ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-августунун № 452 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248»Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция01.08.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 1-августу № 452

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 248 "Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын операторун (администраторун) тандоо боюнча жободо:

- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. "Товарларды маркалоо" мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык системасынын ээси жана аны ишке киргизүүгө жана жүргүзүүгө жооптуу болуп саналган ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн ведомстволук бөлүмүн конкурс өткөрбөстөн Кыргыз Республикасында товарларды маркалоо системасынын улуттук оператору катары өз алдынча аныктоого укуктуу.

Ыйгарым укуктуу салык органы өзүнүн ведомстволук бөлүмүн аныктаган учурда улуттук операторду аныктоо жөнүндө чечимди 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жиберет.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров