Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2024-жылдын 31-майындагы № 5/26
«Көчөнүн аталышы жөнүндө”
Күнтуу айыл аймагынын Исмаил айылындагы Проектируемая атындагы көчөгө “Султаналы - ата” ысымын ыйгарыруу жөнүндө Ж. Султаналиевтин арызын карап, Исмаил айылынын Проектируемая көчөсүнүн тургундарынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде, «Географиялык аталыштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагынын Исмаил айылындагы Проектируемая көчөсүнө “Султаналы - ата” ысымын коюп берүүгө макулдук берилсин;
2. Ушул токтомдун аткарылышы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевке жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Айылдык кенешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |