Загрузка документа…
|
|
|
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 509 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жоокерлеринин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөөсүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жоокерлери тарабынан мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартибин аныктайт.
2. Мыйзам менен белгиленген мөөнөттүн чегинде аскердик кызматты өтөп жаткан жоокерлер (мындан ары - мөөнөтүү кызматтын аскер кызматчылары) мөөнөттүү аскердик кызматта тургандар деп эсептелет.
3. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү Мыйзамга ылайык он эки айды түзөт.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү жыйноо пункттарынан кызмат өтөө жерине жиберилген күндөн баштап (аскер комиссарынын аны мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу жөнүндө буйругу чыккан күндөн баштап) аскердик бөлүктүн (мекеменин) өздүк курамынын (мындан ары - аскердик бөлүк) тизмесинен чыгарылган күнгө чейин саналат.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү ушул Жобонун 67-пунктунда аныкталган тартипте белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок эки айдан ашык эмес узартылышы мүмкүн.
4. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы менен аныкталган тартипте Аскердик ант берет.
2-глава. Кызмат ордуна дайындоо, которуу жана ордун алмаштыруу
5. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын кызмат орундары жана бул кызмат орундарына тийиштүү аскердик наамдар, аскердик-каттоо адистиктери жана тарифтик разряддар атайын тизмектер менен аныкталат жана штаттарда каралат. Бул кызмат орундарынын тизмектери Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилет.
6. Аскердик кызматка чакырылганга чейин коргоо спорттук-техникалык коомдун окуу уюмдарында жана кесиптик-техникалык билим берүү системасынын окуу жайларында адистерди даярдоодон өткөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары алган адистиктерине ылайык штаттык кызмат орундарына дайындалат.
Аскердик бөлүктөрдүн окуу бөлүмдөрүндө даярдыктан өткөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары алган адистиктерине ылайык штаттык кызмат орундарына дайындалат.
7. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын кызмат орундарына дайындоо жана аларды ээлеген кызмат орундарынан бошотуу аскердик бөлүктүн командиринин буйруктары менен жүргүзүлөт.
8. Жоокерлердин жана сержанттардын бош кызмат орундарын ушул Жобонун 6 жана 7-пункттарында каралган тартипте мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары ээлейт.
Контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундарын мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары тарабынан ээлөө аларды контракт боюнча аскердик кызматка киргизбестен жана контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундары боюнча аскердик наам ыйгарбастан жүзөгө ашырылат.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары тарабынан ээлене турган контракттык кызматтын жоокерлеринин жана сержанттарынын кызмат орундары Кыргыз Республикасынын коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилүүчү кызмат орундарынын тизмектери менен аныкталат.
9. Жогорку билими бар жана аскердик кызматта алты ай кызмат өтөгөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракт боюнча аскердик кызматты өтөөнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобо менен аныкталуучу тартипте контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө укуктуу.
10. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары эреже катары аскердик кызматка чакыруу учурунда алар жиберилген аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөшөт.
Бир аскердик бөлүктөн башка аскердик бөлүккө которууга жана ордун алмаштырууга кызматтык зарылчылык, ден соолугунун абалы (аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомунун негизинде) жана үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча гана жол берилет.
Аскердик кызматтан альтернативдик кызматка которуу Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт.
11. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын ордун алмаштыруу төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) коргоо органында:
- аскердик бөлүктүн ичинде - аскердик бөлүктүн командиринин буйруктары менен;
- аскерлердин (күчтөрдүн) жана дивизиялардын ичиндеги аскердик бөлүктөрдүн ортосунда - аскерлердин (күчтөрдүн) тиешелүү кол башчыларынын, дивизиянын командиринин буйруктары менен;
- аскерлердин (күчтөрдүн), дивизиянын кол башчылыгынын жана борбордук баш ийүүдөгү аскердик бөлүктөрдүн ортосунда - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
2) улуттук коопсуздук органында - улуттук коопсуздук органынын жетекчиси аныктаган тартипте;
3) мамлекеттик чек араны кайтаруу органында:
- аскердик бөлүктүн ичинде - аскердик бөлүктүн командиринин буйруктары менен;
- облустар боюнча башкармалыкка баш ийген аскердик бөлүктөрдүн ортосунда - башкармалыктардын башчыларынын буйруктары менен;
- кошуундардын, бөлүктөрдүн жана мекемелердин ортосунда - мамлекеттик чек араны кайтаруу органынын Башкы штабынын башчысынын буйруктары менен;
4) кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү органында - кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү органынын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
5) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда - өзгөчө кырдаалдар органынын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
6) Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында - бул аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилери аныктаган тартипте;
7) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскердик бөлүктөрүнүн ортосунда - тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, бирок жетекчинин орун басарынын деңгээлинен төмөн эмес жетекчилеринин өз ара макулдашуусу боюнча.
12. Мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөбөгөн жана аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан аскердик-окуу жайда андан ары билим алууга ден соолугунун абалы боюнча жараксыз, бирок аскердик кызматка жарактуу деп таанылган аскердик окуу жайлардын курсанттары аскердик кызматты андан ары өтөө үчүн аскердик бөлүктөргө жөнөтүлөт.
Мындай аскер кызматчыларды запаска бошотуу алар мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин ушул аскердик бөлүктүн аскер кызматчыларын запаска кезектеги бошотуу мезгилинде жүргүзүлөт.
3-глава. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын даярдоо
13. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын даярдоо аскердик бөлүктөрдө же окуу борборлорунда өткөрүлөт.
14. Даярдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын күжүрмөн даярдоо программасы боюнча өткөрүлөт.
4-глава. Аскердик наамдарды ыйгаруу
15. Мөөнөттү кызматтын аскер кызматчыларына "катардагы жоокер" жана "ефрейтор" аскердик наамдары ыйгарылат.
16. Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдарга бир эле убакта аскердик бөлүктүн жеке курамынын тизмесине киргизүү менен "катардагы жоокер" аскердик наамы ыйгарылат.
17. "Ефрейтор" аскердик наамы мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, күжүрмөн даярдоодогу ийгиликтери жана үлгүлүү аскердик тартиби үчүн сыйлоо иретинде ыйгарылат.
18. Аскердик кызматтын 11 айын өтөп бүткөн, жогорку билими бар мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи аскердик наамын алууга каалоосун билдиргендер запастагы офицерлерди даярдоо программалары боюнча бир айлык аскердик жыйындардан өтө алышат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программалары боюнча аскердик жыйындардан өткөн жана белгиленген сынактарды ийгиликтүү тапшырган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына запаска бошотуу учурунда коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан офицердик курамдын запас боюнча "лейтенант" биринчи аскердик наамы ыйгарылат.
Запастагы офицерлерди даярдоо программалары боюнча аскердик жыйындардан өтүү жана белгиленген сынактарды тапшыруу тартиби коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.
5-глава. Иш сапарлар
19. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын кызматтык иш сапарларга жөнөтүүгө төмөнкү учурларда уруксат берилет:
1) окуу (курстарда, жыйындарда ж.б.), аскердик окуу жайларга тапшыруу;
2) күжүрмөн даярдыкка байланышкан иш-чараларды тейлөө;
3) аскердик жүктөрдү, куралдарды, аскердик техникаларды жана башка материалдык каражаттарды кайтарууну, коштоону жана жеткирүүнү камсыздоо;
4) чабарман катары же жашыруун документтери жана материалдары менен чабармандарды коштоо үчүн жиберүү;
5) оорулууларды же командаларды коштоо, камакка алынгандарды жана соттолгондорду конвой менен коштоо;
6) жогору турган кол башчылыктын чакыруусу боюнча;
7) сот жыйындарына айыпталуучу, жабырлануучу, күбө же котормочу катары катышуу;
8) зарыл болгон учурда сот же тергөө органдарына баруу;
9) спорттук жана маданий-массалык иш-чараларга катышуу;
10) өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана жоюу боюнча иш-чараларга катышуу;
11) аскердик прокуратура органдарынын имараттарын (жайларын) коргоону камсыз кылуу.
20. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын кызматтык иш сапарларга жиберүү улук башчылардын тескемелеринин же өзүнүн чечиминин негизинде иш сапарга жиберилүүчү адамдардын аты-жөнү, ошондой эле иш сапардын максаттары жана мөөнөттөрү тууралуу буйрукта жарыялоо менен аскердик бөлүктөрдүн командирлери тарабынан жүргүзүлөт.
21. Ушул Жобонун 19-пунктунун 7 жана 8-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын кызматтык иш сапарларга жиберүү тийиштүү сот же тергөө органдарына жазуу жүзүндө кабарлоо боюнча гана жүргүзүлөт.
22. Иш сапарга жиберилүүчү мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына белгиленген формадагы иш сапар күбөлүгү, ал эми зарыл болгон учурда аскердик ташуу документтери (барган, келген жолуна акчалай компенсация) берилет.
23. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш сапарларга бөлүмдөрдүн, командалардын курамында же өз алдынча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин тескемеси боюнча гана жиберилет.
24. Иш сапар пунктуна келгенде мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары карамагына иш сапарга жиберилген кызмат адамына токтоосуз келүүгө жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гарнизондук жана кароол кызматынын уставында белгиленген тартипте каттоого турууга милдеттүү.
25. Иш сапарга баратканда жана андан келе жатканда мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына иш сапар күбөлүгүндө көрсөтүлгөн маршруттан башка жакка бурулууга же жол жүрүү маршрутунун аралык пункттарында өз алдынча тыныгууга тыюу салынат.
26. Жолдо иш сапарга жиберилген аскер кызматчыдан көз каранды эмес шарттардан улам кечигүүлөр болгон учурда, ал байланышуу жолундагы жакынкы аскер комендантынан (гарнизондун аскер комендантынан, аскер комиссарынан), ал эми алар жок учурда - байланышуу жолундагы администрациядан же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан иш сапар күбөлүгүнө белги койдуруу же кечигүүнүн себептери жөнүндө маалымкат алуусу зарыл.
27. Жолдо кызматтык же жеке документтер, куралдар жана башка аскердик мүлк жоголгон учурда, иш сапарга жиберилген мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы байланышуу жолундагы аскер комендантына, гарнизондун аскер комендантына же аскер комиссарына, ал эми бул кызмат адамдары жок учурда - аймактык ички иштер органдарына же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына токтоосуз түрдө бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
28. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын кызматтык иш сапардан туруктуу кызмат ордуна өз убагында кетүүсүнө жолтоо болгон жүйөлүү себептер болсо, алар аскердик башкаруу органына же каттоого алынган жердеги кызмат адамына бул жөнүндө кабарлоого милдеттүү.
29. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын иш сапар күбөлүгүндө аныкталган мөөнөттөн ашык кечигүүнүн жүйөлүү себептери иш сапардын мөөнөтүн узартуу жөнүндө улук башчылардын тескемеси, жол жүрүүгө жолтоо болгон оору, жаратылыш кырсыктары жана башка өзгөчө кырдаалдар болуп эсептелет. Кечигүүнүн себептери тийиштүү документтер менен ырасталууга тийиш.
30. Иш сапар күбөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөн жогору иш сапарга жиберилген мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын кечиккендиги жөнүндө карамагына келген башчы же гарнизондун аскер коменданты (аскер комиссары) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысын иш сапарга жиберген командирге (башчыга) анын кечигүүсүнүн себептерин көрсөтүү менен бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Иш сапарда жүргөндө мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары аскердик тартипти бузган учурда, гарнизондун аскер коменданты, байланышуу жолундагы аскер коменданты же аскер комиссары мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын иш сапар күбөлүгүнө бул жөнүндө тийиштүү белгини коюу, анын аскердик бөлүккө келүү мөөнөтүн көрсөтүү менен иш сапарды токтотууга укуктуу.
Аскер коменданты (аскер комиссары) иш сапарды токтотуу себеби жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын аскердик бөлүккө келүүсүнүн белгиленген мөөнөтү жөнүндө бөлүктүн командирине билдирет.
31. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары иш сапардан белгиленген мөөнөттө келбесе жана алардын кечигүүсүнүн себептери жөнүндө билдирүү жок болсо бөлүктүн командири аскер кызматчылары анын карамагына иш сапарга жиберилген башчыдан же гарнизондун аскер комендантынан (аскер комиссарынан) токтоосуз сурайт. Иш сапарга жиберилгендердин дайындалган пунктка келбегендиги же өзүнүн бөлүгүнө өз убагында кеткендиги жөнүндө жооп алганда бөлүктүн командири белгиленген тартипте аларды издөөнү уюштурат.
32. Мобилизациялоо жарыяланганда же тийиштүү кабарламаларды алганда иш сапарда жүргөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары карамагына келген башчылардын уруксаты менен токтоосуз түрдө өздөрүнүн аскердик бөлүгүнө кайтып келүүгө милдеттүү. Эгерде аскердик бөлүк мурдагы жайгашкан ордунда жок болсо, анда мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жакынкы аскер комендантына же аскер комиссариатына келүүгө милдеттүү.
6-глава. Өргүүлөр
33. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына өргүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү берилет:
- сыйлык катары;
- оорусу боюнча;
- үй-бүлөлүк шарттар боюнча;
- жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны тапшыруу үчүн;
- аскердик кызматтын өзгөчө шарттарына байланыштуу.
34. Сыйлык катары өргүү аскердик бөлүктүн командири же мындай сыйлоо чараларын колдонууга укуктуу улук башчы тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык берилиши мүмкүн. Сыйлык катары берилген өргүүлөр мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына мөөнөттүү аскердик кызмат өтөөнүн жалпы мезгилинде 10 суткага чейин, бир жолудан көп эмес берилет.
35. Оорусу боюнча өргүү дарылоо мекемесинде дарылануу аяктагандан кийин дагы ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматтын милдеттерин аткара албаган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомунун негизинде аскердик бөлүктүн командиринин чечими менен берилет.
Оорусу боюнча өргүү эки айга чейинки мөөнөткө берилет. Оорусу боюнча өргүүгө кеткен мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары аскердик бөлүктүн жеке курамынын тизмесинен чыгарылбайт.
Оорусу боюнча өргүүнү кандайдыр бир себептер боюнча бөлүктөн сырткары колдонууга мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы өргүү убагында бардык жумуштардан, сабактардан жана кезметтерден бошотуу менен аскердик бөлүктө калышы мүмкүн. Аскердик бөлүктөгү өргүү эреже катары, зарыл болгон дарылоо-алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын жүргүзүү менен бөлүктүн медициналык пунктунда (лазаретте) өткөрүлөт.
Оорусу боюнча өргүү аяктагандан кийин мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын аскердик кызматка жарамдуулук даражасын аныктоо үчүн алар аскердик-дарыгердик комиссияларга күбөлөндүрүлүүгө жиберилиши мүмкүн.
Бул аскер кызматчыларынын кийинки мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө тартиби аскердик-дарыгердик комиссиялардын токтомдоруна ылайык аныкталат.
Эгерде мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары кызматтын белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан аз кызмат өтөөсү калса, оорусу боюнча өргүүнү аскердик бөлүктө өткөрөт.
36. Үй-бүлөлүк шарттар боюнча өргүү аскердик бөлүктүн командиринин чечими менен 10 суткага чейинки мөөнөткө берилет. Үй-бүлөлүк шарттар боюнча өргүүнү берүү зарылчылыгы мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын жакын туугандары жашаган жердеги аскер комиссары тарабынан жазуу түрүндө төмөнкү учурларда ырасталат:
1) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын жакын туугандары (атасы, апасы, жубайы, балдары, бир туугандары) же аны тарбиялап өстүргөн башка адамдар катуу ооруп жатканда же каза болгондо;
2) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын үй-бүлөсү өрт кырсыгына же башка табигый кырсыкка кабылганда;
3) үй-бүлөдө мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын болуусу зарыл болгон башка өзгөчө учурларда.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына үй-бүлөлүк шарттар боюнча өргүү (10 суткага чейин) аскердик бөлүккө келбестен, аларды запаска бошотуу эсеби менен берилиши мүмкүн.
37. Жогорку окуу жайларда билим алган, бирок мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылганга чейин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны тапшырбаган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына аталган аттестацияны тапшыруу үчүн өргүү 14 суткадан ашык эмес мөөнөткө, жогорку окуу жайдын ректоратына алдын-ала жазуу түрүндө кабарлоо менен аскердик бөлүктүн командиринин чечими менен берилет.
38. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына кызматтын өзгөчө шарттарына байланыштуу өргүүлөр мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин буйруктары менен белгиленген тартипте берилет.
39. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына өргүүлөр өргүүнү өткөргөн жерге барууга жана келүүгө зарыл болгон убакытты эсептебестен берилет.
40. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын өргүүгө кетүүсү жана алардын өргүүдөн келүүсү жөнүндө саптык бөлүк боюнча буйрукта жарыяланат.
41. Аларга карата кылмыш иштери боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн, ошондой эле жабыркаган, күбө, котормочу жана башка адам катары кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышууга тартылган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына өргүү тийиштүү тергөө же сот органдарынын макулдугу боюнча берилиши мүмкүн.
42. Өргүүгө кетүүчү мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына белгиленген формадагы өргүү билети жана Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча барган, келген жолуна акчалай компенсация берилет.
43. Жол жүрүүдө же өргүү өткөргөн жерде өргүү билетин жоготкон учурда мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары байланышуу жолундагы аскер комендантына, гарнизондун аскер комендантына же өргүүнү өткөргөн жердеги аскер комиссарына бул жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Байланышуу жолундагы аскер коменданты, гарнизондун аскер коменданты (аскер комиссары) каттоо маалыматтарына ылайык, ал эми маалыматтар жок учурда мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын ким экендигин аныктагандан кийин, ага өргүүдө жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун күбөлөндүргөн маалымкат берет, бул тууралуу мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы кызмат өтөгөн жерге билдирет жана анын аскердик бөлүккө өз убагында кайтып баруусун контролдойт.
44. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын өргүүсү төмөнкү себептер боюнча узартылышы мүмкүн:
1) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын жакын туугандары (атасы, апасы, жубайы, балдары, бир туугандары) каза болгондо же катуу ооруп жатканда, ошондой эле анын үй-бүлөсү кандайдыр бир кырсыкка кабылганда 7 суткадан ашык эмес мөөнөткө;
2) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы өргүүдө жүргөн учурда ооруп калганда.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысына жогоруда аталган учурларда, көрсөтүлгөн фактылар жана бул фактыларды ырастаган документтер текшерилгенден кийин, өргүүнү узартуу укугу гарнизондун аскер комендантына же мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы өргүүсүн өткөргөн жердеги аскер комиссарына берилет.
Гарнизондун аскер коменданты (аскер комиссары) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы келген аскердик бөлүктүн командирине кечигүү мөөнөттөрү жана себептери жөнүндө кабарлайт жана бул тууралуу анын өргүү билетине белги коет.
45. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы өргүүдө жүргөндө аскердик тартипти бузган учурда гарнизондун аскер коменданты, байланышуу жолундагы аскер коменданты же аскер комиссары мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын өргүү билетине бул жөнүндө тиешелүү белгини коюу жана анын аскердик бөлүккө келүү мөөнөтүн көрсөтүү менен өргүүнү токтотууга укуктуу.
Аскер коменданты (аскер комиссары) өргүүнү токтотуунун себеби жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысынын аскердик бөлүккө келүүсүнүн белгиленген мөөнөтү жөнүндө бөлүктүн командирине билдирет.
46. Мобилизация жарыяланганда оорусу боюнча өргүүдө жүргөндөрдөн башка, өргүүдө жүргөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары каттоодон чыгууга жана тез арада өзүнүн бөлүгүнө кайтууга милдеттүү. Эгерде аскердик бөлүк мурунку жайгашкан орду боюнча болбой калса, анда мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жакынкы аскердик комендантка же аскердик комиссариатка келүүгө милдеттүү.
Оорусу боюнча өргүүдө жүргөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары кайра күбөлөндүрүү үчүн аскердик комиссариатка келүүгө милдеттүү, ал эми ден соолугунун абалы боюнча келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондо - дарылоо мекемеси (дарылоочу врач) тарабынан берилген маалымкатты тиркеп, бул жөнүндө жазуу түрүндө аскер комиссарына тез арада билдирет.
7-глава. Кылмыш-жаза иштери боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан аскер кызматчыларынын жана соттолгондордун мөөнөттүү аскер кызматын өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү
47. Кылмыш-жаза иштери боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары тиешелүү тергөө же сот органдары менен макулдашуу боюнча гана аскердик кызматтан бошотулат.
48. Сот тарабынан эркиндигинен ажыратууга соттолгон, ошондой эле жазасын өтөө үчүн дисциплинардык бөлүккө жиберилген мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары соттолгонго чейин мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн аскердик бөлүктөрүнүн тизмесинен өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып чыгарылат.
49. Мөөнөттүү аскердик кызматта турган жана мыйзамсыз соттолгон же болбосо мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына кылмыш ишин же соттун актоо өкүмүн токтотуу жөнүндө токтом (аныктама) чыгарылганда камакта болгон убактысы жана түзөтүү мекемелеринде же дисциплинардык аскердик бөлүктөрдө жазасын өтөгөн убактысы мөөнөттүү аскердик кызматтын мөөнөтүнө эсептелет.
Түзөтүү мекемелеринен чыгарылган же дисциплинардык аскердик бөлүктөрдөн бошотулган жогоруда көрсөтүлгөн адамдар андан ары кызмат өтөө үчүн соттолгонго чейин кызмат өтөгөн аскердик бөлүктөргө жөнөтүлөт, ал жерде аскердик кызмат орундарына дайындалууга тийиш. Бул аскердик бөлүктө бош штаттык кызмат орду жок болгон учурда, тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен бул аскер аскер кызматчылар тийиштүү мамлекеттик органдын башка аскердик бөлүктөрүнө жөнөтүлөт.
50. Дисциплинардык бөлүктө жазасын өтөгөн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын жазаны өтөө убактысы мөөнөттүү аскердик кызматтын мөөнөтүнө эсептелбейт.
8-глава. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
51. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары социалдык-экономикалык, саясий жана жеке укуктарынан жана эркиндиктеринен толук пайдаланышат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жоопкерчилигин тартышат.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын аскердик кызматтын шарттарынан келип чыгуучу укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын аскердик кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылары жана ушул Жобо менен аныкталат.
52. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдер боюнча мамлекеттин эсебинен акчалай жана накталай камсыздоону алышат.
53. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык акчалай камсыздоонун салыктары боюнча жеңилдиктер берилет.
54. Кыргыз Республикасын коргоодо же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары майыптык боюнча мамлекеттик пенсиялык камсыздоо укугун колдонушат.
Көрсөтүлгөн адамдар курман болгон же каза болгон учурда алардын үй-бүлөсү багуучуну жоготкону боюнча пенсия укугун колдонушат.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлөлөрүн пенсия менен камсыздоо Кыргыз Республикасынын пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө жүзөгө ашырылат.
Мөөнөттүү аскердик кызматты өтөө мезгилинде жаракат, контузия, мертинүү алган же ооруп калган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары камсыздандыруу маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте, өлчөмдөрдө жана шарттарда камсыздоо суммасын алышат.
55. Окуу жайларда окуп жаткан мезгилде мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган адамдарды запаска бошотууда, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылганга чейин алар окуган ошол окуу жайына жана ошол курска окуусун улантуу үчүн кирүү укугу сакталат, кезектеги сынактык сессиянын жыйынтыгына чейин окуу жайына кайра ордуна келген күндөн баштап стипендия белгиленет.
Мөөнөттүү аскердик кызматка чакырууга чейин ишканаларда, мекемелерде же уюмдарда иштеген адамдарда ошол эле ишканага, мекемеге же уюмга жумушка кирүү укугу сакталат.
56. Жарандардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында мөөнөттүү аскердик кызматта жүргөн убактысы алардын жалпы эмгек стажына, ошондой эле үзгүлтүксүз эмгек стажына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык адистиги боюнча жумуш стажына кошуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакырылган жогорку жана орто кесиптик билими бар адистерге мөөнөттүү аскердик кызматта болгон убактысы, окуу жайын аяктагандан кийин милдеттүү иштеген мөөнөтүндө эске алынат.
57. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына жарандык жогорку жана орто кесиптик (анын ичинде кечки жана сырттан) окуу жайларына тапшырууга жана ал жактарда окууга тыюу салынат.
58. Запаска бошотулган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына өтүүдө жана аскердик бөлүктөрдүн кол башчылыгынын жолдомосу боюнча жогорку окуу жайлардын алдындагы даярдоо бөлүмдөрүнө кабыл алууда артыкчылык укугун колдонушат.
Аскердик кызматтан запаска бошотулган жана аскердик бөлүктөрдүн сунуштамасы боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына жиберилүүчү мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары тапшыруу сынактарында жакшы баа алышса, алар ошол окуу жайларына конкурстан тышкары кирүү укугун колдонушат.
59. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары ыйгарылган аскердик наамга ылайык айырмалоо белгилери бар белгиленген кийим формаларын кийишет. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына аскердик бөлүктөрдүн аймагында, өргүүгө, иш сапарга, дарыланууга бара жатканда жана кайтып келе жатканда жарандык кийимди кийүүгө тыюу салынат.
60. Мөөнөттүү аскердик кызматта турган аскер кызматчынын өздүгүн тастыктоочу документ анын аскердик билети болуп саналат, ал дайыма аны өзүнүн жанында алып жүрүүгө жана паспортторду көрсөтүү үчүн мыйзам менен белгиленген бардык учурларда, ошондой эле аскердик наамы боюнча улук башчылардын жана патрулдун башчысынын талабы боюнча көрсөтүүгө милдеттүү.
61. Аскердик тартипти жана коомдук тартипти бузгандыгы үчүн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.
62. Жасаган укук бузуулары жана кылмыштары үчүн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
63. Материалдык зыян келтиргени үчүн мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
64. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үй-бүлөлүк абалындагы бардык өзгөрүүлөр жөнүндө, ошондой эле никеге тургандыгы жөнүндө баш ийүүсү боюнча өзүнүн түздөн-түз башчысына билдирет жана каттоо документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн тиешелүү документтерди берет.
65. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары таксиден (жеңил автотранспорттон) бөлөк, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу бардык түрдөгү транспортторду жана айыл жергесиндеги автомобилдик транспортту бекер колдонот.
9-глава. Запаска бошотуу
66. Мөөнөттүү кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларды бошотуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругунун негизинде, ал эми башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда - тиешелүү жетекчинин буйругу менен жүргүзүлөт.
67. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарынын, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өтүнүчү боюнча чет мамлекеттердин башчыларын жана делегацияларын тосууда жана узатууда эки айга чейинки мезгилге аскердик кызматта белгиленген мөөнөттөн ашык мезгилге калуусу мүмкүн.
68. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары төмөнкүдөй учурда запаска мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) оорусу боюнча, аскер кызматчынын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде.
Аскердик-дарыгердик комиссиянын аскер кызматчынын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө бекитилген корутундусу менен мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысын аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча материалдарды аскердик бөлүктөрдүн командирлери тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисине чечим кабыл алуу үчүн беришет;
2) үй-бүлөлүк шарты боюнча, эгерде аскердик кызматын өтөп жаткан мезгилде үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшүнүн натыйжасында мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысында "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Мыйзамдын 33-беренесине ылайык чакырууну кийинкиге калтыруу укугу пайда болсо.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысын мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - коргоо министринин биринчи орун басарынын буйруктары менен жүргүзүлөт.
69. Өзгөчө кырдаал же согуштук абал киргизилген учурда, анын абалы күчүндө болуп турган мезгилде мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын мөөнөтүнөн мурда запаска бошотуу токтотулат.
70. Аскердик кызматтан запаска бошотулуучу мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленген тизмек боюнча оң абалдагы аскердик кийим менен камсыздалат.
71. Запаска бошотулуучу мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары эреже катары, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылганга чейинки жашаган жери боюнча аскердик комиссариаттарга аскердик каттоого жөнөтүлүшөт. Запаска бошотулуучу мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылганга чейин жашабаган башка пункттарга жиберүү, алардын үй-бүлөсүнүн (ата-энесинин) жашаган жери өзгөргөн учурда, аскер кызматчы никеге турганда гана тастыктоочу документтердин негизинде уруксат берилет.
72. Аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн жана жоокерлердин жана сержанттардын кызмат орундарында контракттык аскердик кызматты улантууга каалоосун билдирген аскер кызматчылары контракт боюнча аскердик кызматка кирүүсү мүмкүн.
Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда контракт боюнча аскердик кызматты өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобо менен аныкталат.
73. Каза болгон (курман болгон) мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы каза болгон (курман болгон) күндөн тартып, ал эми сот тарабынан дайынсыз жок же каза болгон деп жарыяланган мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчысы соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат.
Курман болгон же дайынсыз жок болгон мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын тизмеден чыгаруу мамлекеттик органдардын аскер кызматчыларды бошотуу боюнча ыйгарым укук берилген тийиштүү кызмат адамдары тарабынан, аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин тийиштүү билдирүүлөрүнүн негизинде себептери көрсөтүлүп, өздүк курам боюнча буйруктар менен жүргүзүлөт. Мында каза болгон (курман болгон) же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларды, ошондой эле тынчтык убактагы согуштук аракеттерге байланыштуу дайынсыз жоголгон мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын тизмеден чыгаруу, дайынсыз жок болуунун себептерин жана жагдайларын изилдөөнүн жыйынтыктарынын негизинде аскер кызматчынын жоктугу жөнүндө маалыматтар алынгандан кийин үч айдан кечиктирилбеген мөөнөттө ишке ашырылат.