Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2024-жылдын 31-майындагы № 5/22
Күнтуу айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29 декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 "Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” Жарлыгын, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, жетекчиликке алып, Күнтуу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин ишинин иштелип чыккан регламенти бекитилсин;
2. Айылдык Кенештин иши бекитилген регламенти менен жүргүзүлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенешинин төрагасы |
| М.А. Тобоев |