Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 616 токтомуна) |
Карын энелик жол-жобосун пайдалануунун тартиби жана ШАРТТАРЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Карын энелик жол-жобосун пайдалануунун тартиби жана шарттары карын энелик сыяктуу Көмөкчү репродуктивдик технологиянын жол-жобосун пайдалануу эрежелерин, ошондой эле аны колдонууга каршы көрсөтмөлөрдү жана чектөөлөрдү белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) көмөкчү репродуктивдик технологиялар (мындан ары - КРТ) - тукумсуздукту дарылоо методдору (жасалма инсеминациялоо, жасалма уруктандыруу жана эмбрионду имплантациялоо) аларды колдонууда эмбриондун бойго бүтүшүнүн жана эрте өнүгүүсүнүн айрым же бардык этаптары эненин организминен тышкары жүргүзүлөт (анын ичинде донордук жана/же криоконсервацияланган жыныстык клеткаларды, репродуктивдик органдардын ткандарын жана эмбриондорду, ошондой эле карын энеликти пайдалануу менен);
2) карын энелик келишими - жасалма уруктандыруу же эмбрионду имплантациялоо методун колдонууга жана аны төрөлгөнгө чейин көтөрүп жүрүүгө макулдук берген аял менен балалуу болууну каалаган адамдардын/ адамдын ортосундагы макулдашуу;
3) карын энелик - карын эне менен пөтенциалдуу ата-эненин/ата-энелердин ортосундагы келишим боюнча баланы көтөрүү жана төрөөнү камтыган КРТнын бир түрү;
4) карын эне - карын энелик келишими боюнча анын генотипинин алып жүрүүчүсү болбогон баланы көтөрүп жаткан жана төрөгөн аял.
3. Карын энелик методун колдонуу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде гана мүмкүн.
4. Саламаттык сактоо уюму карын эне менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим түзөт, мында КРТ жүргүзүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. Кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде карын энени көзөмөлдөө тараптардын ортосундагы келишим менен аныкталат.
5. Эгерде карын эне никеде турса, келишим түзүүгө анын жолдошунун макулдугу зарыл.
6. Карын эне 20 жаштан 35 жашка чейинки, өзүнүн бирден кем эмес дени сак баласы бар, медициналык-генетикалык консультациядан өткөн жана медициналык кийлигишүүгө жазуу жүзүндө маалымдалган ыктыярдуу макулдугун берген аял болушу мүмкүн.
7. Карын энеге эмбрионду имплантациялоого макулдук берген адам/адамдар келишимге ылайык кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде анын ден соолугун чыңдоо менен байланышкан материалдык чыгымдарды тартат. Бул максаттарда карын эненин ден соолугун чыңдоо жана башка чыгымдары үчүн арналган акча каражаттары чегерилген банк эсеби ачылат.
8. Баланы көтөрүп жүрүү максатында башка аялга эмбрионду имплантациялоого келишим түзгөн адам/адамдар бала төрөлгөн учурда анын ата-энеси/ата-энелери болуп жарандык абалдын актыларын жазуу китебине жазылат.
9. Карын эне менен келишим түзгөн адам/адамдар баланы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине өзүнүн атына каттаткан учурга чейин баладан баш тартууга укуксуз.
10. Карын эне менен келишим түзгөн адам/адамдар бала өлүү төрөлгөн же баладан баш тарткан учурда, алар карын эненин медициналык кызматына акы төлөөгө байланышкан кандайдыр бир материалдык чыгымдардын ордун толтурууну, ошондой эле мындай жагдай орун алганда сый акынын суммасын карын энеден талап кылууга укуксуз.
11. Адамдын жыныстык клеткаларын, репродуктивдик органдарынын ткандарын жана эмбриондордун коммерциялык, аскердик жана өндүрүштүк максаттарда колдонууга болбойт.
2-глава. Карын энелик жол-жобосун жүргүзүү тартиби
12 Жарандар медициналык көрсөткүчтөр боюнча карын энелик методун пайдалануу менен ата-эне болууга укуктуу.
13. Карын эне кош бойлуулуктун эрте мезгилинде (12 жумага чейин) медициналык каттоого турууга, дайыма көзөмөлдөн өтүп турууга жана врачтын сунуштарын так аткарууга, өзүнүн ден соолугунун абалына дайыма көз салууга, келишимдин башка шарттарын сактоого милдеттүү.
14. Карын энеликти колдонууга медициналык көрсөтмөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жатындын жоктугу (тубаса, пайда болгон);
2) өнүгүүнүн тубаса кемтиктеринде же имплантациялоого жана кош бойлуулукту көтөрүүгө жолтоо болгон оорулардын натыйжасында жатын көңдөйүнүн жана моюнчасынын деформациясы;
3) эндометрийдин патологиясы: эндометрийдин атрофиясы, терапияга жатпаган жатын көңдөйүнүн синехиялары;
4) кош бойлуулукту көтөрүүдө каршы көрсөтүлгөн соматикалык оорулар;
5) көтөрүү кош бойлуулукка алып келбеген жогорку сапаттагы эмбриондорду бир нече ирет алууда КРТнын ийгиликсиз кайталанган аракеттери;
6) бейтаптын/бейтаптардын каалоосу;
7) эмбриондорду имплантациялоого (көчүрүү) каршы көрсөтмөлөрдүн болушу.
15. Келишим түзүлгөндөн кийин карын энелик жол-жобосу төмөнкү алгоритм боюнча жүргүзүлөт:
1) карын энени тандоо жана изилдөө;
2) карын жана генетикалык энелердин айыздык циклдерин синхрондоштуруу (криоконсервацияланган эмбриондордор жатын көңдөйүнө которулган учурда, цикл синхрондоштурулбайт);
3) генетикалык эненин суперовуляциясын стимуляциялоо;
4) генетикалык эненин энелик бездерине пункция жасоо;
5) карын эненин эндометрийин даярдоо;
6) карын эненин жатын көңдөйүнө эмбриондорду имплантациялоо (көчүрүү) менен жасалма уруктандыруу (мындан ары - ЖУ) жол-жобосу;
7) карын энени трансферден кийинки гормоналдык колдоо.
3-глава. Карын энелик жол-жобосун колдонууда каршы көрсөтмөлөрдүн жана чектөөлөрдүн тизмеги
16. Карын энелик жол-жобосунда ЖУ жана эмбриондорду имплантациялоо (көчүрүү) үчүн карын энеге каршы көрсөтмөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кош бойлуулукту көтөрүү үчүн каршы көрсөтмөлөргө ээ болгон соматикалык жана психикалык оорулар;
2) өнүгүүнүн тубаса кемтиктери, жатын көңдөйүнүн пайда болгон деформациялары;
3) оперативдүү дарылоону талап кылган жатындын залалсыз шишиктери;
4) кандай болбосун локализациядагы курч сезгентүүчү оорулар;
5) кандай болбосун локализациядагы залалдуу жаңы пайда болгон шишиктер.
17. Карын эне бир эле убакта жумуртка клетканын донору болууга укуксуз.
18. Карын энелик жол-жобосун жүргүзүүдө донордук ооциттерди же донордук сперматозоиддерди пайдаланууда алынган эмбриондорду имплантациялоо жасалышы мүмкүн. Донордук эмбриондор менен карын энеликтин айкалышына жол берилбейт.