Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ХXVIII-чакырылышынын II-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 40
«Барскоон Туюк суусун элибизге жеткирүү»
марафонун өткөрүү Жобосу бекитүү жөнүндө
Барскоон элинин жашоочуларын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, бизнес- коомчулуктарын, меценаттарды, ошондой эле ар кайсы аймактардан каалоочуларды Барскоон айылынын өсүп-өнүгүүсүнө тартуу максатында, СООВП “Тарылга-Булак” жетекчиси Ы.Иманалиевдин 2024-жылдын 15-июлундагы кайрылуусун карап жана угуп, талкуулап, жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. “Барскоон Туюк суусун элибизге жеткирүү” марафонун өткөрүү жөнүндө” Жобосу №1 тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кеңешинин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага М.Ибаков
|
|
№1 тиркеме
Барскоон жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын июлундагы
№40 токтому менен бекитилди
«Барскоон Туюк суусун элибизге жеткирүү»
марафон өткөрүү
ЖОБОСУ
1. Жалпы жобо.
1.1 Бул жобо Барскоон айылына таза суу алып келүү үчүн «Туюк суусун элибизге жеткирүү» марафонун уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
1.2 Марафондун максаты –Барскоон айылынын жашоочуларын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, бизнес- коомчулуктарын, меценаттарды, ошондой эле ар кайсы аймактардан каалоочуларды Барскоон айылынын өсүп-өнүгүүсүнө тартуу.
1.3 Марафондун милдеттери:
- Инсандардын Барскоон айылынын өнүгүшүнө кызыгуусун жогорулатуу;
- Барскоон айылында марафон өткөрүү боюнча калкка малымдоо;
- Элдин таза суу менен камсыз болушуна көмөктөшүү;
2. Марафонду уюштуруу жана өткөрүү.
2.1. Жобо Барскоон жергиликтүү Кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2. Марафондун демилгечилери- Барскоон жергиликтүү кеңештин депутаттары, айылдын коомчулугу, айыл ѳкмѳтү.
2.3. Марафонду даярдоону жана өткөрүүнү координациялоочу Барскоон айыл өкмөтү ишке ашырат, марафонду аткаруу боюнча уюштуруу комитети түзүлөт.
2.4. Уюштуруу комитети Барскоон жергиликтүү Кеңеши менен макулдашат.
2.5. Марафондун уюштуруу комитети:
- марафонду өткөрүү боюнча жалпыга маалымдоону жана ага катышуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт;
- марафонду өткөрүүнүн программасын, кайрылуу боюнча түзүлгөн катышуучулардын тизмесин түзөт;
- марафондун ишин координациялоону ишке ашырат;
- марафондун басма материалдарын, чакыруу жана башка керектүү документтерди даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик банктарында, ЖМКда (жалпыга маалымдоо каражаты) чакыруу белеттеринде реквезиттик эсеп счетторун көрсөтүү менен эсептешүү счетторун ачат;
- мыйзамдуулуктун негизинде акча каражаттарын жана башка жардамдарын түрлөрүн кабыл анууну камсыздайт жана көзөмөлдөйт;
- марафондун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирет;
- марафон боюнча иш чараларды жүзөгө ашырууну күчөтүү багытында кошумча аракеттерди карайт;
2.6. Уюштуруу комитети белгиленген мөөнөттө марафонду өткөрүү күнүнө чейин марафондун катышуучулары жөнүндө отчет берет:
-марафондун жыйынтыктары боюнча отчет алуучулардын маалыматтарын жалпылап, жыйынтыктарын ЖМКда жарыяланышын камсыздайт.
3. Катышуунун шарттары.
3.1. Катышуучулар өз алдынча марафонду уюштуруу комитетин таап байланышат, марафонго ыктыярдуу катышат, марафондун жыйынтыктары менен таанышууга укуктуу, колмо-кол же жөн салды каржылоону жүргүзөт.
4. Марафонду өткөрүү мөөнөттөрүү.
4.1. Марафон 2024-жылдын 20-августунда башталып, 2024-жылдын 20-сентябрына чейин иш чаралары жүргүзүлөт.
4.2. Марафондун жыйынтыктары 2024-жылдын 31-августунда чыгарылат.
5. Тараптардын жоопкерчиликтери.
5.1. Уюштуруучулар ушул жобонун 4-бөлүмүндө белгиленген талаптарды сактоо жана тиешелүү иштерди өз багыты боюнча пайдаланууга милдеттүү.