Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2024-жылдын 31-майындагы № 5/24
Күнтуу айыл аймагынын аймагында тышкы жарнакты жана жарнак конструкцияларын жайгаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы шаардын жана айылдын аймагында тышкы жарнакты жана жарнак конструкцияларын жайылтуу, жайгаштыруу маселелери боюнча мамилелерди жөнгө салуу максатында Күнтуу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагында тышкы жарнакты жана жарнак конструкцияларын жайгаштыруу эрежелери бекитилсин;
2. Архитектура органы калктуу конуштун аймагында орнотулган тышкы жарнак объекттерин жана жарнак курулмаларын реестрге киргизүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзсүн;
3. Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагындагы маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлук код эрежелерин катуу сактоо сунушталат, көлөмдүү ак тамгалар көк фондо болуусу зарыл;
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө, жер маселелери, Сокулук районунун шаар куруу жана архитектурага жүктолсүн.
Айылдык кенешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |