Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 8-октябры № 610
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чет мамлекеттердеги өкүлдөрүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын:
"13) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чет мамлекеттердеги өкүлдөрүнө жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына).".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 11-октябрындагы № 79 (3633) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |