Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күмүштак айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х кезексиз сессиясы
2024-жылдын 12-сентябры № 9
Күмүштак айыл аймагынын орто мектептерине жана бала бакчаларына инфодокстун роутери микротип ХАБ алып берүү жөнүндө
Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.М.Надырбаевге Күмүштак айыл аймагындагы орто мектептерден жана бала бакчалардан келген кайрылууларды угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык Кеңешинин I чакырылышындагы депутаттардын Х сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-августундагы IХ кезексиз сессиясынын №1 токтомундагы аткарыла турган иштери тендерге берилгенден кийинки арткан акча каражатка (экономиясына) Күмүштак айыл аймагында жайгашкан орто мектептеринин жана бала бакчаларынын ар бирине 14500 (он төрт миң беш жүз) сомдон жогору турган баадагы инфодокстун роутери микротип ХАБ алынып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Мамыралиев А. |