Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-февралы № 27-27/14
“Каракол шаарына-150 жыл” юбилейлик марафонун өткөрүү жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 8-февралындагы, кир.№01-7/43 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каракол шаарына - 150 жыл” юбилейлик марафонун өткөрүү жөнүндө” Жобо бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |
Каракол шаардык депутаттар Кеңешини 2019-жылдын 26 февралындагы № 27-27/14 токтомуна №1 тиркеме
1.1 Бул жобо Каракол шаарынын 150-жылдык урматына «Караколго-150-жыл» (мындан ары -Марафон) юбилейлик марафонун уюштуруу жана өткөрүү тартибин аныктайт.
Марафон Кыргыз Республикасынын «Юбилейлик иш чараларды өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык уюштурулууда.
1.2 Марафондун максаты –Каракол шаарынын жашоочуларын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарды, бизнес- коомчулуктарын, меценаттарды, ошондой эле ар кайсы аймактардан каалоочуларды Каракол шаарынын өсүп-өнүгүүсүнө тартуу.
1.3 Марафондун милдеттери:
- Инсандардын Каракол шаарынын өнүгүшүнө кызыгуусун жогорулатуу;
- Каракол шаарынын юбилейлик өткөрүү боюнча калкка малымдоо;
- Шаардын инфраструктураларын, тарыхый эс тутумунун, шаардыктардын өздүк улуттук аң сезиминин өнүгүшүнө таасирлетүү менен муундардын байланышын сактоо.
2.1. Жобо Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан бекитилет.
2.2. Марафондун демилгечилери- Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши, шаардын коомчулугу.
2.3. Марафонду даярдоону жана өткөрүүнү координациялоочу Каракол шаардык мэриясы ишке ашырат, марафонду аткаруу боюнча уюштуруу комитети түзүлөт.
2.4. Уюштуруу комитети Каракол шаардык депутаттар Кеңеши менен макулдашат.
2.5. Марафондун уюштуруу комитети:
- марафонду өткөрүү боюнча жалпыга маалымдоону жана ага катышуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыздайт;
- марафонду өткөрүүнүн программасын, кайрылуу боюнча түзүлгөн катышуучулардын тизмесин түзөт;
- марафондун ишин координациялоону ишке ашырат;
- марафондун басма материалдарын, чакыруу жана башка керектүү документтерди даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик банктарында, ЖМКда (жалпыга маалымдоо каражаты) чакыруу белеттеринде реквезиттик эсеп счетторун көрсөтүү менен эсептешүү счетторун ачат;
- мыйзамдуулуктун негизинде акча каражаттарын жана башка жардамдарын түрлөрүн кабыланууну камсыздай жана көзөмөлдөйт;
- марафондун жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирет;
- марафон боюнча ишчараларды жүзөгө ашырууну күчөтүү багытында кошумча аракеттерди карайт;
2.6. Уюштуруу комитети белгиленген мөөнөттө юбилейди өткөрүү күнүнө чейин марафондун катышуучулары жөнүндө отчет берет:
-марафондун жыйынтыктары боюнча отчет алуучулардын маалыматтарын жалпылап, жыйынтыктарын ЖМКда жарыяланышып камсыздайт.
3. Катышуунун шарттары.
3.1. Катышуучулар өз алдынча марафонду уюштуруу комитетин таап байланышат, марафонго ыктыярдуу катышат, марафондун жыйынтыктары менен таанышууга укуктуу, колмокол же жөн санды каржылоону жүргүзөт.
4. Марафонду өткөрүү мөөнөттөрүү.
4.1. Марафон 2019-жылдын 1-мартынан баштап, 2019-жылдын аягына чейин иш чаралары жүргүзүлөт.
4.2. Марафондун жыйынтыктары юбилейинин салтанатуу иш чарада жана зарыл учурда жылдын жыйынтыгында чыгарылат.
5. Тараптардын жоопкерчиликтери.
5.1. Уюштуруучулар ушул жобонун 4-бөлүмүндө белгиленген талаптарды сактоо жана алынган каражаттар менен товарларды өз багыты боюнча пайдаланууга милдеттүү.