РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т («Мамлекеттик маанидеги долбоор» статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин бекитүү тууралуу) тескемеси

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 3-сентябры № 521-т

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 271-т, 2025-жылдын 1-августундагы № 656-т, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 1070-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-июлундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн ишке ашыруу жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. "Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 271-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу жана жабдуу долбоорун ишке ашыруу үчүн багытталган товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 271-т тескемесинин редакциясына ылайык)

3. Бул тескемеде белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү 2029-жылдын 1-июлуна чейин колдонулат.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.У. Жапаров

 

 

 

 

Тиркеме

"Мамлекеттик маанидеги долбоор" статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 271-т, 2025-жылдын 1-августундагы № 656-т, 2025-жылдын 8-декабрындагы № 1070-т тескемелеринин редакцияларына ылайык)

 

№

Уюмдун аталышы жана ИСН

Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы

Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү

Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагында улуттук инвестициялык долбоорлор, мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору боюнча уюмдун милдеттенмелери

1

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК ИСН 00810201510086

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

2

КРПИБ караштуу "Кыргызстройсервис" МИ ИСН 02707200610121

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

3

"Аманат Строй Инвест" ЖЧКсы ИСН 03012202110261

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

4

"Иншаат Строй Билдинг" ЖЧКсы ИСН 02509202010060

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

5

"Эпикон" ЖЧКсы ИСН 00809202210531

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун  белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

6

"Бест Хаус Гранд" ЖЧКсы ИСН 00407202310015

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

7

"СК Голден Хаус" ЖЧКсы ИСН 00402201910103

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

8

"Астонс ЛТД" ЖЧКсы ИСН 02210201310163

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

9

"Фирма К.Жетиген" ЖЧКсы ИСН 01309200010144

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

10

"АБАД СТРОЙ" ЖЧКсы ИСН 00609201810026

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

11

"МЭГА-ПРИМ соода корпорациясы" ЖЧКсы ИСН 01003200410024

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

12

"Аман-Таш" ЖЧКсы ИСН 02002201810151

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

13

"Аман-Көмүр" ЖЧКсы ИСН 01207201910013

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

14

"Вавилон-Маркет" ЖЧКсы ИСН 00903201010330

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

15

"Металл Торг Сервис" ЖЧК ИСН 00412201210125

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

16

"Сталь Торг" ЖЧК ИСН 02612201410309

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүңдө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

17

"Кыргыз-Россия металл базасы" ЖЧК ИСН 00903202310782

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

18

"Металломир" ЖЧКсы, ИСН 03012202110261

КРПИБ

КНС ставкасы, анын ичинде импортко КНС жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө

Куруу долбоорун белгиленген мөөнөттөрдө аяктоо

 

Кыскартуулардын тизмеси:

 

КРПИБ

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

МИ

-

мамлекеттик ишкана

ААК

-

ачык акционердик коом

ЖЧК

-

жоопкерчилиги чектелген коом

КНС

-

кошумча нарк салыгы