Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-октябры № 607
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагына көп функциялуу логистикалык борборду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 23-июлундагы № 01-12/795 корутундусун жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 303-т чечимин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айыл аймагында № 1362 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун сугат айдоо жеринин жалпы аянты 24,5 га болгон жер участогу "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууда жогорку вольттуу линиялардын, коллектордук-дренаждык тармактардын жана суу объекттеринин коргоочу зоналарын сактоону;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участогуна укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди алууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын төлөөнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- жогоруда аталган жер участогун максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аталган жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жер участогунун менчик ээсине/жерди пайдалануучуга карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- жер участогу максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну;
- ушул жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 79 (3633) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |