Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-сентябры № 586
2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо системасын киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) 2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Программаны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Программанын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Программаны жана Иш-чаралар планын белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
2) ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине Программаны жана Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Программаны жана Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Каржылоо булагы |
1-глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүүгө багытталган чаралар | ||||||
1 | ЖКДны мамлекеттик субсидиялоо чөйрөсүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу | Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо бөлүгүнө тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды | ЭКМ | 2024-жылдын II жарым жылдыгы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
2 | РӨФтүн каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн долбоордук өтүнмө берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо өтүнмөлөрдү электрондук түрдө кабыл алууну кароо | Өтүнмөлөрдү кагаз жүзүндө тапшыруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда электрондук формада келип түшкөн өтүнмөлөр каралат | ЭКМ | 2024-жылдын II жарым жылдыгы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
3 | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартибин караган ченемдик укуктук базаны түзүү | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобонун долбоорун коомдук талкуудан өткөрүү | Коомдук талкуу өткөрүлдү, анын ичинде ЖӨБ союзу жана ЖӨБО менен |
| 2025-жылдын III кварталы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
4 | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартибин караган ченемдик укуктук базаны түзүү | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобонун төмөнкүлөрдү караган долбоорун даярдоо: - ЖКДны көрсөтүү, курулуштун көлөмүнө долбоордук-сметалык документтерди талкуулоо, тандоо, иштеп чыгуу, жарандардын ыктыярдуу төлөмдөрүн чогултуу, ЖКДны ишке ашырууга жана кабыл алууга коомдук контролду уюштуруу, ЖКДны ишке ашырууда алынган үнөмдөө учурунда жарандардын, жеке ишкерлердин жана уюмдардын каражаттарын башка максаттарга кайтарып берүү/пайдалануу, ишке ашырылган ЖКДнын таасирине мониторинг жүргүзүү жана баалоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө жашоочуларына маалымдоо тартиби | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагындагы долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобонун долбоору даярдалды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилди | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2025-жылдын IV кварталы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
2-глава. Жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин ишке ашыруу маселелери боюнча потенциалды жогорулатуу | ||||||
5 | ЖКДнын долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө потенциалды жогорулатуу | Окуу курстарын иштеп чыгуу: - ЖӨБО үчүн; - демилгечи топтор үчүн; - байкоочу кеңештердин мүчөлөрү жана долбоорлорду конкурстук тандоого катышкан РӨФтүн аткаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн | ЖКДны ишке ашыруунун долбоордук циклинин бардык баскычтарында ЖӨБОнун, байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнүн жана РӨФтүн өкүлдөрүнүн ишинин бардык аспекттерин камтыган окуу курстары иштелип чыкты | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | 2025-жылдын IV кварталы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
6 | ЖКДнын долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө потенциалды жогорулатуу | Окутуу өткөрүү: - ЖӨБдүн аткаруу органдарына, шаарлардын/айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарына; - демилгечи топторго; - байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнө жана долбоорлорду конкурстук тандоого катышкан РӨФтүн аткаруу органдарынын өкүлдөрүнө | Окутуу өткөрүлдү: - ЖӨБдүн аткаруу органдарына, шаарлардын/айылдык аймактардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына; - демилгечи топторго; - байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнө жана долбоорлорду конкурстук тандоого катышкан РӨФтүн аткаруу органдарынын өкүлдөрүнө | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын 25-февралы | Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
3-глава. ЖКДны колдоо жөнүндө бардык кызыкдар тараптарга маалымат берүү | ||||||
7 | Бардык кызыкдар тараптарга ЖКДны мамлекеттик колдоо жөнүндө, ЖКДны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берүү | РӨФ аркылуу ЖКДны мамлекеттик субсидиялоо жөнүндө маалыматтык кампания үчүн материалдарды даярдоо | Ар кандай категориядагы журналисттер, ЖӨБОнун кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, РӨФ үчүн маалыматтык материалдар (типтүү пресс-релиздер жана социалдык тармактардагы посттор) даярдалды | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын 15-апрели | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
8 | Бардык кызыкдар тараптарга ЖКДны мамлекеттик колдоо жөнүндө, ЖКДны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берүү | Республикалык, облустук, райондук жана шаардык ЖМКларга, маалыматтык такталарга, социалдык тармактарга, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун сайттарына ЖКДны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтык материалдарды жайгаштыруу | ЖМКлар аркылуу ЖКДны колдоо тууралуу маалымат жайылтылды. ЖКД жөнүндө подкасттар тартылды жана жайгаштырылды | ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | 2026-жылдын 15-майы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
4-глава. ЖКДны ишке ашырууда ЖӨБОго көмөк көрсөтүү | ||||||
9 | ЖКДны мамлекеттик субсидиялоо үчүн өтүнмөлөрдү даярдоодо ЖӨБОго көмөк көрсөтүү | ЖӨБОго төмөнкү маселелер боюнча консультациялык жардам көрсөтүү: - ЖКДны даярдоо жана РӨФ конкурсуна тапшыруу; - ЖКДны ишке ашыруу; - ЖКДны ишке ашырууга жергиликтүү коомчулукту тартуу | ЖКД өтүнмөлөрү даярдалды жана РӨФгө киргизилди | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын IV кварталы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
10 | РӨФтөн каржыланган ЖКДнын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | ЖКДны ишке ашырууга коомдук контроль, мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө ЖӨБОго көмөк көрсөтүү | Консультациялар өткөрүлдү | ЭКМ, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ӨСИ (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын IV кварталы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
11 | Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча ЖКДны ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны жана институттук механизмдерди өркүндөтүү | Мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча ЖКДны ишке ашыруу механизмдери каралган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Тиешелүү ЧУАга өзгөртүүлөр киргизилди, жаңы институттук механизмдер киргизилди | ЭКМ, ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын IV кварталы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
12 | ЖӨБОнун кызматкерлеринин ЖКДны ишке ашыруу маселелери боюнча квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу | Окуу материалдарын иштеп чыгуу жана аларды муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программаларына интеграциялоо | ЖӨБОнун кызматкерлеринин, демилгечи топтордун, РӨФтүн квалификациясы жогорулатылды | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ИЖБИМ, ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын IV кварталы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
13 | ЖӨБОнун кызматкерлеринин ЖКДны ишке ашыруу маселелери боюнча квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу | ЖӨБОнун кызматкерлери, демилгечи топтор, РӨФ үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын үзгүлтүксүз өткөрүүнү уюштуруу | ЖӨБОнун кызматкерлеринин, демилгечи топтордун, РӨФтүн квалификациясы жогорулатылды | Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик, ИЖБИМ, ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | 2027-жылдын IV кварталы | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
Кыскартуулардын тизмеси
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ӨСИ | - | "Өнүктүрүү саясаты институту" коомдук бирикмеси |
ЖӨБ союзу | - | Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын союзу |
ЖКД | - | жергиликтүү коомчулуктун демилгелери |
РӨФ | - | региондорду өнүктүрүү фонддору. |
|
| 3-тиркеме |
2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор (жылдык) | Максаттуу индикатор | Жооптуу аткаруучулар | Маалыматтар булагы | ||
2024-ж. | 2025-ж. | 2026-ж. | 2027-ж. | ||||||
1-глава. Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүүгө багытталган чаралар | |||||||||
1 | ЖКДны мамлекеттик субсидиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды иштеп чыгуу | Бирд. | - | 1 | - | - | 1 ЧУА долбоору | ЭКМ | ЭКМ |
2 | Ченемдик укуктук акт | Бирд. | - | - | 1 | - | 1 ЧУА долбоору | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ЭКМ |
2-глава. ЖКДны ишке ашыруу маселелери боюнча потенциалды жогорулатуу | |||||||||
3 | Окутулган ЖӨБОнун кызматкерлеринин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын саны | Бирд. | - | - | - | 100дөн кем эмес | 100дөн кем эмес | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ЭКМ, ӨСИ |
4 | Окутулган ЖӨБОнун кызматкерлеринин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын саны | ЖӨБО | - | - | - | 10дон кем эмес | 10дон кем эмес | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ӨСИ, ЖӨБО |
5 | Демилгечи топтордун окутулган мүчөлөрүнүн саны | Бирд | - | - | - | 100дөн кем эмес | 100дөн кем эмес | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) (макулдашуу боюнча) | ӨСИ |
6 | Байкоочу кеңештердин окутулган мүчөлөрүнүн, РӨФтүн аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн саны | Адам | - | - | - | 50 | 50 | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ӨСИ, РӨФ |
7 | Байкоочу кеңештердин окутулган мүчөлөрүнүн, РӨФтүн аткаруу органдарынын өкүлдөрүнүн саны | Бирд. | - | - | - | 10 | 10 | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ӨСИ, РӨФ |
3-глава. Бардык кызыкдар тараптарга ЖКДны колдоо жөнүндө маалымдат берүү | |||||||||
8 | ЖКДны мамлекеттик субсидиялоо жөнүндө маалымдоо үчүн маалыматтык материалдардын саны | Бирд. | - | - | - | 40 | 40 | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ЭКМ, ӨСИ |
9 | ЖМКлардагы жана социалдык тармактардагы билдирүү-лөрдүн саны | Бирд. | - | - | - | 60тан кем эмес | 60тан кем эмес | ЭКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ЭКМ, ӨСИ |
4-глава. ЖКДны ишке ашырууда ЖӨБОго көмөк көрсөтүү | |||||||||
10 | ЖКДнын даярдалган өтүнмөлөрүнүн саны | Өтүнмөлөрдүн саны | - | - | - | 10 | 20 | ЭКМ, ӨСИ (макулдашуу боюнча), ЖӨБ союзу (макулдашуу боюнча) | ӨСИ, РӨФ |
Кыскартуулардын тизмеги:
Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттик | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ӨСИ | - | "Өнүктүрүү саясаты институту" коомдук бирикмеси |
ЖӨБ союзу | - | Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкарууларынын союзу |
ЖКД | - | жергиликтүү коомчулуктун демилгелери |
РӨФ | - | региондорду өнүктүрүү фонддору. |
|
| 4-тиркеме |
2024-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо ПРОГРАММАСЫНЫН БЮДЖЕТИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 779 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Өлчөө бирдиги | Каржылоо зарылдыгы | Мүмкүнчүлүктөр | Финансылык ажырым | |||||||||
РБ | ЖБ | Өнөктөштөр | Бардыгы | РБ | ЖБ | Өнөктөштөр | Бардыгы | РБ | ЖБ | Өнөктөштөр | Бардыгы | |||||
1-глава. ЖКД мамлекеттик субсидиялоо механизмин түзүүгө багытталган чаралар | ||||||||||||||||
1 | ЖКДны мамлекеттик субсидиялоо чөйрөсүндө мыйзамдарды иштеп чыгуу | Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобого жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо бөлүгүнө тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2024-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 27,7 | 0 | 0 | 27,7 | 0 | 0 | 0 | 0 |
2 | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартибин караган ченемдик укуктук базаны түзүү | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобонун долбоорун даярдоо | 2025-жыл | миң сом | 0 | 0 | 200,0 | 200,0 | 0 | 0 | 200,0 | 200,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
3 | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартибин караган ченемдик укуктук базаны түзүү | Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында долбоорлорду тандоо жана каржылоо тартиби жөнүндө жобонун долбоорун коомдук талкуудан өткөрүү | 2025-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 34,6 | 0 | 0 | 34,6 | 0 | 0 | 0 | 0 |
4 | РӨФтүн каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн долбоордук өтүнмө берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жободо өтүнмөлөрдү электрондук түрдө кабыл алууну кароо | 2024-2025-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 6,9 | 0 | 0 | 6,9 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 1-бөлүм боюнча жалпы | 2024-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 34,6 | 0 | 0 | 34,6 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
2025-жыл | миң сом | 0 | 0 | 200,0 | 200,0 | 34,6 | 0 | 200,0 | 234,6 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
2-глава. ЖКДны ишке ашыруу маселелери боюнча потенциалды жогорулатуу | ||||||||||||||||
5 | ЖКДнын долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө потенциалды жогорулатуу | Окуу курстарын иштеп чыгуу: - ЖӨБО үчүн; - демилгечи топтор үчүн; - байкоочу кеңештердин мүчөлөрү жана долбоорлорду конкурстук тандоого катышкан РӨФтүн аткаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн | 2025-жыл | миң сом | 0 | 0 | 100,0 | 100,0 | 0 | 0 | 100,0 | 100,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
6 | ЖКДнын долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө потенциалды жогорулатуу | Окутуу өткөрүү: - ЖӨБдүн аткаруу органдарына, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына; - демилгечи топторго; - байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнө жана долбоорлорду конкурстук тандоого катышкан РӨФтүн аткаруу органдарынын өкүлдөрүнө | 2025-жыл | миң сом | 0 | 0 | 250,0 | 250,0 | 0 | 0 | 250,0 | 250,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
7 | ЖКДнын долбоордук циклин ишке ашыруу чөйрөсүндө потенциалды жогорулатуу | Окутуу өткөрүү: - ЖӨБдүн аткаруу органдарына, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына; - демилгечи топторго; - байкоочу кеңештердин мүчөлөрүнө жана долбоорлорду конкурстук тандоого катышкан РӨФтүн аткаруу органдарынын өкүлдөрүнө | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 250,0 | 250,0 | 0 | 0 | 250,0 | 250,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 2-бөлүм боюнча жалпы | 2025-жыл | миң сом | 0 | 0 | 350,0 | 350,0 | 0 | 0 | 350,0 | 350,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 250,0 | 250,0 | 0 | 0 | 250,0 | 250,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
3-глава. Бардык кызыкдар тараптарга ЖКДны колдоо жөнүндө маалымат берүү | ||||||||||||||||
8 | Бардык кызыкдар тараптарга ЖКДны мамлекеттик колдоо жөнүндө, ЖКДны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берүү | РӨФ аркылуу ЖКДны мамлекеттик субсидиялоо жөнүндө маалыматтык кампания үчүн материалдарды даярдоо | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 17,3 | 0 | 0 | 17,3 | 0 | 0 | 0 | 0 |
9 | Бардык кызыкдар тараптарга ЖКДны мамлекеттик колдоо жөнүндө, ЖКДны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берүү | Республикалык, облустук, райондук жана шаардык ЖМКларга, маалыматтык такталарга, социалдык тармактарга, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун сайттарына ЖКДны ишке ашыруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат-тык материалдарды жайгаштыруу | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 12,0 | 0 | 0 | 12,0 | 0 | 0 | 0 | 0 |
| 3-бөлүм боюнча жалпы | 2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 29,3 | 0 | 0 | 29,3 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
4-глава. ЖКДны ишке ашырууда ЖӨБОго көмөк көрсөтүү | ||||||||||||||||
10 | ЖКДны мамлекеттик субсидиялоо үчүн өтүнмөлөрдү даярдоодо ЖӨБОго көмөк көрсөтүү | ЖӨБОго төмөнкү маселелер боюнча консультациялык жардам көрсөтүү: - ЖКДны даярдоо жана РӨФ конкурсуна тапшыруу; - ЖКДны ишке ашыруу; - ЖКДны ишке ашырууга жергиликтүү коомчулукту тартуу | 2027-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 17,3 | 0 | 0 | 17,3 | 0 | 0 | 0 | 0 |
11 | РӨФтөн каржыланган ЖКДнын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | ЖКДны ишке ашырууга коомдук контроль, мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө ЖӨБОго көмөк көрсөтүү | 2027-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 17,3 | 0 | 0 | 17,3 | 0 | 0 | 0 | 0 |
12 | Мониторинг-дин жана баалоонун натыйжалары боюнча ЖКДны ишке ашырууну камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны жана институттук механизмдерди өркүндөтүү | Мониторинг-дин жана баалоонун натыйжалары боюнча ЖКДны ишке ашыруу механизмдери каралган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2027-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 17,3 | 0 | 0 | 17,3 | 0 | 0 | 0 | 0 |
13 | ЖӨБОнун кызматкерлеринин ЖКДны ишке ашыруу маселелери боюнча квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу | Окуу материалдарын иштеп чыгуу жана аларды муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программаларына интеграциялоо | 2027-жыл | миң сом |
|
|
|
| 17,3 |
|
|
|
|
|
|
|
14 | ЖӨБОнун кызматкерлеринин ЖКДны ишке ашыруу маселелери боюнча квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу | ЖӨБОнун кызматкерлери, демилгечи топтор, РӨФ үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарын үзгүлтүксүз өткөрүүнү уюштуруу | 2027-жыл | миң сом |
|
|
|
| 17,3 |
|
|
|
|
|
|
|
| 4-бөлүм боюнча жалпы | 2027-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 86,5 | 0 | 0 | 86,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
| Бардыгы | 2024-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 34,6 | 0 | 0 | 34,6 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
2025-жыл | миң сом | 0 | 0 | 550,0 | 550,0 | 63,9 | 0 | 550,0 | 584,6 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
2026-жыл | миң сом | 0 | 0 | 250,0 | 250,0 | 29,3 | 0 | 250,0 | 279,3 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
2027-жыл | миң сом | 0 | 0 | 0 | 0 | 86,5 | 0 | 0 | 86,5 | 0 | 0 | 0 | 0 | |||
| Жалпы | 2024-2027-жылдар | миң сом | 0 | 0 | 800,0 | 800,0 | 185,0 | 0 | 800,0 | 985,0 | 0 | 0 | 0 | 0 | |
Кыскартуулардын тизмеси
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
ЖКД | - | жергиликтүү коомчулуктун демилгелери |
БК | - | байкоочу кеңеш |
РӨФ | - | региондорду өнүктүрүү фонддору |
ЧУА | - | ченемдик укуктук актылар |
РБ | - | республикалык бюджет |
ЖБ | - | жергиликтүү бюджет". |