Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 12-июлу № 374
Кыргыз Республикасынын аймагына боелбогон же боелгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушуга окшош гидравликалык цементтерди автотранспорт жолу менен ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына автотранспорт жолу менен ЕАЭБ ТЭИ ТН 2523 товардык позициясындагы боелбогон же боелгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушуга окшош гидравликалык цементтерди (суперсульфаттуу цементти кошпогондо) ташып келүүгө (импорттоого) 2024-жылдын 1-октябрынан тартып киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-июлундагы № 430 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө (импорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |