор корутундуларды баяндайт жана кызмат адамынын макулдугун алат;
- аудитор альтернативдүү иш-аракеттерди баяндайт, андан соң, эгерде талап кылынса, кызмат адамы да өз көз карашын билдирет;
- тиешелүү чечимдерди талкуулоо жана кызмат адамдары аткара турган чечимди тандоо;
- тандалган чечимди аткаруу үчүн убакыттын чектери жөнүндө өз-ара макулдашуу.
Бардык маселелер талкуулангандан кийин аудитор макулдашылган чечимди отчеттун тиркемесиндеги иш-аракеттер планында каттоого тийиш, анда так айтылган аракеттер, аткаруу үчүн жооптуу адам, ошондой эле бул иш-аракет кайсы мөөнөткө карата аткарылууга тийиш экендиги чагылдырылууга тийиш.
334. Ишти аткаруу жана талдоо
Жогоруда баяндалган бардык иш Ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан аткарылышы мүмкүн. Ал алынган маалыматтардын жалпылоосуна жана корутундусуна киргизилгенге чейин макулдашылган аракеттерди талдайт.
14-кадам - Аудитордук документтерди текшерүү жана аларды баалоо.
335. Максаты
Аудитти жүргүзүүнүн бардык аспекттери зарыл формаларды толтурууну эске алуу менен жана “Аудитордук жумушчу документтер жана папкалар” деген 7-главада көрсөтүлгөн стандарттарга ылайык аткарылгандыгына ынануу.
336. Жол-жоболор
Ички аудит кызматынын жетекчиси документтерди карап чыгып, бардык иштер сунушталган стандарттарга ылайык аткарылганын ырасташы керек. Андан кийин жүргүзүлгөн аудит боюнча пикир алмашуу үчүн аудитордук топ менен жолугушуу өткөрүлөт.
337. Ишти аткаруу жана талдоо
Ички аудит кызматынын жетекчиси бардык аудитордук отчетторду текшерет.
6-Фаза -Байкоо жүргүзүү
15-кадам - Байкоо жүргүзүү
338. Максаты
Жооптуу кызмат адамы макулдашылган иш-аракеттерди жүзөгө ашыргандыгына жана алынган маалыматтар менен сунуштамалардын резюмесин каттагандыгына ынануу. Кийинки аудитти жүргүзгөн аудиторго кийинки аудиттин жүрүшүндө белгилүү бир аракеттерди талап кылган маселелер боюнча маалымат берүү.
339. Жол-жоболор
Жооптуу кызмат адамы сунуштамаларды аткаруу жөнүндө аудиторго жазуу жүзүндө билдирүү берет. Бул ырастоону алгандан кийин жооптуу аудитор бардык коюлган маселелер боюнча кабыл алынган иш-аракеттердин адекваттуулугун текшерүүгө тийиш. Бардык өзгөчөлүктөр андан ары мониторинг үчүн Ички аудит кызматынын жетекчисине даярдалган отчетто сунуш кылынууга тийиш. Эгерде Ички аудит кызматынын жетекчиси сунуштамалардын аткарылышынан кийинки аудит келгенге чейин байкоо жүргүзүүнү пландаса, ал иш-аракеттерди ишке ашыруу талап кылына тургандыгы тууралуу аудиторго эскертүүгө тийиш.
10.А-тиркеме
“Процессти” жана “контролду” бөлүштүрүү
Процесс | Контроль |
Операциялык системаларды жана саясаттарды иштеп чыгуу
| Операциялык системалар жана саясаттар иштелип чыккандыгын жана алар өз ара макулдашылгандыгын текшерүү |
Нускамаларды иштеп чыгуу
| Нускамаларды ишке ашыруунун тууралыгын текшерүү |
Аткаруунун сандык жана сапаттык факторлорун аныктоо
| Аткаруунун факторлоруна жетишүүнү текшерүү жана, эгерде жок болсо, аткарбай коюуга алып келген себептердин негиздүүлүгүн ырастоо |
Жогорку инстацияга макулдашуу үчүн документтерди же планды берүү | тиешелүү инстанциянын документинин же планынын ылайык келишин текшерүү же аны сунуш кылуу |
Бюджетти даярдоо
| Кызматтардын талаптарын аткаруу же ишти аткаруу үчүн бюджетти бөлүштүрүү жетиштүү болуусун жана ашык эместигин текшерүү |
Иш жүзүндөгү кирешени жана чыгымды бюджет менен салыштыруу | Кирешелер жана чыгымдар бюджеттик күтүүлөргө ылайык келе тургандыгын текшерүү жана эгерде андай болбосо, чыгымдардын төмөндөшүн же ашып кетишин пайда кылган себептердин негиздүүлүгүн ырастоо |
Документке кол коюу | Документтин деталдарын текшерүү. |
Инвертаризациялоону даярдоо
| Ырастоо үчүн төмөнкүлөрдү текшерүү: бардык шаймандар жана мүлк катталгандыгын; бардык шаймандар жана мүлк туура катталгандыгын ырастоо |
Төлөм документтерин даярдоо
| Квитанциялардын жана төлөм тапшырмаларынын шайкештигин текшерүү |
Бухгалтердик салыштырууларды даярдоо
| Бардык бухгалтердик өткөрүүлөрдүн тууралыгын текшерүү |
Кызматкер заказды алуу боюнча формада заказ алынгандыгы жана акы төлөөгө даяр экендиги жөнүндө белги коет | төлөөгө документтерди даярдоо жана өткөрүп берүү алдында заказ буга чейин кабыл алынбагандыгын жана мурда төлөнгөн эмес экендигине ынануу үчүн башка кызматкер тарабынан текшерүү |
10.Б-тиркемеси
В1 формасы
Жыйынтык отчет
Толтуруу боюнча нускамалар менен версия (курсив менен)
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
Текшерилүүчү мезгил: |
| Даярдаган Датасы |
Система: |
| Текшерген Датасы |
Бул форма отчет үчүн жалпы маалыматты берет, аны ички талкулоо үчүн пайдалануу зарыл. Бул форма кеңири толук маалыматтарды иштетүүгө көмөктөшөт.
№ | Текшерилүүчү контроль каражаты | Контроль системасын баалоо | Шилтемелердин №
| Тесттер боюнча натыйжалар жана тыянактар | ЖДга шилтеме | Сунуштамалар |
1 | Е1 жана F1 формаларындагыдай тартипте контролдун максаттарын санап өтүү | "Адекваттуу" же "адекваттуу эмес"деп белгилегиле. Эгерде адекваттуу эмес болсо, анда жок болгон контроль каражатын көрсөткүлө… | F1 формасына жана Р1 формасын сабына шилтеме жасагыла, б. | Тесттин түрүн көрсөткүлө (контроль каражаттарына тест же кемчиликтердин бар экендигине тести). Эгерде ал өткөрүлгөн болсо, мааниси боюнча тесттин натыйжаларын киргизгиле. Кыскача төмөнкүлөрдү көрсөткүлө: контроль каражаттарынын тесттери канааттандырарлык/ канааттандырарлык эмес. Кемчиликтердин бар экендигине тесттери канааттандырарлык/ канааттандырарлык эмес | Н2 Н1 формасына (жана зарылдыгына жараша, Н2 же Н3) шилтеме жасагыла | Эгерде контроль каражаты адекваттуу болсо жана тесттердин натыйжасы канааттандырарлык болсо - сунуштамалар жок.
Эгерде контроль каражаты адекваттуу эмес жана тесттин натыйжалары канааттандырарлык эмес болсо – көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуштамалар берилиши керек. Мисалы, кадрларды даярдоонун жоктугу, көзөмөлдү жакшыртуу. Эгерде зыян тартуулар болгон болсо, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн аракеттерди көрүү, тиешелүү орган тарабынан иликтөө жүргүзүү, тартиптик иш-аракеттерди көрүү зарылдыгын карагыла. Эгерде контроль каражаты адекваттуу эмес болсо жана тесттердин жыйынтыгы иш жүзүндө зыянды көрсөтпөсө-тиешелүү контроль каражатын жана ал кандайча жүргүзүлүшү керек экендигин сунуштагыла (эсепке алуу боюнча колдонмону, ички нускамаларды өзгөртүү). Эгерде контроль адекваттуу эмес болсо жана кемчиликтердин бар экендиги боюнча тесттердин натыйжалары зыян тартууну көрсөтсө, тиешелүү контроль каражаты жана аны ишке ашыруу процесси сунушталат (эсепке алуу боюнча колдонмону, ички нускамаларды өзгөртүү ж.б.) Ошондой эле келтирилген зыяндарды жабуу, тиешелүү органдардын иликтөөсү, тартиптик чаралар үчүн иш-аракеттерди көрүү зарылдыгын карап көргүлө. Эгерде контроль жок болсо, алдамчылык же кылмыш далилденмейинче тартиптик чараларды колдонуу кыйын |
Е1 формасы
Аудитти пландоо
Толтуруу боюнча нускамалары менен версия (курсив менен)
Жалпы маалыматтар |
|
| ||||||||||||||||||||
Уюм: | Аудит жүргүзүлүүчү уюмдун/бөлүмдүн аталышы | Аудит мезгили: | Каралуучу финансылык жыл/мезгил | |||||||||||||||||||
Система: | Аталышын көрсөтүү менен системанын сыпатталышы | Жооптуу аудитор | Аты-жөнү | |||||||||||||||||||
Аудит объектисинин байланыш маалыматтары: | Жооптуу кызмат адамынын аты-жөнү, телефону жана маалыматтары | Аудиторлор | Аты-жөнү | |||||||||||||||||||
Аты-жөнү | ||||||||||||||||||||||
Аты-жөнү | ||||||||||||||||||||||
Тапшырмалардын чоо-жайы |
|
|
| |||||||||||||||||||
Аудиттин жалпы максаты: | Системанын максаттарына байланыштуу бир кыска сүйлөм. Жалпысынан алганда (финансы системасы үчүн): тактыгын, толуктугун, ишенимдүүлүгүн, өз убагында болгондугун көрсөтүүнү камтыйт. | |||||||||||||||||||||
Аудит камтыган жаат жана иштин көлөмү | 1.Башка системалар менен болгон өз ара байланышын жана чектерин көрсөтүү 2.Карала турган финансылык мезгилди (мезгилдерди) көрсөтүү 3.Операциялардын финансылык көлөмүн көрсөтүү | |||||||||||||||||||||
Системалардын түрлөрүнө ылайык жалпы аталыштар менен топтоштурулган аудиттин өзүнчө максаттары: | Финансы системасынын жалпы аталышы 1.Аяктагандык - 1 - өзүнчө максат - 2 - өзүнчө максат 2.Өлчөө 3.Ачуу 4.Коопсуздук 5.Ишенимдүүлүк 6.Колдонуу | |||||||||||||||||||||
Тапшырманын деталдары |
| |||||||||||||||||||||
Ар жылдык пландын бөлүгү: | Ооба/Жок | |||||||||||||||||||||
Болбосо, себебин түшүндүргүлө | Кыскача деталдарын көрсөткүлө | |||||||||||||||||||||
Иштин графиги жана акыркы мөөнөттөрү: | Төмөнкү категориялар боюнча тапшырмаларды баштоо жана аяктоо үчүн күндөрдү белгилегиле
| |||||||||||||||||||||
Жумуш убактысынын ченемин бөлүштүрүү (аудит-күндөр/сааттар) |
Катышууну саат менен көрсөткүлө | |||||||||||||||||||||
Мыйзамдык/ Жөнгө салуучу база | Аудит тармагы менен түздөн-түз байланышкан негизги ченемдик актыларга (мыйзамдар, жарлыктар, жоболор ж.б.) кыскача шилтемелерди кошкула. Бул документтердин Е1.1 “Контролдук тизмек” формасынан алынышы керек. Максаты-контроль үчүн талаптарды белгилөөдө мыйзамдык базанын адекваттуулугун аныктоо. | |||||||||||||||||||||
Жооптуу аудитордун башка аудиторлор үчүн сунуштары | Аудиттин көңүл бурууну талап кылган айрым тармактарына же айрым тобокелдиктерге же иштин аткарылышына байланыштуу өзүнчө нускамаларга көңүл буруу, мисалы, андан ары тестирлөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн каталар жөнүндө билдирүү. | |||||||||||||||||||||
| Аудиттин программасы |
| Пландоо |
1. | Текшерилип жаткан участок жөнүндө маалымат чогултуп, анын эмне экендиги, кандайча иштей тургандыгы жана бүтүндөй уюмдун жана аудиттин коюлган максаттарына жетишүүсүнө шайкеш келери-келбеси жөнүндө так маалымат алгыла. Иштин көлөмү жана өлчөмү, анын ичинде анын иштөө чөйрөсү жөнүндө маалымат чогултуу менен өзүңөрдү коопсуздандыргыла. Е1.1 формасын толтургула жана ырастоочу документтерди Е секциясына тиркеп, ырастоочу документтерде Е 1.1 формасына шилтеме жасагыла. Ар бир документти карап чыгып, белгиленген контролдук талаптарды аныктагыла, ошондой эле аларды өзүнчө жумушчу документте жалпылагыла. Мунун себеби-бул документтердин бардыгын топтолушуна жараша процессти жана контроль талаптарын түшүнүү үчүн колдонуу. Бул маалымат Е2 формасын даярдоодо колдонулат, ошондой эле системанын кантип иштээрин аныктоого көмөктөшөт. Ошондой эле, бул маалымат персонал тарабынан берилген маалыматтан көз карандысыз болот.
|
2. | Мурунку ички же тышкы аудитордук корутундуларда берилген бардык сунуштардын аткарылышын көзөмөлдөгүлө. Алынган жыйынтыктарды С1 формасында протокол түрүндө жазгыла (аягына чейин толтургула). Бул сунуштамалар системаны өзгөртөбү же жокпу, же өткөн аудиттен бери контроль каражаттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылгандыгын аныктагыла. Туруктуу папкадан же мурунку жумушчу аудитордук папкадан маалыматты жаңыртууда кайталануудан сак болгула |
3. | Системаны аныктап, андагы контроль каражаттарын белгилегиле. Система операция системанын бир четинен экинчи четине өтүүчү процесстерден жана кадамдардан, анын ичинде башка операциялар менен өз ара байланыштан турат. Мунун бардыгы шайкеш келип, эмне болушу керектигин сүрөттөйт. 1-кадамда алынган документтерди карап чыгуу (Е2ге кайчылаш шилтеме менен Е1.1 документтерге сереп салуу,) жана жооптуу кызматкерлер менен маектешүү аркылуу жетишилет. Бардык маектешүүлөрдүн протоколдору сакталып, Е бөлүмүндөгү папкага тиркелиши керек. Пландоонун бул кадамы үчүн Е2 формасын колдонгула жана маалымат булагын аныктоо үчүн ырастоочу документте Е2де жазылган процесске жана контроль каражатына кайчылаш шилтеме жасагыла (мыйзамдар же жолугушуу боюнча жазуу). Тактап айтканда, текшерилип жаткан участоктогу ар бир кадамды/иш-аракетти/процессти өтө кылдат карап чыгып, протокол түзгүлө. Бул учурда иш-аракеттерди хронологиялык ырааттуулукта көрсөткүлө. Мунун максаты-системанын практикалык иштешинин конкреттүү жолун аныктоо. Бул үчүн, балким, күн сайын жүргүзүлбөгөн башкаруу отчетторун же талдоону карап чыгуу керек. Бул процесстин акыркы / жыйынтыктоочу бөлүгү болуп калат. Ар бир кадам үчүн аудитор төмөнкүлөр боюнча жазуу жүргүзүшү керек: -иштин мүнөздөмөсү (аткарылган иштин кыскача баяндамасы); - жооптуу адамдар; -иш кайсыл жерде жүзөгө ашырылат; - ишке тиешелүү кандай отчеттор/ырастоочу документтер: (эмне, ким, кайда, качан, кантип) Системаны сыпаттоо учурунда процесстерди эмес, контроль каражатына көбүрөөк көңүл бөлгүлө. Кызматкерлерге жана контролдун күтүлгөн каражаттары контроль каражаты менен аныкталбаган, контролдун түпкү же күтүлгөн/мыйзамда талап кылынган максатына жетишүүгө өбөлгө болуучу каражаттары бар участокторуна көңүл бургула. Подсистемалардын ортосундагы мамилелерди аныктоодо өтө этият болгула. Мисалы, “Касса жана банк” системасында кассалык кириштөө-чыгыштоо ордерлери боюнча подсистема зарыл болгон жерде бөлүнүшү мүмкүн, мисалы, накталай акчаларды башкаруу боюнча өзүнчө участок жана банктык операциялар боюнча өзүнчө участок. Эгерде система мурунку аудиттин жүрүшүндө кеңири сыпатталган болсо, анда бул система боюнча жазууларды кайра карап чыгууга негиз болушу мүмкүн. Ошондой болсо да, аудиторлор системадагы жана персоналдагы өзгөрүүлөргө баа бериши үчүн маектешүү дагы эле талап кылынат. Участок боюнча маалымат чогултулуп, тиешелүү документтерде жазылгандан кийин, ошол участок боюнча жазылган жазууларды жооптуу кызматкерлер менен макулдашкыла жана аларды бекиткиле. |
4. | Өтмө тестирлөө контроль каражаттарынын негизги тестирлөөсү болуп саналат (мисалы, үч аталыш үчүн), аны өткөрүүдө Е3 формасын колдонгула. Система менен иштөөнү эң башынан баштап, үч пункт боюнча бүт система аркылуу финансылык жана чарбалык операциялар аяктаганга чейин уланткыла. Системаны изилдөөнүн ар бир кийинки кадамында, башка документтерде ошол системадан кандайдыр бир операция айтылганына көңүл бургула. Документтерге/документтердин көчүрмөлөрүнө (тил кат/ордер ж.б.) тиешелүү шилтемелерди жасагыла, алар көйгөй келип чыккан учурда белгилүү бир процессти карап чыгууга жардам берет. Тесттин терс натыйжалары системанын болжолдонгондой иштебей жаткандыгын көрсөтөт. Отчетто андай четтөөлөрдүн чыгышынын негизги жагдайларын белгилегиле. Система боюнча жазуулар иш жүзүндөгү системаны, же контроль каражаты иштебегендиктен пайда болгон четтөөлөрдү чагылдырышы үчүн кайра каралышы керектигин аныктагыла. |
5. | Контролду баалоо - контроль каражатынын ал иштелип чыккан түрдөгү ишенимдүүлүгү. Ар бир контролдун максатын Е1 формасынан В1 формасына жазгыла. Контроль максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон күтүлгөн контроль каражатын аныктагыла. Бул пландоо стадиясында, тиешелүү мыйзамдарды кароодо (Е1.1 формасы) жана аудитордун жеке тажрыйбасынан алынган маалыматты колдонуу менен жасалышы мүмкүн. Күтүлгөн контроль каражаттарынын бир нече мисалдары банктык жана кассалык системалардын мисалында Колдонмого киргизилген, бирок буга карабастан, күтүлгөн контроль каражаттары аудит жүргүзүү учурундагы системанын өзгөчө учурларына да көз каранды болот. Бул кадам аудитордук топтун жетекчисинин жетекчилиги астында жасалышы керек. Максаты - контроль каражаттары мыйзам тарабынан иштелип чыккан/талап кылынган түрдө баалана турган эталонду аныктоо. Контролдун максаты бир нече контролдун болушу аркылуу ишке ашышы мүмкүн. Бул этапта тестирлөө киргизилбейт. Аныкталган контроль каражаты жөнүндө маалыматтарды система боюнча жазуулардан Е2 формасына контролдун эң ылайыктуу максаты көрсөтүлгөн жерге которгула. Контроль каражаттары бир же бир нече контроль максаттарына тиешелүү болушу мүмкүн. Максаттардын бири менен байланыштырылбай турган контроль каражаттарына кылдат көңүл бургула. F1 формасын колдонуп, колдо болгон контроль каражатын күтүлгөн каражат менен салыштырып, ар бир контроль каражатын баалагыла. Аныкталган контроль каражаты күтүлгөн контроль каражаты менен бирдей максатка жетиши мүмкүн, ал эми негизги тест контроль максатына жетүүнү аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Эгерде аныкталган контроль каражаты күтүлгөндөн төмөн сапатта бааланса, бул баалоону колдоо үчүн, керек болсо өзүнчө таблицада кошумча комментарийлер менен так түшүндүрмө бергиле. Контролдун максатына жетүүсүнө ишенимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн тестирлөөгө болуучу компенсациялоочу контролдун бар экендигин жана таасирин карап көргүлө. Компенсациялоочу контроль каражаты - бул контроль каражатынын кемчиликтеринин ордун толтуруучу башка контроль каражаты, башкача айтканда, эки контроль каражаты. |
| Тестирлөө/Жеринде иштөө |
6. | Эгерде күтүлгөн жана аныкталган контроль каражаттары дал келсе жана (же) эгерде аныкталганы контролдун максаттарына ылайык келсе, бул контроль каражаттарын тестирлөөдөн өткөргүлө. Керектүү тестирлөөнүн масштабын аныктоо үчүн “Контроль каражаттарына тесттерди пландоо” F2 формасын колдонгула жана Н2 формасы жана тесттерди жазуу үчүн кошумча документтердин жардамы менен документтештиргиле. F1ге ылайык контроль максатына жетүүгө жардам бере турган контроль каражаттарын гана тестирлөөдөн өткөргүлө. Контроль каражатарын тестирлөө менен бир эле учурда айрым контроль каражаттарын мааниси боюнча тестирлөөнү карап көргүлө (8-кадам). Мисалы, эгерде салыштыруу үчүн контроль каражаты кол тамга менен ырасталса, анда мааниси боюнча тестирлөө кээ бир салыштыруу жүргүзүүлөрдү кайра аткаруу болот. Тестирлөөдө контроль каражаттарын аткаруудагы бардык үзгүлтүкө алып келүүчү учурларды аныктагыла жана ал үзгүлтүккө алып келүүлөрдүн таасирлерин карагыла. Эгер зарыл болсо кемчиликтерди жоюу үчүн ал үзгүлтүктөрдүн таасирлерин карагыла. Кемчиликтер бар экенин тестирлөөнү пландоо үчүн F3 формасын пайдалангыла жана кемчиликтердин бар экендигине тесттин натыйжасын жазуу үчүн Н3 формасын пайдалангыла. |
7. | Эгер F1 боюнча баалоо аныкталган контроль каражаттары контролдун максаттарына жетиш үчүн жетишсиз экенин көрсөтсө, кемчиликтердин бар экендигине тестирлөөсүн пландоо үчүн F3тү, жана Н3тү кемчиликтердин бар экендигине тестинин натыйжаларын жазуу үчүн пайдалангыла. (Кемчиликтердин бар экендигине тесттери – бул каталардын/контроль каражаттарынын үзгүлтүктөрүнүн таасирлерин сандык өлчөө үчүн колдонулуучу “багытталган” мааниси боюнча тесттер). |
8. | Эгерде мааниси боюнча тестирлөөнү өткөрүү зарыл деп эсептелсе, мисалы, эгерде контроль каражаттары күбөлөндүрүлгөн болсо, бирок контроль каражаттарынын натыйжалуулугун ырастоо үчүн мааниси боюнча тестирлөө зарыл болсо, анда F3 жана Н3 формаларын колдонгула. Бул тест контроль каражаттарын тестирлөө менен бир убакта жүргүзүлсө болот. |
9. | Тест учурунда алынган маалыматтарды Н2 жана Н3 формаларынан Н1 формасына которгула. |
10. | Тестирлөө учурунда алынган маалыматтар В1 формасына такай которулуп турарын текшергиле. |
11. | Жооптуу кызматкер менен контроль каражаттарынын бардык каталарынын/үзгүлтүктөрүнүн байланыштуулугун текшергиле. Мүмкүн болгон алдамчылык/кыянаттык менен пайдалануу белгилерин карап көргүлө. Мындай каталар пайда болгон учурда ички аудит кызматынын улук кызматкерлерине билдирүү зарыл. |
12. | Талдоо жана сапатты ырастоо жол-жоболорун аткаргыла. |
13. | Отчет түзүүнү баштагыла. |
Аудиттин планынын жооптуу аудитор тарабынан жактырылышы | Аты-жөнү жана датасы |
Аудиттин программасы жактырылды |
|
Тестирлөөнү жүргүзүүнүн планы тестирлөө жүргүзүү үчүн жактырылды |
|
Аудит үчүн системалар жактырылды |
|
Кийинки аудит учурунда текшерилүүгө тийиш болгон системалар | ||
ЖДга шилтеме | Маселе/тема | Ишмердүүлүк |
| Кийинки аудитте текшериле турган жааттарды жазгыла. Мисалы, учурдагы аудит учурунда кылдаттык менен каралбай калган маселелр же тереңирээк иликтөөнү талап кылган маселелер болушу мүмкүн |
|
Жооптуу аудитордун аты-жөнү жана күн: | ||
Аудитордук статистика | ||
| Пландык | Иш жүзүндө |
Тапшырмага коротулган сааттар | Саат | Саат |
Четтөөлөрдүн себептери |
|
|
Аудит башталды: Аудит аяктады: | Датасы | Датасы |
Алынган маалыматтарды жетекчилик менен алгачкы талкуулоо |
|
|
Жетекчилик үчүн отчет түзүү: Жыйынтыктоочу аудитордук отчет |
|
|
АУДИТОРДУК РЕЗЮМЕ Шилтеме
Е1.1 формасы б.
Документтердин контролдук тизмеги
Уюм:__________________ Даярдаган: _________Датасы: ___________
Система:_______________Текшерген:_________Датасы:____________
Документ: | Бар (Ооба/Жок) | Суроо-талап жөнөтүлгөн дата | Алынган дата | Документке шилтеме |
Эске алынуучу маалыматтар |
|
|
|
|
Операциялардын көлөмү жана мүнөздүү маанилери |
|
|
|
|
Төмөнкүлөрдү камтыган уюмдун схемасы: - аттары; - расмий кызмат орундары; - отчеттулугу жана жоопкерчилиги; - өз ара маалымат алмашуу; |
|
|
|
|
Уюмдун түзүмү (борбордук, региондук, жергиликтүү) |
|
|
|
|
Системага тиешелүү документтер (талдоо үчүн) |
|
|
|
|
Жетекчиликтен берилген/ борбор тарабынан таратылган системалар боюнча документтер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Тиешелүү мыйзамдар, регламент, финансылык жоболор |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Министрликтердин жол-жоболору боюнча колдонмо жана саясат боюнча документтер |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Бухгалтердик эсеп боюнча колдонмо |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчиликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маалыматы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкалар: |
|
|
|
|
Аудит боюнча мурунку иш (G1 формасын карагыла) |
|
|
|
|
Учурдагы ички аудиттин отчеттору/тышкы аудиттин отчеттору |
|
|
|
|
1. Системага тиешелүү документтер (талдоо үчүн) – ички аудиторлор документтерди карап чыгып, ошол документтердин негизинде системадагы процесстерди жана контроль каражаттарын аныктап, аларды жооптуу кызмат адамы менен маектешүү менен бирге Е2 формасында системанын сыпаттамасын даярдоо үчүн колдонушу керек.
(Эскертүү: бул документтердин жоктугу контроль каражаттарынын жетишсиздигинен кабар берет).
Корутунду
| Ооба/Жок | Эгер жок болсо, документтердеги кемчиликти/жетишпестикти жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди аныктагыла. F1 формасындагы контролду баалоодо контроль каражатынын жоктугун же алсыздыгын карап көргүлө. Контролдун жоктугу В1 формасында чагылдырылышы керек. | Шилтеме |
Мыйзамдар, жоболор жана башка документтер система үчүн төмөнкүлөр боюнча эмне талап кылынары жергиликтүү жетекчиликке түшүнүктүү болушу үчүн системаларды кантип уюштуруу керектиги жөнүндө так жана кеңири көрсөтмө бере алышабы (маселелер F1де же B1де белгилениши керек): | |||
- Сакталууга тийиш болгон эсептик жазуулар (Процесс) |
| Сакталууга тийиш болгон эсептик жазуулар |
|
1. Эсептик жазуулардын форматы (Процесс) |
|
|
|
2. Системанын алкагындагы ар кандай функциялар үчүн жоопкерчилик (Контроль) |
|
|
|
3. Контроль каражаттары (текшерүү, уруксат берүү, салыштыруу, накталай акча/активдерди сактоо (контроль) сыяктуу |
|
|
|
4. Мындай контроль каражаттарынын аткарылыш жыштыгы |
|
|
|
5. Анын ишине күн сайын байкоо жүргүзүү жана ырастоо (Контроль) |
|
|
|
6. Жетекчиликтин текшерүүсү жана иш боюнча отчеттор мезгил-мезгили менен даярдалат |
|
|
|
7. Башка маселелер (кайсылар экенин белгилегиле) |
|
|
|
Е2 формасы
Контроль системасынын сыпатталышы
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
|
|
|
Текшерилүүчү мезгил: |
| Даярдаган |
| Датасы |
|
Система: |
| Текшерген |
| Датасы |
|
Системанын сыпатталышы (баяндоо) | Ким/Эмне/Кантип/ Кайда(*) | Контроль каражаты (К)/Жол-жобо (Ж) | Документке шилтеме |
Е1.1формасынын жана жооптуу жетекчи/кызматкер менен болгон талкуунун негизинде, бүтүндөй системада документтерди/операцияларды иштеп чыгуу процессинин ыкмасын, ошондой эле ар кандай баскычтарда пайда болгон контроль каражаттарын калыптандыруучу ишинин конкреттүү баяндамасын даярдагыла. Ошондой эле айрым операциялар үчүн эмес, бир нече операциялар менен байланышкан контроль каражаттарын аныктагыла (күн сайын, жума сайын жыйынтык чыгаруу сыяктуу). Ошондой эле системанын натыйжалуу иштешин көрсөтүү максатында, жетекчиликтин кароосу үчүн даярдалган мезгилдүү отчетторду аныктагыла. | - Ким жана кайсы процессти/контроль каражатын жүзөгө ашырат- аныктагыла (бул милдеттердин бөлүштүрүлүшүн түшүнүүгө жардам берет); - Эмне жасалат - мисалы, документтерди өткөрүп берүү жана салыштыруу, маалыматтарды жазуу, текшерүү, уруксат берүү, коопсуз жерде сактоо, эсептөөлөр ж. б.; - Ал кантип жасалат - мисалы, башкы китепте, компьютерлештирилген системада, кол менен; - Ал кайда жасалат (милдеттерди/функцияларды бөлүштүрүүгө дагы бир жолу тиешелүү). | Процесс үчүн П жана контроль каражаттары үчүн КК койгула. Айрым учурларда, процесс контролдук эффектти камтышы мүмкүн болгон иш-аракеттерди камтыйт, мисалы структуралаштырылган форманы толтуруу керектүү маалыматты камтууну камсыз кылат. Бирок мындай форма көз карандысыз адам же компьютер тарабынан текшерилиши керек. Структуралаштырылган форманын жоктугу кемчилик болуп калат, анткени керектүү маалымат камтылбай калуу ыктымалдыгы бар. Форманын болуусу-бул контроль каражаты болуп эсептелет, бирок ал форманы толтуруу процесс болуп саналат. | Эгерде маалымат Е 1.1 де документтерди текшерүүдөн алынган болсо, анда тиешелүү документке кайчылаш шилтеме жасалууга тийиш. Эгерде маектешүү жазууларынан алынса, анда маектешүү жазуулары жазылган жумушчу документке шилтемелер камтылышы керек |
(*) Е1 карагыла, 3-кадам, толугураак маалымат алуу үчүн зарыл болсо, кошумча барак кагаздарды колдонгула
Системанын сыпатталышы (баяндоо) | Ким/Эмне/Кантип/ Кайда(*) | Контроль каражаты (К)/Жол-жобо (Ж) | Документке шилтеме |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Системага киргизилбеген күтүлгөн контроль каражаттары: Жергиликтүү жетекчилик менен талкууланып жана макулдашылса да системадан табылбаган бардык күтүлгөн контроль каражаттарын Е1.1ден жазып алгыла. Контролдун бул жок каражаттары жоболор/мыйзамдар ж.у.с. негизине камтылган контроль системасы болуп эсептелинет. Контролдун андай жок каражаттары F1 формасында жана В1 формасында белгиленүүгө тийиш
| ||||
Е3 формасы
Өтмө тестирлөө
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
|
|
|
Текшерилүучү мезгил: |
| Даярдаган |
| Датасы |
|
Система: |
| Текшерген |
| Датасы |
|
Процесс же системанын кадамы | Системада каралуучу предмет кандай баяндалган (*) (ооба/жок) | ||
| 1-предмет | 2-предмет | 3-предмет |
Е2 формасынан ар бир кадамды (процесстин же контролдун) алып, 2-3 предметтин/участоктун үлгүсүн алгыла жана силердин талкууңардан жана талдооңордон силер түшүнгөн процесстер жана контролдор ырасталгандыгына ынануу үчүн аларды көзөмөлдөгүлө |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
(*) Ооба/жок деген жооптон тышкары конкреттүү кадамдар/процесстер жана текшерилген предметтер үчүн тиешелүү документтерге шилтеме жасагыла жана зарыл болсо кошумча барак кагазды пайдалангыла.
F1 формасы
Контроль системасын баалоо жана тесттин түрүн тандоо-нускамалары менен версия (курсив менен)
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
|
|
|
Текшерилүүчү мезгил: |
| Даярдаган |
| Датасы |
|
Система: |
| Текшерген |
| Датасы |
|
№ | Контролдун максаттары | Күтүлгөн контроль каражаттары (пландаштырылган) | Аныкталган контроль каражаты | Контролду баалоо (адекваттубу же жокпу) | Контролду кийинки (F2) же кемчиликтердин бар экендигине тестирлөө (F3) | Жумушчу документке шилтеме | |
Толуктугу - (бул аталыштар милдеттүү эмес) | |||||||
| Е1 формасынан алынат. Номерлөө Е1деги контролдун максаттарына жараша бардык формаларда ырааттуу колдонулушу керек | Е1.1 формасында көрсөтүлгөн мыйзамдардын талаптарына же аудиторлордун ушул сыяктуу системадан эмнени күтүүгө болооору жөнүндө тажрыйбасына негизделет | Е2 формасындагы контроль каражаттарын тестирлөө жүргүзүү үчүн контролдун максаттары менен байланыштырууга негизделген конкреттүү ырастоо. Аныкталган контроль каражаты күтүлгөндөй эле болушу мүмкүн. Е2ге жана контроль процессине/стадияларына кайчылаш шилтеме жасагыла (1,2,3) | Адекваттуу же адекваттуу эмес деп белгилегиле. Адекваттуу эмес жерде, максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон учурдагы тобокелдиктин түрү жана контроль каражаттары жөнүндө ойлонуп көргүлө; мисалы, бухгалтердик эсеп боюнча колдонмого толуктоо же жобого өзгөртүүлөрлдү киргизүү. В1 формасында тиешелүү контролдун максатына каршы тушунда корутунду жазгыла. | Эгерде контроль каражаты, кийин Е2 формасында түшүнүлгөндөй жана ал өтмө тестирлөө менен ырасталгандай, адекваттуу деп бааланса, анда F2 формасында контроль каражаттарынын тесттерин иштеп чыккыла. Эгер ал адекваттуу эмес деп бааланган болсо, анда F3 формасын колдонуп, кемчиликтердин бар экендигине тестин карап көргүлө. Мындай тесттер кемчиликтерди текшерүү үчүн ошондой эле тандоону колдонуу менен бирден ашык адекваттуу эмес контроль каражатын камтышы мүмкүн | Пландалган тесттердин документине кайрылгыла (F2/1, 2 ж.б. жана Н2/1, Н3/1 натыйжалары). | |
Келип чыгышы | |||||||
Өлчөө/баалоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
|
| |
Ачуу | |||||||
|
|
|
|
|
|
| |
Системалуулук | |||||||
|
|
|
|
|
|
| |
Өз убагындалуулук | |||||||
|
|
|
|
|
|
| |
F2 формасы
Контроль каражаттарынын тесттерин пландоо
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
|
|
|
Текшерилүүчү мезгил: |
| Даярдаган |
| Датасы |
|
Система: |
| Текшерген |
| Датасы |
|
№ | Контролдун максаттары жана тест жүргүзүү зарыл болгон иш жүзүндөгү контроль каражаттары (F1 формасынан) | Отчеттук мезгилдеги жыйынды (саны) | Тест жүргүзүү зарыл болгон операциялардын жана позициялардын аталышы | Тандоонун көлөмү | Текшериле турган документтер | Тандоо ыкмасы | Н2ге шилтеме | |
Толуктук |
| |||||||
1 | Тестирленүүчү контроль каражатын көрсөтүү үчүн F1 формасынан номерлөөнү колдонгула. Бул максат эмес, тестирленүүгө тийиш болгон контроль каражаты | Мезгил ичиндеги (12 ай) операциялардын жалпы санын алдын ала баалагыла | Тесттин түрүн жана эмне ката болуп эсептелерин так көрсөткүлө. Мисалы, эсеп-фактураларда буюмдардын туура баада баалангандыгын көрсөткөн кол тамга бар экендигин текшергиле | 4-главанын негизинде тандоонун өлчөмүн аныктагыла | Документтин түрүн так көрсөткүлө. Мисалы, эсеп-фактура, төлөм тапшырмасы, башкы китепке жазуу жүргүзүү ж. б. | Тандоо кантип жүргүзүлөрүн сүрөттөгүлө. Мисалы: ар бир ай үчүн 5 документ тандалып алынат, бирок алар ырааттуу болбошу керек |
| |
Окуянын келиши |
| |||||||
2 |
|
|
|
|
|
|
| |
3 |
|
|
|
|
|
|
| |
4 |
|
|
|
|
|
|
| |
5 |
|
|
|
|
|
|
| |
F3 формасы
Контроль системасында кемчиликтердин бар экендигине тесттерди жана мааниси боюнча тестти пландоо
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
|
|
|
Текшерилүүчү мезгил: |
| Даярдаган |
| Датасы |
|
Система: |
| Текшерген |
| Датасы |
|
№ | Контролдун максаттары жана тест жүргүзүү зарыл болгон иш жүзүндөгү контроль каражаттары (F1 формасынан) | Отчеттук мезгилдеги жыйынды (саны) | Тест жүргүзүү зарыл болгон операциялардын жана позициялардын аталышы | Тандоонун көлөмү | Текшериле турган документтер | Тандоо ыкмасы | Н2ге шилтеме |
1 | Ошол эле номерлөөнү колдонуп, F1 формасына кайрылгыла жана теестирленип жаткан контролдун максатын көрсөткүлө. Бул контроль каражаты эмес, текшерилип жаткан контролдун максаты, анткени контроль каражаты 1. Алсыз же 2. Ырастоого муктаж болуп эсептелет | Мезгил ичиндеги (12 ай) операциялардын жалпы санын алдын ала баалагыла | Тесттин түрүн жана эмне ката болуп эсептелерин так көрсөткүлө. Мисалы, эсеп-фактураларда сатылып жаткан буюмдун баасы заказдагы менен дал келе тургандыгын же баанын өзгөрүшү туура жана негиздүү экендигин текшергиле | 4-главанын негизинде тандоонун өлчөмүн аныктагыла | Документтин түрүн так көрсөткүлө. Мисалы, эсеп-фактура, акча каражаттарын которуу тапшырмасы, башкы китепке жазуу жүргүзүү ж. б. | Тандоо кантип жүргүзүлөрүн сүрөттөгүлө. Мисалы: ар бир ай үчүн 5 документ тандап алгыла, бирок алар ырааттуу болбошу керек. Эгерде кайсы бир мезгилде кандайдыр бир операцияларга шектенүү пайда болсо, анда тестирлөө ошол жаатка багытталышы керек. |
|
Н1 формасы
Контроль системасында кемчиликтердин бар экендигине тесттерди жана мааниси боюнча тестти пландоо
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
|
|
|
Текшерилүүчү мезгил: |
| Даярдаган |
| Датасы |
|
Система: |
| Текшерген |
| Датасы |
|
Тестирленүүчү каражат (F2/F3 төн) /контролдун максаты (F1ден) | Тест жана тандоонун көлөмү (F2/F3төн) | Жумушчу документке шилтеме | Тесттер боюнча натыйжалар/тыянактар | В1ге шилтеме |
Контроль каражаттарын алардын максаттарына топтоштургула | Тестирлөөгө эмне дуушар болгонун, тандоонун көлөмүн, ошондой эле бул контролдун шайкештигине, кемчиликтердин бар экендигине же мааниси боюнча тест экендиги тууралуу тиешелүү деталдарды сүрөттөп бергиле | Н2 же Н3 жумушчу документине шилтеме жасагыла | Тесттин натыйжаларынын кыскача маалыматтары, Мисалы: текшерилген 35 предметтин 2сү талаптарга жооп бербейт |
|
Н2 формасы
Контроль каражаттарына тест. Тесттирлөөнүн натыйжаларын жалпылоо үчүн форма
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
|
|
|
Текшерилүүчү мезгил: |
| Даярдаган |
| Датасы |
|
Система: |
| Текшерген |
| Датасы |
|
№ | Аныкталган контроль каражаттары боюнча жүргүзүлгөн тесттер | Жумушчу документке шилтеме | Тестте аныкталган каталардын саны | Каталардын мүнөзү жана тыянактар | Н1 формасынан алынган тыянактарга шилтеме | Кемчиликтердин бар экендигине тести, (F3) кө шилтеме | Мааниси боюнча тест, (F3)кө шилтеме |
1 | Тестти ошол эле номерлөөнү колдонуп, F2формасындагы баяндалган план менен байланыштыргыла жана бул тестти кыскача сыпаттагыла. Бул контролдун максатын тестирлөө эмес, контроль каражатынын иштешин тестирлөө | Толук натыйжалар менен жумушчу документке шилтеме жасагыла | Аныкталган каталардын саны абсолюттук жана пайыздык туюнтмада | Аныкталган катанын мүнөзү жана жетекчилик тарабынан берилген бардык түшүндүрмөлөр жөнүндө кыскача маалымат бергиле. Контроль каражаты азыркы учурда адекваттуубу же жокпу, корутунду чыгаргыла. | Н1ге кайчылаш шилтеме жасагыла | Эгерде зарыл болсо_ге кайчылаш шилтеме жасагыла | Эгерде зарыл болсо_ге кайчылаш шилтеме жасагыла |
Н3 формасы
Кемчиликтердин бар экендигине жана мааниси боюнча тест.
Тесттин жыйынтыгын жалпылоо үчүн форма
Министрлик/Бөлүм/Ведомство: |
|
|
|
|
|
Текшерилүүчү мезгил: |
| Даярдаган |
| Датасы |
|
Система: |
| Текшерген |
| Датасы |
|
№ | Аныкталган контроль каражаттары боюнча жүргүзүлгөн тесттер | Жумушчу документке шилтеме | Тестте аныкталган каталардын саны | Табылган каталардын мүнөзү | Зарыл чаралар (аудитордун сунуштамалары) | Н1ге шилтеме |
1 | Жүргүзүлгөн тесттин кыскача сыпаттамасы | Толук жыйынтыктар менен жумушчу документке шилтеме жасагыла | Натыйжаларды сандык туюнтмада көрсөткүлө | Аныкталган каталардын мүнөзүн кеңири сыпаттагыла | Кошумча тестирлөө зарылбы же алынган маалыматтарды берүү жана сунуштамаларды жасоо жетиштүүбү, көрсөткүлө | Н1 деги №____сабына шилтеме жасагыла |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
11- глава. Аудитти аяктоо жана отчеттуулукту даярдоо
340. Аудитордун өз ишин талаптагыдай кылдаттык менен аткарууга милдеттүүлүгүн белгилеген ички аудит боюнча Кыргыз Республикасынын стандарттары аудитти жүргүзүүнүн акыркы стадияларында өзгөчө маанилүү болуп саналат. Буга катарлаш, аудитти өз убагында жүргүзүү жана аудит учурунда пайда болгон бардык маанилүү маселелердин талаптагыдай чечилишин камсыз кылуу сыяктуу факторлор эске алынышы керек.
341. Жооптуу аудитор аудитордук документтерди карап чыгат жана алардын төмөнкүлөргө ылайык даярдалгандыгын ырастайт:
- Ички аудиттин стандарттарына;
- Ушул Колдонмо тарабынан белгиленген жол-жоболорго;
- Е1 формасынын маанилүү бөлүктөрүн (сарпталган убакыт, кийинки аудиттин жүрүшүндө эске алуу зарыл болгон маселелер сыяктуу) толтурат;
- С3 аудитти аяктоо формасын толтурат.
342. Ички аудит кызматынын жетекчиси папканы толугу менен карап чыгып, жооптуу аудитор тарабынан даярдалган жумушчу документтерге жана аудит учурунда алынган маалыматтарды ырастаган далилдерге көңүл бурат. Ал ошондой эле аудитордук маалыматтарды жана аудитордук далилдердин толуктугу боюнча алынган маанилүүлүк даражасы боюнча жасалган өкүмдөргө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.
Бул процесстер төмөндө кененирээк сүрөттөлөт.
А бөлүмү– Аудитти аяктоо процесси.
Аудитти аяктоо процессиндеги кадамдар.
343. Аудиттин акыркы этабында аткарыла турган кадамдарга төмөнкүлөр кирет:
344. Аудитордук папкалар:
- Жаңыртылган туруктуу аудит папкаларын карап чыгуу;
- Аудиторлордун жумушчу папкалар боюнча жасаган жумуштарын карап чыгуу;
- Жумушчу аудитордук документтерди талдоо жана кол коюу;
- Аудит боюнча калган маселелерди түшүндүрүү.
345. Аудитордук отчеттуулук.
Аудитордук корутундунун долбоорун талкуулоодон мурун төмөнкүлөрдү талдоо керек:
- аудиттин натыйжасында жасалган тыянактар;
жетекчиликтин мурдагы аудитордук корутундуга жана сунуштамаларга карата иш-аракеттери.
346. Аудитордук корутундунун долбоорун жетекчилик менен талкуулагандан кийин жооптуу кызматкер төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- учурдагы жылы айтылган сын-пикирлер боюнча жетекчилик тарабынан көрүлгөн иш-аракеттерге талдоо жүргүзүү;
- аудитордук корутундунун долбооруна байланыштуу жетекчилик менен талкуулардын натыйжаларын талдоо;
- зарыл болсо, сунуштамаларды иштеп чыгууну аяктоо;
- аудитордук корутундунун долбоорун тариздөө.
347. Аяктоо процесси:
- Кийинки аудитте карала турган маселелерди талдоо жана документ түрүндө тариздөө (эгер алар бар болсо);
- Аудит аяктагандан кийин аудиттин программасынын бардык пункттары аткарылгандыгын текшерүү;
- Аудитордук корутундуну аяктоо жана жазуу.
Аяктоочу этап жооптуу аудитор жана ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылышы керек. Бирок, аудитордук корутундуну, анын тактыгын, ишенимдүүлүгүн жана тапшыруу формасын түзүү үчүн негизги жоопкерчилик ички аудит кызматынын жетекчисине жүктөлөт.
348. Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маанилүү маселелер:
- Аудитордук корутундуну даярдоонун акыркы этабында каралышы керек болгон кээ бир принципиалдуу маанилүү маселелер:
- туруктуу аудитордук папкалар тийиштүү түрдө жаңыртылып турдубу жана бул жаңыртуулардын шайкештиги жана маанилүүлүгү;
- аудит боюнча жумушчу документтер тыкан, толук көлөмдө түзүлгөнбү, номерленгенби, ошондой эле аларда кайчылаш шилтемелер коюлганбы;
- аудиттин программасынын бардык пункттары толугу менен камтылдыбы жана ачыкка чыгарылдыбы;
- кеңири аудитордук отчеттун жыйынтыктары толук жана такпы, ошондой эле алар жумушчу документтердин деталдарына шайкеш келеби;
- мурунку аудитордук корутундунун маселелери жетекчилик тарабынан канчалык деңгээлде каралган же каралган эмес;
- аудитордук сунуштамалардын тактыгы жана негиздүүлүгү;
- аудитордук корутундунун долбоору аудит жүргүзүлгөн объекттин жетекчилиги менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, ошондой эле карап чыгууну жүргүзгөн адистин жеке кесиптик пикиринин негизинде толуктоолорду талап кылабы;
- аудитордук корутундунун акыркы версиясы (бардык толуктоолор киргизилгенден кийин) аудитордук отчеттуулукту түзүүнүн бардык талаптарына ылайык келер-келбесин, ошондой эле анын мазмуну, таризделиши жана жалпы көрүнүшү кол коюу жана бардык кызыкдар тараптарга берүү үчүн ылайык келер-келбесин.
349. Аудит программасынын бардык пункттарынын аткарылышын салыштырып текшерүү:
Аудитти жүргүзүүнүн аяктоочу этабында аудит программасы үчүн жооптуу ар бир аудитор өзүнүн жоопкерчилигинин тиешелүү деңгээлинде аудит программасынын бардык пункттарынын аткарылышын салыштыруу боюнча тиешелүү документтерди даярдоосу зарыл.
Аудит аяктагандан кийин С3 формасын толтуруу талап кылынат. Аны толтурууга жооптуу аудитор да, ички аудит кызматынын жетекчиси да катышат (11.А тиркемеси, С3 формасы).
Б бөлүмү – Аудитордук корутундуну түзүү
350. Бул бөлүм аудитордук корутундунун даярдалышын баяндайт жана максатын, түзүмүн жана мазмунун ачып берет. 11.Б тиркемесинде форматтын жана мазмуну боюнча толук жазуулардын үлгүсү келтирилген.
351. Максаты - аудит жаатында өз пикирин билдирүү жана зарыл болсо, өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды берүү.
352. Түзүмү:
- Киришүү;
- Пикир;
- Жүргүзүлгөн аудиттин контролдоо максаттарына түздөн-түз тиешелүү болгон жыйынтыктоочу корутундулар жана сунуштамалар кыскача формада;
- Толук маалымат, эгерде ал жыйынтыктоочу корутундуга киргизүүгө мүмкүн эмес деңгээлде майда-баратына чейин болсо (резюме);
- Иш-аракеттер планы;
- Тиркемелер.
353. Киришүү аудиттин максаттарын, контролдун максаттарын жана аудиттин маанилүү аспекттери боюнча гана камтыган чөйрөсүн (аудитордук отчетто эмне камтылганы түшүнүктүү болушу үчүн), ошондой эле текшерилген чөйрөнүн маанилүүлүгүн баалоого жардам бере турган маалыматтарды камтышы керек.
354. Пикир так жана аудиттин түрүнө шайкеш келиши керек (төмөндөгү таблицаны карагыла).
Финансылык аудит - Толук камтуу А1 | Максаты: Системанын башкаруу максаттарына (айрым же жалпы) ылайык келген адекваттуу ички контроль барбы, эгерде алар болсо, алар аткарылып жатабы, баалоо. Отчетто пикирин билдирүү: канааттандырарлык/айрым кемчиликтер же шайкеш келбестиктер/олуттуу кемчиликтер же шайкеш келбестиктер |
Финансылык аудит - Чектелген камтуу А2 | Максаты: Системадагы контроль каражаттарынын шайкештигин баалоо. Отчетто пикирин билдирүү: канааттандырарлык/айрым кемчиликтер же шайкеш келбестиктер/олуттуу кемчиликтер же шайкеш келбестиктер |
Операциялык жана башкаруу аудиттери А3 | Максаты: Системанын жетекчилик тарабынан белгиленген максаттарга (үнөмдөө, өндүрүмдүүлүк, натыйжалуулук) шайкеш келүүсү үчүн адекваттуу контроль каражаттары барбы, эгерде бар болсо, алар аткарылып жатабы, баалоо. Отчетто пикирин билдирүү: канааттандырарлык/айрым кемчиликтер же шайкеш келбестиктер/олуттуу кемчиликтер же шайкеш келбестиктер |
Аудитордун пикири боюнча бөлүм
355. Аудитордук корутунду жана аудиттин натыйжалары жөнүндө пикир отчеттун өзүнчө бөлүмүндө берилүүгө тийиш. Ал төмөнкү негизги элементтерди камтыйт:
- Бардык олуттуу көйгөйлөр жана кесепеттер;
- Текшерилген бухгалтердик жазуу жүргүзүүлөр, системалар жана документтер аудиторлор үчүн жетиштүү далилдер боло алары же жоктугу тууралуу пикир;
- Аудит тарабынан камтылган убакыт аралыгы.
Аудитордук корутундудагы эскертүүлөр
356. Шарттуу оң корутунду аудит жүргүзүү процессинде фундаменталдык системаларды иштеп чыгууда же операциялык ишмердүүлүктө олуттуу кемчиликтер табылганда зарыл. Корутундуга эскертүүлөрдү алып келиши мүмкүн болгон көптөгөн ар кандай жагдайлар бар, бирок, негизинен, аудитор каралып жаткан бухгалтердик жазуулар, системалар жана документтер жөнүндө бекем пикир түзүүгө тоскоол болгон системаларга, бухгалтердик жазууларга жана документтерге байланыштуу белгисиздик болгон учурда же алардан күмөн санаган учурда эскертүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт (белгисиздик).
357. Бардык учурларда, маселе суммасы же мааниси боюнча жүйөлүү болушу керек. Эскертүүлөрдүн себептери жана ушул себептердин кесепеттери эгерде ал зарыл болсо жана практикага тиешелүү болсо шарттуу түрдө оң корутундуга киргизилиши керек. Кененирээк түшүндүрмө отчеттун деталдуу маалымат берилген бөлүмүндө берилиши керек.
358. Шарттуу оң корутунду, демек, аудитордун күмөн саноосун жараткан маселелер боюнча аудитордук корутундуну берет. Буга аудитор контроль системаларынын максаттарына жетүү үчүн системадагы контролдун жетишсиздиги жөнүндө корутунду чыгарган кырдаалы мисал боло алат. Аудитор жок деп эсептеген контроль каражаты, ошондой эле бул контроль каражатынын жоктугунан келип чыккан тобокелдик жыйынтыктарга киргизилиши керек, бирок тыянактарда жана сунуштамаларда кененирээк түшүндүрмөнү талап кылат.
359. Корутундулар жана сунуштамалар системадагы контролдун ар бир максатына карата колдонулуп, даана жана так чагылдырылышы керек. В1 формасы (5-главаны карагыла) отчет берүү үчүн негиз болуп саналат. 11В тиркемеси В1 формасынан корутундулар жана сунуштамалар берилиши мүмкүн болгон стандарттык түзүмдү көрсөтөт. Системаларга аудит жүргүзүү ыкмасы колдонулган учурда системалар, контроль каражаттары жана контроль каражаттарынын иш жүзүндө иштеши боюнча корутундулар өзүнчө берилүүгө тийиш. Эгерде натыйжалар канааттандырарлык болсо, анда отчетто “канааттандырарлык” деп гана көрсөтүү зарыл.
360. Толук аудитордук отчет - кошумча көмөкчү маалыматты берет. Бул маалымат негизги корутундулардын жана сунуштамалардын түзүмүнө ылайык келиши керек. Бул бөлүмдө, мисалы, табылган контролдук каталардын же олуттуу каталардын чоо-жайы көрсөтүлүшү керек.
Жыйынтыктап айтканда, жыйынтыктоочу аудитордук отчеттун түзүмү төмөнкү бөлүктөрдөн турушу мүмкүн:
- Отчеттун кыскача баяндамасы (резюме);
- Киришүү;
- Аудитке мамиле (аудиттин максаттары, аудиттин түрү);
- Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тыянактар, тобокелдиктери, таасирлери жана сунуштамалар (зарыл болгон учурда тобокелдиктин ар бир түрү боюнча өзүнчө);
- Корутунду (бардык аудитордук тапшырмага жалгыз корутунду/пикир);
- Жетекчиликтин реакциясы;
- Сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы.
361. Иш-аракеттер планы - таблица түрүндө төмөнкү аталыштар менен даярдалышы керек:
- Сунуштамалар;
- Тобокелдик концепциясына негизделген пикир;
- Ишке ашыруу графиги (аудитордук корутундунун долбоорунда ички аудит бөлүмү сунуш кылгандай, андан кийин акыркы корутундуда аудит объектисинин жетекчилиги менен макулдашылгандай);
- Ишке ашыруу үчүн жооптуу кызмат адамы;
- Жетекчилик менен макулдашылган иш-аракеттер, алар сунуштоо мүнөзүндө болушу мүмкүн, же болбосо ошол сунуштаманы аткарууга өбөлгө боло турган конкреттүү иш-аракеттерди камтышы мүмкүн.
Аудитордук корутундунун долбоору жана жыйынтыктоочу жолугушуу
362. Корутундулар ички аудит кызматынын жетекчиси менен макулдашылгандан кийин долбоор түрүндө жазылууга тийиш. Ошондой эле аудитордун тынчсыздануусун туудурган ар кандай маанилүү маселелер боюнча аудит объектисинин жетекчилигине кыскача жана оозеки түрдө (корутунду даяр болгонго чейин) маалымдоо сунушталат. Бул аудит объектисинин жетекчилиги көйгөйлөрдүн келип чыгышынын алгачкы стадиясында эле кабардар болушу үчүн жасалат.
363. Аудит объектисинин жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүлүп, анда аудитордук корутунду жана иш-аракеттер планы талкууланып, макулдашууга жетишилүүгө тийиш. Бул жолугушуу аудитордук корутундунун долбоору даярдалгандан кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш. Аудит объектисинин жетекчилиги иш-аракеттерди жолугушуунун өзүндө, же корутунду талкуулангандан кийин, адатта, он жумушчу күндөн ашпаган убакыттын ичинде кат алышуу аркылуу макулдаша алат. Андан кийин аудитордук корутундунун акыркы версиясы жазылышы керек.
11А тиркемеси
| Бетке шилтеме | С3 формасы |
ИАК жетекчиснин колу | Даярдаган |
|
Уюм: ______________________ Текшерген: _________________
Аудит жылы: _______________ Датасы: ____________________
Негизги пункттар: | Комментарийлер: | Колу жана датасы |
Пландоо жана контроль боюнча документтер толтурулган жана текшерилген | Комментарийлерди жазуу үчүн бул уячаларды колдонгула. Коюлган кол бул иш канааттандырарлык аткарылганын билдирет |
|
Аудит программасы планга ылайык аткарылды |
|
|
Аудитордук документтер толтурулган жана аларды карап чыгуу жүргүзүлгөн |
|
|
Тапшырма боюнча отчет берилди жана жыйынтыктоочу отчет бекитилди |
|
|
Убакыт пландалгандай сарпталды | Ар кандай мөөнөтүнөн ашыкча убакыт же тескерисинче болгон учурлар боюнча эскертүүлөр |
|
Аудит объектисинин пикири алынды | Кандай иштер жасалгандыгы жана келечекте аны кантип жакшыртууга боло тургандыгы жөнүндө кандайдыр бир эскертүүлөрдү көрсөткүлө |
|
Кийинки жылга жылдырылган бардык маанилүү маселелер |
|
|
Аудит аяктады ___________________________________________________
(Жооптуу аудитор кол тамгасын жана датаны коюуга тийиш)
Аудит аяктады ___________________________________________________
(Ички аудит кызматынын жетекчиси кол тамгасын жана датаны коюуга тийиш)
11Б тиркемеси
Ички аудит боюнча аудитордук корутундунун мазмуну (мисал)
1. Киришүү
1. Изилденүүчү система:
Бул аудит (товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө) /боюнча ______(уюмдун аталышы) системасына тиешелүү. Аудит (20хх-жылдын январынан октябрына чейин) мезгилди камтыйт. Бүтүмдөрдүн орточо көлөмү айына Хты түзүп, жалпы баасы Ү000 сомду түздү. Башка системалар менен болгон "кесилиштер" түшүндүрүлүшү керек.
Система төмөнкү ченемдик документтер/жоболор / колдонмолор менен жөнгө салынат. Тизме түрүндө көрсөткүлө.
2. Жооптуу аудиторлор жана линиялык жетекчилер:
Аудит жүргүзүлдү (даталар) жана (зарыл болсо) аудиторлордун аты-жөнү.
Текшерилүүчү мезгилде бул чөйрөдөгү жооптуу жетекчилер төмөнкүлөр:
(аты-жөнү жана кызмат орундарынын аталышы).
3. Аудиттин максаты:
Жүргүзүлгөн аудит (системанын адекваттуулугун, түзүмүн жана контроль системасын колдонууну талдоону камтыган системалардын толук аудити) болуп саналат. Аудиттин жалпы максаты төмөнкү максаттарга жетишилгендигин баалоо жана отчет даярдоо болгон (төмөндө ойлоп табылган мисал келтирилген):
- заказдар бекитилген берүүчүлөрдө гана жайгаштырылып, заказ туура катталган;
- заказдар алар үчүн жетиштүү каражат бар болгон тиешелүү бюджеттик классификацияга киргизилген,
- иш жүзүндө алынган товарлар туура / макулдашылган баада төлөнгөн;
- төлөм бекитилген берүүчүгө төлөнгөн;
- Операциялар тиешелүү эсептик жазууларда эсепке алынган.
II. Пикир
Финансылык аудит – толук камтуу.
А1 максаты: системанын жогоруда аныкталгандай жетекчиликтин максаттарына жооп берген адекваттуу ички контроль каражаты барбы жана эгер андай болсо, каражаттар ошол максаттарга дал келеби же жокпу баалоо.
“Биз аудитти сиз менен макулдашылган аудит планына ылайык жүргүздүк. Жүргүзүлгөн аудитордук иштин негизинде биз ______(системанын аталышы) системанын контроль деңгээли туруктуу/адекваттуу/көпчүлүк аспекттерде адекваттуу/адекваттуу эмес болуп саналат/кала берет деген жыйынтыкка келдик. Биздин тестирлөө көрсөткөндөй, негизги контроль каражаттары ошол мезгилде болгон/болгон эмес жана контроль максаттары ишке ашкан/ашкан эмес”.
11В тиркемеси
III. Корутундулар жана сунуштамалар
№ | Контролдун максаты | Контроль системасын баалоо | Тесттин натыйжалары/жыйынтыктар | Сунуштамалар |
1 | Контролдун максаттарын Е1 формасындагы жана F 1 формасындагы тартипте тизмектегиле | Адекваттуу/адекваттуу эмес деп белгилегиле. Эгер адекваттуу эмес болсо жетишпеген контроль каражатын көрсөткүлө | Тесттин түрүн көрсөткүлө (контроль же кемчиликтердин бар экендигине). Эгерде ал жүргүзүлгөн болсо, мааниси боюнча тесттин натыйжаларын көрсөткүлө. Кыскача төмөнкүлөрдү көрсөткүлө: контроль тесттери: канааттандырарлык/канааттандырарлык эмес. Кемчиликтердин бар экендигине тесттери: канааттандырарлык/канааттандырарлык эмес. | Эгерде контроль адекваттуу жана тесттин жыйынтыгы канааттандырарлык болсо – сунуштамалар жок. Эгерде контроль адекваттуу эмес жана тесттин натыйжалары канааттандырарлык эмес болсо – көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштамалар. Мисалы, персоналды окутуу зарылдыгы; жетекчилик тарабынан көзөмөлдү өркүндөтүү. Эгерде зыян тартуулар болгон болсо, келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-аракеттердин, тиешелүү орган тарабынан иликтөөнүн, тартиптик аракеттердин зарылдыгын карап көргүлө. Эгерде контроль адекваттуу эмес болсо жана тесттердин натыйжалары иш жүзүндө зыян тартууларды көрсөтпөсө – тиешелүү контроль каражатын жана аны кантип жүргүзүү керектигин сунуштагыла (эсеп боюнча колдонмону, ички нускамаларды өзгөртүү). Эгерде контроль адекваттуу эмес болсо жана кемчиликтердин бар экендиги боюнча тесттердин натыйжасы зыян тартууларды көрсөтсө, тиешелүү контроль каражаты жана аны ишке ашыруу ыкмасы (эсеп боюнча колдонмону, ички нускамаларды өзгөртүү) сунушталат. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу, тиешелүү органдар тарабынан иликтөө, тартиптик аракеттерди жүргүзүү зарылдыгын карап көргүлө. Эгерде алдамчылыктын/кыянаттык менен пайдалануунун же кылмыштын далили болбосо, контроль каражаты жок болгон учурда тартиптик иш-аракеттердин зарылдыгын күчөтүү кыйын |
IV. Толук аудитордук отчет
Бул бөлүм контролдун максаттарына негизделген субтитрлер менен, корутундулардын жана сунуштамалардын кыскача мазмуну менен бирдей тартипте уюштурулушу керек, ошондой эле төмөнкү кыскача маалыматтарды берүү керек:
- Контроль каражаттарын тестирлөө - каталардын санын көрсөтүү жана жетекчиликтин ар кандай түшүндүрмөлөрү менен колдонуудагы, бирок натыйжалуу иштебеген белгиленген контроль каражаттарынын иштешин бузуу;
- Мааниси боюнча тесттер - эгерде контроль каражаты жарактуу, бирок каталардын саны жана жетекчиликтин ар кандай түшүндүрмөлөрү менен бирге иш жүзүндө туура эмес деп күбөлөндүрүлсө, ар кандай мааниси боюнча тесттердин натыйжалары. Келип чыгышы мүмкүн болгон бардык зыяндар сандык түрдө өлчөнүп, зыяндын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгү такталууга тийиш;
- Контроль каражаттарынын кемчиликтери - жөнгө салуучу алкактар менен алдын ала аныкталган белгиленген контроль каражаттарын аткарууга жөндөмсүздүк, ошондой эле кемчиликтердин бар экендигине тесттердин натыйжалары. Жетекчилик сунуш кылган бардык түшүндүрмө камтылышы керек;
- Кемчиликтердин бар экендигине тесттер - жөнгө салуучу алкактан алдын ала аныкталган контроль каражатынын жоктугу жана ага байланыштуу тобокелдиктер. Кандайдыр бир кемчиликтердин бар экендигине тесттин натыйжалары: эгерде адекваттуу контроль каражаты жок болсо, анда эч кандай ката/зыян тартуу болгон эмес жана контролдун кемчиликтерин азайтпайт; эгерде каталар болгон болсо, анда келип чыгышы мүмкүн болгон зыян тартуулар сандык түрдө өлчөнүп, зыяндын ордун толтуруу мүмкүнчүлүгү такталууга тийиш.
Аудиттин бөлүгү катары жетекчилик макулдашкан болушу мүмкүн болгон тиркемедеги каталардын өзгөчө деталдарын чагылдыруу талап кылынышы мүмкүн (аудитордук актылар).
11Г тиркемеси
V. Иш-аракеттер планы
Сунуштамалар | Тобокелдик концепциясына негизделген пикир | Ишке ашыруу графиги | Макулдашылган иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн жооптуу кызмат адамы | Жетекчилик менен макулдашылган иш-аракет (жетекчилик менен макулдашылгандан кийин толтурулат) |
Текст резюмедегидей болушу керек же кыскартуу максатында мурунку бөлүмдөрдөн алынып салынган деталдарды көбүрөөк берүүгө жардам берсе, кеңейтилиши мүмкүн
| Контроль каражатынын ишке ашырылышынын же иштешинин бузулушунан келип чыгышы мүмкүн болгон каталардын же жоготуулардын потенциалы жетекчилик сунуштарды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн түшүнүп, макул болушу үчүн так баяндалышы керек | Макулдашылган иш-аракет аткарыла турган дата көрсөтүлүшү керек. Отчеттун баштапкы версиясында аудитор иш графигин сунушташы керек | Макулдашылган иш-аракеттерди ишке ашырууга жооптуу адамдын аты-жөнү | Ал так жана түшүнүктүү болсо, анда бул Сунуштама" болушу мүмкүн. Эгерде аудитор сунуштаманы так айта албаса, анда аудит объектисинин жетекчилиги иш-аракетти сунуш кыла алат, ал андан кийин аудитор менен талкууланат жана жолугушууда же кат алышуу аркылуу макулдашылат |
Терминдердин глоссарийи
Аналитикалык сереп - финансылык системалардагы кемчиликтер менен каталардын ыктымалдуулугу жөнүндө корутунду түзүү үчүн олуттуу четтөөлөрдү, тенденцияларды жана башка статистикалык маалыматтарды изилдөө жана иликтөө.
Системаларга негизделген аудит (системалардын аудити) - уюмдун ички контроль системаларын иштеп чыгуунун жана иштешинин сапатын баалоо.
Аудитордук тобокелдик - контроль системасында олуттуу кемчиликтер орун алган учурда аудитордун талаптагыдай эмес аудитордук пикирди билдирүү тобокелдиги.
Аудитордук далил - аудитордун пикири негизделген тыянактарды түзүүдө аудитор тарабынан алынган маалымат.
Ички контроль - финансылык, операциялык же эсепке алуу системасынын ишинде атайылап же кокустуктан кетирилген каталар же кемчиликтердин коркунучун минималдаштыруу үчүн иштелип чыккан саясат же жол-жобо.
Туш келди ыкма менен тандоо - ар кандай калыссыздыкты жокко чыгаруу менен жалпы жыйындынын ар бир бирдиги бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болгон тандоо бирдиктерин тандоо.
Акча бирдигине негизделген тандоо - бирдиктин тандоого кирүү ыктымалдыгы анын акчалай наркына түз пропорционалдуу болушу үчүн жыйындыдан тандоо бирдиктерин тандоо.
Мүнөздөмөгө негизделген тандоо - жыйындыдан бирдиктерди финансылык наркына караганда сапаттык мүнөздөмөлөрүнө ылайык тандоо.
Катанын жол берилүүчү деңгээли - аудитор кабыл алууга даяр болгон жалпы жыйындынын катасынын максималдуу өлчөмү.
Тандоонун интервалы - тандоонун ар бир Ы бирдигин жыйындыдан иргеп алуу жолу менен тандап алуу.
Алдамчылык - алдоо, жашыруу же ишенимди бузуу менен мүнөздөлгөн мыйзамсыз аракеттер жана адатта уурулукту жашыруу үчүн финансылык жазууларды манипуляциялоону камтыйт.
Мүнөздүү тобокелдик - бул уюмдун ишинин олуттуу бурмалоолорго жана каталарга дуушар болушу.
Мааниси боюнча ката - аудитор тарабынан аныкталган бүтүмдүн же кандайдыр бир мүлк бирдигинин аудитор ошол текшерүүнүн натыйжасында алууну күткөн нерседен чыныгы айырмасы
Өтмө/ырастоочу тестирлөөдөгү ката - документтин же процесстин аудиторго сүрөттөлгөн системага дал келбеши. Туруктуу (системалуу) тобокелдик - аудитор өзү изилдеген бирдиктердин негизинде туура эмес тыянак чыгаруу тобокелдиги.
Системаларды алдын ала баалоо - бухгалтердик жазуулар тиешелүү түрдө жүргүзүлөрүн, алар системага негизделген мамилени колдоо үчүн жетиштүү, ылайыктуу жана ишенимдүү далилдерди берер-бербесин аныктоо үчүн жүргүзүлгөн аудит объектисинин контроль чөйрөсүн баштапкы баалоо.
Процесс - система аркылуу операцияларды же башка маалыматтарды жүргүзүү үчүн иштелип чыккан жол-жобо.
Мааниси боюнча түз тестирлөө - айрым операцияларды, активдерди жана милдеттенмелерди (актив жана пассив) деталдаштырылган тестирлөө аркылуу уюмдун ички контролдук чөйрөсүнө баа берүү (мисалы, контроль каражаттарын тестирлөөнү ырастоо/актоо үчүн ички контролдук чөйрөсү өтө начар болгон учурда же контроль каражаттарынын болушуна жана иштешине далилдер жок болгон учурда колдонулат). Бул ыкманы тышкы аудиторлор колдонушат.
Тандоо тобокелдиги - тандоо техникасы аудиторду бүтүндөй жыйындынын тестирлөөсүнөн алынган тыянакка салыштырмалуу туура эмес жыйынтыкка алып келүү коркунучу.
Аныкталбай калуу тобокелдиги - аудитордук жол-жоболордун каталарды же жоготууларды таппай калуу тобокелдигинин деңгээли.
Контроль каражаттарынын тобокелдиги - олуттуу бурмалоолор ички контроль системасы тарабынан өз убагында токтотулбай же аныкталбай жана оңдолбой калуу тобокелдигинин деңгээли.
Ички контроль системасы - уюмдун максаттары ишке ашырылып жатат деген ишенимдин алгылыктуу деңгээлин камсыз кылуу максатында уюмдун жетекчилиги тарабынан кабыл алынган саясат жана жол-жоболор.
Башкаруу системасы - анын жардамы менен уюм (уюмдун иши) контролдонуучу жана өтмө/ырастоочу тест багытталуучу каражаттар - бул операцияны бүтүндөй система аркылуу башынан аягына чейин толугу менен жүргүзүү менен аудитордун системаны, ошондой эле ага байланыштуу контроль каражаттарын түшүнүүсүн ырастоо процесси.
Контроль каражаты – уюмдун системалары тарабынан бардык операциялардын жана маалыматтардын толуктугун, тууралыгын, тактыгын, өз убагында аткарылышын жана иштетилишин камсыз кылуу үчүн, ошондой эле уюмдун эрежелерине жана регламенттерине ылайык иштелип чыккан жол-жобо.
Ишенимдүүлүк даражасы - жалпы жыйындыны баалоого эмес, тандоого негизделген тестирлөө жүргүзүлгөндөн кийин алынган ишенимдүүлүк деңгээли.
Олуттуулук - бул финансылык нарктын маанилүүлүгүн (финансылык отчеттор үчүн) же натыйжаларга жетишүү же системанын эрежелерине ылайыктуулугун чагылдырган түшүнүк.
Наркы боюнча олуттуулук - бухгалтердик маалыматтын кемчилигинин көлөмү же туура эмес чагылдырылышы, көрсөтүлгөн жагдайлардын негизинде маалыматка таянган тиешелүү кызматкердин пикири өзгөрүшү же ага маалыматтын кемчиликтери же туура эмес чагылдырылышы таасир этиши мүмкүн.
Мааниси боюнча олуттуулук - бүтүндөй уюм үчүн же изилдене турган жаат үчүн өтө маанилүү системанын максаттарына жетүү же жетпөө (стратегиялык жана операциялык) сыяктуу финансылык эмес маанилүүлүктү билдирет.
Кемчиликтердин бар экендигине тести - контроль каражаттары адекваттуу эмес болгон учурда айрым операциялар үчүн жүргүзүлүүчү тестирлөө; операцияларды иштеп чыгуунун тууралыгын, башкача айтканда, жоготуулар же каталар болбогонун тактоо максатында жүргүзүлөт.
Мааниси боюнча тест - бул чарбалык операцияларды деталдуу баалоо жана уюмдун ички контроль системасындагы олуттуу бурмалоолорду аныктоо үчүн аудитордук далилдерди алуу максатында жүргүзүлгөн аналитикалык жол-жоболор, ошондой эле контроль каражаттарынын канчалык деңгээлде адекваттуу иштеп жаткандыгын ырастоо.
Контроль каражаттарына тест - аныкталган ички контроль каражаттарынын иштелип чыгуу сапатын жана иштешинин натыйжалуулугун баалоо.
Аудиттин максаттары - Кыргыз Республикасынын ички аудит кызматтарынын ишинин башкы максаты жүргүзүлүп жаткан ички аудиттин алкагында аудиттелүүчү объектти өркүндөтүү боюнча сунуштамаларды берүү менен контроль системасынын иштешине көз карандысыз, объективдүү кепилдикти камсыз кыла тургандай бухгалтердик, финансылык жана операциялык контроль системаларын жүргүзүүнүн тууралуулугуна баа берүү болуп саналат. Бул максаттардын мааниси системалардын түрүнө - башкаруу, жетекчилик, менчик, жараша болот. 2-главаны карагыла. Аудитордук тапшырма боюнча аудиттин жалпы максаты, бир сүйлөм менен, контролдун негизги каражаттарын чагылдырат. (Ошондой эле контролдун максаттарын карагыла).
Контролдун максаты (максаттары) - бул уюмдун жетекчилиги тарабынан ички контроль системасын ишке ашыруу же иштеп чыгуу жана анын алдында коюлган контролдук милдеттерге жетишүүнүн адекваттуулугуна баа берүү. Контролдун максаттары аудитти пландоодо аныкталган контроль каражаттары, системадагы бул контроль каражаттары жетекчиликтин максаттарынын ишке ашышын камсыз кылууга жөндөмдүү экендигин аныктоо үчүн баалана турган негизди түзөт.
Каражаттарды чыгымдоонун натыйжалуулугу - уюмдун ишинин үнөмдүүлүгү, өндүрүмдүүлүгү жана натыйжалуулугу.