Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 2-октябры № 7-Б
Ички аудит боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик секторунда ички аудит боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 122-беренесине жана “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Ички аудит боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Күчүн жоготту деп таанылсын:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2008-жылдын 17-мартындагындагы №54-Б “Ички аудит боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө” буйругу.
4. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыз кылсын.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
Министр | А.К. Бакетаев |