АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-январы № 127-28
КР ИИМнин видеобайкоосун орнотуу үчүн жер участогун өткөрүп берүү жөнүндө
(Аламүдүн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 163-28 токтомунун редакциясына ылайык)
Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары ИИМдин 2022-жылдын 21-декабрындагы № 4539 коопсуз айыл долбоору боюнча:
1. Аламүдүн айылынын ГЭС-3 жана Суворов көчөлөрүнүн кесилишине;
2. Аламүдүн айылынын Алма-Ата жана ГЭС-2 Чугуев көчөлөрүнүн кесилишине
видеокамера орнотуу жөнүндө сунушун карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1.Видеобайкоо үчүн “Мегаком” компаниясынын базалык станциясын орнотууга Аламүдүн айылы Суворов-Пролетарская көчөлөрүнүн кесилишинен аянты S = 16 м2 жана Алма-Ата-Чугуева көчөлөрүнүн кесилишинен аянты S = 3 м2 жер участогун Аламүдүн РИИБнин балансына бекер өткөрүп берүү жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.П. Филимоненко |