РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т («Мамлекеттик маанидеги долбоор» статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2024-жылдын 3-сентябры № 521-т

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн багытталган товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

3. Бул тескемеде белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү 2029-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

Тиркеме

"Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак жай куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын ТИЗМЕГИ

№

Уюмдун аталышы жана ИСН

Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик инвестициялардын долбоорунун аталышы

Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы

Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү

Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча уюмдун милдеттенмелери

1

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК ИСН 00810201510086

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак жай куруу долбоору

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

2

КРПИБ караштуу "Кыргызстройсервис" МИ ИСН 02707200610121

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак жай куруу долбоору

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

3

Аманат Строй Инвест" ЖЧКсы ИСН 03012202110261

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026"турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак жай куруу долбоору

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

4

Иншаат Строй Билдинг" ЖЧКсы ИСН 02509202010060

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак жай куруу долбоору

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

5

"Эпикон" ЖЧКсы ИСН 00809202210531

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак жай куруу долбоору

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

6

"Бест Хаус Гранд" ЖЧКсы ИСН 00407202310015

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак жай куруу долбоору

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

7

"СК Голден Хаус" ЖЧКсы ИСН 00402201910103

Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак жай куруу долбоору

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

 

Кыскартуулардын тизмеси:

 

КРПИБ

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

МИ

-

мамлекеттик ишкана

ААК

-

ачык акционердик коом

ЖЧК

-

жоопкерчилиги чектелген коом

КНС

-

кошумча нарк салыгы