Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-декабры № 733
Кыргыз Республикасынын аймагына боёлбогон же боёлгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушуга окшош гидравликалык цементтерди автотранспорт жолу менен ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу чектөөнү алып салуу жөнүндө
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБ ТЭИ ТН 2523 товардык позициясындагы боёлбогон же боёлгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушуга окшош гидравликалык цементтерди автотранспорт жолу менен ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салуу жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 374 "Кыргыз Республикасынын аймагына боёлбогон же боёлгон, даяр же клинкер формасындагы портландцементти, алюминий кычкылдуу цементти, күл цементти жана ушуга окшош гидравликалык цементтерди автотранспорт жолу менен ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну алып салуу жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну алып салуу жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-декабрындагы № 95 (3650) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |