Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2024-жылдын 31-майындагы № 5/23
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренеси ылайык, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында, Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын долбоорун талкуулап Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин;
2. Токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевке жүктөлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |